Кумир менен баарлашуу

"Демдин" обу жок он баласы
Гезитибиздин бүгүнкү "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы өзгөчө маанайда, өзгөчө шаң менен коштолду. Аталган рубриканын коногу болгон таланттуу жаш актёрлордун башын бириктирген "Дем" театрынын жигиттери редакциябыздын босогосун аттаганда эле бөлмөбүз күлкүгө толду. Кыргыз искусствосунун бир тарабын көтөрүп турган жаш актёрлор күйөрмандарынын суроолоруна отура калып, тура калып, айтор образга кирип жооп берип жатышты. Анда эмесе, кумир менен күйөрмандардын кызыктуу маеги сиздердин назарыңыздарда.

Жазгүл
- Саламатсыздарбы, "Дем" театрынын жигиттери. Мен сиздер менен жолугушуп, жакындан баарлашууну көптөн бери кыялданып жүргөм. Андыктан кубанычтамын. Айтсаңыздар, биз сүйгөн "Дем" театры качан, кандай максатта түзүлгөн?
Назым: - Рахмат Жазгүл. Театрдын түзүлгөнүнө 5 жылдын жүзү болуп, быйыл 5 жылдыгыбызды белгиледик. "Обон" гезитинин жамааты билип чакырдыбы, билбей чакырдыбы бүгүн 27-ноябрь "Дем" театрынын туулган күнү. Мындан көп жыл мурда таланттуу жаштардын башын бириктирген бир топ түзсөк деген идея келген. Бирок, ал мезгилде шарт жок болчу. Анан убакыт өтүп театрга таланттуу жаштар келди. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи ойлонуп көрүп кыргыз искусствосуна салымыбызды кошолу деген максатта "Дем" театрын түздүк.
- Беш жыл ичинде кандай жетишкендиктерге жетиштиңиздер?
- Кудайга шүгүр, айтканга боло турган көптөгөн алгылыктуу кароо-сынактарга, концерттерге катыштык. Биз үчүн 2006-жыл жемиштүү жыл болду. Белгилей кетсем, 2006-жылы Бекназар куудулдун 125 жылдыгына арналган республикалык конкурста Гран-Прини жеңил алдык. Ошол эле жылы Кыргыз телерадиокомпаниясы тарабынан уюшулган жаңы жылдык "Мыскыл жана тамашада" эң мыкты юмордук театр деген наамдын ээси болдук. Бул театрдын жетишкендиги. Андан сырткары театрдагы жигиттердин ар биринин өзүнчө ийгиликтери да бар. Кыскача айтканда, ой-максат, тилектерибиз акырындык менен орундалып атат.

Алина
- Байкашымча, жалаң клиптердин, рекламалык щиттердин көркүн ачкандар келип алыпсыздар. Жашыруун болбосо гонорарыңыздар канча?
Аскат: - Эми ал сүйлөшкөнүбүзгө жараша болот. Негизинен туруктуу бир баа жок. Кыргызда өзүңүздөр билгендей тели-теңтуш, колу-коңшу, куда-кудагый, таяке-жээн болуп атып сураштыра келсек баарыбыз бири-бирибизге тууганбыз. Мына ошол клип, жарнамаларга да тааныш-билиш боло калып көбүнчө көңүлүнөн чыккан акчаны эле алабыз.
- Аскат байке, Гүлжигит Сатыбековдун "Коштошуу" деген ырынын клибинде башкы ролдогу атанын образын аябай жеткиликтүү аткарыптырсыз. Ошондо чын эле ыйладыңыз беле?
- Аталган клипти Кант шаарынан тартканбыз. Бир мезгилде режиссёр "Аскат, сен азыр ыйлашың керек. Келинчегиң кетип атат, балаңдан, үй-жайыңдан айрылдың, образга кирип ыйла" деди. Кантип ыйлайм, алгач көзүмө жаш айланбай койду. Гүлжигит ошол ырын чөнтөк телефонуна жаздырып алган экен, "ушуну угуп көр" дешип чөнтөгүмө салып коюшту. Угуп көрсөм, чын эле сөздөрү аябай аянычтуу, мазмундуу ыр экен. Анан өмүрүмдөгү болгон өкүнүчтүү, кайгылуу күндөрдү эстеп 10 мүнөт кенен ыйладым. Ага чейин Гүлжигиттин достору "жөн эле жерден кантип ыйламак элең, ыйлабайсың го" деп күлүп атышкан. Мен жанагинтип ыйлагандан кийин баягы шылдыңдап аткан балдар мостоюп, "суу ичесиңби, курсагың ачтыбы?" деп калышыптыр. Алардын ошондогу кебетесин көрүп аябай күлдүм.

Элнура
- "Демдин" балдарын көргөндө бир туруп күлкүбүз келсе, бир туруп коркобуз. Айрыкча Назым байке "Каражолтой" киносунда Каражолтойдун образын аткаргандан кийин көп адамдар сизден чочуркап калышты. Ошол кинодо өзүңүз корккон жоксузбу?
Камчы: - Ушул жөнүндө бир кызыктуу окуяны мен айтып берейинчи. Биз Турцияга кетип атканда аталган кино Кыргызстанда коюлуп аткан болчу. Он эки күн дегенде Турциядан келип эле аэропортко түшсөк, бир аял баласын жетелеп кетип атыптыр. Баласы бизди бозоруп эле карап туруп калды. Бир маалда Назым алдынан өтүп кеткенден кийин апасынын бутун кучактап алып "Апа Каражолтой" деп колу менен Назымды көрсөтүп чаңырып ыйлап кирсе болобу. Ошондо апасы баласын "ал Каражолтой эмес" деп атып араң соороткон. Ал гана эмес өзүнүн балдары да өз атасынан коркушкан.
Назым: - Сурооңузга жооп кылсам мен өзүм корккон деле жокмун. Болгону, моргдун ичинен тартабыз деген күнү кан басымым көтөрүлүп, аябай катуу ооруп калдым. Ага да карабай сценарий боюнча цементте, темирдин үстүндө жылаңайлак басып жүрүп андан бетер калчылдап, шалдырап жатып калдым. Ошондо Аскатты түнкү үчтө аракка жиберип, 100 граммдан басып ичим жылып, жаным калган.

Салтанат
- Эркин байке, "Капкан шоу" берүүсүнө кабылып калганыңызда кандай абалда калдыңыз? "Капкан шоу" экенин чын эле билген жоксузбу?
- Чынында билген эмесмин. Ошол күнү театрда отурсам телевидениенин журналисттери барып " "Шок жылдыз" деген көрсөтүү ачып атабыз. Ошого катышып бербейсизби, "Демдин" шок жылдызы сиз экенсиз, сизден баштайлы дедик, мында шайыр болушуңуз керек, оператор эмнени айтса ошону жасайсыз"- дешти. Чындап эле ишенип, макул болдум. Сьёмка башталып оператор жыгыл, тур, жат эле деп аткан, бир мезгилде камерасы өчүп калды. Көрсө, мени жинденип, сөгүнсүн дешип атайын камераны өчүрүшкөн экен. А бизде андай нерсе жок да. Мен унчукпай туруп калдым. Бирок, кийин "Капкан шоу" деп айтышканда жаман болуп кеттим. Болбосо андан эки күн мурун эле Камчы байке экөөбүзгө жолугушуп "силерди капканга түшүрөбүз" дегенде "бизди тамаша кылабыз деген силер жиндисиңер" деп кыйын болуп койгонбуз да.
- Назым мырза, "Дем" театрынын жетекчиси катары балдарыңызга кандай мүнөздөмө бересиз?
- Эркин - жоопкерчиликтүү, театрдын кенжеси болгондуктан эркерээк.
Жеңиш - ак көңүл, аракетчил.
Камчы - шайыр, тамашакөй.
Нурлан - токтоо, бетке чабар.
Аскат - чынчыл.
Негизинен булардын уйкунун артынан кечигип калганы эле болбосо башка жаман жактары жок.
Хадича
- Камчы аке, колуңуздагы мончогуңузга көзүм түшүп атат. Мончогуңузга караганда ырым-жырымга ишенет окшойсуз?
- Жактыбы? Берейинби сизге. Бул мончокту мага апам белек кылган. Ошон үчүн үзбөй тагынып жүрөм. Ал эми ырым-жырымдын анча-мынчасына ишенем.
- Эгерде сиздерде кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү болсо, ушул эле актёрдук жолду тандайт белеңиздер?
Аскат: - Мен кайрадан үч жолу үч төрөлсөм да актёр болмокмун. Анткени бул актёрлукка капысынан келип калган актёр болбойт. Андайлар ашып кетсе бир жыл иштеши мүмкүн. Анан ага роль тийбей калганда өзүнүн бул сферада эмес экенин түшүнөт. Ошондуктан кесип тандаардан мурда өзүңдүн жөндөмүңдү байкап көрүшүң керек.
Нурлан: - Аскат үч жолу дебедиби. А мен 4 жолу жаралсам да актёрдук кесиптен алыстабайм.

Салтанат
- Мен суроону Жеңиш байкеге бергим келип жатат. Эмил Балтагуловдун "Ичпечи апа" деген ырынын клибинде үй-бүлөсүнөн кечкен адамдын ролун аябай жакшы ойногонсуз. Клиптеги биз билбеген кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- "Ичпечи апа" муңдуу ыр болгондуктан ал жерде күлкүлүү окуя деле болгон жок. Кызыгы, клиптеги башкы ролду аткарган кичинекей баланы режиссёр, операторлор ыйлаталбай көпкө кармалып калдык. Арга кеткенде мен балдарды бурчка отургузуп туруп ыйлабайсыңарбы, ыйла десем ыйлабайт. Анан кабак-кашымды бүркөлтүп туруп "ыйла!" деп катуу бакырдым эле көзүнөн жашы куюлуп калчылдап ыйлап кирди. Ошентип бакырып-кыйкырып атып араң клипти тартып бүткөнбүз.

Мээрим
- Үй-бүлөлүк катышыңар да барбы?
Нурлан: - Ооба. Майрамдарды чогуу тособуз. Шеринебиз бар, кошумчабыз 100 доллар. Ал тургай орозо убагында бири-бирибиздин үйүбүзгө жарамазан айтып барабыз. Кыскасы, кесиптеш эмес бир тууган ага-инилердей эле болуп калдык.
- Театрдын атын эмне үчүн "Дем" деп атадыңыздар?
Аскат: - Ой, башында ат табалбай аябай убара болгонбуз. "Обу жок он бала" деген сыяктуу ар кайсы аттын башын айтып башыбызды катырганбыз. Акырында аты айтып тургандай күйөрмандарыбыздын, эл-журтубуздун демине-дем кошолу, биздин концертке, спектаклге келип дем алып кетишсин деген ниетте "Дем" театры деп атаганбыз.

Эсенбек
- Азыркы кезде көбүнчө ырчылар киного тартылып калышты, буга сиздердин көз карашыңыздар кандай?
Назым: -Менин театрда иштегениме 14 жыл болду. Бирок, актёрмун деп айтканга дагы эрте. Артист-деген өтө маанилүү нерсе. Мен артистмин деп эл артисти наамын алып, эл үчүн татыктуу кызмат өтөгөндөр айтса жарашат. Ушундай жоопкерчиликти сезбеген көпчүлүк адамдар бир киного катышып алып эле эртеси ырчы, актёр деп жаздырышат. Андай туура эмес. Тиханов деген белгилүү актёр 80 жылдыгын белгилеп атып "Мен актёр эмесмин" деп айтыптыр. Ошол киши ошентип айтып аткандан кийин биз, ырчылар эмне болуп калыптырбыз.

Уюштурган Ж.Калдарова