Саясатка сан кирмейин - жан кирбейт

Мүнөз жана мүмкүнчүлүк
"Обон" гезити өлкөбүздүн жогорку эшелонунда иштеп жатышкан Президент, министр, чиновник, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрика ачып сандан-санга жарыялаганбыз. Бүгүн ошол салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып прогноздорубузду жүргүзгөнбүз.
Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: Президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев жана оппозиция лидерлери Болотбек Шерниязов, Кубатбек Байболовдор.

Президенттин кеңешчиси, Үсөн сыдыков:
15.03.1943
1+5+3=9
1+9+4+3=17
9+17=26
2+6=8
26-2=24
2+4=6

Туулган датаңызды жазыңыз 15.03.1943
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+5+3=9. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+4+3=17.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 9+17=26. 26-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 2+6=8. 8-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 26-2=24. 24-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+4=6 . 6-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 15.03.1943.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 26.8.24.6
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Сыдыков Үсөн:
11-эгоизмге жакын; 22-биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 33-так илимдерге жөндөмдүү; 44-темпераменттүү, ден соолугу чың киши; 5-интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 66- кара күчтүн ээси, күч жумшаган эмгекти сүйөт, жердин адамы, өндүрүшкө байланышкан иштерди жактырат; 7-0- жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга дуушар болот; 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал; 9-акылын (интеллект) өстүрүүсү зарыл.
Мүнөзү алсыз, тез кабыл алгыч, тынчы жок, тажатма, ар дайым олку-солку. Тагдырына эч качан ыраазы болбой, өзүнүн чыры, арыз-арманы менен тегерегиндегилердин айласын кетирет. Өз кызыкчылыгын көздөп турганда башкаларга кандай жагышты билет. Башкаларды пайдаланып, алардын эсебинен жашай да алат. Өзү моюнга албаганы менен баскынчы.
Курч байкоолорду айта алат, аларда назик сезим-туюм өнүккөн. Аёо сезими күчтүү өнүккөн, оорулууларга, алсыздарга дайыма жардам бергиси келет. Жардамдашуу анын биринчи туюму. Себеби жок деле кыйгач сүйлөшөт. Баардыгы алар үчүн иллюзиялуу. Интуициясы логикага караганда өнүккөндүктөн өздөрүнө-өздөрү отчёт бербей туруп, кескин ой-пикирлерди айтышат. Эгерде агымга каршы умтулуудан эринбесе, аларды эч кимде болбогон бакыт, атак-даңк жана байлык күтөт. Ал ыңгайлуу учурдун синоними. Анда жок нерсеге ишенүү жок, ал эми мүмкүндүктүн түгөнгүс кени бар. Жерге жакын, тажрыйбалуу практик. Башкалардын бактысыздыгын ушунчалык тез кабыл алат. Мындай кишинин жашоосу психикалык планда абдан оор. Ошондуктан таза абада жагымсыздыктардан бошонуп, тынчтанып алуу үчүн көңүлү жалгыз болгонду каалайт. Андай учурда унчукпай жүрсө аны урушпагыла, мындай учур аларга зарыл. Абдан сезимтал, тез таарынтып алууга болот. Ачуусу да чукул, бирок узакка эмес.
Өзүн түшүндүрүүгө кыйналганы менен башкаларды тез талдайт, аны акмак кылуу оңой эмес, анткени ал сиздин ойду туюп турат. Дагы ал сиздин байкагычтыгыңызды алаксытып, өзүнүн ойлогонун жашыра алат, эгер бул ага керек болсо...
Сулуулукту, жасалганы баалайт. Табияты көркөм өнөргө, чыгармачылыкка жакын. Турмуш талабына жеңил ыңгайлашат. Мурдагы кызматтарында жалындуу коммунист болсо, бүгүн ал демократиянын саясий ишмери. Уюштургуч, бирок интеллектисин тынбай өстүрүп туруусу талап кылынат.




Экс-депутат, Болотбек Шерниязов: 1.05.1959
1+5=6
1+9+5+9=24
6+24=30
3+0=3
30-2=28
2+8=10

111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 2-биоэнергиясы жашоо үчүн жетиштүү, бирок азыркы учурда аз болгондуктан спорт менен машыгуусу керек; 33-так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз адамдар, кээде ойлонбой деле сүйлөп жиберишет; 4-0-ден соолугу начар; 55-интуиция каналы өнүккөн, алдын-ала боло турган окуяларды сезе алат. 6-0-кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөйт; 7-0- жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кезигет. 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Лидерлердин катарына киргени менен мүнөзү чабал, орой. Ал үчүн эң башкысы өзүнүн амбициясы. Ошондуктан аларга башка нерсеге убакыт аз калат.
Оппозиция каарманы-Болотбек Шерниязовдун аты жөнүнө, тагдырына байланышкан эзотерикалык табышмактарын чечмелесек: күчтүү эрк, ак ниеттик, өз алдынчалуулук; ийгилик, жеңиш; агартуу жана куткаруучулук; эмгекчилдик, эркиндикти сүйгөндүк: чечкинсиздик, ийгилик, таанымалдуулук жана азап-тозок, согуш, курмандык.
Айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү оор кабыл алат. Натурасы - консерватор жана материалист. Өзүн олуттуу эсептеп, мактоону сүйөт, өзүн көрсөтүүдө уялбайт, кээде кескин баскынчыдай болуп кетет. Эмнени ойлосо ошону айтат. Бул ачыктыктын негизи өзүмчүлдүккө багыт алган. Орой, башкалардын көңүл оорусуна толук кайдыгер жана аларды аяганга эч негиз жок деп эсептейт. Мындай сапат анын дипломаттык атактагы жолун тосот. Турмушта, саясатта толук эски көз карашчыл. Эч кимге ишенбей, жалгыз өзүнө таянып, кыялында өзүн баш каарман кылып эсептеткенди жакшы көрөт. Кайраттуу, кээде эр жүрөк, тайманбас, жылмайып туруп өмүрүн тобокелге сала алат. Ошондуктан жакшы жоокер чыгат. Эл аны кызыктуу деп тапканы менен алардын көңүлүн кайт кылууга барат. Көп учурда жалтылдап сырткы көрүнүшү менен коомго жагымдуу. Дайыма мүмкүнчүлүгүнөн көбүрөөк жасагысы келет. Эмгекчил, чоң иштерге жөндөмдүү, эгер жалкоолукка берилип кетсе тентимиш-философ болуп жер кыдырып кетиши мүмкүн.
Сулууланганды сүйөт. Коробос болгондуктан тапканын дайыма сарптайт. Үнөмчүл боло албайт.


ЖК депутаты, Осмонбек Артыкбаев: 19.02.1960
1+9+2=12
1+9+6+0=16
12+16=28
2+8=10
28-2=26
2+6=8

111-туруктуу мүнөзгө ээ: 222-экстрасенстик жөндөмдүүлүгү күчтүү, башкаларды дарыласа болот. 3-0-пунктуалдуу: 4-0-ден соолугуна абайлап мамиле кылганы жакшы, өзүн-өзү айыктырып алганга ыктуу: 5-0-интуиция каналы жабык. Бардык түйшүктөрдү башы менен чечүүгө туура келет. Бир нерсе жасаганда, ойлонгондо ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн: 66- кара күчтүн ээси, күч жумшалган эмгекти сүйөт: 7-0- жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан көптөгөн кыйынчылыктар менен беттешет: 88-жоопкерчилиги жогору, башкаларга жардам бергенге даяр. 99-тубаса акылдуу, мыкты интеллект.
Булар анык диктаторлор. Башка адамдардын да сезими бар, алар менен эсептешүү керек деген капарларына да келбейт. Айланасындагыларды өз максатына жетүү үчүн пайдалануучу курал, аспап катары гана карайт. Психологиялык жактан жеңил, ар кандай ойлорго тез берилген адамдар. Адаттан тышкары жоопкерчиликтүү да келишет. Жер кыдырып саякаттаганды, жаңы ачылыштарды жакшы көрүшөт. Көпчүлүк учурда бир иштин аягына чыкпай туруп, экинчисине оогондуктан жолсуз болушат. Кесиби өнөр жай, завод, чарба иштерине байланышканы жакшы.
Эми ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин аты жөнүнө байланышкан тагдыр табышмактарына көңүлүбүздү бурсак: жогорку билим, зээндүүлүк, кечиримдүүлүк. Эркиндик, менменсинүү, ачкөздүк, оройлук, агартуучулук, жакшылыкка умтулуу, адашуучулук жана жолу болбогондуктар бар.
Ал бир караганда токтоо, тең салмактуу жана көңүлдүү сыяктуу. Бул көрүнүш дайыма козголуп туруучу агрессивдүүлүгүн жаап-жашырат. Аны менен көбүрөөк сүйлөшө келсең туталангыч, тынчы жоктугун , темпераменти холерик экендигин байкайсыз. Чогулушту, досторду жактырат, ушакты сүйүп айтат. Досторго караганда тааныштары көп. Байкатпаганы менен ал баардык нерседен пайда издейт. Эмгек менен эмес, куулук менен жашоону жактырат. Ал үчүн тер агыза иштегендердин эсебинен көпкө жетишет. Сүйгөн кишисине кең пейил.


Оппозиция лидери, Кубатбек Байболов: 2.01.1952
2+1=3
1+9+5+2=17
3+17=20
2+0=2
1+6=7

111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ, 2222-экстрасенсорикалык жөндөмдүүлүгү күчтүү, бул адамды өнөгү аябай баалайт:3-0-пунктуалдуу: 4-0-ден соолугу начар, бирок өзүн-өзү дарылап алганга жөндөмдүү: 5-интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет: 6- жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт. Бул адам жерге устачылык үчүн келген. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү жана өнүгүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, фантазия, көркөм табит-анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы. Анткен менен алагды кылуучу керектөөлөргө карабастан терең ойлонуп иш жасоого жөндөмдүү: 7-колдогон жогорку күчтөрү бар. Талант деген эмне экендигин түшүнүү үчүн төрөлгөн киши. Анын кыймыл-аракети, турмуштук тажрыйбасы таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан жиберилген талантты кармап калуусу керек: 8-0-жоопкерчиликсиз, көңүлдүн адамы: 9-акылын (интеллектисин) өстүрүүсү зарыл.
Бардык белгилердин ичинен моралдык, биологиялык жактан эң туруктуусу, чыдамдуусу. Бир сырдуу, алдыртан намыскөй. Ийгилик аны өзгөчө күч менен тартат. Чоң чыдамдуулук менен бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгат. Урмат-сыйды, бийликти өтө сүйөт, салт-санааны жактайт. Коомдо абалы жок адамды жактырбайт. Мүнөзү салкын, сары эсеп мамиле. Уяң, жагымдуу жана абдан таарынчаак. Туталангыч, тилин кармай албайт жана көп учурда сөзү оюнан ашып кетет. Ошол эле учурда ал жакшы айтабы же жаман айтабы аны менен эсептешүү керек, ал жакшы кеңешчи, токтобогон демилгечи. Өзгөрүүлөдү жактырышат. Таасирдүү жана ак көңүл. Таланттуу жана жолдуу, бирок интеллектисин дайыма өстүрүп туруусу абзел.

Даярдаган Алмазбек АДИШОВ