маараке

Дүйнө элин дүңгүрөткөн 80 жаш
Чыгармалары көптөгөн тилдерге которулуп, басылып, миллиондогон нуска менен чыккан жана ал чыгармаларынын негизинде кыргыз театр жана киносунун тарыхында сакталып кала турган спектаклдер сахналаштырылып, кинолору коюлган улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 80 жылдык мааракесине, жаркын элесин эскерүүгө арналган кече, туулган күнү -12-декбарда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлдү. Кеченин ачылышында жазуучубуздун чыгармаларынын 8 томдугунун бет ачары болуп өттү. Кыргыз эл Баатырлары, эл жазуучулары, көптөгөн коомдук ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, Айтматов агабыздын ага-тууганы, үй-бүлөсү жана сүйүктүү эли катышкан бул кече көпчүлүктүн көңүлүндө калгыдай жогорку деңгээлде уюштурулуп, эскерүү сөздөрү сүйлөндү. Кечени маалымат жана маданият министри Султан Раев ачып, алгачкы сөз мамлекеттик катчы, Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Досбол Нур уулуна берилди.

"Айтматовдун экинчи өмүрү башталды"
"Элибиздин сыймыгы болгон асыл адам, гуманист жана ойчул, дүйнө элдеринин ортосундагы достук мамилесин чыңдоодо чоң салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо 80 жаш торколуу тоюн бүгүн биз менен чогуу тосмок. Арабызда жүргөндө өлбөчүдөй сезилип, олуялыгын байкаган эмес экенбиз.
Эми Айтматовдун экинчи өмүрү, экинчи жашоосу башталды. Кыргыз элинин турмушун, каада-салтын дүйнө элине таанытты, ачып көрсөттү. Өлбөс-өчпөс чыгармалары менен кыргыздарды дүйнө менен байланыштырган көпүрө болуп калды.
Жазуучунун кеменгерлигине таазим этип Президентибиз быйылкы жылды Айтматов жылы деп жарыялады эле, буга байланыштуу, 80 жылдык мааракеге карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп атат, өткөрүлө бермекчи. Айта кетсем 20-январда Москва шаарында улуу агабыздын чыгармачылык ишине арналган чоң эларалык конференция болот. Февраль айында Парижде да чоң иш чара өткөрүлгөнү турат жана ага Кыргызстандан чоң делегация барат.
"Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу" жөнүндө 12.12.08-жылы кол коюлган Президенттин жарлыгы боюнча.
Ата-Мекендик жана дүйнөлүк адабиятка, искусство жана маданиятка кошкон салымы үчүн КРнын Баатыры, Социалисттик эмгектин Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- 1 айлык мөөнөттө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүн тургузуу үчүн конкурс жарыялансын;
- /ч айлык мөөнөттө Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузуу боюнча конкурс жарыяланып жана орнотуу боюнча тийиштүү иш чаралар кабыл алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн сыйлыгы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы деп аталсын;
- Чыңгыз Айтматовдун ысымы КРнын мамлекеттик улуттук орус драма театрына берилсин;
- Кыргыз Түрк Манас" университетинин кампусуна Ч.Айтматовдун атын берүү сунушу кабыл алынсын;
Бишкек шаарынын мэриясына:
- Эмен паркы Чыңгыз Айтматов атындагы парк деп өзгөртүлсүн"-деп Досбол Нур уулу жарыя кылганда бул жарлыкка залдагылар жарыша кол чаап, толкундануу менен кабыл алышты.

"Чыкем менен сырдаш болгонума
бактылуумун"
Казак эл акыны,
Мухтар Шаханов:
"Кадырман боордоштор! Кыргыз эли улуу калк. Кыргыз эли бүт ааламга Манасты берди. Канча деген улуу элдер бар, бирок Манастай улуу ааламды бере алган жок! Эч ким кайталай алгыс Кыргыздын улуулугу Манасында. Ал эми экинчи улуулугу бул-Чыңгыз Айтматов.
Өмүр бул күрөш. Айтматов кандай кыйынчылык менен чыкты. Мына Мария жеңем Чыңгыз Айтматов агама жар болду, 1-окурманы ушул киши болду, канча бир чыгармасын компьютер жок кезинде өзү машинка менен басып берип жүрдү. Уулубуз Элдар да Чыкеме чоң сүйөнүч болду. Оорусуна байланыштуу жегенге болбойт деп боорсоктон алса "ата, болбойт"-деп колунан алып коёт эле, ар бир кадамын аңдып, карап, перзенттик парзын аткарды. Эми ушундай жыйындар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп атат. Бүт ааламдын руханий бийиктиги болгон Чыңгыз Айтматов менен бирге чыгарма жазып, Чыкеме ини болуп, сырдаш болуп калганыма мен чексиз бактылуумун.

"Биз үчүн бүгүнкү күн кайгынын да,
кубанычтын да күнү"
Жубайы, Мария Айтматова:
- Ардактуу кыргыз элим! Бул жыл биз үчүн аябай кыйын жыл болду. Кыргыз эли үчүн да улуу күн болгон бүгүнкү 80 жашын ал аябай күткөн эле. Тагдыр экен, биз менен чогуу өткөрүүгө буюрбады. Эмне айтайын, адам катары өзгөчө бир адам эле. Ак көңүл, кечиримдүү адам болчу. Мен Чыңгыз Төрөкуловичтин китептерин кыргыз жашоосунун энциклопедиясы деп эсептейм. Кыргыз канча жашаса Чыңгыз Төрөкуловичтин китептери да ошончо жашайт. Мына Алматадан сегиз томдугунун орусчасы жарык көрдү, жакшынакай мукабасы менен .
Биз үчүн бүгүнкү күн кайгынын да, кубанычтын да күнү!

"Ысык-Көлдү
сагынуу"
Кеченин соңунда Чыңгыз Айтматовдун иниси Ильгиз Төрөкулович сүйлөп, улуу жазуучубуздун 80 жылдык мааракесине арналган бул кеченин уюштуруучуларына жана катышуучуларына чоң ыраазычылыгын билдирүү менен бүгүнкү бийлеген бийлерде, ырдаган ырларда Чыңгыз Айтматовдун улуу - улуу ойлору, биз жашаган жашоо чагылдырылышын баса белгиледи.
Ал ырлар: Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган Муратбек Бегалиевдин "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу ыры КР эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда жаңырды.
Бакыт Алишеров менен Кыялбек Урманбетовдун Чыңгыз Айтматовго арналган "Улуу дүйнө" аттуу жаңы ырынын бет ачарын КР эмгек сиңирген артисти Садыр Жумашев жана Нурзада Сыдыковалар ачышты.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 80 жылдыгына арналган кечеде катышкан кыргыз эл жазуучусу, КРнын Баатыры Төлөгөн Касымбековду сөзгө тартып, улуу жазуучу жөнүндө окурмандарга оюн ортого сала кетүүсүн сураганыбызда "Чыңгыз Айтматов өзү дүйнөдөн өтүп кеткени менен анын кылган иштери, атагы калды. Биздин элге, биздин журтка кадимкидей өчпөс, жоголбос дүнүйө бул өзү! Айтматовдун аты биздин элге даңк болуп жүрө берсин!"-деди.

М.Молдобекова