Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Айгүл аябай бейбаш кыз болчу"
Бүгүн биз гезитибиздин "Классташ" рубрикасынын негизинде жаш ырчы Айгүл Чалованын окуучулук күндөрү жөнүндө сөз кылабыз. Ырчынын классташы Дамира Коңурбаева Токтогулда жашагандыгына байланыштуу телефон аркылуу маектештик. Белгилей кетсек Айгүл менен Дамира Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек атындагы №12 орто мектепте чогуу окуган жакын курбулар.

Айгүл адашып кеткенде...
- Адегенде Айгүлдүн мектеп босогосун аттаган алгачкы күнүнөн баштайын. Айгүл башкалардан өзгөчөлөнүп атасын жетелеп мектепке барган. Эжейибиз класска алып кирип баарыбызды парталарга отургузду. Бир маалда Айгүл "Мени эмнеге арт жакка бутум жетпеген партага отургузуп койдуңуз" деп шолоктоп ыйлап кирди. Анан эжейибиз күлүп 1-партага отургузуп, "жерге чоңойгондо бутуң жетет" деп араң соороткон. Эки күн өткөндөн кийин Айгүл 2-3 күн сабакка келбей калды. Эжейибиз үйүнө издеп барса ата-энеси мектепке барып эле атат дептир. Көрсө, окшош класстардан адашып башка класска кирип окуп жүрө бериптир. Анан эжейибиз издеп жүрүп, "менин жөжөм адашып кетиптир" деп алып келгени эсимде. Дагы бир күнү дем алыш күн болуп ата-энеси базарга кетип калса Айгүл бөлөсүн ээрчип мектепке келсе эч ким жок, эшиктер бек. Анан эмне кылышын билбей бөлөсү экөө мектептин багында ойноп-ойноп, чарчап уктап калышат. Бир мезгилде көздөрүн ачса караңгы кирип калган болот. Экөө коркуп бир даракты кучактап алып ыйлап аткан жеринен мектепти кароолчусу келип үйүнө жеткирип барган экен. Ошону мектепти бүткөнчө кароолчубуз айтып күлүп жүрдү. Айгүл ушундай апенди чалыш кыз эле да.

Айрылган артист көйнөк
- Сабактардан орто окучу. Бирок, кичинекей кезинен эле жакшы ырдагандыктан мугалимдер ошол жагын эске алып көтөрмөлөп коюшчу. Окуп жүргөндө эркекке окшош эле. Көйнөк, юбка кийсе такыр жарашчу эмес. Бир жолу апасы сонун материалдан артист көйнөк тигип бериптир. Дал ошол кезде бир конкурска даярданып жатканбыз. Алты кыз кыргыз бийин бийлемей болдук. Арабызда Айгүл да бар. Баарыбыз жакшы эле бийлеп келип, Айгүлгө келгенде бийибиз токтоп кала берди. Анткени Айгүл колун кыймылдата алчу эмес. Акырында эмнеге менин колум кайрылбайт деп тополоң кылып, апасы тигип берген артист көйнөгүн айрып салып кетип калган.

Класстын
атаманы
- Айгүл аябай шок, бейбаш кыз болчу. Мугалимдерге да баш ийчү эмес. Үйүнүн жанында диско-клуб бар болчу. Биринчи класста окуп аткан кезинде эле атасынан жашынып дискотекага кирип бийлеп чыкчу. Анан классыбызда 3-атаман болчу. Эки баладан башкасынан баарына күчү жетчү. Кыздар болсо Айгүлдүн айтканын жасачубуз. Өзүнөн улуу, узун бойлуу кыздарды да тырмышып отуруп ыйлатып койчу. Анда 1-класс экен. Бир жолу бир кызыбыздын бетинен чымчып, коркутуп атканын эжейибиз көрүп калып Айгүлдү артын каратып доскага тургузуп койду. Ошондо да жөн турбай эки жагын карап атып терезеден жолдон өтүп бараткан эжесин көрүп калып классты башына кийип "Акылай эже" деп бакырып ийсе баарыбыз чочуп кеткенбиз. Эжей болсо андан бетер жини келип стул көтөртүп 45 мүнөт тургузуп койгон.
Айгүл балдардын врачы болчу
- Мектепте Айгүлдү Чалова дебей Айгүл Кемпирова деп тамашалайт элек. Бала кезинде мен чоңойгондо врач болом деп айтат эле. Бирибиз мугалим, бирибиз дүкөнчү, Айгүл болсо врач болуп ойнойт элек. Айгүл кумду чогултуп алып, үйүнөн жумуртка уурдап келип кумга аралаштырып, жууруп, дары жасайт эле. Анан ийне алып келип биздин сүлгүлөрдөн жасаган балдарыбызга ийне сайчу. Барактарын майдалап кыркып алып кызыл ручкасы менен справка жазып берчү. Азыр эстеп алып күлкүбүз келет. Балабыз да, оюбузга эмне келсе, ошону жасай берет экенбиз.

Тытылган кат
- Сүйүүсү жөнүндө айта турган болсом, мектепти бүткөнчө бир да бала менен сүйлөшкөн жок. Айгүлгө балдар сүйлөгөндөн коркушчу. 7-класста окуп жүргөнүбүздө бир классташ балабыз кат жазып, Айгүлдүн сумкасына салып коюптур. Аны үйүнө барып окуп эртеси линейкада турган жеринен катын тытып туруп бетине чапкан. Байкуш классташыбыз эмне кылаарын билбей кызарып-татарып эле унчукпай туруп берген.

Ж. Калдарова