Адабият айдыңы

Ахунбай Кошоев, Кыргыз
Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын:
"Ыр жазуу - катуу санаадан кутулуу"
- Ахунбай агай, акындык өнөр сизге табияттан берилген касиетпи же кокусунан ыр жандуу болуп калдыңызбы?
- Чыгармачылыкка аралашуунун эки түрү болот экен. Байдылда сыяктуу кыргыздын жаркыраган өнөрлүү адамдары табиятынан жаралган акындар. Бул биринчи жагы дейм. Байыркы гректер айткан экен "Дүйнөдөгү калыссыздык, теңсиздик жана адам баласында болуп жаткан азап-тозок, оор тагдыр адамды ыр жаздырып, колуна калем карматып коёт". Мен ушул экинчисине кирем. Себеби, ыр жазып калам деп ойлогон эмесмин. Өзүмдүн кесибим - юрист. Бирок, жаш кезимден баштап аралашкан айлана-чөйрөм, жеке тагдырым, башка адамдардын жашоосу мага ыр жаздырды десем болот.
- Үчүнчү китебиңиздин аталышы "Талаа жана лабиринт" деп өзгөчө аталыптыр. Бул эмнени түшүндүрөт?
- Мен бул китепти жазып жатканда мындай элестеткем. Талаадагы эгилген буудай, эгин-тегин, түшүмдүн баары жөнөкөй карапайым калктын, дыйкандын эмгегинен өнүп чыгат. Алар күндөп-түндөп мээнет кылышат. Ал эми лабиринт дегенди символикалык түрдө кыйды бөлмөлөр, татаал пентагон, ак үй, көк үй дегендердин ичинде ошол талаадагы дыйкандардын мээнетинен табылган тамактарды жеген адамдар, согуштун пландарын түзүп, ал талааларды кантип бомбалоо, мисалы 1-2- Ата- Мекендик согуштарды ойлоп тапкандардын баары лабиринттердин ичинде олтурушат. Ошондуктан мындай аталышты символикалык түрдө талаа-жөнөкөй мээнеткеч элдин мекени, ал эми лабиринт - элдин эсебинен жашаган чиновниктердин мекени катары атагам.
- Ошол китебиңизди барактап олтуруп, "Бир жакшы ыр жазып алсам жүрөгүмдөн, сүйүнүп калемимди өпкүм келет"-деген ыр саптарын жолуктурдум. Бул да болсо калемиңиздин ыйыктыгын айтып турса керек?
- (Күлүп) Чынында мен азыркы абалым менен мындай сап жарата албайм. Бул менин силердей болгон жаш кезимде жазган ырым десем болот. Эгерде сага бирөө чыгармачылыгыңдын ийгилигин айтып, жакшы ыр жазганыңды бааласа, анда ал сага сөзсүз түрдө чоң стимул, эргүү пайда кылат. Жаралган жакшы ырыма калемим себеп болгондой сүйүнүп кетип, ушул саптарды жазсам керек.
- Чыгармачыл инсандар сүйүүнү эки эсе даңазалаш керек деп калышат го?
- Эми бул табигый нерсе. Улуу сөздө уят жок деп коёт. Адам баласынын өмүрүн шыктандырып турган, ичиндеги намысын ойготкон, жакшылыкка умтулууну талап кылган сүйүү сезими. Мисалы, өрүк комузду алсак, кылдары башка жерде, ал эми өрүк багы жөн гана өсүп турган болсо, эч кимге пайдасыздай сезилет. Качан гана экөөнү бириктирип комуз кылып жасаганда ал укмуштуудай күүгө келет. Анын сыңарындай, ар бир адамга жаштык кези сүйүү тартуулайт. Чыныгы сүйүү бир келет. Аны күүгө келтиргендей кармай билсең ал түбөлүктүү болот.
- Кыйынчылыкты кандай сезесиз?
- Жаш кезекте турмуштагы бурулуштуу окуялар теңдешсиз трагедиядай көрүнөт. Кыйынчылык деп сезген нерселер убакыттын өтүшү менен күлкүнү келтире турган окуя болуп калат. Кыйынчылык башка түшкөндө тим эле жер оңторулуп кеткендей, дүйнөнүн түбү түшкөндөй сезилет. Анан ошонун санаасын тартканда жакшы ыр жазсаң дартыңды, жаман акыбалыңды унутуп каласың. Өзүң кыйынчылыкты башыңдан өткөрбөй туруп, адамдын азап-тозогун элестетип жазууга мүмкүн эмес.
- Демек, ыр жазуу сиз үчүн өзүңүздү-өзүңүз алаксытуу экен да?
- Илгерки философтор айтчу экен "Ыр жазуу-катуу санаадан кутулуу"-деп. Ыр менен бук чыгып кетет. Санаа арылат. Бирөөлөр эки сапты уйкаштырып жазганы менен анын ичинде тагдыр, окуя бере турган ой жок. Чынын айтканда бүгүнкү күндөгү поэзиянын абалы начар. Ыр жазууну жөнөкөй өнөр катары өтүк тиккендей, консерва жасагандай карабаш керек.

Маектешкен А.Султанова

Бул мен үчүн өмүр бою жаңылык
Каткырыгың бүт ааламга жаңырып,
Кеттиң менден махабатың жаңылып.
Үмүт өчтү чычаладай суу сепкен,
Бул мен үчүн өмүр бою жаңылык.

Түн уйкумду -санга бөлөп мыжыгып,
Эми ойлобойм эч өткөндү кызыгып.
Балким ыза жек көрүүгө айланып,
Калаар атың көңүлүмдөн сызылып.

Мендеги ойду турмуш жеңип кыстаган,
Көчөлөрдө көрсөм дале кызганам.
Биз жолуксак жолугаарбыз өмүрдө,
Бирок сага өмүр бою муздагам.

Санаагөй
Өмүрдүн өзү кетет өзү менен,
Дүйнөдө баары калат бизден кийин.
Өкүнүч учурунда баркын билбей,
Кызыгы биз кечигип-билген кийин.

Тамылжып мандалактай жыпар жыттуу,
Татына жатыгыма окшош гүлдөй.
Жыл өтсө биз баладай улутунуп,
Бир күнү өкүнөөрбүз, ойноп-күлбөй.

Канчалык бала кыял боло албаган,
Баары бир, бир күн чыгып калчудайсың.
Дүйнөгө сен ким болуп жаралбагын,
Бул жерден бир чуңкурду алчудайсың.

А көрөк гүлдөй өмүр бир кулпунуп,
Көңүлдүү аз да болоор күндөр өтсүн.
Төрөлүп ак таң менен кечте бүткөн,
Көпөлөк сымал өмүр гүлдөп өтсүн.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Биз эле ага жамандык кааламак белек...
Токуш жарылып кеткенсиди. Зуураны беттеп өктөм сүйлөдү:
- А, эмне үчүн Бегимайга "Сетер" деп ат койдуңар? Өз кызыңардай көрсөңөр эмне үчүн килейген эки чака суу көтөртүп, аныңар аз келгенсип башка-көзгө койгулайсыңар?! Өз кызыңар Гүлайдай көрсөңөр эмне үчүн Гүлай суу көтөрбөйт?! Эмне үчүн Гүлайыңар кымбат, сонун кийим кийинет?! Бегайым үзүл-созул болгон халат киет?! Кызыңар Гүлай менен Бегимайды карагылачы! Кызыңыздын бетинен май таамп турат. А,Бегимайды карагыла, сөөгүнө териси жабышып, эти да калбай калыптыр. Ушубу силердин кызыңардай караганыңар?! Калыстыгыңар жок. Ушинтип отурсаңар Бегимай баспай калат! Эмне көрбөй турат дейсиңерби, силердин кантип "багып" атканыңарды?! Эмне кылсаңар ошо кылгыла, мен баары бир алып кетем!
- Оме-ей, эмне деп атат, бул бала?! Биздин ушунча эмгегибизди жокко санагың барбы?! Сыйың менен көчүгүңдү кысып жөн отур да, жөн ичип, жөн жеп отуруп, эртең жолуңа түш! Деле кой, жашабагыр десе! Мен ал кызды кандай эмизип баксам, ошондой багып чоңойтом. Өзүмдүн кызым катары кандай жумшасам өзүм билем! Сен кийлигишкениңди кой!-деп жаалданган таажеңесине Канат таякеси кошулду.
- Эй, бала, жашабай жатып сага мындайды ким койду?! Бегимайга кандай ата-эне болсок, сага да ошондойбуз. Анан сен бизге акаарат келтиргиң барбы?!
Токуш бир кумсарып, бир бозоруп, тилин-тишине катып туруп калгансыды. Таяке-таажеңесин алмак-салмак карай берип:
- Таяке, мени кемсинтпеңиз! Таажеңе, уу тилиңизди жутуп алып жүрбөңүз! Кудайды карабай сүйлөйт экенсиз!-деди. Өңү карасур тартып, бир башкача болуп кеткен.
Жанатан бери тамашалап атат экен десе, чындап алгансыңарбы?! Оозуңардан айлансын, Бегимай эч жакка кетпейт! Андан көрө кудагый , сыйыбызды көрүп, сый менен кеткиле!..
Тили-тилине тийбей тибиреген Зуура өңү кумсара, жер таяна туруп, сыртка чыгып кетти. Айымбүбү менен Токуш бир саамга тиктеше түштү.
- Токуш, айланайын, сен деле чоңоюп, акылың тетик болуп калыптырсың. Туура түшүн. Зуура өзү айткандай эмчек сүтүн берип чоңойтуп, өз кызынан артык көрөт. Анан кантип эле жөн бере койсун. Бегимай мага да бөлөк эмес, боор этим менен бир өсүп калды. Аны алып кетебиз дегенди кой. Андан көрө келип-кетип, катышыңды үзбө. Карындашың чоңоюп, турмушка узатсак өзүң келип узатасың. Андан кийин деле бир тууган болуп, камыр-жумур катышыңарды үзбөйсүңөр да, туурабы? Келечегиңер кенен. Тил ал, айланайын...-деп аткан Канат таякесинин сөзүн бузуп кетти, Токуш:
- Таяке, бирок, Бегимай ошончолук эле бөпөлөнүп атпаптыр. Арыктыгы тигил экен. Таажеңемдин таяктап атканын өз көзүм менен көрбөдүмбү, -деди.
- Кызы болгондон кийин өзүнө жараша какыс-кукус кылса кылаар, бирок аны башка балдардан кем көрбөйт, апасы деле...-демиш болду Канат, ооз учунан. Аңгыча Токуш бир нерсени сезгендей көзүн ойноктото, сыртты тыңшап калгансыды. Анан капысынан тура калды да:
- Мен азыр!-деген бойдон сыртка жөнөдү.

Күтпөгөн окуя
Токуш шашып-бушуп сыртка чыга берип, көргөн көзүнө ишенбегендей туруп калды. Анткени ары жакта Зуура таажеңеси Бегимайды далыга койгулап кыйкырып аткан:
- Өл-лүгүңдү көрөйүн шерменде десе! Унчукпай гана отуруп алат! Эмне, бир тууган сөрөйүңдү таба калдыңбы?! Тур дегенде тура калбай, деле жанынан чыкпай калат, итирейген гана сетер десе! Дагы жанагы байке сөрөйүң менен отуруп ал, эмнени гана көрөөр экенсиң! Баары бир менин колума түшөсүң? Айтып коёюн, териңди гана тескери сыйрам! Анан дагы алып кетем десе "Кетпейм!" деп туруп алгын, уктуңбу?! Болбосо, алдагы тилиңди жулуп алам. Үстүңдөгү Гүлайдын көйнөгүн кирдетпей кийип тур! Былтыйып турганын! Бас, очокко от жага кал!
Бегимай бүрүшө басып ары жөнөдү. Зуура бери баса берип Токуштун атып ийчүдөй тиктеп турганын көрдү. Анын кумсарган өңүн, жаагын карыштыра тиштенип, муштумун түйүп турганын көрүп коркуп кеткенсиди. Жалтайлай, көзүн ала качып, дарбазаны көздөй сыртты беттеп жөнөдү. Бул кезде Токуштун артынан Айымбүбү апасы, Канат таякеси да үйдөн чыгып калышкан. Аңгыча Токуштун кыжынган үнү угулду:
- Таажеңе, кайда качып баратасың?! Ылайым тилиңизди тиштеп калыңыз! Колуңуз селейип, көтөрүлбөй калсын!

Кантип гана уялбай бөпөлөп өстүрүп атам дедиңиз, ыя?! Ушулбу эмчек сүтүңүздү берип, эркелетип, бапестеп чоңойтконуңуз?! Далыга кайра-кайра койгулап, бетин чойгулап атасыз! Ушулбу сиздин өз кызыңыздай көргөнүңүз! Кана, калыс экениңизди, көрөйүн кызыңызды бирдей көрсөңүз жумшаңызчы, кызыңызды! Койгулап, чаап көрүңүзчү! Сиз эмне, жетим деп өмүр бою кор тутуп жүрөм деп ойлоп атасызбы?! Анын да сурап алаары бар! Мен эми экинчи карындашымды силерге кор кылбайм. Алып кетем! Көрүп турам, Бегимайды ушул жашка чейин кордоп чоңойтупсуз. Эми андан бетер көржемеге алып, "Сетер" атка кондуруп, жер менен жер кылгыңыз келип атат. Айтты-койду дебеңиз, Бегимайды канча кор кылып, жер-жеберине жеткире тилдегениңиз үчүн!.. Кабыргасы саналгыча жектеп, кол жоолуктай кор тутканыңыз үчүн өкүнөсүз! Ылайымды көзүңүздү жалдыратып, жер сыйпалап калыңыз! Так эле өзүңүздүн уул-кызыңызга зарлап калыңыз!..
- Оме-ей, мобу баланын тили кантет, ыя? Ой, жашабай калгыр десе! Сыйлап төргө өткөрүп койсо, көр муну! Жаагыңды жаап кал! Болбосо көргүлүктү көрөсүң, ай бала! Ушунчаңда сыйың менен чыгып кет! Чыгып кет деп атам мен сага! Жаштайыңарда эжеңерди жуткан силер кимге жакшылык кылып коймок элеңер! Жогол, көзүмө көрүнбөй! Мобу Сетерде сенин кылдай да акың жок! Документинен бери биздин наамда! Кантип далилдей коёт экенсиң! Төрт тарабың кыбыла! Жолуңа түш, абийриңди кетирип, бетиңди, тытып сала электе. О, өллүгүңдү көрөйүн куу жетим десе! Жогол, тикиребей!-деп, тили -тилиңе тийбей оозуңан ак ит кирип, кара ит чыгарган Зуура теше тиктеп турган Токуштун жанына жетип келип жакадан сүйрөп тартмакчы олду эле, өзүн бошотмокчу болгон Токуш Зууранын колунан кармап силкип жиберди. Жанатан жини ашып-ташып чыккан, олбурлуу Токуштун күчүнө алы жетпей калдыбы, айтор Зуура тээтигиндей ары барып учуп түшүп, бозала-чаңга аралаша, тоголонуп кетти. Ошого удаа эле Зууранын ачуу үнү угулду:
- Коку-уй, жеди!!! Өлтүрдү!!! Жардамга-а!!!
Канат да, алардын балдар-кыздары да Зуурага жетип, тегеректеп калышты. Канат колтуктап тургузуп атканда эмнегедир Зууранын көзү аңтарылып, башы шалактап, эсинен танып калды.
- Токуш, туура эмес кылбадыңбы. Кутулбас куяга, басылбас балээге кабылбасак экен. Аял кишинин да ушунча кыласыңбы. Ай, балам ай! Ачууга алдырбай койсоң эмне? Карачы, эсинен танып калды... -деген Айымбүбү Токушка өкүнө шыбырады.
- Сооп болот!-деп алды, дагы эле тиштенген Токуш.