"Обон", 23.12.08 - 14-бет: •





  Ди-джей маек

"Биздин максат калка керектүү радио болуу"
Жергебизде сайраган радиолордун саны бир топ эле арбын. Алардын ар биринин өзүнчө максаты, иш алып баруу стили бар. Ошонусу менен бири-биринен айырмаланып, ошол эле убакта бири-бирине атаандаш да болуп келишет. Албетте, бул жакшы жөрөлгө, атаандаштык болбосо, өсүү кайдан болсун. Ошентсе да бардык радиостанциялардан өзгөчөлөнүп, жаңыдан там-туң баскан баладай болуп келаткан, улуттук радионун экинчи каналы аталган, "Белес" радиосу кыска убакытта эмнелерге жетишти, алдыда дагы кандай максаттары бар, деги эле андагы ди-джейлердин бир күндүк иш убактысы кандай өтөөрүн билүү максатында жогорудагы аты аталган радионун босогосун аттап, "Белес" радиосунун эмгек жамааты менен маектешип кайттык.

"Белес" радиосунун продюсери Замир Казакбаев,
"Белес" радиосунда жаңы жылдан тартып чоң өзгөрүүлөр болот"
- Замир мырза, "Белес" радиосунун башка радиостанциялардан өзгөчөлүгү?
- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин "Белес" радиосунун түзүлгөнүнө жарым жылдан ашыгыраак убакыт болду. Биз башка радиостанциялардан айырмаланалы деген максатта, экинчиден учурда эл саясаттан тажап, кандайдыр бир кызыктуу, өз турмушуна керектүү нерселерди күтүп калды деген ой менен "керектүү радио" болобуз деген багытты тандап алганбыз. Ал үчүн албетте элге керектүү, жөнөкөй, кызыктуу, пайдалуу маалыматтарды кыска, так, элдин тили менен берип турабыз. Тактап айтканда бир саатта ар түрдүү багыттагы 3-5 мүнөттүк 2 рубрика жана саат башында жаңылыктар түрмөгү эфирден кетип турат. Рубрикаларыбыз да чынында эле угарманга кызыктуу болуп, кандайдыр бир пайдалуу маалымат берсин деген максатта республикабыздагы дээрлик бардык министрликтер, мекемелер менен түздөн-түз иштешебиз. Башкача айтканда аларда болуп аткан иш-чараларды "ысыгында" элге жеткиргенге аракет кылабыз. Мисалы: Сайра Батыркулова деген ди-джейибиз даярдап, эфирге алып чыккан "Таланттар" деген рубрикабыз бар. Бул берүүдө жергебиздеги маданият тармагында болуп жаткан иш чаралар чагылдырылат. Албетте, маданият министрлиги менен тыгыз байланышта. Мындан сырткары көптөгөн калк турмушуна керектүү болгон маалыматтарды камтыган берүүлөрүбүз өз угармандарын таап, алгылыктуу иш алып барууда.
- Жаңы радионун эмгек жамааты да жаңыландыбы же?..
- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин радио мурда "XXI кылым" болчу. Азыркы "Белес" радиосунун эмгек жамаатын да ошол эле коллектив түзөт, бирок, албетте жаңылануу да бар. Жаңы үндөрдү, жаш таланттууларды кастинг аркылуу кабыл алганбыз. Азыр алар да өз алдынча программа даярдап, эфирге чыгып көнүп келатышат.
- А кандай жетишпегендиктер, көйгөйлөрүңүздөр бар?
- Албетте, кой аксагы менен миң дегендей эле биздин да телегейибиз тегиз эмес. Техникалык жактан бир аз аксап турган жактарыбыз бар. Алар, биз азыркыга чейин винамп программасы менен иш алып барабыз . Бул Бишкек жана Чүй аймактарында 24 саат болгондон бери өзгөчө кыйынчылыкты жаратып жатат. Анткени бизде пультта отурган режиссерлор күнү-түнү иш ордунда болуп, эфирди камсыз кылгандыктан аларга кыйынчылык жаратат. Ушул сыяктуу себептердин негизинде биз автоматтык программага өтөлү деп турабыз. Андан сырткары бизди жалпы Кыргызстан угат деп төш какканыбыз менен айрым аймактарда биздин эфирди укпагандар да бар экен. Албетте бул да болсо техникалык кемчилик, буйруса жакында мунун баарына чекит коюлат деген үмүттөбүз.
- Жетекчи катары жалпы эмгек жамаатыңыз жөнүндө эмне айтасыз?
- Биздин эмгек жамааттын аябай ынтымактуулугу менен сыймыктанабыз. Бир нанды тең бөлүшө жеп, кичүүнү кичүүсүнтпөй, улууларыбыз боюн көтөрбөй баарыбыз бир калыпта достук мамиледебиз. Албетте, ошол эле убакта ар ким өз ордун билип, иштин кызыкчылы үчүн баарына даяр адамдар биздин жамаатта. Баардыгыбыз тамашакөй, шайырбыз деп мактанып кеталам.

"Белес" радиосунун ди-джейи Нуркыз Исакова,
"Чөнтөгү калың студент болуп, старостамды кубантчумун"
- Нуркыз эже, радиого кандайча келип калдыңыз?
- Мен радиого келгенимди кокустук деп айта албайм. Себеби ата-энем экөө тең педагог болгондуктан бала-чагыбызда эле үйдө түрдүү сынактарды жарыялап, апам Сабира анда калыстар тобунун мүчөсү болчу. Анан "Нуркыздын диктор болгонго таланты бар" деп мени колдогон сөздөрдү айтып, келечекте радио кызматкер болуума чоң өбөлгө түзгөн адам. Кичинекейимдеги ушундай ой-кыялдарымдын негизинде студент болуп, жогорку окуу жайдын эшигин аттагандан тартып, радио дүйнөсүнө да аралашып калдым.
- Жалпысынан радио кызматкер болгонуңузга канча жыл толду?
- Мен радионун босогосун аттагандан тартып радио кызматкер болуп калдым деп айта албайм. Андыктан иштегениме баланча жыл болду деп кээ бирөөлөрдү таарынткым келбейт.
- Айтсаңыз, азыркы ди-джейлерге кандай көз караштасыз?
- Мен азыркыларды бир аз жалкоо дээр элем. Мүмкүн мага ошондой көрүнүп жаткандыр, себеби азыркылар кнопкадан кнопканы басып эле иштеп калышпадыбы, а биз плёнканы, кассетаны көрүп калдык. Фонотекадан плёнканы ташып, эфирге коюп иштечүбүз.
- Биринчи айлык маянаңызды кантип короттуңуз эле?
- Ырым кылып бир тоголок нан менен бир китеп сатып алгам. Ал эми экинчи айлык акыма ата-энеме белек берип кубанткам. Ошондой эле мен чөнтөктүү студент болгонумдан старостамды көп сүйүнтчүмүн.

"Белес" радиосунун орус эфиринин ди-джейи Адыл Абилов,
"Эфирден сөгүнүп..."
- Адыл мырза, эфирдеги кызыктуу учурларыңыздан айтып берсеңиз?
- Эфир, өзгөчө түз эфир аябай олуттуу маселе. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, учууга даярданып жаткан учкуч менен түз эфирдеги алып баруучунун абалы бирдей болот экен. Андыктан азыр мен сага айтып бере турган окуя да мындан көп убакыт мурда болгон. Кезектеги 1 сааттык куттуктоо программасы боло турган, мен алыс жактан келгенге жетишпей, үн режиссеруна чалдым. Толук кырк мүнөт кечигип келгендиктен, кырк мүнөттөн соң эфирди ачтым. Ага чейин үн режиссер угармандарды кадимкидей кабыл алып, башкача айтканда ди-джей менен (мени менен) эч кандай ал акыбал сурашкан диалог жок эле салам жолдотуп, музыка берип отуруптур. А мен болсо кырк мүнөттөн соң келип, "Урматтуу радио угармандар, мына ушинтип биздин куттуктоо программабыз күндөгүдөн өзгөчө кызыктуу болуп уланууда, сиздер менен Адыл Абилов болду"- деп уланттым.
- А жетекчилик билдиби, кандай жаза алдыңыз?
- Эч ким билген эмес. Эми сен жазсаң билишет го ха ха. Мен ойлойм андан бери көп жыл өттү эми жазалашпайт го деп.
Дагы бир окуя; Эртең мененки шоу программаны алып барып жаткам. Баарыңыздар жакшы билесиздер, таңкы программалар көңүл ачуучу, шаңдуу, элди ойготкон уктуруулар болот эмеспи. Ошондой көз карашты артындагы подлошка деп коебуз, коштогон музыкасы да, айтор бардык жасалгасы шаңдуу кооз болот эмеспи. Анан дем алыш күндөрдө биздин эфирде жаңылыктар түрмөгү эфирден кетпейт да, а жогоруда мен айткан уктуруу күндөгүдөн да шаңдуу болот. Ошентип уктуруунун экинчи саатына 2 мүнөт калганда жаңылык окуган кесиптешим чуркап келди. "Азыр жаңылык кетиш керек, биздин өлкөгө башка мамлекеттик олуттуу адам келиптир, ушул иш сапар жөнүндө айтуубуз керек"-деп. Бизде пультта өзүнчө режиссер отурат да, а мен өзүм алып барган программаларда пультта өзүм отуруп көнгөм. А жаңылыктар такыр башка нерсе да. Кооздоолору да, ал тургай саат айткан үн да олуттуу болуш керек. Ошентип мен жакшы эле аракет кылып, бирок жаңылыкка керектүү кооздоолордун эч нерсесин таппай койдум. Аңгыча убакыт да келип, кесиптешим студияга кирип жаңылыктарды окуганга даярданып баштады. А мен болсо баягы өзүмдүн шоу программаларымдагы тря-ля-ля деген шаңдуу кооздоолорду коюп, жаңылыктарды ачтык.
Жаңылыгыбыз жаңылыкка окшобой эле, күлкүлүү бир нерсе айтылып жаткандай болуп калды, анан да кызыгы студиянын ичинде отурган кесиптешимдин үнү чыкпайт.
Биринчи микрофондун микшерин көтөрдүм болбойт, экинчисин, айтор алдымда турган жыйырма чакты микшердин баарын көтөрүп салдым. Ал микшерлер ар кимиси түрдүү кызмат кылат да. Мисалы бирөө компьютерден музыка кетирсе, экинчиси телефондогу байланыштын кызматын аткарат. Ошентип аябай өзүмдү жоготуп койгон экенмин, бир жаман сөздөрдү айтып шатырата сөгүндүм. 2-3 мүнөткө жетпей биздин эфирди көзөмөлдөгөн ОТК бөлүмүнүн кызматкери кирип келди. Колунда акт кагазын кармап алган.
Менин жанагы микшерлердин баарын ачып салганымдын кесепетинен өзүмдүн да микрофонум ачылганын байкабай сөгүнгөн экенмин, ал бүткүл Кыргызстанга угулуптур. Андан да кызыгы түзүлгөн актыда кашанын ичине менин сөгүнүп айткан сөздөрүмдү да толугу менен жазып коюшуптур. Ошентип канчадыр бир убакыт эфирге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагам.

"Белес" радиосунун жаңы үнү
Самат Мырзаканов,
"Үнүмдүн тембрин жактырышты"
- Самат мырза, "Белес" радиосунун фирмалык үнү экенсиң, кандайча келип калдың?
- Мен да кийинки келген жаштар сыяктуу тандоо аркылуу ди-джей болом деген максатта радионун босогосун аттагам. Бул менин бала кезден берки кыялым болчу. Анан үнүңдүн тембри жакшы деп мени радионун фирмалык үнү, башкача айтканда "Белес" радиосунун рекламалык же жингл, ар түрдүү майрамдык роликтерин окуган кызматкер кылып кабыл алышты.
- Мисалы "Беко" фирмасынын рекламасын окуган үн учурда миллионер экен дешет. Сен да бул багытта жакшы киреше табат болушуң керек?
- Бизде такыр башкача да. Анан элибизде жакшы сөз бар го "жасаганың бирөө үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн"-деген. Андыктан мен азыр өзүм үчүн үйрөнүп жатам. Калганы келечектин иши да.

Даярдаган Айтурган Сатиева