Атактуулардын ааламында

Амитабх Баччан
Жашы бир топко барса да жаш актерлордон кем эмес популярдуулукка ээ болуп келет. Индия актерлорунун негиз салуучуларынын бири, жол баштоочусу Амитабх Баччандын жеке жашоосуна, чыгармачылыгына кайдыгер эмес болсоңуз төмөнкү маалыматтар сиз үчүн.

Блиц-анкета
Туулган жылы: 1942-жыл 11- октябрь, жылдыз белгиси боюнча тараза
Боюнун узундугу: 1, 88 сантиметр
Туулган жери: Индия, Аллахабад шаары
Үй - бүлөсү: жубайы Джая Бхадури жана бир уул, бир кызы бар
Эң алгачкы жолу киного: 1969-жылы тартылган
Баардыгы биригип: 201 тасмага тартылган

Дүйнөгө дүңгүрөгөн мега жылдыз
Белгилүү актер Амитабх Баччан карьерасын алгач карапайым жүк ташуучу болуп иштеп баштаган. "Семь индеецев" (Жети индеец) тасмасында кичинекей гана эпизодго тартылып өзүнүн багын сынап көргөн. Андан кийин бир топ убакытка чейин кино жаатында жолу болбой радиолордо диктор, театрларда актер болуп гана иштеп келген. Кантсе да көздүү мончок жерде калбасы ыраспы же таалайына ошол нерсени жазганбы айтор айланадагы адамдар, жакшы санаалаштары анын тубаса талантын байкап Амитабхты киного тартылтуунун камын көрүшөт. Башкы каармандын ролу, көрүнүктүү эпизоддорду актер "Месть и закон" (Мыйзам жана кек) тасмасында аткара алган. Ушундан соң анын жеке жашоосунда да "жашыл түс" күйүп, болочоктогу жубайы Джая Бхадури менен таанышкан. Аны менен бир нече убакыт чогуу жашап жакында ата болоору маалым болгондон кийин мыйзамдуу түрдө 1973-жылы 3- июнда баш кошушуп, бир жылга жетпей Швета аттуу кыздуу болушкан. Ал эми өз ата -энесинен калган эстелик бүгүнкү күнгө чейин эч нерсеси өзгөрбөй бардык буюмдар алар тирүү кезинде коюп жайгаштырышкан экөөнүн бөлмөсү. Жашоодо кыйналганда же оор абалга туш болгондо ата-энесинин бөлмөсүнө кирип сыйынып, алардан жардам сурайт.

Кырсыктын
артынан кырсык
Сүйүктүү жубайы жанында, балдары айланасында, актердун дегеле жеке жашоосуна нааразычылыгы жок. Ал эми карьерасында катаал шарттарга туш келип, аларга моюн сунбай колдон келишинче ушул күнгө чейин күрөшүп келет. Өз кесибин жан-дили менен сүйүп баалаган актер сьемка учурунда эң оор трюктарды аткарам деп бир топ кырсыктаган, анын азыр сынбаган жери калбаптыр. Ошол оор жаракаттардын айынан бир топ убакытка чейин чыгармачылыгынан алыстап, ден соолугунун камын көрүп жүргөн. Жаңыдан баш көтөрүп жашоого жаңы дем менен карай баштаганда 1982-жылы катуу жол кырсыгына кабылып 4 омурткасы сынып, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Оор операциядан кийин анын жанын аман алып калган ак халатчандар ага экичи жолу жашоо тартуулаганын ар убакта баса көрсөтүп келет.

Кашыктап
чогулткан кадыр-баркы чөмүчтөп төгүлүп…
Амитабх Баччан ушуга чейин жакын адамдарына "Эч качан саясатка аралашпагыла" -деген кеңешин берүүдөн тажабайт. Себеби өз жон териси менен сезген оор түйшүктү, жагымсыз жагдайларды, куру убараларды ал душманына да каалабайт. Актердун тамаша-чын аралаш "актер болуп кашыктап чогулткан кадыр-баркымды, саясатчы болуп чөмүчтөп чачтым" дегени бар. Сүткө оозу күйгөн Амитабх Баччан Раджив Гандинин ишенимдүү жакын адамы болгон. Индира Гандинин өмүрүнө кол салуу болгондон кийин Радживдин көңүлүн жубатып аны колдош үчүн саясатка аралашкан экен. Бирок саясат өзгөчө жөндөмдү талап кылгандыктан Баччан өзүнөн саясатка керектүү жөндөмдү көрө алган эмес. Тырмагынан илинип, бармагынан малынып алгандан кийин артка жол тартыш азапка турган. Раджив Гандинин өлүмү, тынымсыз сурактар, мойнуна коюлган жалаалар… айтор биринин артынан бири жамгырдай жааган жагымсыз окуялар өз үй-бүлөсүнө да кедергисин тийгизбей койгон эмес. Ошондон соң Амитабх Баччандын үй-мүлкүн конфискациялап, аялы, балдары менен Нью-Йоркко көчүп кеткен. Актердун саясатка аралашкан 2, 5 жыл убакытта анын тапкан пайдасы ушул болуптур. Ал эми жол кырсыгына кабылып эки жума комада жатып, 2 -август күнү көзүн ачкан. Эми 2-август сайын ал экинчи туулган күнүн белгилеп келет.

Бир жылдык
кирешеси 3
миллион доллар
Жашы өткөн сайын үй-бүлөсүнөн өткөн жакындары жок экенине ынанган актер тапкан-ташыганын чып-чыргасын коротпой үй-бүлөсүнө жумшайт. Анын бир жылдык кирешеси орто эсеп менен 3 миллион долларды түзөт. Буга чейин өмүрүндө 3 жолу гана темир тулпар алмаштырыптыр, ал эми ден соолугу кескин начарлагандыктан бүгүнкү күндө жумушун 50% азайткан.
Актерго "Голливуд" дегенге караганда "Болливуд" абдан жагат, болгону эч убакта экрандан өбүшкөн интимдүү эпизоддорду аткаруудан баш тартат, деги эле Амитабх Баччан катышкан кинолордо андай эпизоддорду кездештирүү кыйын. Анткени режиссерлор сунуштаган ролду кылдаттык менен карап чыгып ага туура келсе гана макулдугун берет. Бир убакта өзү айткандай "кашыктап чогулткан кадыр-баркы" ага азыр да чоң жардамын тийгизип келет.




Киркоровду ким
сотко
берет?
Күнүгө чыгуучу украиналык "Блик" атуу гезитинин өкүлдөрү Филипп Киркоровду сотко беришет, себеби Киевде өтүп жаткан гастролунда ырчынын жан сакчылары жана Киркоров өзү баш болуп "Блик"гезитинин сүрөтчүсүн сабап, кабарчысын орой сөздөр менен сөгүп салган. Филипп Киркоровдун мындай оор кадамына эмне түрткү болду деген суроо пайда болот. Гезитте иштеп Киркоровдун колунан запкы жеген сүрөтчү менен кабарчы аны папарация жолу аркылуу кээ бир кереги жок кадамдарын сүрөткө тартып алышыптыр. Албетте сүрөтчүнү катуу сабагандан кийин Филипп өз колу менен анын сумкасынан фотоаппаратты алып чыгып жерге чаап салган.

"Ранетки" тобунун
романы аягына
чыкты
Бул топту түзгөн сулуу кыздардын бири Лера топтон кетүүгө аргасыз болду. Анткени ал бийкеч продюсери менен ысык мамиледе болчу, бирок экөөнүн ортосун кара мышык аралап эки башка жолго түшүшкөн. Эми анын сүйүүсү минтип карьерасына залакасын тийгизип отурат. Продюсери Сергей Мильниченко Лерага кабарлабай туруп башка кызды топко кошуп алган, муну уккан Лера жанын коерго жер таппай же продюсерине да барып бет келип таарынычын айта албай отурат. Анткени Леранын туура эмес кадамы алардын ажырашуусуна алып келген.

Подольская
мурдуна кайра
операция жасатты
Владимир Пресняковдун сүйүктүү жубайы Наталья Подольская ушуну менен экинчи жолу мурдуна операция жасатып жатат. Анткени анын мурду бир аз кыйшайып тургандыктан буга чейин ырчыга бир топ комплекстерди тартуулап келген, ал эми "Фабрика звезд" долбооруна катышканга чейин мурдунун формасын кичирейтип оңдотом деп тескерисинче бузуп алган. Айтор Пресняковго туш болгон айымдардын баарынын эле мурундары "берекелүү" окшойт. Кристина Орбакайте да бир нече жолу мурдун кичирейтүүнүн айласын көрүп жүрдү эле.

Земфира сатуучулар менен мушташты
Жемин жедирбеген Земфира дүкөнгө кирип азык-түлүк, спирт ичимдиктерин алмак болуп сатуучулар менен мушташып кетти. Анткени ырчы айымдын айтымы боюнча кардарларга сатуучулар өтө орой мамиле жасашат, ал тургай кассада турган жигит менен мушташа кетип ал Земфираны көзгө койгон экен. Ал эми дүкөндө иштегендердин билдирүүсү боюнча ырчы мас болуп алып кирип келип ойго келбеген сөздөр менен жумушчуларды сөгүп, чыр-чатакты өзү уюштурган. Кассада турган жигитке биринчи кол көтөрүп, ал болсо албетте Земфиранын муштумун жоопсуз калтырган эмес.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева