Саясатка сан кирмейин - жан кирбейт

"Өзүңдү -өзүң тааны..."
Сократтын "Өзүңдү өзүң таанып бил" -деген сөзү бат эле бүткүл дүйнөгө тараган. Мындай терең маанидеги түшүнүк адам жашоосун, бийликти такай көзөмөлгө алган жрецтердин диний идеалына да айланган, ар бир инсандын өзүнө үңүлүүгө түрткү берген, өнүгүүгө жол ачкан. Өзүн-өзү тааныбаган өлкөнүн, ошондой эле адамдын арты кайгы. Андыктан биз баш-аягын таппай турган оор мезгилдерибизде, өзүбүздү-өзүбүз таанууга, билүүгө болгон чечкиндүү кадамдарды жасап көрбөйлүбү деген аруу максатта элита адамдарынын жеке мүнөз, мүмкүнчүлүгүнө саресеп салганбыз. Ансыз эгемендүү мамлекет, адам болобуз дегенибиз куру сөз. Өзүңдү тааныбасаң анда манкуртчулук жолго бет аласың.
Бүгүн мурдагы салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып иликтөөлөрүбүздү жүргүзгөнбүз. Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: ЖКнын депутаттары Эрнст Акрамов, Кабай Карабеков, Аскар Салымбеков жана "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдер

Эрнст Акрамов, ЖКнын депутаты
24.06.1936
2+4+6= 12
1+9+3+6=19
12+19=31
3+1=4
31-4=27
2+7=9

Туулган датаңызды жазыңыз 24.06.1936. Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 2+4+6= 12. Туулган жылдын цифраларын кошобуз:1+9+3+6=19.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 12+19=31. 31-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+1=4. 4-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 31-4=27. 27-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+7=9. 9-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 24.06.1936
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 31.4.27.9.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Эрнст Акрамов:
11-эгоизмге жакын, өзүм дегенде өгүздөй күчү бар; 22-биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 33-так илимдерге жөндөмдүү; 44-ден соолугу чың киши, темпераменттүү; 5-0-интуиция каналы жабык, бардык маселелерди башы менен чечүүгө туура келет; 66-кара күчтүн ээси, жердин адамы, бирок рухий деңгээли боюнча гумандуу иш чараларга жакын. Чыгармачылык же так илимдер менен алек болууга мүмкүн, бирок аны иш жүзүнө ашыруу үчүн кара күч эмгеги талап кылынат. Көркөм тармакта да көбүрөөк алектенген учурлары болот; 7-талант деген эмне экенин түшүнүү үчүн төрөлгөн киши, анын турмуштук тажрыйбасы таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан берилген энергияны кармап калуусу керек; 8-0- жоопкерчиликтен качат; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Булар тартынчаак болгондуктан аялзаты менен ийгиликтүү байланыш түзө алышпайт. Кыялдагысын турмушка ашырууга батынышпайт. Сүйүүгө келгенде өтө эмоционалдуу, берилип терең сүйүшөт.
Мүнөзү ачык, натурасы кыялкеч, сырдуу белги. Анын сезимталдыгы мүнөзүнө таасир этет. Тегерегиндегилерге таң каларлык түшүнүксүз. Алардын күлкүсү таасирдүү. Анын көңүлдүүлүгү токтоолук менен айкалышкан. Бирдемеге ачык деле умтулбайт. Бирок атактуулук ага керек, андан чоң канааттанууну алышат.
Көңүлдүүлүк менен катар меланхолиядан (кейикчээлдик) азап чегет. Алар аны юмор менен канчалык жапса да, ишенимсиздик, басмырттык көңүлүндө бийлик кылат. Алардын көз жашы да дайыма чындык. Кекчил, таарынткан кишисинен тымызын өч алат. Кейикчээлдик менен пессимизм дайыма жалгыздыкка түртөт. Эреже катары алар абдан патриотчул жана сыр сакташат. Оюн билиш кыйын, сезимдерин жашырышат.




Аскар Салымбеков, ЖКнын депутаты
9. 01. 1955
9+1= 10
1+9+5+5=20
10+20=30
3+0=3
30-18=12
1+2=3

111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 2-биоэнергиясы бар, бирок аз болгондуктан жаратылышка чыгып көп сейилдөөлөрү керек; 333-илимге болгон эки эсе жөндөмдүүлүк бар; 4-0-ден соолугу начар, саламаттыгына дайыма көңүл буруп турушу абзел; 55-интуициясы өнүккөн, боло турган окуяларды алдын-ала сезе алат; 6-0- жерге жакын эмес, кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөйт; 7-0- жөндөмдүүлүгү чектелүү, талантсыз; 8-0-жоопкерчиликтен коркот; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Чоң кызмат, таалайлуу тагдыр анын маңдайына жазылган тартуу. Булар ийгиликке оңой эле жетишишет. Эгерде жашоодо чынчыл аракеттер гана ийгиликке алып келет деген формуланы бекем карманса. Сөзү менен иши ажырым кетпегендиги менен көпчүлүктү өзүнө тартат. Бирок алар жан дүйнөсүндө олку-солку, мүнөзүндө кежирлиги бар. Бирок айлана-чөйрөгө бат эле баш берип саясатта жоош, момун, дайыма күчтүүлөр тарапта. Өзү моюнга албаган менен баскынчылык, тартипсиздиктери бар. Өз кызыкчылыгын көздөп турганда башкаларга жагынууну билет. Башкаларды пайдаланып, башкалардын эсебинен эң сонун жашай алат. Ошого карабай багынбас, бирок коогасы аз болгон учурдан баштап, ар кандай шартка тең ыңгайлашат. Мүнөзү алсыз, байлыкты сүйөт. Андыктан байгер адамдар, саясатта бир топ жалтанчаак жана коркок болушат. Себеби өзүнө зыян келтирип алуудан чочулашат.
Абдан тез кабыл алгыч, алдыда боло турган окуяларды эң биринчилерден болуп сезип, көзү ачыктыгы бар. Тынч жашагысы келет, байлык алып келүүчү нике, пайдасы тийүүчү дос, бийлиги бар колдоочусу жөнүндө кыялданат.




Темир Сариев, "Ак Шумкар" партиясынын лидери
17.06.1963
1+7+6= 14
1+9+6+3=19
14+19=33
3+3=6
33 -2=31
3+1=4

111 - туруктуу мүнөзгө ээ, көздөгөн максаты бар, бирөөлөргө көз каранды болгонду анча жактыра бербейт; 2-0-биоэнергиясы аз, айлана-чөйрөгө жакшы мамиледе боло ала турган, табиятка жакын адам; 3333-рухий деңгээли күчтүү. Өзүнө гана эмес, тегерегиндегилерге да жакшылык алып келет. Ал эми өзү дайыма түз жана ак ниет болуу менен бирге, аны башкалардан да талап кылат; 4-ден соолугу орто; 5-0-ички сезим туюму жабык, көпчүлүк маселелерди башы менен чечүүгө туура келет. 666-жерге өтө жакын, өзүнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон күч эмгегине умтулушат. Буларды бир гана акыл эмгеги менен искусствого берилүү өз максатына жеткириши мүмкүн; 7- таланты бар, жолдуу; 8-0- жоопкерчиликтен качат, башкаларга милдеттүү болгонду кыртышы сүйбөйт; 9- акылын тынбай өстүрүп туруусу зарыл.
Аналитикалык (талдап чыгуу) жөндөмдүүлүккө ээ. Көпчүлүк учурда жалкоолукка алдырышып, алдын-ала болуучу шарттарды тандабагандыктан жагымсыз окуяларга кабылышы мүмкүн. Кыялданганды жакшы көрүшөт. Ага кылган таарынычтарды кечире билишип, анысы аз келгенсип, душманын доско айлантып алышат.
Интеллектуалдык жактан көз карандысыздыкты сүйөт. Бирөөлөрдүн кеңешинен көрө өз тажрыйбасын жогору баалайт. Жаңы нерселерди жактыргандыктан саякатты, курч окуяларга кабылууну жакшы көрөт. Ошондой эле философтук ой толгоолор, жашоодо бактылуу кокустуктар алга жылдырат. Жалпысынан тобокелге сала бергени оң.
Жакшы сапаттарынын ичинде бир кемчилдиги бар, ал чоң болбогон менен бир топ мааниге ээ. Ал үстүрт адам, анын жакшы сапаттары дагы үстүртөн. Ал коомду, коом аны сүйөт. Ак сөөктүк чогулуштарды сүйөт, кээде ушак айтат, муну абайлап эптүү жасайт. Анда чыныгы сезимталдыкка караганда санаа көбүрөөк.




Кабай Карабеков, ЖКнын депутаты
29.11.1965
2+9+1+1= 13
1+9+6+5=21
13+21=34
3+4=7
34-4=30
3+0=3

111 - "Алтын ордо". Мүнөзү жоош, көздөгөн максаты бар; 2-биоэнергиясы бар, бирок азыраак, андыктан көп кыймылдап, таза абада тез-тез болуп турганы жакшы; 333-илимге жакын адамдар. Ар нерсеге сын көз менен карашат; 4-ден соолугу орто, жашы өткөн сайын начарлашы мүмкүн; 5-ички сезим-туюму ачык; 6-турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо талап кылынат. Ойлоп табуу, фантазия көркөм табит-анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы. Анткен менен алагды кылуучу керектөөлөргө карабастан терең ойлонуп иш жасоого жөндөмдүү; 7- таланты бар, жолу ачык. Жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн күчтөрдү кармап калуусу керек; 8-0-жоопкерчиликтен качат; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Булар менен батышуу абдан кыйын, анткени абдан карама-каршылыктуу. Бир туруп үстөмдүк кылып, катуу сынга өтүп оппозиция болуп кетсе, экинчи жагынан пассивдүү келип бийлик партиясына өтө качат. Бул нерсе анын стихиясы. Төшөк мамилесинде дурус эле сексуалдуу, бирок комплекстери бар, өзүнүн андайлыгын уят-сыйыт деп эсептешет.
Акыл-эстүү, жолдуу, илимдүүлүгү күчтүү, негизинен ага көп эле нерсе берилген, бирок ошончолук көп суралат. Ал кандай позицияны ээлеп алса да, аны көпкө кармап туруусу кыйын болот. Ошондуктан бир бийликке же болбосо оппозицияга өтө качып ойной берет. Мүнөзү алсыз, чыдамсыз, мындайларды канча жөндөмдүү болсо да жолдон чыгаруу оңой, себеби психологиялык тең салмактуулугу аз. Оюн бир жерге топтой албай чачыранды жүрүшөт. Анткенибиз менен анда реформатордук саясий идеялар бар. Колдогону мыкты болсо, жакшы саясатчы. Болгону анын туруксуздугу өзүн уят кылат.
Даярдаган А. Адишов