Жаргылчак

"Сүйүү тамгасы" Бактыгүлдүн багын ачтыбы же...
"Жаман айтпай жакшы жок", "Айткан сөзүң акыл болсо, уккан кулак макул болот" деген кыргызда накыл сөздөр төгүн жерден чыкпаса керек. Чыгармачыл адамдардын жараткан эмгектерин "Жаргылчак" рубрикасы тараза ташына салып, "Калк айтса калп айтпайт" дегендей, жакшы ырлардын жаралышына аз да болсо салым кошуп келет.Бүгүнкү "Жаргылчак" рубрикасы Бактыгүл Бадыеванын "Сүйүү тамгасын" тосуп алмакчы.

Бактыгүл Бадыева, ырчы:
- Бул ырдын сөзү, обону Урмат Усеновго таандык. Урмат мага белек кылган ыр. Обону да, сөзү да өзүмө абдан жагат. Менин оюмча жаштарга жага турган ырлардын катарын толуктайт. Калганын эл өзү таразаласын.

Зайыр Ажыматов, акын:
- Мен өзүмдү акынсынып жаш ырчылардын ырын сындагым келбейт. Бирок, кыргыздын уулу катары азыркы жаштардын ырларынын сөзүнө канааттанбайм. Көпчүлүгү орусча ойдо болушуп, кыргыздын менталитетине начар сөздөрдү тийгизип жатышат. Сөз менен иштөө маданиятын билишпейт. Негизи ыр, адамга жакшы ат калтырыш керек. Ал эми Бактыгүлдүн ырдаганына жакшы деле баа бералбайм. Жакшы ырчы болуп туруп түшүнүксүз ырдагандарынын өзүн кантип түшүнсөк болот.

Нуриса Абазова, ырчы:
- Айтып коёт го 1 пайыз талант болсо, 99пайыз эмгек талап кылынат деп. Чыгармачыл адам болгондон кийин аракетти аябай кылыш керек. Бактыгүлдүн ырга болгон табити абдан жакшы. Бирок акындар менен иштешпей жатканы өкүнүчтүү. Жаш ырчылар өздөрүнүн досторуна, чөйрөсүндөгү адамдарга эле ырларды жаздырышат да деңгээлдери ошол чөйрөсүнөн алыс эмес болуп жатат.

Рамис Рыскулов, акын:
- Мен ал Бактыгүл Бадыева деген ырчыңарды таанымак түгүл билбейт экенмин. Бактыгүл десең мен Бактыгүл Чотурова экен депмин. Мен бир эле ырчы эмес, жалпы жаш ырчыларга баа бере турган болсом, ырдап жаткан ырларынын сөздөрүнө түшүнбөйсүң. Кыргыз тилин так билишпейт. Текст тандоонун көркөм табити абдан начар. Азыркы ырчылар сөз сулуулугун баалай алышпай, кайдагы сөздөр менен бурмалап жатышат. Уйкаштык таптакыр жок. Акындар менен иштешкиле десең, аларың акындын ырлары татаал деп жеңил-желпи сөздөрдү жазып алышат. Ушул эми ырбы на-на-на, оо-уу-оо деген.

Эрмек Нурбаев, теле алып баруучу:
- Менимче, "Сүйүү тамгасынын" сөзү, обону деле жакшы эле го. Чынын айтсам бул ырды атайын коюп алып маанисин талдап көргөн эмесмин. Бирок, укканга жакшы эле ыр. Бактыгүл деле жакшы аракет кылган. Мен негизи ырдын кыргызча, орусча, түркчө же башка тилде экенине карабайм. Чынында заманга ылайык бардык элге жага турган популярдуу ырларды сүйүп угам. Жаш ырчылардын да эски ырларды жаңылап жаткандарына абдан кубанычтамын.

Урмат Усенов, ырчы:
- Бул ыр жүрөгүмдөн жаралган ырлардын бири. "Сүйүү тамгасы" деген ыр махабатты сөздөн эмес эле, башкы тамгасынан билдирип, элге чыныгы сезимди даңазалоо ниетинде жазгам. Автор катары бул ырыма "4" деген баа берем. Укмуш сонун дегенден алысмын, бирок ар бир ырды жакшы ниетте жазасың да.

Айжамал Кабылова, ырчы:
- Мен буга чейин "Сүйүү тамгасынын" сөзүнүн маанисине көңүл бурган эмесмин. Ырга жакшы, жаман деп баа бералбайм. Ал эми ырчы катары айтсам Бактыгүл таптакыр дикция менен иштебейт. Анын дикциясы жок. Чынын айтыш керек ырларына түшүнбөйм жана ырчы катары ага канааттанбайм.

Канат Кадыржан, ди-джей:
- Бактыгүл бул ырын жеткиликтүү аткарганга аябай аракет кылган. "Сүйүү тамгасы" жаштардын табитиндеги ырларга кирет. Биздин радиодон да угармандар суранып угушат. Негизи бул ыр "Кайып булак" кино тасмасынын саундтреги болгондуктан кинонун да көркүн ачкан. Бактыгүлдүн репертуарындагы майлуу, сүттүү чыгармалардын бири десем болот.

Даярдаган Айнура Султанова