Ойгон кыргыз!

Дүйнө эли СПИДден кырылабы?!
Кыргыз калкы "кыргыз" болуп калыптанганы анын жазылбаган, айтылбаган мыйзамдары болгон. Ошол мыйзамдын негизинде калкыбыз улуу да, сулуу да ал тургай ыйык да, бийик да болуп сакталып калган жана ушул күнгө чейин урпактары жашап келебиз. Ал эми мусулман динин кабыл алганы кыргыз улутунун касиетине касиет, дараметине дарамет кошулуп жашообузда жагымдуу тирөөч пайда болгон. Элибиз ошол мусулманчылыктын эң бир жөнөкөй, эң бир таза, мыйзамдары менен өзүнүн улуттук касиетин аралаштырып, учурдагы урпактарына бул дүйнөдөн даңгыр, ишенимдүү жол ачып берген. Тилекке каршы биз ал жол менен кете албай, күнүмдүк кызыкчылык, батыш элинин таасири дагы толгон-токой себептер менен өз келечегибизге, калк келечегине өзүбүз балта чаап жатабыз. Айта берсек буга мисал толтура: Ошол эле ичимдикке берилүү, баңгичилик, ыйман-адептин жоктугу... Айтор мунун баары келечек кыргыз калкына кедергисин тийгизип, мына ушундай оорунун жайылышына "жакшы жардамчы" болуп жатканы жан кейитет.
1-декабрь дүйнө эли тарабынан СПИДге каршы күрөшүү күнү болуп жарыяланып келет. Бул багытта бир эле бул күнү эмес саат сайын аракет кылсак да тескерисинче ооругандардын саны көбөйүп жатканы эч кимге сыр да, таң калыштуу да эмес. А биз бул багытта мекенибизде кандай иш-чаралар жүрүгүзүлүп жаткандыгы жөнүндө билүү максатында "СПИДге каршы күрөшүү боюнча иш алпарган "Хадис" коомуна кайрылдык. Бул коом бул багытта тикесинен тик туруп иш алып барып жатканы босогосун аттаган эле адамга сезилчүдөй.

ВИЧ жана СПИД деген эмне?
ВИЧ кыргызча АИВ- бул:
А = адамдын
И = иммунно жетишисиздик
В = вирусу
ВИЧ -бул көпкө чейин өзүнүн адам организминде бар экендиги билинбестен жашыруун сакталуусу менен өзгөчөлөнөт. Бул вирус тышкы чөйрөдө туруктуу эмес: 56°Сда 30 минутта, кайнатканда 5 минутта; химиялык жол менен тазалаганда (хлор, спирт, йод) жоголот.
Вирус радиацияга, ультрафиолет нурга, муздакка (-70° С) туруштук берет. Вирус кургак үйдүн температурасында биологиялык чөйрөдө (канда, жыныс бездериндеги бөлүнүп чыккан суюктукта) бир канча сутка сакталат. ВИЧ изилдөө тарыхында жөнөкөй жол менен жукканы белгисиз.Ал өзгөрүүгө ыңгайлуу, бир адамдын организминде вирустун көп түрү, варианттары (штаммдар) пайда болот. Вирустардын өзгөрүшү дарыларды ойлоп табууга жолтоо болуп, аны жоюуга мүмкүнчүлүк бербейт. ВИЧ оорусун жуктурган адамдар көп жыл бою (5 жылдан 15 жылга чейин) өз оорусу жөнүндө билбей жүрө берет, өзүн ден соолугу соо адамдардай сезет, бирок вирус канында болгондуктан, тездик менен көбөйөт. Жугуштуу оорулуу адам ВИЧти башкалардан жугузуп алган учурдан баштап башкаларга жугуза берет. Ошол эле учурда оорунун белгилери башка оорулар менен аралашып, адам көп көңүл бурбайт: алы кетип, эч себепсиз дене ысып, ичтин өтүүсү, жөтөлүү, арыктоо ж.б. сезилет. Мындай оору бир канча аптада эч кандай дарыланбай өтүп кетет. Андан соң жашыруун мезгил башталат да, ал көп жылга созулат. ВИЧ менен СПИДге чейин өөрчүп жеткенче 10 же андан да көп жыл өтүшү мүмкүн.
СПИД-ЖИКС (жуктурулган иммун жетишсиздик синдрому) - оорунун акыркы баскычы. Акыркы баскычта адамдын иммундук системасы начарлай баштайт, организм ооруларга каршылык көрсөтө албай, айыктырууга мүмкүн болбойт: кургак учук, өпкөгө суук тийген, коркунучтуу шишик (рак) ж.б. СПИД тез өнүгүп, оор абалда өөрчүп, өлүмгө бат алып келет.
СПИД-(ЖИКС) термини ар кандай оорулардын белгилерин бириктирет, натыйжада организмдеги иммундук системанын начарлашына, акыры ВИЧ жугуштуу ооруга алып келет.
Ж = жуктурулган
И = иммундук
К = кем
С = синдром

ВИЧ - жугуштуу
оорунун дүйнөдөгү абалы?
Азыркы мезгилде ВИЧ бардык континентте тараган. Дүйнөдө жугуштуу бул оору кезикпеген бир да өлкө жок. Эң көп жугуп тараган - бул жаштардын тобу.Айрыкча 15-24 жаш курактагылар. ВИЧ жана СПИД жөнүндө биринчи жолу 1981-жылы АКШда басма бетинде жарык көргөн, бирок көп өтпөй эле мындай оорунун башка өлкөлөрдө да бар экендиги, айрыкча Африка өлкөлөрүндө кездешээри белгилүү болгон.27 жылдын ичинде СПИДден 30 миллион адам каза болгон, азыркы тапта ВИЧ- СПИДге чалдыккан 47 миллион адам жашайт. ВИЧ- СПИД оорусунун айынан оорукчал адамдардын жашоосу 16 жылга кыскарып, орточо жашоосу 45-47 жылды түзөт.

Кыргызстанда
Республикалык СПИД уюмунун маалыматтары боюнча Кыргызстанда ВИЧ белгилүү болгон, ал оору менен жашаган адамдардын саны 1987-2000-жылдары - 53 киши болсо 2008-жылдын 1-ноябрындагы аныктоо боюнча бул сан 1931 кишиге жетти, ал эми катталбагандардын саны бир кыйла көп. Мисалы 1931 адамдын 315и - баңгизат колдонуучулар, бул жалпы оорулуулардын 68 % түзөт. Расмий катталгандардын көбү Ош жана Бишкек шаарларында, Ош, Чүй областарында. ВИЧ жугуштуу оорусу эмгекке жарамдуулардын арасында, тактап айтканда 29 жашка чейинкилердин арасында учурда 64%ды түзөт. Акыркы 8 жылдын ичинде Кыргызстанда ВИЧ жугуштуулук менен ооругандардын саны аялдарда көбөйдү, 2000-жылга салыштырмалуу 2008-жылы 3төн 436 аялга жеткен. ВИЧ- СПИД менен катталган жаш аялдардын ичинен 20дан 35 жашка чейинки төрөт курактагылар 80,2% түзөт. Катталган жалпы аялдардын 66,7% жыныстык жол менен жугузган, 33,3%- парентералдык укол куюу жолу менен, жалпы шприцти колдонуудан жана баңгизаттары пайдалануудан жугузушкан. Ошентип жыныстык жол менен жуктурган аялдардын саны 67% түзөт, анын ичинен аялдардын 88% дайыма жашоочу адамы жоктор болуп саналат.

ВИЧтин таралышы:
1) Кан аркылуу;
2) Жыныстык жол;
3) Энеден балага

ВИЧтин кан
аркылуу жугушу:
ВИЧтин жугуштуулук коркунучу баңгизатты тазаланбаган шприц, ийне менен пайдаланууда;
Жугуштуу оорулуу кан жана канды алмаштыруучуларды, органдарды жана ткандарды алмаштырганда 100% жугуу коркунучу бар;
Тазаланбаган аспаптар менен медициналык жана косметикалык процедураларды пайдаланганда (кулак көзөгөндө, териге сүрөт тартканда (татуировка), ар кайсы жерге сөйкө такканда (пирсинг) ж.б.;
Башка бирөөнүн сакал алгыч устарасын, тиш тазалагычын колдонгондо кандын калдыгы калышы ыктымал.

Жыныстык жол
ВИЧ-жугуштуу оору оорулуу, адамдан сактанбаган жыныстык катнаштан өтөт. Канчалык жыныс катнаштагы адамдар көп болсо, ошончо коркунуч туулат. Жыныстык катнашуу жолу менен жуптун бирөөсүнөн жугуунун ыктымалдуулугу андан да көбөйөт.

Энеден балага
Боюнда бар учурда жугуштуу оору энеден балага өтөт, бул көп факторго байланыштуу;
Төрөп жатканда эненин каны менен бала байланышат;
Баланы эмизген учурда эне сүтү аркылуу.

Кайсы учурда ВИЧ жукпайт?
кол алышканда жана кучакташканда;
сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;
үй жаныбарларынан;
чымын-чиркей, курт-кумурска ж.б. чакканда;
душ жана даараткананы пайдаланганда;
көлмөлөргө түшкөндө;
ашкана идиштерин колдонгондо;
компьютер жана телефон менен иштегенде;
коомдук унааларда;
спорттук буюмдарды пайдаланганда ж.б..

Өбүшкөндө жугушу мүмкүнбү?
ВИЧти жугузуп алган адамдын шилекейинде вирустун концентрациясы анча көп эмес, ошондуктан өбүшүү коркунучтуу эмес. Ал эми, эгерде эринде же ооздун былжырлуу жеринде, тиштин бүйлөсүндө жара болсо ВИЧти жугузуп алуу мүмкүн.

СПИДдин алдын алуу жана дарылоо:
Азырынча ВИЧ жугуучу ооруну жана СПИДди толук дарылоо, айыктыруу мүмкүнчүлүгү жок, бирок иммундук системага зыян алып келе турган вирустун көбөйүшүн азайта турган атайын дарылар бар. Ошондуктан ВИЧ жугуштуулукту дарылоо вирустун организмде көбөйүшүнүн ылдамдыгын төмөндөтүп, иммундук системаны бир калыпта кармап, адам жашоосун узартууга багытталган.
Мындай дарылар өтө кымбат, ар бир пациентке ай сайын 600-800 АКШ доллары сарп кылынат. Кыргыз Республикасы АРТ менен камсыздоо боюнча глобалдык демилгеге дарылануучулар үчүн 2005-жылы кошулган. Кыргызстанда бул дары СПИД кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд тарабынан керектөөчүлөргө жетишерлик камсыздалган. АРТдан башка биздин өлкөдө ВИЧ жугуштуулук контакттан кийинки алуу да бар. Эгерде 72 сааттын, мүмкүн болушунча, биринчи 2 саат ичинде жуктуруп алууга шектенгенден кийин атайын алдын алуучу АРВ терапия жүргүзүлсө, анда адамга жугузуу ыктымалдыгы төмөндөйт. Мындай постконтакттык алдын алуу СПИД Республикалык бирикмесинде жана ар бир СПИД областтык алдын алуучу жана ага каршы күрөшүүчү борборлордо алса болот.
ВИЧ-жугуштуулук энесинен балага жугуу коркунучу өтө жогору, тактап айтканда 30% түзөт, бирок боюнда бар аялдардын алдын алуу максатында атайын дарыларды пайдалануунун натыйжасында бул коркунуч 2% чейин төмөндөйт.
Ошондуктан ар бир кош бойлуу аял дарыгердин көзөмөлүндө болуп, каттоого туруп, кош бойлуулуктун биринчи жарымында бардык зарыл болгон лабораториялык анализден өтүүсү зарыл. ВИЧ кош бойлууларды тестирлөө Кыргызстанда жашыруун болушун камсыз кылат.

Балдардагы ВИЧ-
жугуштуулук:
ВИЧ-жугуштуулук адатта чоңдордо оорунун клиникасы эртерээк жана даана билинет, ал эми балдарда жаман оору менен коштолот. Көпчүлүк учурда баш мээсинин органикалык жактан бузулушу өөрчүйт. ВИЧ-жугуштуулук оору менен ооруган балдардын кыймыл-аракети кеч өнүгөт, боюнун өсүшү өзү курактуулардан артта калат, салмагы кемийт, психикасы бузулат. Өпкөсү, ичегилери, башка органдардын функциялары бузула баштайт да, балдардын эрте каза болушуна дуушар кылат. Бирок антиретировирустук терапиянын жүргүзүлүшү мындай балдардын жашоосун узартат.

Төмөнкү даректер
боюнча Сиздер
ВИЧ-СПИД жөнүндө өзүңүздөргө
керектүү
маалыматтарды ала аласыздар:
Бишкек шаары:
Республикалык "СПИД" борбору, тейлөө бекер, Логвиненко көчөсү 8 , 5-кабат, тел: 626903; 0- 800500000, чалуу бекер;
Прогрессивдүү аялдар "Хадис" коомдук фонду маалыматтык -билим берүү кабинети, Логвиненко бурулуш көчөсү 16а, тел: 542736;
Ош шаары:
"СПИД" областтык борбору; Моминов көчөсү 10, тел: 0332-76610;
"Ата-энелер баңгиликке каршы" коомдук фонду, Ош ш. Петров көчөсү б 4, тел: 0332-53963
Жалал-Абад шаары:
"СПИД" областтык борбору, Первомай бурулуш көчөсү 3, тел.03722-23159
"Муундардын ден соолугу" Коомдук фонду, Пушкин көчөсү 46-1, тел: 03722-24758

Даярдаган Айтурган Сатиева