Спорт

"Алыш" Кыргызстанды дүйнөгө таанытат
Улуулардын жолун улап 2200жылдан ашуун тарыхты өзүнө камтыган кыргыз элинин, кыргыз жеринин атын алыска, даңкын далайга жеткирип, кийинки муунга татыктуу үлгү көрсөтө ала турган инсандардан уучубуз кур эмес.
Дүйнө элдеринин башын бириктирген "Алыш" федерациясынын артында Кыргызстандын желеги Дүйнөлүк аренада желбирөөдө. Бүгүнкү күндө күрөштүн "Алыш" түрүнө эч бир өлкө кайдыгер карабайт.
Белгилей кетүүчү нерсе, мындан бир нече убакыт мурда федерация дагы бир ийгиликти багындырды. Тагыраак айтсам, Эл аралык "Алыш" федерациясы Бүткүл Дүйнөлүк ФИЛА күрөш ассоциациясына мүчө болуп дайындалды. Бул да болсо, кыргыз эли дагы бир тепкичке көтөрүлгөндүгүн айгинелейт. Кененирээк маалымат алуу үчүн Эл аралык "Алыш" федерациясынын биринчи вице-президенти Анапияев Алмамбет Мамадалиевич менен маектешкенбиз.

- Алмамбет мырза, "Тарыхты билбей туруп, келечекке кадам таштай албайбыз" деген жакшы сөз бар эмеспи. Сөздүн башында эл аралык "Алыш" федерациясынын түптөлүш тарыхына саресеп салсак кантет?
- Жакшы болот. 2002-жылы сентябрь айында Ош шаарында көптөгөн өлкөнүн аттуу-баштуу инсандары катышкан конгрессте "Алыш" Федерациясы түзүлгөн. Мунун түптөлүшүнө губернатор Накен Касиев, маркум Баяман Эркинбаевдердин салымы өтө чоң. Талыкпаган эмгектин артынан бул Федерация бүгүнкү күндө 32 мамлекетте өзүнүн ордун ээлеген.
- Белбоо байланган "Алыш" дегенди кандай түшүнсөк болот? Дегеле "Алыш" деген сөздүн мааниси эмне?
- "Алыш" түрк тилинен которулган. Бизче которгондо "эки күчтүн карама-каршы салгылашуусу" болуп саналат.
"Алыш" Кыргызстанда байыркы спорттун түрүнө кирет. Ушул сыяктуу эле ар бир өлкө өзүнүн улуттук күрөшүнө ээ. Мисалга алсак, Өзбектерде Кураш, казактарда Курес, грузиндерде Чадоба, кореецтерде Срым, бул тизмени айта берсек оңойчулук менен түгөнбөйт. Ата-бабалардан калган ар бир өлкөнүн күрөштөрүнүн башын бириктирип, "Алыш" федерациясы түзүлгөн. Бул күрөштү көрүп отурган дүйнө элдери өзүнүн улуттук күрөшүнө күбө боло алышат. Биздин негизги максат "Алыш" аркылуу ата-бабалардан сакталып келе жаткан күрөштү унутта калтырбай дүйнөлүк аренага алып чыгуу.
- Сиз мындан бир нече убакыт мурда эл аралык "Алыш" федерациясынын биринчи вице-президенти болгондон кийин, аталган федерациянын тандоосу боюнча ФИЛАнын мүчөсү болуп дайындалгандыгыңыз тууралуу маалымат алдык. Бул иш чара мурдатан пландаштырылган беле?
- Менин эмгек жамаатым мага бийик ишеним менен "Алыштын" атынан ФИЛАга катышууга бир добуштан колдоо көрсөтүштү. Жакында Минск шаарында болуп өткөн конгресске катышуу үчүн болгон аракет менен катуу даярданып, аракет кылсаң берекет демекчи зор күчтүн артынан ФИЛАга мүчө болдук. Буга албетте биздин жалпы жамааттын эмгеги зор
- Айтыңызчы, Кыргызстандан ФИЛАга сизден башка дагы ким мүчө?
- Буга чейин Кыргызстандын тарыхында мындай келишим болгон эмес. Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери ФИЛАнын мүчөсү болгону менен биздин өлкөдөн мындай чоң жоопкерчиликтүү ишке биринчи жолу мен дайындалып отурам. Бизди ийгиликке жетелеп баруучу дагы бир эшиктин ачкычы колго тийди десем болот. Алдыда ашуусу бийик белестер бизди күтүп турат. Кудай буюрса тынымсыз изденүүнүн артында мындан да көп ийгиликтерди багындырабыз.
- Келишимге кайсыл жерде кол койдуңар?
- ФИЛАнын президенти Рафаэль Мартинетти бизди өзүнүн кеңсесинде кабыл алды. Жолугушуу Швейцарияда болуп, ага МФБНА президенти Гинтаутас Вилейта катышып, биз толук кандуу ФИЛАнын мүчөсү болуп бекитилдик. Алышты таратуу үчүн биз дагы бир зор мүмкүнчүлүккө ээ болдук деп сыймыктануу менен айта алам. ФИЛАнын кеңсесине кирип баратканда жайлоодо тегеренип отурган элдин борборун өзүнө буруп, белбоо байланып күрөшүп жаткан эки балбандын элеси түшүрүлгөн чоң картина мени өзгөчө таңдантты. Айта кетчү нерсе, бул сүрөт 1785-жылдан бери сакталып тургандыгы дагы бир жолу "Алыштын" байыркы спорттун түрү экенин даңазалап турат. Кудай буюрса кыргыз элин, кыргыз жерин тааныбагандарга "Алыш" аркылуу кыргыздын ким экенин көрсөтүп, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага алып чыгабыз деген бийик ой- максаттардын үстүндө иш алып баруудабыз.
- "Алышты" Олимпиадалык оюндардын курамына киргизсе деле болчудай экен го?
- Кудай буюрса, Азия олимпиадалык оюндарга киргизсек деп аракеттенип жүрөбүз. Бирок, бир нерсе деп кесе белгилеп айтууга али эрте. "Алышты" көзөмөлдөп турган калыстар немис болобу, француз болобу сөзсүз түрдө кыргызча сүйлөшөт. Мунун негизинде мамлекеттик тилди да бүткүл дүйнөгө таратабыз. Президентибиз Курманбек Салиевич спорттун бардык түрүнө абдан чоң көңүл буруп жаткандан кийин, көрүп-билип туруп мамлекет эч нерсе жасабай жатат дегенибиз Кудайга да жакпайт. Мен ишеничтүү түрдө айта алам, Кудай буюрса кыргыздын желегин желбиретүүчү балдарыбыздан куру эмеспиз. Биздин келечек алдыда.
- Сөз аягында, "Алыш" менен машыгууну каалаган балдар канча жаштан баштап келип жазылса болоору жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?
- Ата-бабалардан сакталган күрөштүн "Алыш" түрү менен 15 жаштан жогоркулар машыга алышат. Эң негизгиси колдоо максатта бардык нерсе бекер.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен
Нурзат Жусупова