күүгүмдөгү сырдашуу

Мери Шакулина:
"Ачуумду чыгарыш үчүн кагаз өрттөйм"
"Айтпа", "Сагынба", "Сүйүү келсе", "Кечигипмин" деген ырлары менен жаңы чыккан ырчылардын катарын толуктап, өз күйөрмандарын табууга жетишкен жаш ырчы Мери Шакулина бүгүн бизде мейманда. Мери 1988-жылы 16-июлда Токтогул районунун Каракөл шаарында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Учурда Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун 2-курсунун студенти.


- Мери, маегибизди сенин өзгөчөлөнгөн аты-жөнүңдөн баштагым келип турат. Мери Шакулина деген атаң азан чакырып койгон атыңбы же...
- Өзүмдүн туулганда берилген аты-жөнүм Мээрим Шакулиева. Концерттерде "атың узун болуп калат экен"- дешкенинен, Акбар менен Гүлдүн сунушу боюнча "Мери Шакулина" деп сахнага чыгып атам.
- Буга ата-энең каршы болгон жокпу?
- Алгач, "өзүңдүн эле күбөлүктөгү атың менен чыксаң болмок"- дешип таарынгандай түр көрсөтүштү. Азыр эми эл эмне десе ошосуң да дегендей көнүп, унчукпай калышты.
- Чоң сахнага кантип келип калдың?
- Негизи эс тарткан кезимден бери эле музыкага кызыгып, ырдамыш этип келгем. Ал эми чоң сахнага чыгып, чыгармачылык менен алпурушканыма эки жылдын жүзү болду. Биринчи жолу Мухтар Атаналиев уюштурган "Эл ырчысын эл тандайт" аттуу кароо-сынакка катышып, тушоом кесилди. Ага чейин окуучу кезимде "Мээрим" фондусунун "Жаш талант" конкурсуна катышып, бир нече жолу жеңүүчү аталганмын. Чыгармачыл адамга жакшы сөз, мына ушундай колдоп-коштоолор стимул болот экен.
- Өзүң теңдүү ырчылардан кайсы жагың менен айырмаланасың?
- Мен сахнада бийлемейинче ырдай албайм. Менимче бир ордумда туралбагандыгым менен айырмаланам го. Анан да абдан уялчаакмын.
- Продюсериң менен иштешпей калганыңдын себеби эмнеде?
- Дана эже экөөбүз кагаз түрүндө келишим түзбөй эле иштешип жатканбыз. Акыркы кезде Дана эженин убактысы жетпей, мага үлгүрбөй калды. Ошого байланыштуу өз алдымча чыгып, күчүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Бирок, бул маселе боюнча продюсерим менен ачык сүйлөшө элекмин. Андыктан, азырынча так жооп айталбайм.
- Өз күчүңө ишенесиңби?
- Адам баласынын колунан келбеген нерсе жок. Эгер каалоо болуп, аракет кылсаң эртеби-кечпи эмгегиңдин акыбети кайтат. Албетте, анын баары оңой-олтоң эле келе койбойт. Кандай кыйынчылык, кандай кырдаал болбосун максатыбызды орундатыш үчүн даяр турушубуз керек.
- Аябай ачууң келгенде өзүңдү кантип колго аласың?
- Мен бир нерсени аябай бат кабыл алып, көп капа болом. Ачуум келген учурда көбүнчө кагазга бир нерселерди жазып алып өрттөйм. Кээде күзгүнүн алдында өзүмдү карап ыйлап алам же болбосо караңгы бөлмөгө кирип, жай музыка коюп алып үн чыгарбай ыйлап бугумду чыгарам.
- Аябай жашык окшойсуң ээ?
- Ооба да. Күлгөнгө караганда ыйлаганым батыраак. Сүйүнсөм да, кайгырсам да ыйлай берем.
- Сен үчүн өмүрдө эмне кымбат?
- Будда дининин башчысы айткан экен: "Бул дүйнөдө канчалык кыйналып, азап тартсаң да тирүү жүргөнүңдүн өзү бакыт"-деп. Андыктан, ар бир аткан таңым, баткан күнүм, баскан кадамым мен үчүн кымбат деп айтаар элем.
- Кыргызда "Кыздын бараар жери-күйөө" деген таамай айтылган накыл кеп бар. Сурайын дегеним, эгер сени уурдап кетсе эмне кыласың?
- Чынын айтсам, мен азыр турмушка чыкканга даяр эмесмин. Бала кыялым, эркелигим али да кала элек. Турмуш деген оюнчук эмес да. Анын да ачуу-таттуусуна чыдаш керек. Мен азыр турмушка чыгыштан корком. Өзүңүз күбө болгондой көпчүлүк жаштар үйлөнүп эле ажыршаып кетип атышат. Ушул эмнеликтен дейсиз? Албетте, бири-бирин түшүнбөстүктөн, жомоктогудай, кинодогудай жашоону элестетип баш кошуп алышып, реалдуу жашоого чыдай албай калгандар да. Ошондуктан азыр мага эртелик кылат. Эгер ала качып кетсе ушинтип эле түшүндүрүп айтып, өтө эле катуу сүйсөң күтүп тур дейм.
- Таш түшкөн жеринде оор деп ата-энең отургузуп койсочу?
- Аий, анда чын эле эмне кылам? Жок, ата-энем кантип мага жамандык кааласын, алар деле ойлонуп иш кылышат.
- Жашоодогу урааның?
- Артка жол жок, бир гана алга! деген ураанды туу тутуп келем.
- Бул менин жыйынтыктоочу соболум болсун. Жыл да аяктап баратат. Ушул жыл сен үчүн кандай жыл болду. Дегеле чычкан жылы эмнеси менен эсиңде калды?
- Мен үчүн жакшы эле жыл болду. Ушул жылы "Сагынба" деген ырыма биринчи клибимди тарттырдым. Ал эми жалпылап айтсам, чычкан жылы борборубузда жарык өчкөндгү менен эсимде калды. Тилекке каршы, бул жылы жергебизде кырсык көбүрөөк катталбадыбы. Жаратканым жаңы жылда бөөдө кырсыктан алыс кылсын деп тилейм. Учурдан пайдаланып кыргыз элимди алдыдагы жаңы жылы менен куттуктайм. Жаңы жыл тынччылыктын, молчулуктун, токчулуктун жылы болсун. Айланабыз күлкү-шатка толсун!
- Рахмат. Айтканың келип, ийгилик ыроолосун.