Атактуулардын ааламында

Тармал чач Сью
Тармал чач кичинекей тың кызды сыналгыдан көргөндө ар бирибиздин ууртубузда жылмаюу пайда болоору ырас. "Тармал чач Сью" (Кудряшка Сью) тасмасы экранга чыкканына 17 жылдын жүзү болсо да көрүүчүлөрдүн эсинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып, өз популярдуулугун жоготпой келет. Бул тасманын кызыктуу жагдайлары, артыкчылыктары менен кемчилдиктери сиздердин назарыңыздарда


Тасманын мазмуну
Көрүнгөндү алдап күн кечирген Билл Днсер (Джеймс Белуши) кичинекей кыз Сьюну эч нерседен кем кылбай , курсагын ачырбай багуунун айласын көрүп келет. Ал үчүн кичине "ээн баштыктарга" баруудан да кайра тартпайт. Өз атасы болбосо да, атасынан артык кам көргөн Билл, Кудай жалгап бир күнү ити чөп жеген бойдок, чырайлуу адвокатты тузагына илет. Алгач жылуу-жумшак үйүнөн андан соң Грейдин жүрөгүнүн төрүнөн орун алганга үлгүрөт. Билл- "Биз алдамчылыкка мыйзамды бузбай маданияттуу жол менен барабыз",-деп өзүн-өзү алаксытып келет.
Күлкү, мээрим, адамдын көңүлүн жибиткен жылуу жагдайлар менен коштолгон тасма ар бир көрүүчүнүн көңүлүн буруп, жакшы маанай тартуулайт.

Көчөдөгү кыздан каарман жараткан режиссер
Сьюнун ролун аткарыш үчүн режиссер Джон Хьюз 170 кичинекей кыз чогултуп жана эки айлык жумушун жыйыштырууга туура келген. Анткени ар бир сьемкадагы учуроочу тоскоолдуктарды Джон да айланып өтө алган эмес. Эң негизги чоң тоскоолдук болуп Сьюнун образын жаратууга ылайыктуу кичинекей кыз табылбагандыгы болуп саналат. Жогорудагы чогулган кыздардын улам бирин кастингден өткөрүп суй жыгыла чарчаган режиссер кино тартам деген оюнан айныган. Ортодо жарым жыл убактысын текке кетирип, жөн гана күн кечирип келип бир күнү көчөдө сейилдеп жүрүп ойноп жаткан кичинекей кызга көзү түшөт. 10 жаштагы Элисон Портерди дароо кепке тартып, тил табышуунун аракетин көрөт. Жыйынтыгында ушундай мазмундагы тасма тартылаарын түшүндүрүп, башкы каармандын ролун сунуштайт. Ошентип Джон оңой жерден башкы каарманды тапкан.

Көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан кадрлар
Бул баса турган жолдун жарымы гана болгондуктан, алдыда аларды бир топ кыйынчылыктар күтүп турат, себеби каражат маселеси да кыйнагандыктан жашап турган үй-жайын күрөөгө коюп, ири суммадагы акча алган. Ар бирөөнүн тиешелүү гонорарын төлөп бергенден тышкары баскан кадамынын баарына каражат жумшап отуруп аягында өзү "итке минген кедейге" айланган. Бирок анын жүрөгүндөгү жалындатып турган нерсе "Тармал чач Сью" көпчүлүктүн көңүлүнө жагып, эл тарабынан жакшы кабыл алынганында. Бир топ адамдар ага телефон чалып, ырахматын айтып түгөтө алышкан эмес. Тасма толугу менен өзүн актап, бир убакта үрүп чыгаар ити жок режиссер сарптаган каражатын эки эсе кылып кайтарып алган. Учурда Джон Хьюз эң бай адамдардын катарында.

Элисон Портер( Сью)
Учурда Элисон 27 жашта. Кичинекей актриса 3 жашынан баштап жарнамаларга тартылып, өзүндөгү талантын таптай баштаган, "Тармал чач Сьюга" чейин 1989-жылы (Ата-эне) "Родители " аттуу киного тартылып алгачкы ийгилигин жараткан. Ал эми "Тармал чач Сью" тууралуу Элисон өзүнө бир топ жакшы нерселерди ала алгандыгын билдирет. Болгону киного тартылып жатканда Биллди машиненин астына киргизе жыгач менен чекеге чаба албай бир топ убара чеккен. Бул эпизод оңой менен тартылбай, Джеймс Белуши Элисондун колунан бир нече жолу жыгач таяк менен чекеге жегенге аргасыз болгон. Белгилей кетчү нерсе Элисон Портер алган гонорарынын чып-чыргасын коротпой балдар үйүнө которуп берген.

Джеймс Белуши ( Билл Днсер)
Буга чейин сансыз тасмаларга тартылып, актердук жөндөмдүүлүк жактан алдына ат салдырбаган Джеймс Джон Хьюздун киносунда бир топ эле ыңгайсыз жагдайларга кабылып, режиссердон бир нече ирет тил уккан. Өзгөчө Грейди тузагына түшүргөндөн кийин, аны ээрчип ресторанга киргенде сугалактанып тамак ичиш керек болгон. Айланадагы оозун ачып караган ресторандагы кардарлардан тартынып, ыңгайсызданып жатып бир нече дубль жасашкан.

Келли Лин
1959-жылы 31-январда жарык дүйнөгө келген. Буга чейин жалаң моделдердин ролу менен терс каармандардын образдарын жаратып келсе, "Тармал чач Сьюда" да боорукер, үй-бүлө күткүсү келген айымды чагылдырып берет. Сью атасы менен үйүнө келип уктаганда кичинекей кыздын сумкасын аңтарып, апасынын сүрөтүн таап алган эпизод анын эсинде бир топко чейин сакталган. Ошол жерден жүрөгү тилинип, сценарий боюнча көзүнөн мончок-мончок жаш айланыш керек болчу, ал жерин аткара албай жөн гана кайгырып отурган образды жараткан.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева