Саясатка сан кирмейин - жан кирбейт

Мүнөз жана мүмкүнчүлүк
"Обон" гезити өлкөбүздүн жогорку эшелонунда иштеп жатышкан Президент, министр, чиновник, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрика ачып сандан-санга жарыялаганбыз. Бүгүн ошол салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып иликтөөлөрүбүздү жүргүзгөнбүз.
Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: коомдук ишмер Т. Керексизов, экс-депутат И. Кадырбеков, мамлекеттик салыктар жана жыйымдар комитетинин төрагасы А. Келдибеков, Ош облусунун губернатору А. Карашевдер.

коомдук ишмер,
Ташкул Керексизов:
26.12.1948
2+6+1+2= 11
1+9+4+8=22
11+22=33
3+3=6
33-4=29
2+9=11

Туулган датаңызды жазыңыз 26.12.1948
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 2+6+1+2= 11. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+4+8=22.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 11+22=33. 33-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+3=6. 6-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 33-4=29. 29-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+9=11 . 11-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 26.12.1948.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 33.6.29.11
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Ташкул Керексизов:
1111 - аябай эрктүү, күчтүү; 222 - экстрасенсорикалык жөндөмдүүлүгү күчтүү, энергия бергич, башкаларды дарыласа болот; 33 - так илимдерге жөндөмдүү; 4-ден соолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5-0- интуиция каналы ачык эмес, көпчүлүк түйшүктөрдү башы менен гана чечүүгө туура келет; 66-кара күчтүн ээси, күч жумшалган эмгекти сүйөт. Өндүрүштүк тажрыйбаны баалайт; 7-0- жөндөмдүүлүгү аз болгондуктан жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кездешет; 8- жоопкерчиликтүү, сезимтал; 99-тубаса акылдуу баш берилген, интеллектуалдык көрөңгөсү күчтүү.
Эми Ташкул Керексизовдун аты-жөнүнө, тагдырына байланышкан эзотерикалык сырларын чечмелеп көрсөк: поэзия, сүйүү, өз алдынчалуулук, күчтүү эрк, айкөлдүк, илим жана эрдик; жакшылыкка умтулуу; бошотуу, эркиндик, менменсинүү, ачкөздүк, оройлук, жакынын сүйүү, сулуулук, чечкинсиздик жана жөнөкөйлүк...
Бир караганда ал токтоо, тең салмактуу жана көңүлдүүдөй, бирок ага ишенбеңиз. Бул көрүнүш дайыма козголуп туруучу агрессивдүүлүгүн жаап жашырат. Аны менен көбүрөөк сүйлөшө келсең туталангыч, тынчы жоктугун байкайсыз. Негизинен анын табияты -түзүүчү. Жок эле дегенде чыр чыгаруучу. Жыйындарды, досторду жактырышат. Бардык нерседен киреше, пайда издейт. Куулук менен жашоону жактырышат. Ал үчүн тер агыза иштегендердин эсебинен көпкө жетишишет. Ийгилик аны өзгөчө күч менен өзүнө тартат. Көп учурда сиз менен макул болгонсуп ынтымакташып тургансыйт, бирок бул нерсеси жөн гана сырткы көрүнүшү. Ийгиликсиз иштерди тез түшүнөт. Жашы өйдөнү, тажрыйбалууну сыйлоо анын мүнөзүндөгү бир бөлүк.



экс-депутат,
Ишенбай Кадырбеков:
16.07.1949
1+6+7= 14
1+9+4+9=23
14+23=37
3+7=10
37-2=35
3+5=8
111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 2-0-экинин жоктугу биоэнергетикасы аз экендигин билдирет, айланага жакшы мамиледе боло алат; 33- так илимдерге жөндөмдүү. Ачык мүнөз адамдар, үнөмдөгөндү жактырбайт, кээде ойлонбой деле сүйлөп жиберет. Анча тартиптүү эмес; 4-ден соолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5- интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 6-жер менен киндиктеш адам. Бул адам жерге устачылык кылуу үчүн келген. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, көркөм табит, фантазия -анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы; 77-мындай адамдын жөндөмдүүлүгү күчтүү, турмушу жеңил болот, бирок ийгилик чыгармачыл эмгектин натыйжасында келет. Өз талантын ачып пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү жогору; 8-жоопкерчиликтен качпайт, сезимтал; 99-башы жакшы иштейт, чоң интеллектуалдык потенциалы бар.
Кумарданууга өтө берилген, тобокелге салып ишеничин актаган чечимдерди кабыл алууга даяр адамдар. Алгач ишти аткарып бүтүп, андан соң ойлоно башташат. Мына ушундан улам түмөн түйшүктөргө туш болушат. Кудайдын кудуретине ишенүүнү кыйшаюусуз колдогон жана ар түрдүү утуштарга шыктуу адамдар. Тыкан, мыкты үй ээлери. Бекем байланыш түзүүгө жөндөмдүү, бирок бир калыптуу эмес, ар түрдүүлүктү жакшы көрөт.
Ишенбай Кадырбековдун аты-жөнүнө байланышкан тагдырына назар салсак: катастрофа, чыккынчылык; кең пейилдик, жан дүйнөнүн сулуулугу; баатырдык, чынчылдык, иши жүрүшкөндүк; менменсинүү, ачкөздүк, оройлук; жакырчылык, кылмыш, алысты көрө албоо; ийгилик, жеңиш, бошотуу, эркиндик; улуулук, момундук, калыстык...


мамлекеттик салыктар жана жыйымдар комитетинин төрагасы,
Ахматбек Келдибеков:
15.06.1966
1+5+6= 12
1+9+6+6=22
12+22=34
3+4=7
34-2=32
3+2=5

11-өзүмчүлдүккө өтө жакын; 2-биоэнергиясы жашоо үчүн жетиштүү, спорт менен машыгуусу зарыл; 33-так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз, анча тартиптүү эмес; 4-ден соолугу орто, жашы өйдөлөгөн сайын саламаттыгы начарлашы мүмкүн; 55-интуиция каналы ачык, алдын-ала боло турган окуяларды сезет; 666-жерге жакын, өзүнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон күч эмгегине умтулушат. Өзүнүн куулугу менен коомчулуктун чок ортосунда болууга аракеттенишип, темпераменттүү келишет; 7-талант деген эмне экенин түшүнүү үчүн төрөлгөн. Анын турмуштук тажрыйбасы таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогортон жиберилген күчтөрдү оң иштерге пайдаланып калуусу зарыл; 8-жоопкерчиликтен качат; башкаларга милдеткер болууну сүйбөйт. 9-интеллектуалдык ички көрөңгөсү төмөн, акылын өстүрүп, үйрөнүп турууга муктаж.
Тез ачууланышат, кызуу кандуу, тез сууп калышат. Материалдык жактан жетиштүү камсыз болгондор менен ынак жашап кетет. Көпчүлүктү башкарганды билет жана сүйөт. Ачуусунда кандайдыр бир ооздукталбагандык бар. Саясатка анча жок, бирок жерге жакын бизнестин түрлөрүн жактырышат. Өтө өзүмчүл, ал өз жолуна тургандарды тебелеп-тепсеп кирет, муну ал эч кандай уят-ыйманды сезбей туруп жасайт. Текеберлик сапат ошого түртөт. Демек, өзүмчүлдүк чегинен ашкан, көпчүлүк учурда өзүнүн гана түйшүгүнө кызыгат. Табияты багынбас, кеңешти укпай, башына келгендин баарын жасайт. Өз кызыкчылыгы үчүн иштегени менен анын жемишин тегерегиндегилери, жакындары пайдаланат. Кызыкчылыктары көп жактуу, шартка жеңил ыңгайланышат.




Ош облусунун губернатору, Аалы Карашев:
30.10.1968
3+0+1+0=4
1+9+6+8=24
4+24=28
2+8=10
28-6=22
2+2=4

111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 222-экстрасенсорикалык жөндөмү кубаттуу, энергия бергич, башкаларды дарыласа болот; 3-таза жана тыкан, эң жакшы чарбакер адамдар, бирок дайым эле идеалдуу болом дей бергени кээде жарашпай калат; 4-ден соолугу жакшы, өзүн-өзү дарылап алганга ыктуу; 5-0-интуиция каналы жабык, бардык нерселерди башы менен чечүүгө туура келет. Бир нерсе жасаганда ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт; 7-0-жөндөмдүүлүгү аз, жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кездешет; 88-жоопкерчилиги жогору, башкаларга жардам бергенге даяр; 9- акылын өстүрүүсү зарыл, интеллектуалдык көрөңгөсү төмөн болгондуктан, тынбай окуп-үйрөнүп турганы дурус.
Көпчүлүк учурда коомдун сонун адамы, анда юмор бар, бирок амалкөй куу. Атак-даңкты сүйөт. Табити өзүнчөлүү, тез кабыл алгыч. Сезимтал, бат таарынышы мүмкүн. Башкалардан өзүн өйдө сезет, текебер, мүнөзү алсыз. Ал туура эмес иштерди жазаланбай турганына ишенип иштеп коёт, мында аны кармоо оңой эмес. Бирок алардын бардыгы эле андай эмес. Терс сапаттары-калпычылык. Эсеп-кысап иштерине эпчил. Бардык мамилелерде бийлик жүргүзүүгө умтулушат. Ошондуктан булар үчүн айтканын эки кылбаган адамдар керек. Жаратылышынан мерген болгондуктан көздөгөнүнүн артынан түшүп, аны болуп көрбөгөн айлакерлик, туруктуулук менен торго түшүрөт.
Жумушта, милдеттүү иште өзүн жакшы көргөзөт. Адамдардын чабал жерлерин тез табат. Тубаса күрөшчүл, максатка жетүү үчүн баарын пайдаланышат. Алар өздөрүнө айтылган белекти, жакшы сөздү, ошондой эле бирөөдөн көргөн ызаны, көңүл ооруну эч качан унутушпайт. Абдан кекчил. Кел-кели келгенде татыктуу жообун берет.

Даярдаган Алмазбек АДИШОВ