Адабият айдыңы

Бактыгүл Сейитбекова, акын:
"Чала ырлар көп жаралууда"
- Бактыгүл эже, адабиятка кеч келүүңүздүн себептерин билсек болобу?
- Чынында мен адабиятка кеч келдим. Окуу жайды бүткөндө гана чыгармачылыкка аралаша баштадым. Бул убакка чейин өзүмдүн жазганыма өзүм ыраазы болчу эмесмин. "Жаман акындын жазбай коюшу адабиятка кошкон чоң салымы" деген жакшы сөз бар го. Анын сыңарындай мен өзүмдүн чыгармаларымды эч жактырчу эмесмин. М.Мамазаирова эже менин чыгармаларымды окуп поэзияга даяр экенимди айтканда терең маани берип, тартынчаактыгым жоюла баштады. Ошентип алгачкы кол жазмаларым китеп болуп чыгып, чоң акындар тарабынан жылуу сөздөр айтылганда гана өзүмө ишендим. Албетте, каныбызда чыгармачылыктын уюткусу бар. Апам Кыргызстандагы жалгыз Семетей айткан Семетейчи Сейдене. КРнын эл артисти наамын алган. Атам менен апамдын таасири астында адабият чөйрөсүнө биротоло арбалдым.
- Көпчүлүк акындар поэзия менен котормого көп маани беришет. А сиздин кол жазмаларыңызда адабияттын бир топ жанрлары кездешет экен. Тактап айтканда, поэзия, котормо, проза, драматургия дегендей?
- Менин алгачкы "Кубаныч" деген китебимде жалаң ырлар эмес чакан новеллаларым, аңгемелерим да кошулган. Адабиятка жаңы кадам таштаганда эле эки жанрды тең бирге алып кетүүнү ойлогом. Зуура Сооронбаеванын да, "Бактыгүл, сен бара-бара кара сөзгө ооп кетесиң" деп айткан сөзү бар. Чынында поэзияны таштабай орус классиктеринин чыгармаларын көп которо баштаганым менен кара сөзгө жакындашып баратам. Негизи мен бардык жанрдагы чыгармаларды жазгым келет. Эгерде бирөө кем болсо ыраазы болбойм. Ошондуктан ар бир жанрга өзүнчө убакыт бөлүп иштегим келет. Менин китебимди окуган окурман ар түрдүү жанрлар менен тааныша алат.
- Поэзияны деңизге көп салыштырышат. А прозаны эмнеге теңейт элеңиз?
- Прозаны чети оюлбаган дүйнөгө окшотот элем. Ошол чети оюлбаган кендин четинен акырын кертип жаза берсе болот. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, прозабы, поэзиябы эң биринчиден калемгерге тагдыр керек. Чыныгы чыгармалар жүрөктүн көпүрөсүнөн өтсө сөзсүз адамга таасир берет.
- Жашоодо эң көп эмнени эңсеп сагынасыз?
- Ар бир адамдын эңсеп сагынганы туулуп өскөн жери болсо керек. Кандай кооз жерлерге, өнүккөн мамлекеттерге барбайлы, өзүбүздүн топурагыбызга, туулган жерге жетпейт. Менин китептеримде да туулган жерге, табиятка арналган ырларым көп чагылдырылган.
- Кайгы ар бир адамдын башында бар эмеспи. Ошол учурда өзүңүздү кантип алаксытасыз?
- Мен негизи кайгырганда да, кубанганда да чыгарма жазганга, чыгарма жаратканга аракет кылам. Китепти көп окуйм. Эгерде китеп окубасам ачка болуп, курсагым тойбойт. Кайгырган убактагы ойлогон нерселерим көкүрөккө сакталып, акыры ырга айланат.
- Жаш ырчы Алихандын апасы экениңизди көпчүлүк билсе керек. Балаңыздын сахнадагы алгачкы ийгилигин көрүп кандай сезимде болдуңуз?
- Уулумду мен эч убакта ырдайт деп ойлогон эмесмин. Өзүнөн-өзү ырдайм деп туруп алды. Мен дагы оюна койдум. Албетте, алгачкы сахнадагы ийгилиги мени сүйүнтпөй койгон жок. Мен баламды элдин уулу болсо экен деп тилечүмүн. Г.Байзакова ырдап жүргөн "Эне тилеги" ырымда, "эл уулу болоор деген үмүтүм бар, эр жетип актайсыңбы күйүтүмдү" деген саптар да уулума арналган. Бир жагынан канчалык сүйүнгөнүм менен коркунуч да туулду. Ушул өнөрдү алып кеталабы, чаң ичинде калып кетпесе экен деп коркуп жүрдүм. Азыр деле ошол ойлор жүрөгүмдө жашайт.
- Акын катары айтсаңыз, азыркы эстрада ырларынын текстери сизди канааттандырабы?
- Жаштардын сахнага чыгып, өнөрлөрүн көрсөтүп аракет кылып жаткандары кубандырат. Таланттуу жаштар жок эмес. Негизгиси ырдын сөзүнө маани бербей жаткандары өкүндүрөт. Сөзү баланчаныкы, обону меники деп ырдын жаңырып жаткандарына ошол авторлор сүйүнүшү мүмкүн. Бирок, ал ырды канча эл угуп жатат. Алар өздөрүнүн начар деңгээлин көрсөтүп жатышпайбы. Ыр жаздырып жатканда бир аз сөзүнө көңүл бурушса жакшы болмок. Чынында чала ырлар көп жаралууда.
Жалгыздык

М.Ю.Лермонтов
(Котормо)

Эң эле жашоодогу коркунучтуу,
Жабыркап жапа чегүү жалгыздыктан.
Кайгыңды бөлүшүүдөн баары качат,
Кубанычың бөлүшүүгө баары даяр.

Абанын канына окшоп жалгызмын мен,
Жүрөктө кайгы-капа кысылуу бар.
Тагдырды көрүп туруп башымды ийем,
Жылдар да көргөн түштөй улам жылган.

Кайрадан неге келет ачуу тартып,
Баягы эски гана кыялдарым.
Көрөмүн көз алдымдан даяр табыт,
Не күтөт? Жер үстүнөн жай жылганын.

Эч кими, ал жөнүндө толгонбостур,
Ишенем, билемин мен ал жөнүндө.
Туулганым кубантпастыр жолдошторду,
Көбүрөөк кубанышаар өлгөнүмдө.

2004-ж. Январь.

*** **** ****
Тынчтык бербей жүрөгүмдү канатып,
Билбейм неге түшүмө сен киресиң.
Ойгономун, а жандүйнөм жаралуу,
Көңүлүмдө бүгүн суздук билемин.

Көңүлүм суз. Сыздап турат жүрөгүм,
Тыз-тыз этет бүгүн көргөн түшүмдөн.
Сен кетесиң, а мен жалгыз үйдөмүн,
Бороон согот, каардуу аяз үшүйм мен.

Ушул түштү эчен көрүп тажадым,
Ошол күндөр кайталанып не кирет.
Оозун ачып бүтүп калган жаранын,
Уу жуткуруп көңүлүмдү кирдетет.

Маанайым пас, көргөн түштөн бүгүнкү,
Өткөн күндөр көз алдымдан чубалып.
Дагы деле айыкпаптыр жүрөгүм,
Ызага уугуп, ыйга муунуп турамын.
Автор. Сочи. Июль 2005-ж




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)

Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

- Келегой, алдыңа кетейин! Кудум эле апаңдын көчүрмөсү болуп калган турбайсыңбы. Ыраматылык апаң сенин ушул кезиңди көрсө болбойт беле! Шордуу силерди жарыкка алып келип коюп, өзү кете бергенин карабайсыңбы!-деген Айымбүбү көзүнөн аккан жашын аарчый, Бегимайды кучактап алып, өпкүлөп-өпкүлөп алды. Андан кийин гана Токушту карай жаңсап минтти:
- Барагой эми, Токуш байкең менен учураш. Кенедейиңен көрбөй бөлөк болуп калсаңар да баары бир бооруңар бир эмеспи, сагынгандырсыңар. Токуш байкеңдин эки көзү төрт болуп келди сага жеткенче.
Бегимай жаагы ылдый куюлган жашка ээ боло албай Токушту карап калды.
- Бегимай! Карындашым менин! Жалгызым! Мен сени сагынып издеп келбедимби!... -деп шолоктогон ый аралаш, жашка муунган Токуш Бегимайга кучагын жая ордунан тура калды.
- Байке!.. Мен да сагындым сизди!..-деп жашка муунуп солуктай кадам таштады. Токуш экөө бойлошо, кучакташып калды. Ал экөөнү көрүп Зууранын жүзү ого бетер карарып кеткенсиди. Өзүн коёрго жер таппагандай, ар кайсы идишти кармалап кирди.
Токуш Бегимайды кайра-кайра өөп, чачынан сылап атып минтти:
- Бегимай, мени менен кетесиңби? Мен алып кетейин ээ? Макулбу?
Бегимай жооп бербей, кылчактап Зуура менен Канатты алмак-салмак карап атты.
- Токуш, кел отура койгула. Чай ичкиле. Анан шашпай сүйлөшөсүңөр,-деди эле, Токуш Бегимайдын колун коё бербей жанына отурду. Зуура болсо дагы эле бышып-күйүп, эмне кылаарын билбей аткансыды. Анын абалы баарына белгилүү эле.
Токуш Бегимайга суроо үстүнө суроо узатып атты.
Жарылып кеткенсиди
- Байке, апамдарга жардам берейинчи..-деген Бегимай канча жолу камынып, өйдө болгусу келсе да Токуш жанынан турргузбай койду. Зуура кайра-кайра кашын серпе, көзүн чакчайтып, жаңсап атты. Аны Токуш байкап, ого бетер Бегимайды сөзгө тартып, алаксытып атты. Адегенде Бегимай тартынып атты эле, Токуштун суроолоруна улам жооп берип атып жакындашып кетишкенсиди.
Бир маалда Зуура эшикке чыгып келип, Бегимайга кайрылды:
- Кызым, сени чакырып атышат го. Сыртка чыксаңчы!-деди. Канчалык "кызым" деген менен көзү чекчейип, жини келгенинен бышып кете жаздаганы билинип турду эле, Токуш Бегимайды тургузбай койду.
- Таажеңе, чакыргандар күтө турушсун. Бир тууган байкеси менен отурат деп коюңуз,-деди эле, эмне кылаар айласын таппагандай, мукактанып минтти:
- Жо-ок, тиги... Сыртта Бегимайдын иштери да бар эле... Ошолорду кылып коюп деле отурса болот эле... Бегимай, турбайсыңбы...
- Бегимай турбайт. Ал жок болсо эмне кылышат эле. Башкалар деле жасай беришсин.
- Байке, мен барайынчы...деген Бегимай ордунан тура калып сыртка жөнөдү.
- Болуптур, бүгүн оокат жасап ал. Эртең мени менен кетесиң,-деди Токуш чечкиндүү. Зуура уруша албай, же күлө албай, бети-башын бырыштыра унчукту:
- Бегимай эмнеге кетмек эле... ата-энесин таштап коюп кетип калмак беле...
- Мени менен кетсин. Экөөбүз үйүбүздө жашай беребиз. Ансыз деле мен жалгыз жашап атам, караан болсун,-деди Токуш, кудум бирөө үйрөтүп койгондой, чоң кишидей сүйлөп. Ошондо гана Канат таякеси кошулду:
- Бегимай эмнеге бармак эле. Тамашалап атасыңбы?
- Чын эле айтып атат. Жалгыз туруп атат, бир топтон бери. Оокат кылып кетебиз дешсе, карындашын берип койгонуңар оң го. Биз деле көзөмөл кылып турабыз...-деген Айымбүбү коштоп кетти. Жанатан араң чыдап аткан Зуура алкынып коё берди.
- Жанатан тамашалап атат экен десе, чындап эле алып кетебиз деп атасыңарбы? Бегимайды эч кайда жибербейбиз!
Мурун, кенедей кезинде берип ийген өзүңөр. Эми керек болуп калыптырбы?! Күн-түн уйкумду кетирип, эмчек сүтүмдү берип, Гүлай экөөнү эгиз кылып чоңойтком. Ал биздин кыз болуп калган, бизде бойдон жүрө берет. Андай оюңардан кайткыла! Башка бирөө болсо көрөт элек, ушундай кулпуруп чоңойгонун! Өз кызымдан артык көрөм, кем көрбөйм. Анан эле силерге кармата коёмбу! Бегимайдын башын айлантканыңды кой, Токуш! "Чыккан кыз чийинден тышкары" дейт. Андай экен өзүң менен өзүң болуп , кийин үйлөнүп жайланасың. Ошондо эле карындашыңды унутпай келип-кетип турсаң болду. Бегимай биздин көзүбүз өткөнчө биз менен болот.
Биз эле ага жамандык кааламак белек...
Токуш жарылып кеткенсиди. Зуураны беттеп өктөм сүйлөдү:
- А, эмне үчүн Бегимайга "Сетер" деп ат койдуңар? Өз кызыңардай көрсөңөр эмне үчүн килейген эки чака суу көтөртүп, аныңар аз келегенсип башка-көзгө койгулайсыңар?! Өз кызыңар Гүлайдай көрсөңөр эмне үчүн Гүлай суу көтөрбөйт?! Эмне үчүн Гүлайыңар кымбат, сонун киийм кийинет?! Бегайым үзүл-созул болгон халат киет?! Кызыңар Гүлай менен Бегимайды карагылачы! Кызыңыздын бетинен май таамп турат. А,Бегимайды карагыла, сөөгүнө териси жабышып, эти да калбай калыптыр. Ушубу силердин кызыңардай караганыңар?! Калыстыгыңар жок. Ушинтип отурсаңар Бегимай баспай калат! Эмне көрбөй турат дейсиңерби, силердин кантип "багып" атканыңарды?! Эмне кылсаңар ошо кылгыла, мен баары бир алып кетем!
- Оме-ей, эмне деп атат, бул бала?! Биздин ушунча эмгегибизди жокко санагың барбы?! Сыйың менен көчүгүңдү кысып жөн отур да, жөн ичип, жөн жеп отуруп, эртең жолуңа түш! Деле кой, жашабагыр десе! Мен ал кызды кандай эмизип баксам, ошондой багып чоңойтом. Өзүмдүн кызым катары кандай жумшасам өзүм билем! Сен кийлигишкениңди кой!-деп жаалданган тажеңесине Канат таякеси кошулду.
- Эй, бала, жашабай жатып сага мындайды ким койду?! Бегимайга кандай ата-эне болсок, сага да ошондойбуз. Анан сен бизге акаарат келтиргиң барбы?!
Токуш бир кумсарып, бир бозоруп, тилин-тишине катып туруп калгансыды. Таяке-таажеңесин алмак-салмак карай берип:
- Таяке, мени кемсинтпеңиз! Таажеңе, уу тилиңизди жутуп алып жүрбөңүз! Кудайды карабай сүйлөйт экенсиз!-деди. Өңү карасуз тартып, бир башкача болуп кеткен.