"Обон"-почта

ОП-44-01. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана супер СМСчилерге, баарыңарга ширин жашоо, жүзүңөрдө күлкү, СМС жазгандан чарчабагыла. Мен "Обонду" калтырбай окуган Акуга салам жолдойм. СМС жазып турган талантыңыз өркүндөй берсин, сизди абдан жакшы көрөм. Гүлмира

ОП-44-02. Алтындай болгон апа эч качан оорубаңыз. Канжар

ОП-44-03. Чынгыз Мырзаев баарынан да мен сенин сулуулугуңа суктанам. Кыргыздын сендей келишкен жигиттери менен сыймыктанабыз. Алматыдан Айка

ОП-44-04. Айгерим Расул кызы, сен Бадыевадан өткөн мактанчаак болуп калыптырсың. 07724101хх

ОП-44-05. Бектемир, мен сени жакшы көрөм, бирок сен сүйгөнүң менен бактылуу бол. М...

ОП-44-06. Жаным, кимге айтам арманымды, жүрөгүмдү сен жаралап албадыңбы? Жөн эле мамиледе болуп жүрүп, билбептирмин сени сүйүп калганымды. Сенин кичинекей жаның

ОП-44-07. Кыргызымдын жаш секелек кыздары, уят го дейм Ильязды сүйдүм дегениңер. 07778252хх

ОП-44-08. "Обондун" окурмандары Айдар Москва, Айгерим Алматы, Айпери Тараз, Гүлзина Астана, Барби, Айнура, Тоту Абда, Гүлшан бирдигиңер такыр түгөнбөсүн. Гүланда Москва
ОП-44-09. Саламым сүйүктүү досторум Ума, Айзат, Үмүт, Нурдетка, Шербет, Бека, Мухамбет, Жеңишбекке жолдонот. Силер суперсиңер. Ума дискотекага азыраак бар дос. Гүланда Москва

ОП-44-10. Т.Адыраңов мектебинин окуучуларына салам. Өзгөчө 10-а класска. Айпери

ОП-44-11. Супер СМСчи Канжар, Кербен Куба жана башкаларга салам. Азия ФМ Алтынай
ОП-44-12. Сүйүктүү эжем Гүлзатка, иним Максатка жана Айдарга ысык салам. Караколдон Айнура

ОП-44-13. Казакстанда иштеген досум Райканды 1-декабрь туулган күнү менен куттуктайм, иштерине ийгилик каалайм. Досуң Гүлира

ОП-44-14. Султан Садыралиев сиздин апаңыз казашкабы, менин апам дагы казашка. Сизди бөлө дейм, себеби менин бөлөм жок. Жессика

ОП-44-15. Сүйүктүү ырчым М.Иманбековду туулган күнү менен куттуктайм. Бар бол, бактылуу бол, бай бол. Караколдон күйөрманыңыз Гүлкайыр

ОП-44-16. Иманбеков ааламда ай, жылдыз, асман, таң, күн, түн бар. Мен үчүн ошонун баары сен. Сени чын дилимден сүйөрүмдү качан түшүнөсүң? Кеминдик Наргиз

ОП-44-17. ОП-43-279 Канышай жакшы сөз айтып түшүндүрөйүнбү? Мен сүйүп калган жигитти, мен эмес, эгер сен сүйүп калсаң эмне кылаар элең? Ушул суроону өзүңө берип көрдүң беле? Сүйүүгө учураган күнү мени туура айтыптыр дейсиң. Ойлонуп жазып жүр сулуу кыз. Эрке кыз Эля

ОП-44-18. ОП-43-138 Тюлпан мектепте окуган абдан жакшы, эч качан өкүнбө, мен азыр аяктагам, дагы деле окугум келет. Барчынай

ОП-44-19. Сүйүктүүм сүйүү гүлүн сунайынбы? Сыйкырдуу жарың болуп алайынчы. Ильяз деп соккон жүрөгүмдү, жалгыз өзүңө айтайынчы. И.Абдыразаков, жаным сени түбөлүккө сүйөм. Менчелик эч ким жакшы көрө албайт. Бул жалган жашоодо экөөбүз эле бактылуу болобуз. Эрке кыз Эля

ОП-44-20. Бир келген жашоодо өз ашыгына жетпей калган кандай гана оор. Касташкан душманыма да каалабайт элем. Ой тобоо, Махрио айга жетейин деп калыпсың го! Баха 88

ОП-44-21. Кыргызымдын намысын коргоо үчүн ат салыштың канчалаган сынактарда, талыкпагын, тайманбастан алга кара, намыс үчүн жеңиштер бар дагы алдыда. 05554580хх

ОП-44-22. Саламым Дордойдо соода кылган коңшуларым Туке, Ырыс, Манап, Гуля, Мирлан, Нурлан, Сүйүн, Космоско жолдонот. Мики

ОП-44-23. Менин сүйүктүү досум бул дүйнөдө бир жолу гана жаралып, дайым менин жанымда кубантып, көңүлүмдү көтөрүп жүргөн кичинекей мамалагым Гүлмира, сени КРСУ олимпиадасыда 1-орунду ээлеп, Бакиевдин колунан грамота алышыңды чын жүрөктөн каалайм. Досуң Эма Гузел

ОП-44-24. Ноокаттын Кайрагач айылындагы эже, жездем Рахат, Данияр сиздерге кудайым эки дүйнө жакшылыгын жана бактылуулугун берсин. Жээндерим менен ден соолукта болуп, үйүңөрдөн береке кетпесин. Ош шаарынан иниңиз Чынгыз

ОП-44-25. Таразда иштеген досум Өмүр жана аяшым Айпери силерди үйлөнүү тоюңар менен куттуктайм. Дос, аяшым менен бактылуу бол. Жетимдөбөдөн эшекчен досуң Эдик

ОП-44-26. Ислам, сени менен жолугуп таанышкым келет. Талантың өркүндөй берсин. Мека
ОП-44-27. Алматыда иштеген досторум Айбо, Эду, Кайрат, Азамат иним, Заир бар болгула. Кеша

ОП-44-28. Исламчик күлүп жүрсөң баары жайында болот. Эля

ОП-44-29. Барби, сен окуган намазды Аллах кабыл кылсын. Бактылуу кыз бол! Элиза

ОП-44-30. Жашым 18де, жумуш издейм. 0773942630

ОП-44-31. Он беш жыл бекер ырсактап, бере албай жөндөп ишти актап. Майрамдын кирип тилине, койгондоймун элди бышактап. Сагынып ата журтумду, Москвада жүрөм көнбөй чычкактап. Ажарың көзгө тартылат, Ала-Тоону карайм кылчактап. Койсо болмок мени түшүнүп, жылуу ордумдан койбой түшүрүп. Чыдай турса болушмак. Тоюп алгычакты күттүрүп. Өзүм деле жылт коймокмун, банкрот кылып бүтүрүп. Акаевдин арман казалын минтип "Обонго" койдум түшүрүп. Окуп кой анда туура түшүнүп. Бакай

ОП-44-32. Менин сүйүктүү ата-энеме, бир тууган агам Айтеңирге, кичинекей бөбөгүм Адеми жана сүйүктүү бөлөлөрүм Сумая, Эламанга салам. Эма Гузелка

ОП-44-33. Макул, мен сени кечирдим. Мындан ары андай болбойбу? 07776565хх

ОП-44-34. Салам "Обондун" супер смсчилери. Келгиле таанышып, достошолу. 07777899хх
ОП-44-35. Татынакай сүйүктүү курбуларым Самара, Тюльпан, Назика, Гуки силерге чоң салам. Жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңөрдөн сүйүү , телефонуңардан менин атым жана смстерим эч качан өчпөсүн. Аселянын сүйүктүүсү баткендик Шекспир (Мырза) кандайсың, Асел сени ойлоп жатат. Эма Гузел

ОП-44-36. Саламатсызбы Ислам байке, сиздин көздөрүңүздөн дайыма нур чачырап, жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Сиз ушунчалык боорукер, адамгерчиликтүү инсан экенсиз. Ар дайым Кыргызстандын эң алдыңкы инсандарынан болуңуз. Мен сизди байкемдей жакшы көрөм. Ийгилик каалайм сизге. Канымай

ОП-44-37. Ассалому алейкум кыргыз элим жана "Обон". "Обонтай" сиздерге кааларым ар дайым окурманыңыздар көбөйө берсин, смсчилер сиздердин ишиңерге ийгилик, бирдигиңиздер эч качан түгөнбөсүн. Сиздерди урматтап Асыл

ОП-44-38. Барби калемиңер курчуй берсин, Исламчик байгең кут болсун, татыктуу ырчы болушуңду каалайм. Элиза

ОП-44-39. Жоодар байке сизди 26-ноябрь туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактылуу болгула. 07776685хх

ОП-44-40. Борборубузда окуп жаткан досубуз Абда, сага окууларыңа ийгилик жана чың ден соолук каалайм. Алматыдан досуң Альтао

ОП-44-41. Досум KZ Мундуз топтогон акчаңарды колума эле берип койгулачы. Аборотко кошуп бир жыл иштетип алайын. Кийинки жылы барам Гүлчөгө. Өзүң аяш энеме эркелебей , башым, ичим ооруду дебей соода кылсаң. Айтмакчы Эпинин тою "Paradise" ресторанында боло турган болду. Бүткүл "Обондун" жамаатын жана смсчилерди 8-декабрда тойго чакырабыз. Баха 88

ОП-44-42. Менин саламым Мирбек Атабековго, Мусага, Макусяга, Адиге, Алишер байкеге жолдонот. Муса мен сени сүйөм. Канттан Саадат

ОП-44-43. Кыргыз элинин эски ырларын жаңыртып хит кылып ырдап чыккан ырчыларга ыраазычылык билдирем. Ушундай биздин өчпөс ырларыбыз ырдалып келе жатканына сыймыктанам. Кыргыз тилиңди, өз диниңди унутпа. Будалык Баха
ОП-44-44. Салам Абда, сендей жээн менен биз да сыймыктанабыз. Гүлчөнүн кайсы көчөсүндө өскөнсүң? Жашың канчада? Алматыдан гүлчөлүк Баха
ОП-44-45. Астанада иштеген Жуман, Бексултанга салам. Силерди сагындым. Нурзада

ОП-44-46. Алматыда иштеп жаткан дострум Салима, Кенже, Гулиза, Арзыгүл, Нурзада, Ферузага салам. Алматыдан Самара
ОП-44-47. ОП-43-81- абоненти алайлыктарга асылбай акылың менен жүр. +77778213514

ОП-44-48. Өз намысын коргой албаган, ичкилик ичип, тамеки тарткан, акча деп көзүн туман каптап калган кыздарды ойгонгула демекчимин. Алматыдан Баха

ОП-44-49. Кумирим Айдың Шерди сүйөм, сиз менен таанышкым келет. Айка

ОП-44-50. Сүйүктүү курбум Стар-Денс шоу балетинин бийчиси жылдыздуу кыз Анаранын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Меришка

ОП-44-51. 16-25 жашка чейин ыймандуу кыргыз балдары менен таанышам. Маяк кылбагыла 0555985202

ОП-44-52. Казакстанда иштеп жаткан жердештеримдин иштерине ийгилик. +77023527533

ОП-44-53. Кыргыз патриоттору барсыңарбы? Кыргыз калкым мен кыргыз болуп жаралганыма сыймыктанам. Патриоттор барсыңарбы, силерден жооп күтөм. Баха

ОП-44-54. Иманбеков туулган күнүң менен чын дилимден куттуктайм. Кааларым чың ден соолук, бакыт таалай, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайм. Талантың ташкындай берсин. Аман бол, концертиңде берген катымды окуп, чалам деп сөз бергенсиң. Чалып койчу алтышка. Ойлонуп отурган ой да терең, телефон жүрөк козгоп шыңгыр эткен. Алтыным сен экен деп чуркап барсам, арман ай ал адашкан адам экен. Мика күткөн үмүтүмдү актап чалып койчу. Кеминдик Наргиз

ОП-44-55. "Бекжан" базарында иштеген Елена, Гүлнур, Сүйүнгүл эжелериме жана Мээримге салам, иштерине ийгилик каалайм. Толик

ОП-44-56. Новопавловкадагы 1-мектеп лицейинин мугалимдери Касиет Т., Венера Э., Зууракан Ч., Айбек А., Мария М., Калмира, Салима эже-агайлар, бизге билим-тарбия берген силерге чоң рахмат. Айпери

ОП-44-57. Чоң-Кеминдин Кайыңды айылынын 10-классынын балдарына ысык салам. Өзгөчө саламым Деңизбекке, Урматка, Жаныбекке, Алишерге. Шабдандан Насыйкат

ОП-44-58. Дияз, сиз кайсыл жактан болосуз, менин да Диаз деген таанышым бар эле, ошон үчүн сурап жаткан элем. 0777255312

ОП-44-59. Олтурам түн бир оокум болгон убак, жанымда күйүп турган жалгыз чырак. Толтуруп ойлорумду жыйнап алып, мен жаздым ушул ырды силерге арнап. Токтогулдуктарга чоң салам. Айпери

ОП-44-60. Өзгөндүн өзгөчө жылдыздуу жигити Тараздагы Амантурга конкреттүү чоң салам жолдойм. Кай жерде болбо дайыма аман бол, аман жүр. Ай...

ОП-44-61. С.Садыралиевге арналат: Бул жашоодо асылымсың тилеп келген, бакытымсың жаным мага ишенип кой. Бул жашоодо жалгызымсың. Чоң-Кеминден фанаткаң Наси
ОП-44-62. "Обон" гезити чыкканча шашамын. СМСтерди окуп алып ыйлаймын. Сүйүүсүнө жетпеген кыздарга тунук сүйүү каалаймын. Кыздар эч качан сүйүүңөр өчпөсүн. Бактылуу болгула. 07733196хх

ОП-44-63. "Обондун" СМСчилери Кербен-Куба, Мемо, Хан-Шай, Абда, Канжар мен силер менен таанышкым келет. Эч качан бирдигиңер түгөнбөсүн. Силерди урматтап Айпери

ОП-44-64. Жалал-Абаддагы 1-жатаканадагы группалаштарым (И-1-06) Жыпара, Дамира, Мунара, Замир, Алмаз, Тынчтык, Жоодарга салам, окууңарга ийгилик. 07730541хх

ОП-44-65. Тааныштырып жазып СМС бири кирген, өзүңсүң "Обонушка" достоштуруп бириктирген. Бар болгун дайым Теңир жүрсүн колдоп, көрө албас ичи бузук ириктерден. Калем курчуп ташың өйдө кулай берсин, өсө бер жардам күтпөй бийликтерден. Окурманың Лаззат, Канжар, Мемо, Кербен Куба, Жактырып окуп Тина, Макуся, Айка келген буга, Тюлпан Айдеми, Хан-Шай Барби, Айдананын, гезити бол дайым багыт берген туура. Тапталып жер чапчыган тулпар сымал, "Обонушка" алыс чуркаар убак келген тура. Бакай

ОП-44-66. Ырчы Айгеримге: Аркарсыңбы чер токойду жойлогон, аккуусуңбу көл бетинде ойногон. Ташбоорлугун көрчү жаным тагдырдын, мени сага жүрөк кылып койбогон. Фонтансыңбы жерден көккө атылган, жылдызсыңбы көк асманда чачылган. Ала-Букадан Урматбек

ОП-44-67. Санаамда жашайт ар дайым, Сайкал кыз сенин элесиң. Сагынтып мени күттүрбө, сахнага качан келесиң? Өзүң деп канча жолу ойго баттым, Бере албай колумдагы гүлдү. Кайрадан сен сахнага бир жарк дечи, ырдачы эл эңсеген "Эстей жүрдү". Ала-Букадан Урматбек

ОП-44-68. Саламым СМСчилердин баарына. "Эл тараза эл сынчы, эң акылдуу кайсы СМСчи?" деген конкурс уюштуруп, суроо берейин дегем. "Обон" кайсы жылы, күнү чыккан? Жообуңарды СМС аркылуу кабыл алам. +77026753007 Эльдияр Солнышко

ОП-44-69. "Обон" супер гезит, аны колдогула окурмандар. Мирбек супер ырчы, аны колдогула күйөрмандар. Мирбек байке туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мындай жаштын дагы далайын жашаңыз. Жаш бойдон калыңыз, карыбаңыз, бүркөлбөсүн эч убакта кабагыңыз. Каалоо айтат сизге карындашыңыз. Ат-Башынын Калинининен Элизат Каныбекова

ОП-44-70. Барчын жеңе туулган күнүңүз менен! Инилерим Эрсин, Нурканат, Эрмек, сиңдим Алтынай бар болгула. Мен силерди чексиз жакшы көрөм. Жамиля

ОП-44-71. У.Акынбеков атындагы орто мектебинин 8-а классынын балдар-кыздарына ысык салам. Кыздардан Жылдыз, Жайна, Асыл, Гаку, Мария, Аида, Айпериге өзгөчө салам. Фея-Перизат

ОП-44-72. Кызыл-Ураанда жашаган апам Алымбаева Бактыканды 6-декабарда 50 жашка толушу менен жана Айназикти туулган күнү менен куттуктайм. Мээринса

ОП-44-73. "Кулагер" базарында иштеген Кыял, сени жакшы көрөм. Сага эч ким жетпейт. 8777807220

ОП-44-74. Ала-Тоо менин жерим, кыргыз менин элим, ислам менин диним. Алга кыргыз элим. Алай-Будалык туулган жерим. Кыргызды бөлбөгүлө, баары бир кыргыз. Алай-Будалык Баха

ОП-44-75. Кара-Кулжадагы Б.Эшманбетов атындагы орто мектепти 1-4-класска чейин чогуу окуган досум Рустам кызы Гүлизаны издейм. 4-классты аяктаганда Ноокатка көчүп кетишкен. Мээрим, Наргиза деген сиңдилери бар. Эски дос эстен кетпейт дегендей 8 жылдан бери абдан сагындым. Эгерде Гүлиза же тааныштары окуп калсаңар "Обон" гезитине кабарлап коюшуңарды өтүнөм. Мээрим.

ОП-44-76. Саламым Ноокат районуна караштуу Айбек айылынын ардактуу тургундары атакем Карыбекке, апам Турсунтайга жолдонот. Дайыма ден соолукта болуп, биздин урмат-сыйыбызды көрүп жүрө бериңиздер жана ошондой эле Айбек орто мектебинин 11-классында окуп жаткан классташтарыма чоң салам. Айжамал
ОП-44-77. Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында жаңы гана баш кошуп жашап жаткан Сайипкамал менен Айжаркынга үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Астанадан Исраил

ОП-44-78. Саламым карындаштарым Миңгүл, Жазгүл, Алина, Нурпери, Айназик, Аяна, Кызбурак, Жасминага, инилерим Чыйбыл, Адилет, Аманчикке, жээним Ихтияндрга жолдонот. Биздин үмүтүбүз, апакай аткан таңыбыз, аларга нур берген күнүбүз силерсиңер. Аман болгула алтындар. Эркин

ОП-44-79. Саламым өмүрүмдүн, жашоомдун жарыгы атам Бакытбек, апам Гүлмирага жолдонот. Сиз бар дүйнөм жанып турат шаңдана, мээримиңе кооздонуп айлана. Айдай жарык, гүлдөй назик берекемсиз апакем, мээрим төгүп нурун чачкан ааламга. Ардактуу ата-энелер аман болуңуздар. Эркин

ОП-44-80. Эй Кейси, сен чыныгы фанаткалар кандай болот экенин билесиңби? Чыныгы фанаткалар Албинадай болбойт. Анчалык Албинага эмне болушуп алдың же Албина өзү жазалбай сага жаздырып атабы? Сен да эч нерсе билбеген фанаткалардын арасына киресиңби? Адинай

ОП-44-81. Эду дос, качан аш жейбиз, эртерээк ары же бери болсоңчу? Кеша, Айбек

ОП-44-82. Ислам Акматовго: Талантыңа таазим кылам, ар убак жаратканым берсе экен дейм сага кубат, тайманба, талыкпагын жолдор узак. Жалындуу жүрөгүм сен деп турат. DJSS 05554580хх

ОП-44-83. Ош шаарындагы 1989-жылкы Байсалга чоң салам. А...

ОП-44-84. Салам "Обон", өзгөчө жаңы кадамдарды чыдамсыздык менен күтөбүз. Кыргызстанда 1-гезит болушуңарды каалайм. Эркин

ОП-44-85. Ноокат районунун Торутай айылындагы Бекмамат Осмонов атындагы мектебинде 9-класстын супер окуучуларына салам. Акмарал

ОП-44-86. Сүйүктүү эжелериме салам жолдойм. Достор чалгыла, таанышабыз. 0777847590. Айзат

ОП-44-87. Урматтуу ОП-43-220 "Обонго" кош келипсиң, бирок өз атың менен чыкканың оң, менин атымды уурдабай. Мен "Обонго" Золушка болуп башынан эле чыгып жүрөм. Ар дайым "Обон" мененмин. Чыныгы Золушка

ОП-44-88. Супер ырчы Ислам Акматовго супер салам. Иштериңе ийгилик, эч качан ооруба. Сахнада дайым бар болуп, күйөрмандарга бай болуп, ден соолукта жүрө бер. Сени менен жолугуп сүрөткө түшсөм болобу? Болсо мени да чакырып койчу. Күйөрманың Айко 0772935735

ОП-44-89. Сүйүктүү ырчым Ислам байке, сиз менин атама аябай окшошсуз, бирок ал аркы дүйнөгө кеткен. Сизди бир көрүүгө зармын.Баарлашууга мени чакырсаңыз, сүрөткө түшүп алсам арманым болбойт эле. 07722638хх

ОП-44-90. Жеңиш үйүңдөн канчада чыгып жатасың? Көрүнбөй кеттиң го? Гуля

ОП-44-91. Тима, мен сага ишенбейм. 07774344хх

ОП-44-92. Кымбаттуу Саматик, инфиляция болсо айлык, пенсияларды деле көтөрбөйбү Бакиев. Кары-картаңдарга берген пенсиясы 700 сом. Ага жарым кап ун келет. Ошол унду жеп жата бербейт да эл. Андан башка азыкты Бакиев алып береби? Ал кыргыз спортчуларын өзү үйрөтүп, машыктырган жери жок, же Бакиев болбосо алар чыкпай калат беле? Акаевдин кайсы карызын төлөп жатыптыр. Өз чөнтөгүнөн чыгарыппы? Акаевди эч ким кубалаган жок, ал элдин тынччылыгын ойлоп кетти эгер билсең. Акаевди ар дайым Манас ата, кыргыз эли колдойт. Кеминдик Наргиз

ОП-44-93. М.Иманбеков туулган күнүңүз менен, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды жана тилек ой-максатыңызга жетишиңизди каалайм. Сураныч Ошко концерт коюңузчу?. Күйөрманыңыз Ай...й

ОП-44-94. И.Абдыразаков, сен бир гана меники болосуң, мен сени гана сүйөм. Сени эч кимге бербейм. Менин жүрөгүмдөн эч ким алып чыга албайт. Менин биринчи жана акыркы сүйүүм болосуң. Эрке кыз Эля 0555661094

ОП-44-95. Тараз калаасындагы "Эркебулан"базарында отурган Минура, Аида, Бакыт аке, Айпериге чоң салам. Айка

ОП-44-96. "Обондун" смсчи досторума: Гүлшан, Табигат сырдуу Алтынай, Барби, Аська, Кербен-Куба, Саку, Меришка, Муса, Анвар, Адилиет, Насип ж.б. мен силерди абдан жакшы көрөм. Макуся

ОП-44-97. Ислам Акматовго: Ислам үчүн калем колго кармадым, Ислам үчүн ар бир сөздү тандадым. Ислам сизге бакыт-таалай, ак сүйүү, Ислам үчүн жакшы сөздү арнаймын.

ОП-44-98. Мен үчүн дүйнөдө эң ыйык болгон ата-энеме жана бир туугандарыма салам айтам. Иним Жанболоттун келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. 05556729хх

ОП-44-99. Меришкага хрусталдай тунук көңүл, аккан суудай узун өмүр. Жайкы таңдай ачык маанай, түбү терең бакты-таалай. Макуся

ОП-44-100. Өмүрбек уулу Адилетке: Айтсам көп арман менде түгөнбөгөн, сагынып деле сенден түңүлбөгөм. Жүрөктө өмүр бою айыкпас дарт ,"Ади" деген ат калды эч өчпөгөн. Сени дагы да унута албай жүрөм. Макуся

ОП-44-101. "Обонтай"мен бардыгыңарды жакшы көрөм. Макуся

ОП-44-102. Ислам байкеге: Жүзүңдөн күлкү кетпесин, жылдызың жанып өчпөсүн. Жадырап жайнап жүрө бер, бактылуу өмүр сүрө бер. 05501609хх

ОП-44-103. Кербен-Куба байке, эскерме жаздым эрмекке, атайы сизге бермекке. Алтындай болгон жан досум, ала жүрүңүз белекке. 05501609хх

ОП-44-104. Атам Ибираим, апам Айчүрөк ар дайым биздин бактыбызга бар болгула. Тараздан уулуңар Кутман

ОП-44-105. "Обондун" смсчилери Меришка, Барби, К-Куба ж.б. мага да смс жазгылачы. Менин номерим 0555746629 күтөм.

ОП-44-106. Мен Мусаны абдан сүйөм. Макуся эже окууңузга ийгилик. Канттан Саку
ОП-44-107. Омар байке, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Сизге Алланын жана Аллахтын жардамы тийсин. Омар байке, сиздин иниңиз менен менин иним №6 гимназияда окуйт. Аты Баяманбы? Кейси

ОП-44-108. Ноокат районунун Бел Кайрагач айылындагы "Кеңеш" орто мектебинин 9-б классындагы классташтарыма салам. Классташыңар Асия

ОП-44-109. Аселька, Альбинка, Элизочка, Мека, Меришка, Чопа, Гузель, Эма Гузель эмне жоголдуңар? Мага смс жазып тургула. Кейси

ОП-44-110. Кыргыз элим, кыргыз жерим, мен аябай сагындым туулуп өскөн жеримди +79233151885

ОП-44-111. Бишкекте окуп жана иштеп жаткан жакын душмандарыма салам. Айдана

ОП-44-112. Омар, Мирбек А, Алихан, Даниель супер красавчиктер жана ырчылар. Фанаттары Кейси, Албишага супер салам. Чопа

ОП-44-113. Саламатсызбы Ислам байке, мен сизге кааларым: өмүрүңүз узун, суудай тунук, темирдей бекем, бактыңыз күндөй ачылып, гүлдөй жайнап , жылдыздай жансын. Үнүңүз булбулдай кооз, тоодой бийик жаңырсын. Кыргыз эли жана мендей болгон кыргызымдын кыздары сыймыктанган мырзасы болуңуз. Галина 06660914хх

ОП-44-114. Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жашаган Молочный көчөсүнө ысык салам. Мен силерди абдан сагындым. Классташтарым Рахат, Эльвира, Айзада, Назира, Перизат, Алмагүл, Мээрим, Рыскүл, Эркинай, Ширин, Раббил, Азис, Алмаз окууларыңарга ийгилик. Рахат келе жаткан туулган күнүң менен. Сага чың ден соолук, узун өмүр, ата-энеңди сыйлаган жакшы кыздардан бол. Мага телефон чалып тур. Сени сыйлаган классташың Элнура жана досуң Бек. 0555857828

ОП-44-115. Ардактуу, ажарлуу Неля айым, сизди 3-декабрь туулган күнүңүз менен куттуктайм. Терең урматтап, талантыңызга таазим этем, бар болуңуз. Күйөрмандарыңыз

ОП-44-116. Байкем Аманды келе жактан туулган күнү менен куттуктайм. Жазира

ОП-44-117. Алтындай болгон супер смсчилер, ар дайым башыңар аман болсун! Эч жамандык көрбөгүлө. Бактыңарга ата-энеңер аман болсун. Кербен-Куба

ОП-44-118. Менин жаным Ильяз Абдыразаков, жаңы алган үйүң кут болсун, эртерээк оңдоп-түзөп ал. Сага үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Эрке кыз Эля

ОП-44-119. Таразда иштеген кыргыздарга салам. Соодаңарга ийгилик. Гүлмира, Мээрим, Гүлира, Айчүрөк, Адеми баарыңарды сүйөм. Тараздан Өмүрбек

ОП-44-120. Алматыдагы "Глория" базарында иштеген жездем Айбекке, эжем Назиге салам жолдойм. Соодаңардын оптом-оптом болушун каалайм. Жылдыз

ОП-44-121. Мен Ильязды кореялык Минхи Ханга окшоштурам. Себеби Минхи да продюсерсиз өз мээнети менен популярдуулукка жетишкен. Ильяз да жалгыз өзү мээнетинин мөмөсүн татып отурат. Ильяз сенин келечегиң алдыда, жашооңо жалаң гана жакшылыктарды каалайм. Сени менен таанышканды эч качан унутпаймын. Кулпунай +77771655462

ОП-44-122. Тараздык Кулпунай, мен сени ордуңдан көп жолу көрдүм. Сыртыңдан азилкеч, куунак кыз көрүнөсүң. Сени менен таанышкым келет. Ырларыңды дайым окуп баа берем. Мико

ОП-44-123. Астанада жашаган досум Марленге, Дамирге жана ошондой эле супер смсчилер Хан-Шай, Барбиге салам. Жаратканыбыз ыйман, бейкут жашоо, жергебизге тынчтыктын асабасын желбиретсин деп тилейли. Эркин

ОП-44-124. "Обондун" жалпы окурмандарына, смсчилерине жана досторум Батинага, Кербен-Кубага, Айдемиге, Мирелге салам. Бар болгула. Канттан күлкүчү Гүлбарчын

ОП-44-125. Соня мен сени сүйөм. Мени эстей жүр, бултушкам. Эрлан

ОП-44-126. Салам Кыргызстан! Бишкек шаарындагы №78 мектебин бүтүргөн 88-жылкыларга салам. Аида, Айжамал, Мадина, Римма, Нурила, Кайрат, Максат, Мелис силерди сагындым. +77776993487

ОП-44-127. Кашы-көзү кара, чачы узун, анан кызганчаак кыздар менен таанышам. Ноокат району Чынгыз +79260888728

ОП-44-128. Махабатым, арманым, эңсегеним, бир сен үчүн жашап келет сезимдерим. Жүрөгүмдө түбөлүккө жашап келчи, бул ааламда бир өзүңдү издегеним. 07736542хх

ОП-44-129. Анекдот: Бакиев, Медведев, Каримов саммитте сүйлөшүп жатат: Каримов айтат: - Өзбекстан өнүктү десе болот, ар бир атуулда бирден Nexia, Damas бар дейт. Бакиев: - Биздикилер да өнүгүүдө, ар бир үйдө эмес, ар бир бөлмөдө экиден шам чырак бар дейт. Медведев айтат: -Өлкөбүздө канча машина бар экенин билбейт экенмин. А бирок ар бир үйдө экиден өзбек, экиден кыргыз бар экенин анык билем. Таха

ОП-44-130. Саламым алтындай болгон ата-энеме жолдонот. Апа, 1-декабрь туулган күнүңүз менен куттуктайм. Атам экөөңүздөр уул-кыздарыңыздын жакшы күндөрүн көрүңүздөр. Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук, кажыбас кайрат, дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм. Тараздан кызыңыз, балдарыңыз
ОП-44-131. Ата-энем асылым, бактым-таалайым, бүт өмүрүм мен силерге арнаймын. Мен ыраазымын ак сүтүңө энеке, узун өмүр, чың ден соолук каалаймын. Толгоо тартып апа мени төрөдүңүз, ак шейшепке, ак бешике бөлөдүңүз. Ак ниет аралашкан алдей угуп, бой жетип чоңойдум мен бөбөгүңүз. Силерсиңер менин эң ыйыктарым, уялттырат силерге кылган кылыктарым, арманым мен да сиздей апа болсом. Өзүң тоңсоң да балдарыңды жылытасың, мен силерди ар таң эстеп сагынамын. Алтындай насаат сөзүңөргө кагыламын. Жакшы жашоо узак өмүр бере көр деп, мен олтуруп кудайымдан жалынамын. Чоңойттуңар жамандыкты каалабай. +7777165462

ОП-44-132. 15-16-декабрдагы концертти чыдамсыздык менен күтөм. Асыл

ОП-44-133. Эшеналы уулу Сейитбек атындагы орто мектептин жалпы мугалимдер жамаатына жана 87-жылкы классташтарыма, аяштарыма салам. Ангел


ОП-44-134. Кандайсың Ирлан? Жараткан колдосун, чыгармачылык ийгилик, Туркияга качан жөнөп жатасың? Жакшы сунуштар түшсө калып калбайсыңбы? Наргиза

ОП-44-135. Алтынай, кыргызымдын баары сиздердей жакшы пикирде болушса жакшы болот эле. Рахмат сиздерге Саматик

ОП-44-136. Айдар, сен мени жаман көрбө, себеби мен кыргыздын да, казактын да кызымын. Бирок, сөзсүз эле кыргызга же казакка чыгам деп айта албайм. Ал кудайдын буйругу. Казак, кыргыз бир тууган, казактардын да жакшылары көп, беш кол тең эмес дегендей. Абда

ОП-44-137. Барчынай өтүп кеткен туулган күнүң менен! Бактылуу бол! Братаның

ОП-44-138. Назика ушу сен ырчы мырзаларга ашык боло бересиңби? Алар сени баары бир карашпайт, смсиңди окубайт дагы. Антип бирдигиңди коротпой ата-энеңе жолдосоң. Лупе

ОП-44-139. Жаным, менин жаным Миша сени сагындым, биз буюрса бактылуу болобуз. Сүйгөнүң Мира

ОП-44-140. Бакыяндыктарга ысык салам. Мен силерди чексиз сүйөм! Ангел

ОП-44-141. Жигиттер өз камыңарды ойлосоңор, Кыргызстанды башка улуттар ээлейт го. +77021818144

ОП-44-142. Маркум Шерали Назаркуловдун келинчеги Назгүл Абдыкеримова, Назарбек Нышановдон алган видеокассетаны ээсине кайтарып берсеңиз. Алмаз Эркебай уулу 0312551779

ОП-44-143. Шоколадка эжеме чоң салам. Ар дайым бар бол! Айка. Айдана

ОП-44-144. Ош шаарында окуган карындаштарым Надирага, Мырзайымга салам. +77026305323

ОП-44-145. Үшүтпө Долон ызгаары, көп жашасын "Обон" кыздары. Өркүндөп алга жыла бер, колдойбуз дайым биз дагы. Кош колдоп кучак гүл сунам, силерге арнап ыр курам, суктантып баарын караткан, сыны кетпесин 90-60-90 фигураң. Бакай

ОП-44-146. М.Иманбеков жаным, туулган күнүңдө "Симпотичный ангел" болуп алыптырсың. Мурун 99% сүйчү элем, азыр 100 % сүйүп калдым. Кеминдик Наргиз

ОП-44-147. Артык Саитов, Жандос, Динара Акулова, Шайырбек Арапов, Асема, Кубаныч Сатаев, 60К тобу, Неля, Султан, Самат Дөөлөтбаков, Анжелика, Сайкал Садыбакасова, Ильяз Андаш, Бактыгүл Бадыевалар менен сүрөткө түшкөн кумир күткөндөр, сүрөтүңөрдү көпкө сүрсүтпөй редакциядан алып кетсеңер. Фото-журналист А.Адишов 0312551779, 0555350119

ОП-44-148. Көзгө илбей өтө эле чыккан чектен, кыздар бар кутуруп чылым чеккен. Ыйманың бийик болсун наалат сага. Жийиркенет жер эне ыйык мекен. Ойлонуп бала төрөп салым кошуп, кыргызды көбөйтпөйбү кыйын экен. Мода кылып чычайтып чылым тиштеп, зыянын көрсөтөт эми эртең. Бакай

ОП-44-149. Махабатым, арманым, эңсегеним, бир сен үчүн жашап келет сезимдерим. Жүрөгүмдө түбөлүккө жашап келчи, бул ааламда бир өзүңдү издегеним. М.Иманбеков үчүн жанымды берүүгө даярмын. Мирбек чалсынсы 0773654237 суранам

ОП-44-150. Саламым Москвада иштеген байкем Айбектин 3-декбарь туулган күнү менен куттуктайбыз. Ага чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Ар дайым биздин бешенебизге бар болуп жүрө бериңиз жана иштериңизге ийгилик-деп бир туугандары, Асыл, Жибек, Абыт, Акжуурат, атасы Тыныбек

ОП-44-151. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы 89-жылкы классташтарыма салам. Мен силерди сагындым. Астанадан Феруза

ОП-44-152. Мемо кандайсың? Эмне көрүнбөй калдың? Смс жазып тур. Жердешиң Бурул

ОП-44-153. Оо кыздар! Кандайсыңар, кайдасыңар? Чалса албайсыңар. Маякка чалбайсыңар! Бирдикти неге аяйсыңар? Сүйүүгө кандай карайсыңар? Кыргыз жигиттерин неге каргайсыңар? Чет элдиктер менен жыргайсыңар! Кийин өкүнүп ыйлайсыңар. Кыргызстанды качан сактайсыңар? Кыргыз таппайсыңар! 07777137хх

ОП-44-154. Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айылында жаңы гана баш кошуп жашап жаткан Мараимов Сайипкамал жана жеңем Айжаркынга үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ортоңордон сүйүү өчпөсүн, жүзүңөрдөн сүйүү кетпесин. Астанадан иниңер Мараимов Исраил

ОП-44-155. Ислам байке, сизге чыгармачылык ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалайм. Сизден сураныч, мени чакырыңызчы, менин сизге белегим бар. Арманда калбай берип калайын. Күтөм. Мээрим 07771342хх

ОП-44-156. Салам Макуся, Кейси, Сасиона жана Гүлшан силер менен таанышып, дос болгум келет. 0777566101 смс жазгыла, күтөм. Назика

ОП-44-157. Ош облусунун Отуз-Адыр айылындагы №75 мектептин 11-а классына салам. Гулиза91

ОП-44-158. "Обондун" смсчилери силерге чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болгула, бай болгула. Жессика

ОП-44-159. Салам досум Шерик, мен сени жигит катары эмес, адам катары жактырам. Менин эч кимге алмашкыс жигитим бар экенин сен жакшы билесиң да. +77026201212

ОП-44-160. Бир келген жашоодо өз ашыгына жетпей калган кандай гана оор! Касташкан душманыма да каалабас элем ушундай тагдырды? Ой тообо! Махрио айга жетейин деп калыпсың го! Баха 88

ОП-44-161. Ислам байке: Каалаймын узун өмүр, бакыт-таалай, үнүңүз канат кагып, алга карай. Дүйнөнү дүңгүрөткөн инсан болуп, жаныңыз балбылдап күйгөн шамдай. Талантыңызга таазим. Макуся

ОП-44-162. Сүйүктүү жылдызым Ильяз Абдыразаковго салам. Мен сизди сүйөм. Чоң Кеминден Жийдегүл

ОП-44-163. Канттык Максат, мен сени сүйөм. К еминден Жийдегүл

ОП-44-164. Урматтуу Ислам Акматов, сизге кааларым ишиңизге ийгилик, дагы көп ырларды жарата бериңиздер. Кара-Балтадан Айка 05559852хх

ОП-44-165. Чыңгыз Мырзаевге салам. Мен түбөлүк сиз менен болгум келет. Экөөбүз жолугар күндүн бар экенине ишеничим чоң. Анткени, кудайга ишенем. Сизди аябай сүйөм. Бурул

ОП-44-166. Ассалому алейкум алтындан ардактуу кыргыз элим, менин саламым бүткүл кыргыз калкыма, бардык смсчилерге жолдонот. Макуся

ОП-44-167. Сузактын Сымкат айылына салам. Гулистан

ОП-44-168. 0777134648 сизге не болду? Ошондо смске жооп кайтаралбадым. Кечиресиз? Кайсы номердесиз? 0777305374

ОП-44-169. Мен силерге салам жолдойм. Жаңы окурманыңар Гулистан

ОП-44-170. Ураа! "Обонго" Ислам Акматов келген турбайбы? Сиз менен жакындан баарлашсам арманым болбос эле. Сиздей таланттуу адам менен сүйлөшүү мен үчүн кол жеткис бийиктикте турат. Мени чакырып коюңузчу. Айгерим

ОП-44-171. Кербен-Куба, сени менен таанышканыма кубанычтамын. Убактыңды бөлүп келгениңе чоң рахмат. Иштериңе ийгилик. Абда

ОП-44-172. Cүйүктүү ырчым Султан байке, сиздин ишиңизге жана чыгармачылыгыңызга ийгилик. Сизди жакшы көрөм. Жибек

ОП-44-173. Атам Кудайберген, апам Уулкелди, абам Эрлан мен силерди сагындым. Баарыңардын бетиңерден өөп келечектеги химик кызыңар. Тазагүл

ОП-44-174. Гита эжемдин келе жаткан 4-декабрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аман-эсен көз жарып алыңыз. Сизди жакшы көрөм. Жийдегүл
ОП-44-175. Салам достор, биздин окурман Гүлшан сертификат алыптыр. Гүлшан мындан да бийиктиктерди багындырышыңа тилектешмин. Канжар

ОП-44-176. Достор, мен кыздар менен таанышкым келет. Нурик 0777503059

ОП-44-177 . 517-комнатада жашаган Анака, Бакуля, Болсун мен силерди жакшы көрөм. Силерге чың ден соолук каалайм. Эркеңер Тазагүл

ОП-44-178. Ислам Акматов, жеңишиңиз кут болсун! Азаматсыз, ар дайым баш байгенин ээси болуп жүрө бериңиз. Алдыга койгон максатыңыз орундалып, чыгармачылык жолуңуз байсалдуу болсун! 07778381хх

ОП-44-179. Жаштар менен таанышам. Смс жазгыла 0773925887

ОП-44-180. Ислам жаным. Мени чакырчы суранам. Сени аябай көргүм келип жатат. Бека 07734198хх

ОП-44-181. Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын жашоочусу менин сүйүктүү атам Мырзакасымов Ташмамат, апам Приева Чынара сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт, арчадай жаштык ошондой эле уул-кыздарыңыздын урматын көрүңүздөр ылайым. Кызыңар Рахманова Акжуурат

ОП-44-182. Бишкек шаарынын Койташ айылында жашаган Ильяз-86 ысык салам. Бул дүйнөдө сен гана сулуусуң. Сени сагынган сырдуу кыз. 07777668 46 телефонуна чал.

ОП-44-183. Ч.Мырзаев жана Кербен-Куба силер супер жигитсиңер. Гүлжигит байке концертиңиз ийгиликтүү өтсүн. Кызыл-Кыядан карындашыңар Дамира

ОП-44-184. Салам "Обон", 15-декабрь менин туулган күнүм, мага куттуктап концертиңерге билет берсеңер болот эле. 0773480849

ОП-44-185. Айдар, кыргыз кыздарын коргоймун дегениң жакшы, бирок сендейлер аз санда калган. Бар болгун. Зарина

ОП-44-186. Жаралды жүрөк жарасы, барбы анын дабаасы. "Обонго" жаздым смс, аламбы жүрөк дабаасын. Мирбек

ОП-44-187. Айтсаң тилиң күйөт, айтпасаң ичиң күйөт. Жазсаң бирдигиң күйөт, жазбасаң намысың күйөт. Ии-ий Пепсихон. Мирбек

ОП-44-188. +77026410354 абоненти эмне кабарың жок, Ошко келдиңби? Келсең кабарлашып кой. Сени издеп досуң Канжар

ОП-44-189. Үч-Теректеги 9-а классынын балдар-кыздарына салам. Назика

ОП-44-190. Мен кыргызымдын сулуу жигиттери менен таанышам. 0772460395

ОП-44-191. Салам Ислам байке, чыгармачылыгыңызга ийгилик, каалайм. 0543821561

ОП-44-192. Апаке ак сүтүң берип өстүрдүң, апакем асылым сизсиз өмүрдүн, ааламда жок эч теңегис, канткенде актайм ак сүтүң. Апакем бул дүйнөдө аска-зоом, жөлөгүмсүз. Бул дүйнөдө таянар тоом, өбөгүмсүз. Капыстан катуу айтып капа кылсам, не десем да баардыгын көтөрөсүз. Апаке көңүлүм чөксө капыстан көтөрө турчу көңүлүм сиз. Сыркоолоп калсам дарт басып, айыктырчу дарым сиз. Апакем, балдарым жакшы болсун деп тилейсиз ар бирин. Апаке тартпаңыз жашоо кайгысын, кызыңдын көргүн урматын. Алтындай апа атыңды ай ааламга даңктаймын. Кызыңыз Аку

ОП-44-193. Өзбек кыздар менен таанышам. 0772673160

ОП-44-194. Салам смсчилер, мага смс жазгыла. 0550965244, таанышабыз. Макуся

ОП-44-195. Саламым мага смс жөнөткөн кыргызымдын сулуу, акылдуу кыздарына жолдонот. Силерге 100 м тердикте ыраазымын. Аку

ОП-44-196. Канат Култаев, Стар-денс, М.Атабеков, Алихан, Даниелге чоң салам. Силерге ийгилик. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Меришка

ОП-44-197. Досторум Мээрим, (кеңешчи), Перизатка (ортомчу) салам. Силерди сүйөм. Мммуах!!! Мээрим (жолбашчы)

ОП-44-198. Атылган жебе тийсе, өзүңдү алсыз дебе. Тырышып чындап күрөш, өмүр аз ансыз деле. Сабырдуу бол санаа жебе, сакайып кетсин дене. Жанагы үмүт деген эме, жандасын жанып өзү эле. Кубансын жалпы батыраак, бир тууган жана өз эне. Аку эч качан кайгырба, жакшы жүр 0772342708

ОП-44-199. Ассалому алейкум кыргыз элим, сиздердин келе жактан жаңы жылыңыздар менен! Бул жыл бизге молчулук, токчулук, адилеттүүлүк, ыймандуулук жана ыраазычылык алып келсин. Асыл

ОП-44-200. А.Кубик кызы, мага сенин ырларың жагат. Сени менен дуэт ырдагым келет. Кумир туткан күйөрманың Сабира 94

ОП-44-201. Бишкекте Альфа капиталда иштеп жаткан акем Замирге, Зыйнат эжеме, Алмамат акеме жана алардын келиндерине, неберелерине ысык салам жолдойм. Зарина

ОП-44-202. Мемо, Эля, достор мен силерди жакшы көрөм. Уля

ОП-44-203. Акыйнекчилерге: Батю, Куба, Нурдин байке, Үсөн байке, Саматик, Наргизге салам. Ислам Акматовго: Качан жеке концертиңди бересиң? Мен сени менен жолуксам арманым жок эле? Сенин фанаткаң 07730820хх

ОП-44-204. Эң сүйүктүү эжекем Махабатка жана эң кадырлуу жездекем Алмазбекке, алардын эрке уулу Алибекке чоң салам. Көп жашап, бактылуу болуңуздар. Мен сиздерди сүйөм, сыйлайм жана урматтайм. Гүлкайыр92

ОП-44-205. Атам Рашидге, энем Жумагүлгө, эжелерим Каныкей, Махабатка, иним Бекназарга салам жолдойм. Сиздерге ийгилик, бакыт, ден соолук, жакшылыктардын баарын каалайм. Мен сиздер менен сыймыктанам. Гүлкайыр 92

ОП-44-206. Саламым бардык акыйнекчилерге жолдонот. 0773026560

ОП-44-207. Сизге эң негизгиси бакыт каалайм. Бакыттын ичинде баары бар. Айжан

ОП-44-208. "Обончик" сага абдан ыраазымын, анткени сенден көп досторду таптым. Эч качан атың өчпөсүн. Назика


ОП-44-209. Чын эле сүйөм десем жаңылбасмын, сүйбөсөм сени мынча сагынбасмын. Жолугаар алдыбызда көп адамдар, сен мага, мен да сага табылбасмын. Барчынай

ОП-44-210. Айдар, тамашаларыңды гезитке жазбай эле койчу, суранам. Билем сени кыргыздын патриоту экениңди. Бирок мага кыргыз менен казактын айырмасы жок. Абда

ОП-44-211. Неге карабадың сен, неге жараладың сен. Сенсиз көңүлүм жок, неге жаным, неге?.. Назика

ОП-44-212. Кыйнадың го жүрөгүмдү эзилтип, ырдадың го үнүң менен берилип. Суранам сыздатпачы, мени да жүрөгүмдү эргүү менен ээритип. Абдыразаков арманыма арбалып, Ильяз деп идеяга кабылып кетет го жүрөгүм. Армансыз жарылып. Нази91

ОП-44-213. Саламым Алматыда иштеген досторум Айка, Феруза, Элмира, Самара, Замирага жолдонот. Алматыдан Нурзада

ОП-44-214. Алайдагы Сопу-Коргон айылына салам. Нуриза, сени унута албай койдум сыягы. Бир өмүр жүрөгүмдө жашайсың го. Издедим башкаларды, аттиң жүрөгүм бирөө эле. Ал жүрөк сен деп согот. Н...т
ОП-44-215. Ислам байке кандайсыз, кечээ күнү сизди көчөдөн көрүп, жөнөкөй жигит экениңизге баа бердим. Ар дайым бар болуңуз, аман болуңуз, булбулдай сайраган үнүңүз өчпөй, бул жалган жашоодо бактылуу инсан болуңуз. Сизди урматтап сыйлаган мендей карындашыңыз бар экенин унутпаңыз. Эрке кыз Эля 05556610хх

ОП-44-216. Самат жаным, сени сөз менен айтып бүткүс жакшы көрөм. Аны эч ким билбейт, ар дайым күтөм. Кайда болбо аман бол, сагындым сени 07737483хх

ОП-44-217. Ассалому алейкум, Ханабад шаарынын Тейит айылындагы апам Буажар, атам Кубатбек мен сиздерди жакшы көрөм. Аппагым, дүйнөдөгү барым, бактым, жыттуум, кымбатым, алтыным, жаным, күнүм менин. Эч качан оорубаңыздар ардактарым. Ден соолугуңуздар болсун, калганын акчага сатып алып берем го ээ? Дайыма бар болуңуздар. Кызыңар Алматыдан Айка

ОП-44-218. "Обондон" тапкан досторум, мен силер менен коштошушума аз эле убакыт калыптыр. Анткени, менин М.Атабековум үйлөнөт экен. Мен Мирбекти эч кимге бербейм деп ойлочумун. Көрсө мен аны башкага тарттырып жиберипмин. Эми не кылам? Айла жок өз өмүрүм менен коштошом. Мени кечиргиле! Назика
ОП-44-219. Золушка, "Обондон" смстериң жаңыра берсин. Кел таанышып, дос бололу. 0777566101 номерине смс жаз.

ОП-44-220. Айгөлөк, Табигат сырдуу Алтынай, Барби, Эрке кыз Эля, Тинатин, Жессика, Абда, Лазат, Делвира, Мемо силер менен достошкум келет. Смс жазгыла. 0777566101 Назика

ОП-44-221. ОП-43-279-абоненти, Канышай мен сени колдойм. Азаматсың, кыргызда "Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат" деген сөз бар. Жигиттерге "өлөм, күйөм, жашай албайм"- деген кыздарга : бул сөздү эркек балдар айтса жакшы жарашат экен. Кыргызымдын аруу кыздары намысыңарды кичине болсо да сактагыла.
+77023057521

ОП-44-222. ОП-43-125, Матиева А. ушул гезитке номериңизди калтырыңызчы. Матиева Ф

ОП-44-223. Эпи, бүгүнкү үйлөнүү тоюң менен. Куш бооңор бек болсун. Тоюңа 32 бала келдик эле, биздин атыбыздан мантипо-он. Тамаша досум, таарынба. Мундуз KZ

ОП-44-224. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кожокелен айылындагы 89-жылкы классташтарыма салам. Мен силерди сагындым. Астанадан Феруза 87025607686

ОП-44-225. Неля эже, 3-декабрь туулган күнүң менен куттуктайм. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, арчадай жаштык, музыкадай шаттык каалайм. Элиңиз үчүн талыкпай эмгектенип жүрө бериңиз. Менин дагы туулган күнүм 3-декабрь. Мен сизге жолуксам болобу? Сизди сыйлап, урматтап күйөрманыңыз Айпери

ОП-44-226. Будалык Баха, сенден кыздар аябай коркот экен, сен менден кыздарды талашпачы! Гүлчөлүк Эпи казактардын атын чыгарбай, өз элиңдин атынан чыксаң. Мундуз KZ уулду болушуң менен досум. Баха 88

ОП-44-227. Салам "Обон" гезити, силердин 15-16-декабрда боло турган концертиңерди чыдамсыздык менен күтүп жатам. Эртерээк келсе экен. Айпери

ОП-44-228. Мен сага ишенгенмин сүйөм десең, сүйүнүп жүргөн элем күтөм десең. Сүйүүмдү тепселедиң бут алдыңда, күтмөк тургай менден узап кетиптирсиң. Сүйүүдөн ушунчалык көңүлүм калды. Сүйөм деп чын жүрөктөн айткан барбы? Сүйбөй туруп сүйөм дештен корккулачы, чын сүйүү барбы өзү айткылачы. Шумкар

ОП-44-229. Менин саламым Света эжеге, Назира эжеге жана кийим тигүү цехинде иштеп жаткан эжелерге, апама жолдонот. Айпери

ОП-44-230. Алматыда "Кулагер" базарынын 0-катарында соода кылган менин жүрөгүмдү өрттөгөн кыз, сен мени тааныйсың. Атымды билесиң, мен сенин атыңды билбейм. Таанышып алсак болобу? +77026305323

ОП-44-231. И.Абдыразаков, сени менен сүйлөшкөн абдан жакты. Абдан эле жөнөкөй, кичипейил адам турбайсыңбы? Достугубуз үзүлбөйт деген ойдомун. Эң жакын дос кызың кыргыздын периси Бакуляга да чоң салам. Гуля

ОП-44-232. Кара-Суу районуна караштуу Баргы айылында жашаган мырзалар Марат, Медик, Сыры, Бакыш, Жони, Камчыга чоң салам, бар болгула. Акжуурат

ОП-44-233. Менин сүйүктүү досторум, агаларым, мени жакшы көргөн кыздар, силер бар болгула. Шерик

ОП-44-234. Атырауда иштеп, эмгек кылгандарга салам жана иштерине ийгилик. Жапар

ОП-44-235. М.Заиров мектебинин 10-б классынын окуучуларына чоң салам. Акжуурат

ОП-44-236. Менин жакын досум Аксана, Тынчтык менен бактылуу бол! Кыргыздын керегине жараган кыздардан бол досум, эч качан ооруба. Жакшы көргөн досуң Акжуурат

ОП-44-237. Менин сүйүктүү чоң энем Умсунай, чоң атам Рахман силерге чың ден соолук, Ак-Буура дарыясындай узун өмүр, кажыбас кайрат, арыбас дөөлөт, балдарыңыздын, келиндериңиздин, неберелериңиздин күнүн, күчүн, урматын көрүңүздөр, мен силерди сыйлаймын. Небереңиз Акжуурат

ОП-44-238. Ислам байке, сиз абдан сулуу экенсиз! Карыганда да ушундай сулуу бойдон кала бериңиз. Сизге ийгилик. Нур 07738060хх

ОП-44-239. Смсчилер ылайым бар болгула. Силерге ийгилик жана бакыт каалайм. 83-84ж сүйүүгө туруктуу, акылдуу, токтоо, сулуу, жылдызыдуу жигиттер менен таанышам. 0777767385. Жалал-Абаддан Айжанар

ОП-44-240. 07735849хх абоненти Нурлан, сизге чоң рахмат. Бактылуу болуңуз. Мээрим

ОП-44-241. Бишкек шаарында жашаган менин сүйүктүү байкем Замир жана жеңем Райкан, бир туугандарым Кулпунай, Дамир, жандай көргөн сиңдим Арууке, сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, арчадай жаштык каалайм. Бар болгула, бай болгула. Аллах силерди колдосун. Мен силерди жакшы көрөм. Папандан карындашыңар Акжуурат

ОП-44-242. Кыргызымдын эр азаматы, досум Акылга салам жолдойм. Сизге кааларым чың ден соолук, узак өмүр жана түбөлүккө бактылуу болуңуз. Айжанушка

ОП-44-243. Нелянын күйөрмандары, Неляны мактасаңар Бакуляны эмнеге жамандап кошуп кетесиңер. Нелянын өзүн эле жаза бербейсиңерби! Ар адамдын өзүнүн орду бар! Бакуля, сен жөнөкөй, татына кызсың. Көрө албай бут тоскондордун буту сынсын. Атыңа затың жарашып, дүйнө жүзүндөгү эң бир бактылуу адамдардын катарын толуктап, бар бол! Биз сени ушунчалык жакшы көрөбүз. Гуля, Айка, Бакуля, Жика, Самара, Айчүрөк, Айзирек, Бема, Чопа, Алтышка, Альбина, Диля, Кузя, Жака
ОП-44-244. "Дордой" базарында иштеген жаным Даниярга салам. Жаратканым буюрса бактылуу болобуз. Алматыга келбейсизби? Сагындым го сизди. Сасуляңыз

ОП-44-245. Ата-энеңди ардактап, "Апакем" деп ырдадың. Өз жериңди даңктап сен, "Кыргызстан" деп сыздадың. "Я твоя" деп ыр жазып, периштеңе арбалдың. Кыялкечим "Адемим" деп ажарына байландың. Жүрөгүмдү кыйнаба деп, "Фатимага" кайрылдың. Бактылуубуз экөөбүз деп, "Две звезды" деп ырдадың. Сүйүү үчүн кор болдум деп, үнүң созуп сыздадың. Эми баары кеч болду деп, "Коштошууну" ырдадың. "Күлгүн жаш" деп обон созуп, талантыңды арнадың. Алтыным сагынам деп, "Кусалык" ырын окудук. Башым ийип, таазим кылам, талантыңа ардагым. Атаандаштарыңан озуп чыксын деп Кудайымдан сурандым. DSJJ

ОП-44-246. Салам Назима, кел ааламды экиге бөлөбүз: Күн сеники, нур меники. Түн сеники, жылдыз меники. Көл сеники, толкуну меники. Андан көрө баары сеники, а сен меники болчу жаным Жолдошбек. 07724183хх

ОП-44-247. Исламга: Атыңызга жараша, обонуңуз болсун жанаша. Каалоомду кабыл алыңыз, бардык өлкөгө барыңыз. Өмүрүңүзгө береке, жараңыз элдик керекке. Алдыдан артка түшпөңүз, ыр дүйнөсүн үзбөңүз. Дагы, дагы күчтөңүз, эл оозунан түшпөңүз... Андыз

ОП-44-248. Иним Азаттын туулган күнү менен куттуктайм. Ыймандуу балдардан бол деп э жең Нургүл

ОП-44-249. Менин эң сүйүктүү эжекем Гүлназ Бакир кызына салам! Дайыма бар болуңуз. Сизди өтө жакшы көрөм. Байкебиз Канатты дагы. Азия FM +Алтынай
ОП-44-250. Ислам, баш байгең кут болсун! Азаматсың! Талантыңа таазим. Жүзүңдөн күлкү кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Күйөрмандарың сүйүп эстесин. Өмүрүң узун болсун, чыгармачылык ийгилик каалайм. Бар бол, бай бол! Айко

ОП-44-251. Канат Кадыржандын күйөрмандары барсыңарбы? Азия FM +Алтынай

ОП-44-252. Ислам, сизди жаныңыздан көргөнгө абдан куштармын. "Обонго" келишиңизди , анан мага окшогон жөнөкөй күйөрмандарыңыз менен маек курушуңузду көптөн күткөм. Суранам чакырып коюңузчу. Ишиңизге ийгилик. Жүрөгүңүзгө сүйүү, жүзүңүзгө күлкү уяласын. Ызатым менен күйөрман.

ОП-44-253. Ошто окуган досторум Дили, Айпери, Самараларга чоң салам. Алтышкалар силерди аябай сагындым. Буюрса, Баткенден жолугабыз. Гүлкайыр92

ОП-44-254. Алыста иштеп жүргөн менин жердештериме салам. Кайда жүрсөңөр да айдай башыңар аман болсун! Эч качан оорубагыла. Ийгилик силерге боордоштор! Канымай

ОП-44-255. Салам менин алтындай болгон досторум Феруза, Кызжибек, Айпери, Мээржан, мен силерди сүйөм алтындарым. Окууларыңарга ийгилик. Канымай

ОП-44-256. Оштун кыздарына салам. Астанадагы кыргыздардын ишине ийгилик. Асатанадан Баха +77025787106

ОП-44-257. Эх, достор мен бир мырзаны жактырам. Ал экөөбүз үч ай жүрдүк. Андан башка күндөрү да бири-бирибизди көрүп жүрчүбүз. Ал мага сүйөрүн, мен үчүн баарына даяр экенин көп айтчу, тилекке каршы ал менден 2 жаш кичүү. Ал азыр айылда. Бирок сүйлөшүп турабыз. Мен аны сагынам, жада калса кызгана берем. Көрсө аны сүйүп калыпмын. Менин смсимди окуп калсаң мага байланыш. Алтышкаң Алматыдан Ж.А.А.Э +77026667219

ОП-44-258. "Бекжан" базарында 2-кабатта байпак саткан Гүлзадага салам. Гүлзада, билесиңби Ильяздын концертинде экөөбүз тааныштык эле. Жакшынакай экенсиң деп мен сага жөн эле айткам. Бирок аябай кубангансың. Сени Неляга окшошсуң десем ошондон бери жанымды койбодуң го. Мен сага 17 жолу айттым окшойт, кызым бар деп. Сага кайдан номеримди берип калдым. Чалбачы, уялсаңчы, тынч койчу, сени тааныган бала Н....д +77026753007

ОП-44-259. Федоровдогу "Алтын Казык" мектебинин 11-а классына салам. Силер суперсиңер! Баарыңарды жакшы көрөм. Айка92

ОП-44-260. Аку, байкашымча катуу ооруп жатат окшойсуң. Кудайым сага шыпаасын берсин, тезирээк айыгып кет. Федоровдон Айка92

ОП-44-261. Салам Кыргызстаным. Менин ош шаарында жашап жаткан апам Пазылова Турдукан, бир туугандарым Улук, Мырзайым, Асел, Гүлдана, Нурзия, Айдана, Бактыяр, Надира жана башка туугандарыма салам жолдойм. Бардыгыңыздардын аман болушуңузду каалайм. Алматыдан Шерик

ОП-44-262. Саламым Айгөлөк, Аясал, Керемет, Гүлмира жана мени менен таанышкысы келген Ферузага жолдонот. Силерге тептерең ыраазымын. Сый урматым менен колуңарды кыса бетиңерден өөп Аку

ОП-44-263. Ошто окуп жаткан Сопу-Коргондук 88-жылкы Гүлназды туулган күнү менен куттуктайм. 07773261хх

ОП-44-264. Айдар Москва, эмне эле кыздарга асылып эле калгансың. Себебин аныктап берчи? Ар бир адамдын өз келечеги өзүнүн колунда. Сен аны өзгөртүп кете албайсың. Бизди жараткан Кудайдан улуу сүйлөбө. А болуптур коркуттуң, үркүтүң сага эмне пайда алып келди. Ал кыздардын ата-энеси бар, аларды сагынып күндө жараткан Аллахтан ден соолугун, өмүрүн тилеп, чет эл, чет жерде, кантип жүрөт, эмнеси болсо да аман-эсен үйгө кайтып келсе экен деп. Айдар сенин да келечегиң алдыда, баары убактылуу. Кыздарды (өлүмгө) эрте кетирген балдар азамат деп аталбайт. Алар маньяктар деп аталат. Сөздөрүңдү ойноп эмес, ойлонуп жаз. Терең урматым менен Айгөлөк

ОП-44-265. Саламым Чок-Тал айылындагы бир кызга жолдонот аты Э....а, сени сүйүп калдым окшойт... Г...

ОП-44-266. Кемелов Азатты туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, ата-энеңе күйүмдүү балдардан бол. 05552542хх

ОП-44-267. Саламым "Обон"гезитинин жалпы жамаатына жолдонот. Мен Аку менен таанышкым келет, сенден сураныч 0772620107 номерине sмs жазчы? Урматым менен Бытыш91.

ОП-44-268. Саламатсызбы Ислам байке, мен сизге смс жазганыма аябай кубанычтамын. Сизге каалоорум өмүрүңүз суудай тунук, темирдей бекем, арчадай узун болсун. Бактыңыз күндөй ачылып, гүлдөй жайнап, жылдыздай жансын. 05550914хх

ОП-44-269. Саламатсыздарбы "Обон", мен силерден ди-джей Эдил Эркинбаев жөнүндө билгим келип жатат, алдын ала рахмат. Жылдыз

ОП-44-270. Ууртатчы ууз сүйүү балыңдан, убайым жеп өтүп жүрөм жаныңдан. Аны бирок өзүң сезбей жүрөсүң. Ошол мага кыйын болду баарынан. Ой-санаалар көөдөнүмө тирелип, бири келип, бири кетип иргелип. Акырында айтар сөздү айткым бар. Жашаган соң бул дүйнөгө бир келип. Назика
ОП-44-271. Мен кыргызымдын сулуулары менен таанышкым келет. Сулуулар, силерди күтөм. Алтынбек, Москвадан баарыңа салам. +89269419822

ОП-44-272. Адашып гезитке номериң чыгып калса, кээ бир караңгы адамдар жаныңды коюшпайт. Адам сыяктуу айткандарыңа түшүнбөгөндөрү канча. Же эмне газетага чыгып калгандардын баарынын эле чымыны бар деп ойлошобу? Адам өзү кандай болсо өзгөнү ошондой ойлошот. Абда

ОП-44-273. Бектурсун, мен сизди сүйөм. Сизсиз жашоонун кызыгы да жок. 07736795хх

ОП-44-274. М.Иманбеков, биз сизди колдойбуз. Талантыңыз ташты жарсын. Сизди сыйлаган Маку Каку

ОП-44-275. Айдар, мени аябай мактап жиберипсиң. Кээ бир окурмандар түшүнбөй мээмди чагышты. Урматтуу окурмандар! Айдардын тамашасы үчүн кечирим сурайм, туура түшүнүңүздөр. Айдар, мен сага таарындым. Ал эмне кылганың? Абда

ОП-44-276. Армия десе артын түйүп алаңдашып, качкан бар, аялын түртүп базарга. Аралашып өзү казанга. Намысты жыйып жаткан бар, оптом жүрүп кыздар менен, ойсоңдогон короз сымал, чала эркек, ыржың, тыржыңы бар. Жаш кыздарга жалмаңдашып, калпты айтып алжаңдашып, бейкүнөө, назик кызды тепсеп. Каракчы, зөөкүр, айбаны бар. "Здраствуйга" тили келбей, 40 коюн так эсептебей, караңгы, сабатсыз, дөдөйү бар. Сакалдарын сербейтишип, курсактарын челейтишип, катын-бала үйдө жатса, саунада сойкуларга акчаларын чачкан бар. Анда кантип чыкмакпыз, ушундай кыргыз эренге, а көрөкчө жакшы го тийгеним жерге. Билсең эгер абай салып, казак, тажик, кытай дебей, байы, кедей дыйкан дебей балканактай уулду төрөп, бактыларын тапкан бар. Эх, жигиттер, жигиттер, не десеңер да, аялзатынан эркексиңер! Бул ыр Бакайга жооп. Аку

ОП-44-277. Талас, көлдүк кыздар-балдар менен таанышып, дос болгум келет. Федоровдон Айка92

ОП-44-278. Саламатсыздарбы кыздар? Мен 90-60-90 кыздар менен таанышкым келет. Даниел 0777191518

ОП-44-279. Ата-энемди абдан сагындым жаңы жыл качан келет, бөбөктөрүмдү келип жатат. Сиздерди жакшы көрөм. Барчынай
ОП-44-280. Иним Байалы Исламбековичти 3-декабрь туулган күнү мененкуттуктайм. Ар дайым бактылуу болуп, бар болсун. Эжелериң, апаң Кенже

ОП-44-281. Адилетти 3-декабрда 3 жашка толушу мнен куттуктайбыз. Келечегиң кең, бактылуу, таалайлуу, ооматту жигиттерден бол. Бекжан, Дилгир

ОП-44-282. Саламым "Триодогу" Нурматка жолдонот. Иштер жакшыбы, Ильич эмне номериңди алмаштырдың. Нурмат, Кейсиге ысык салам. Чопа

ОП-44-283. Салам "Обон". Популярдуулуктун туу чокусун багындырган Шабдан-Ата мектебининавторитети болгон 10-а класскажалындаган ысык салам. Бактылуу болгула. Классташыңар Айнура.

ОП-44-284. Бар болсо байлыгым деп санабагын, жок болсо жардымын деп кайгырбагын. 0777081794

ОП-44-285. Эң сүйүктүү эжекем Лаззатты туулган күнү менен куттуктайм. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин, жездем менен бактылуу болуңуз. Жамиля

ОП-44-286. Саламым менин ата-энеме жана бардык акыйнекчилерге жолдонот. Бар болгула дайыма. Бирге жүрөлү достор. Урматым менен Улья




Экөөбүз ал күнү бактылуу жаштардай коштоштук.
Үйгө кеч келдим. Өмүрүмдө биринчи жолу телегейим тегиз, бактылуу болдум. Апам менен сүйлөшкүм келип, ар түркүн нерселерден күлкү чыгарып, анын да көңүлүн көтөрдүм окшойт:
- Мына бүгүн сен бала кезиңдей өз калыбыңа келип калыптырсың. Мына сага ушундай жүргөн жарашат, - деди апам мени менен бактылуу болуп туруп сөз акырында.
Ырас, бул учурда мен өзүмдү бала кезимден да бактылуу болуп турганымды эч ким сезбеди. Мени ушундай бакытка жеткирүү бир гана Бахиддин колунда экенин менден башка эч ким байкабады. Жакшы эле эрте турганды ойлонуп, эрте жатканым менен ошол күндөгү жана ага чейинки бардык окуялар биринин артынан бири көз алдыман чубуруп, кино тасмадай элестеп уйку бербеди. Мурда Кудай анча башыма кирчү эмес, азыр ага жалынып, мындан аркы күндөрүм дал ушундай бактылуу жана кызыктуу болушун андан тилеп жаттым. Табиятымдан романтик болсом керек, бүгүнкү өткөн күнгө ыраазы болбой,андан аркы келечегимди элестетип, ар түркүн кырдаалда Бахид экөөбүздүн бактылуу жүргөнүбүздү элестетип, өз кыялыма өзүм кумарданам.
Качан уктаганымды билбейм, эртең менен эрте сергек ойгондум. Жүрөгүмө тамак баспай Бахидге жолугуш үчүн сабакка шашылдым. Ал да менин келээримди билгендей корпустун эшигинин алдында баягыдай күтүп турган экен. Аны көргөндө сүйүнүп кеттим. Кимдир бирөөгө керек экенимди, ал сен үчүн уктабай күтүп турганын сезгенде, кызга мындан ашык эч нерсенин да кереги жоктугун баамдадым. Өзгөчө өзүм сүйгөн, же сен сүйгөн, ошондой эле сени сүйгөн адамдан мындан башка эч нерсе талап кылынбасын билдим, кыз баланын сүйүүсүндө эмне артыкчылык бар экендигин туйдум.
- Кандай, көп болдубу күткөнүңө? - Далай жыл көрбөй сагынган кишидей мойнуна асылып, ары өткөн, бери өткөндөрдөн эч кимди көзүмө илбей өөп алганымды байкабай калыптырмын. Ал мага караганда токтоолук кылдыбы, же тааныштардан тартындыбы, колумдан акырын назик кармап:
- Көп деле болгон жок. Мен сени өмүр бою күткөнгө даярмын,- деди. Мына ушул сөздөн улам көөдөнүмдү Бахидге гана арналган эч кимге айтып түшүндүрө алгыс жылуулук аралады. Башка жер болсо мүмкүн кучагымдан чыгарбай ушул жылуулук тарагыча өпкүлөйт белем, корпустун алдында дос-душмандарыман тартынып токтоп калдым.
Ал күнү сабакка жыргатып деле катышкан жокпуз. Сабакта отурганыбыздан көчөлөп, кинологонубуз көп болду. Экөөбүздүн бат эле минтип ысык болуп кеткенибиз көпчүлүк тааныштарга түшүнүксүз бойдон калды.
Алгач мен Арзыкандан катуу уялып жүрдүм да бир күнү ага деле жооп таап алдым. "Менин тагдырымда анын кандай тиешеси бар. Ага убада бердим эле деп азап чегип жүрө берейинби. Эгер ал мага чыныгы дос болсо жок дегенде бир жигит менен тааныштырат болчу. Антип мага жакшылык кылбагандан кийин анын досчулугу кайсы. Мен ооруп жатканда чыныгы дос болсо бир барып ахыбалымды сурап коёт эле го...". Арзыканга карата ушундай жооп таап алганыма катуу сүйүндүм. Эгер Арзыкан келип сен туура эмес кылдың десе сөзсүз ушуларды айтам деп айтчу сөзүмдү дайындап койдум. Бирок Арзыкан мага жолукканы менен Бахид экөөбүздүн мамилебиз тууралуу кайдыгер кишидей эч нерсе сураган деле жок. Чынында андай мамилеси менин көңүлүмдү муздатып койду. Мен Бахид менен жакшы болгондон кийин бир топ кыздар өзүнөн өзү алыстап кетишти. Адамдар кызыкпыз деп ойлоп койдум.
**
Ушундай күндөр беш айдай созулду. Бул мезгилде менден өткөн бактылуу киши болбоду окшойт. Мындай күндөр канчага созулат эле билбейм, бир күнү сабакка эч кандай себеби билинбей Бахид келбей калды. Ушул кезге чейин анын кайда жашаарына кызыгып адресин сурап албаптырмын. Сабак аяктап калгандан кийин анын келбей калган себебин өзүмчө ойлонуп, ооруп калбаса экен деп Кудайдан тилеп, илкий басып аялдамага бараткам. Аңгыча артымдан менин атымды чакырып бирөө кыйкыргандай болду. Артымды карасам шаардык өзбектерге окшогон бир аял мени көздөй келе жатыптыр.
- Жакшымысыз? - АялдынТажикстандык экенин мына ушул сөздөн улам баамдадым. Бахид тууралуу жаман кабар укчудай жүрөгүм титиреп кетти. Аял аны сезгендей, мени жоошутууга аракеттенгендей жер карады. Экөөбүз катарлашып бир топко жөө бастык, мен андан сөз күтпөстөн азыр ыйлап жиберчүдөй буулугуп бараттым. Ал да менин ахыбалымды сезгендей сөздү эмнеден баш-
таарын билбей аргасыз келатса да баары бир айтылчу сөз айтылыш керек дегендей токтоп, тамагын кырып:
- Сиз Бахиддин оорусу... жин оорусу бар экенин билесизби?--деп сурады акырын. Чынында бул тууралуу мурда укпасам эмне деп жооп береримди билбей ийнимди куушурдум. Аял өз сөзүнө карата менин маанайымды карап, сыягы сыртынан кейпим эч кандай өзгөрбөсө керек, анан сөзүн кайра улады:
- Бүгүн ошол жин оорусу кармап, өзүн кайда коёрду билбей чаң салып жатат. Сизден башка кишини укпачудай, сиз бизге жардам бериңиз, -деп келген себебин түшүндүрдү. Мен бул аялга ишенээримди, же ишенбесимди билбей туруп калганымда, анын өңү кан жетпей калгандай купкуу болуп кеткен экен. Эриндери да көпкөк тартып, калтырап талмасы кармоочу кишидей кеберсийт. Бул таптакыр эле оорулуу деп ойлогонумча катуу үшкүрүп алды да:
- Сиз аны менен бекер байланыштыңыз. Анын жин оорусу бар экенин билбейсиз го, -деди. Анын бул сүйлөгөнү чынында мага катуу тийди. Айтылган сөздүн артында чындык барбы, же жокпу көзүм жетпей турду. Мен Бахиддин оорусун укканда баруу керекпи же жокпу деп ойлонсом, анан "жин оору" дегенди уккандан кийин көөдөнүмдө бир сезим сөзсүз барышың керек дегендей буйрук берип турду. Бир учурдагы эч бир жан түшүнбөгөн өзүмдү эстедим. Чынын айтканда мени Бахиддин оорусу кызыктырбастан, анын "жин оорусу" менен кошо бир мезгилде тигил аялдар айткан аялын көргүм келди, ал кандай неме болду экен деген суроо кызыктырды. Анын айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын минтип жаман сөздөрдү айта бериши бир эсе жиниме тийсе, бир эсе ошол сөздүн чын-төгүнүн билүүгө умтултуп таштады.
Ырас бүгүн бүтүрөйүн деп пландаштырган көп жумуштарым бар эле, анын баары самандай сапырылып, башыма азыр жетип мына бул аял айткан Бахиддин оорусун көрүп бир мезгилде айтылган сөздүн аныгына жетүү максаты гана турган.
Аял менин кандай чечим кабыл алаарымды күтүп маңдайымда туруптур. Аны көргөндө ого бетер кыжырым кайнап, эгер колумда бийлигим болсо ушундай суук кабар алып келгени үчүн өлтүртүп коюудан кайра тартпайт элем.
Менин мындай оюмду түшүнгөнсүп тигил аял да жалтактап, тике карай албады, өзүн кандайдыр бир күнөөлүү сезгендей жер тиктейт.
- Ал азыр кайда? - Башка бирөөнүн коркконун сезгенден кийин адам компоюп калат эмеспи, менде да ошондой сезим болду окшойт, чыртылдап кыр көрсөтүп, мурдум менен тийип алганымды өзүм да байкабай калдым. Аял менин сөзүмө маани бербей:
- Келиң, мен көрсөтүп коёюн, -деп, чыгыш аялдарынын басыгы менен текилдеп алдыма түштү. Анын алдында бараткан кыймылын көрүп өзүмчө эле кыжырланып, туталанып бараткам, качан автобуска түшкөндөн кийин андай сезим кайда тарап кеткени билинбей өзүмдөн-өзүм жайдарылана баштадым. Көңүлүмдүн мынчалык тез ачылып кеткенине өзүм да түшүнбөй калдым. Айрым кыймылдарымды башкарууга аракеттенгеним менен, көпчүлүгүнө ээ боло албай жатканымды сездим. Эптеп алаксыйын деп:
- Сиздин атыңыз ким? - деп сурадым тиги аялдан. Ал менден мындай суроону күтпөсө керек, буйдала түштү да:
- Салават, -деп өз атынан уялгандай жер карады. Баятан бери анын жүзүнө анча көңүл бурбаптырмын, азыр карасам ал өтө эле жаш кыздай көрүндү . Эми аны "сиз" же "сен" дээримди билбей турганымда:
- Ушул жерден түшөбүз, - деп ал көпчүлүктүн арасынан мени алдыга өткөрүп, өзү артымдан ээрчиди. Жерге түшкөндөн кийин этаж үйлөрдү аралап бир үйгө кирдик.
Бахид бийик жаздалган темир керебетте купкуу болуп, эки-үч айлап ооруган кишидей болуп алсырап жаткан экен. Эки бөлмөлүү квартиранын аркы бөлмөсүндө өзүнчө кужулдашып сүйлөшкөн үндөр угулат. Бир топ киши бар сыяктанат. Бахиддин керебетинин жанына барганымда ачуу тердин жыты мурдумду өрдөй берди. Ал өзүнчө бирдемелерди сүйлөнүп, катуу кыйналгандыктан эрдин тиштенип онтоп алууда. Биринчи киргенимде мени тааныган жок окшойт, эч кимди жактырбаганын билдиргенсип, ары бурулуп кетти. Каны качкан керсары өңү, коюу кара каштарын ого бетер өңүнө чыгарып өзгөчө сулуу кылып турган экен. Аны менен кантип сүйлөшөөрүмдү билбей турганымда, сырттан элүүлөргө жакындап калган аял кирип мени менен учурашты да, Бахиддин температурасын текшергендей маңдайына алаканын коюп:
- Бахид, сага Элмира келди, мында турат, - деди. Ушул эле сөздү күтүп тургансып, шарт бери бурулуп, кандайдыр бир кубанычты ичине батырган жылмаюу менен мени карады. Бул учурда андан бактылуу киши жоктой сезилди мага. Анын мындай мамилеси билинбегени менен менин көңүлүмдү көтөрдү. Өзүңдүн кимдир бирөөгө керек экениңди сезүү кыздар үчүн абдан маанилүү экенин мен ошондо алгач даана сездим. Эгер тигил аял болбогондо кучактап, өпкүлөп,ыйлап жиберишим толук мүмкүн болчу.
- Эмка, чын эле сен мага келдиңби? - деп сурады Бахид араң жан үнү менен. Көмөкөйүм жашка буулуп тургандыктан анын суроосуна сөз менен жооп бере албай башымды ийкедим. Ал төшөктөн колун чыгарып, мага сунуп, кол кармашып учурашкысы келгенин билдирди. Бахиддин андан аркы оюн түшүнгөндөй тигил аял сыртка чыгып кетти да, эшикти коомай жаап койду. Бул биздин сөзүбүз толугу менен сыртка угулуп турушун каалагандыгы экендигин туюндуруп турду. Мен анын колун кармаганым менен боюмду андан оолак кармоого аракеттендим. Андан өзүмдү оолактатып турган дагы бир жагдай - анын аялы жөнүндө укканым эле. Аялы ушул жерде болсо керек деген ой көңүлүмдөн кетпей, аны менен кеп чечилип сүйлөшө албадым. Бахид айттырбай түшүндү окшойт:
- Ырахмат, Эмка ушунча убактыңды бөлүп мага келгениңе.Менин ушундай оорум бар, мен бул оорум менен он беш-он алты жылдан бери алышып келатам. Акыры ушул оору менин түбүмө жетет окшойт,..-деп андан аркы сөзүн жутуп койду.
- Врачтарга көрүнбөйсүңбү? - Оюма мындан башка сөз кирбеди. Ал мага ыраазы болгондой карап, көзүнөн бир башкача нур чыгара:
- Бул ооруну дарылаш доктурлардын колунан келбейт. Эгер алардын колунан келсе мен эбак эле жакшы болуп кетмекмин. Бул ооруну дарылай турган кишилер азыр жок окшойт, - деди. Анын мындай сөздөрү мага анча жага бербеди жана мен ал сөздөрдүн маанисин толук деле түшүнө бербедим. Ал мага калп эле өзүнүн оорусунун кадыр-баркын көтөрүп жаткандай, менин боор ооруганым керек болуп күткөндөй сезилди. Мен ага эмне деп жооп айтаарымды билбей апкаарыдым.
Абалды туура баамдады окшойт, ал мени бир аз карап турду да, баары бир түшүнбөйсөң дегендей көүн буруп кетти. Ага эмне деп көңүл көтөрөөр сөз айтаарымды билбей, чечилип сүйлөшө албай көөдөнүм удургуйт. Эси-дартымдын баары анын аялында. Бир эсе ал кандай экенин көргүм келсе, мени Бахидге чечилип сүйлөштүрбөй жаткан да ошол. Башкы себеби Бахидге сүйлөйүн деп даярданып калганымда эле, тигил бөлмөдөгү кужулдактар басылып баары менин сөзүмдү тыңшап аткандай туюлат да, сүйлөөчү сөзүмдү жутуп коем. Мендеги ахыбалды толук күргүсү келдиби, Бахид кезун аңтарма өнөрүнө салып карай баштады. Анын эмнегедир ушул кейпин көргөндө, кичинекей баланын таарыныч көзүн аңтарганы элестеп, кыжырым кайнап чыгат. Ушинткенде баарын билем дегени эсиме түшүп, андай кыйын болсоң азыр ахыбалымды билип берчи дегендей көз ирмебей карап турдум.
Ошол абалын өзгөртпөй бир саамга тиктеп турду да:

- Дагы сенин настроениеңди бузушкан экен да, -деди үшкүрүп. Башка жер болгондо мындай кеңүл жубаткан сөздөн улам ыйлап жиберет белем, азыр өзүмдү токтотуп араң-араң, карманып турдум. Анын ушунчалык сезгичтигине ичимден ыраазы болуп, мындан башка киши мени мынчалык түшүнө бербейт деген ишеним андан ары бекемделди. Ушул мезгилде жанагы элүүлөргө жакындап калган аял подноско баарын даярдап, чай көтөрүп кирип келди. Бахид анын ар бир кыймылына көз салып, качан ал кайрыла бергенде:
- Салаватты кир деп коёсузбу? - деди. Бахиддин бул сөзү араң угулганы менен өктөм айтылды. Тигил аял бирдеме байкагандай катуу силкинип алды да, аргасыз макул дегендей башын ийкеп чыгып кетти. Мен Салаваттын сөзүн буга айтып ушактагандай өзүмдү ыңгайсыз сездим. Баскан дабышы билинбей Салават кирди. Анын өңүнөн гана эмес, баскан-турганынан да корккону даана байкалып турду. Ал сен бирдеме дедиңби дегендей мени жал-жал карайт.Салаваттын көз карашына үнсүз жооп берүүгө аракет кылдымбы, же өзунөн-өзү аракетке келдиби, айтор башымды чайкап алдым. Муну Бахид да байкап турса керек.
- Эмка мага эч нерсе деген жок. Салават, бирок сенин эмне айтканыңды мен сезип турам. Ушул силер менин турмушума кийлигишкенди качан коёсуңар? - деди Бахид акырын жана каардуу. Салават мени жаман көзү менен тиктеп туруп, Бахидге тажикче бирдеме айтты. Бахид ага тажикче жооп берди. Алардын сүйлөгөн сөзүнө түшүнбөгөнүм менен кыймыл-аракети кыжылдашып жаткандарын билдирип турду. Бир маалда экөөнүн башка тилде сүйлөшүп жатышканына ыңгайсызданышты окшойт:
- Мына ушунун баары, бул оору да ошол себептен, - деди Бахид. Салават ага каршы каяша айткысы келген жок окшойт, унчукпай турду да чайдан куюп өзүн алаксытты. Биринчи чыныны мага сунган, чайды алып, подностогу кургак өрүктөн ала бергенимде:
- Эмка, өрүктөн жебе, чайды да ичпе, - деген Бахиддин үнү жүрөгүмдү түшүрдү. Мага уу берип жаткандай болуп Салават кызарып кетти. Мынчалык душмандык кылганына түшүнө бербей дал болдум. Кандайдыр бир башка дүйнөгө келгендей Бахидди бир, Салаватты бир карап эч нерсе түшүнбөгөндүктөн, менин жан дүйнөмдү оор коркунуч аралап өттү. Салават уу берип, менин мында эсиме келбей кулап жатканым көз алдыма элестеди. Бахид өүнчө жинденип:
- Баарын кылган ушулар. Менин минтип оорулуу болушума да ушулар күнөөлүү. Эми минтип сени да оорулуу кылганы жатышат. - Анын оюн далилдегенсип, Салават куюп берип жаткан чайын таштап кетип калды. Анын мындай аракети мени абдан терең ойго салды. "Мен буларга эмне жамандык кылдым эле. Булардын ортосунда мынчалык эмне душмандык бар болду экен. Бахид буларга ишенбесе эмне себептен алар менен чогуу бир үйдө жашап жүрөт". Мындан да кеп суроолор башымды аралап, бирок биринде да жооп ала албадым. Бир байкаганым бул жерде өтө татаал маселелер бар экендигин туйдум.
Алгач Бахидди ала кетейин деп ойлогом, бирок анын аялы тууралу ой башыма келгенде жанагы оюман баш тарттым. Бахидди булар өлтүрүп коюшат го деген бир жолбун ой келе калган, кайра ушуга чейин өлтүрбөгөн булар эми кантип эле ошол ишке барсын деген ой жеңип чыкты да, менин бул жерде отура беришим туура эместигин сездим. Аны минтип кыйналып турган Бахидге кантип айтаарымды билбей турганымда ал өзү:
- Сага бул жерге көп отурууга болбойт, булар бирдеме кылып жибериши мүмкүн, -деди. Тигилердин көзүнчө эле ушинтип ар кайсыны айта бергенинен улам анын оорусун "жин оору" деп коюшат го деген да ой кетти. Бахид мени кете бер дегени менен чынында кетиргиси келбей колуман кармап бир топко турду да, эми бара берсең болот дегендей акырын колуман сылап койду. Мен ордуман турганда ал бурулуп ары карап жатып алды. Анын мындай кыймылы мага бул жерде сүйлөшө турган эч ким жоктугун далилдеди. Чынында анын көңүлүн көтөрүп өөп коёюн деп ойлогом, бирок тигилер ага мүмкүнчүлүк бербеди. Оозгу бөлмөгө чыга бергенде мени Салават менен орто жаштагы баягы аял күтүп туруптур.
- Сиз Бахиддин сөзүнө ишенип Салаватка капа болбоңуз. Ал жинди болгондо... - кайра ушул жерден сөзүн тууралап, - тигинтип ооруп калганда