Күлкү жана тамаша

Кол койбой коюунун амалы
Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев дубандык кеңештин төрагасына акыл үйрөтүп:
- Президенттике койгон "башка" талапкерлердин чогулткан колдоруна печать баспай, кол койбой коюунун амалын кыл. Мисалы: качып кет.
- Кармап алышсачы?
- Печатты жоготуп ий!
- Таап алышсачы?
- Ооруп кал!
- Айыктырышсачы?
- Анда,.. анда..-өлүп кал!

  Сатира+саясат

Кемпирдин үнү
Шайлоо болоор алдында Курманбек Бакиевдин талапкерлигине кол жыйнап, Медет Садыркулов айыл аралап жүрүп карыган кемпирге кайрылып калат:
- Эне, президентке добуш топтоп жүрөбүз, кол коюп бериңизчи?
- Эмне, добуш берсем эле кемтигим толуп, жыртык тешигим бүтөлүп калат беле?
- Бүтөлөт, эне баары болот.
- Эмне болот?
- Пенсия, пособия, көмүргө алыбыз жетпей баратса тезек жыйнап беребиз.
- Ал эми свет өчкөндө ачкадан өлгөн чалымды кантебиз ыя балам? -деп М.Садыркуловду жолго салыптыр.




Экономикалык идеология
Маданият министри Султан Раевди ак үйгө чакырышып чоң чиновниктер суроолорду жаадырышып жарга такашат:
- Силердин артистер электр энергияны коромжуга учуратышып жалаң фонограммага өтүп алышыптыр. Кана, айтчы Султан Палван, "Экономикалык идеология" деп эмнени айтабыз?
- Эми, мындай да урматтуу чиновниктер. Экономика деген сөз - экономдоо. Экономдоо дегени - жарыкты жалпайта муштоо. Ал эми биз караңгыда деле "Биздин мекен жарыкка бай, шаңга бай" деп фонограммасыз деле ырдай беребиз . Ырдын сөзүнө обону кошулганда "экономикалык идеология" - болот мырзалар, деп куйругун карматпай кутулуп кетиптир.




Трагикомедия Чурайын үч жолу чыңырткан жигит
Куйкаланган токой
Мичуринск шаарында окуп жүрүп, котур болуп калдым. Күнү-түнү тырманмай, кырт, кырт... Таң аткыча кирпик какмай жок. Кашынган жерлерим жыргап калат да, ашыкча болуп кетсе кайра ачышып калат. Айлам куруп врачка кайрылдым. Врач текшерип көрүп: "Жеңил эле, жатаканада жатып деле айыгып кетсең болот" деп "вилкинсона" деген дарыны жазып, кайсы маалда кантип сыйпаш керектигин түшүндүрүп берди.
Дары деген шыпаа болот экен да. Үч күндөн кийин кычышканы басылды. Бөлмөдөгү үч балага дагы жуккан. Төртөөбүз жыпжылаңач болуп алып "вилкинсона" сыйпайбыз. Бир күнү бүткүл денебизге жалтырата дары сыйпап алып, жылуулук батарейкасында олтурат элек. Денени кургатпаса болбойт да. Бир аз болсо да тамеки чегип, акылды "пештеп" алалы дедик. Тамаша кылгысы келди окшойт шеригим Амет тамекимди тутантып берип, колундагы жалындуу түтөтмөйүн бүрүшүп турган "чокеме" жакындатты. Көз ачып жумганча "дүрт" эткен жалындын ысык кучагында калган жаным "аа-аа" деп бакырганга араң жарадым. Көрсө, "вилкинсона" отту сүйгөн дары экен, аны билбептирбиз. Ошентип, бул жолу куйка жыттанган бөлмөдө, "чокемдин" терисин "токоюн" күйгүзүп алып, томсоруп олтурдум. Тигилер жатып, туруп күлүп жатышты. Тилекке жараша "Менин абийирим, акыл-эсим, сыймыгым" - бул ирээт алдуу күчтүү, аман-эсен калды.

От алган көтөн
Арадан он жыл өткөн. Үйлөнгөнмүн. Баш кошконубузга алты жылга аяк басканда да бала көрбөдүк. Себеби, "акчалуу, үйлүү, машинелүү бололу анан" деген азгырыктардан улам келинчегим сактанып алган.
Ошентип жүрүп кезектеги уйкусуз түндөн кийин, кээде эртең мененки сааттын чырылдагын да укпай уктап калмай. Бир күнү адатынча кечигип турган аялым, бирдеме издеп жатып туалеттеги текчеден ацетон куюлган шишени кулатып алса, ал унитаздын ичине түшүп талкаланыптыр. Келинчегим чоң бөтөлкөнүн сыныктарын алып, бирок унитаздын суусун агызбай коюптур. Аны мен кайдан билем, шашып келип туалетке олтурдум да, адатымча тамеки тутанттым. Тамекинин чоктуу күлүн унитаздын ичине таштаарым менен өңү тааныш кызыл от "дуу" эткенде, түтүн жыты аралаш келмем оозумдан түшүп нес болгон боюнча туруп калдым. От төмөндөн кайра жогору болгондуктан "сыймыгым" бул жолу кыйла күйүп калыптыр. Догдурга кайрылып бир ай дегенде гана араң чыктым.

Марусянын мазагы
"Кырсык каш-кабактын ортосунда" дешет, бул-чындык. Биринчиден от менен ойной коёбуз деп, экинчиден байкабастыктан, ал эми үчүнчүдөн... Үчүнчүдөн кокустука кабылдым. Күйгөн жерим толук айыккыча өйкөйт экен деп үй ичинде труса кийбей, тиземе жеткен халат кийип алчумун. Капталыман жатып уктайм. Тамекини таштадым. Көңүл калды. Болгон ишим телевизор көрүп, "Маруся" деген мышыгымды сылап-сыйпап эркелетмей. Мени өтө жакшы көргөндүктөн бассам-турсам жанымда.
Таң эрте эле. Адаттагыдай тураарым менен терезенин айнегин ачам деп жатып чакан вазаны томолонтуп алдым. Ал дивандын артына түшүп кетти. Алайын деп дивандын кырына артыла эңкейгенимде артымда турган "сыймыгымдан" чочуп кеттимби, же ийинден "сорок" этип чыга калган чычкан деп айбандык инстинги ойгоно түшкөнбү, айтор "баштыгымды" оозуна толтура тиштеп алды. "Өрүгүмдүн" бирин жара тиштеген экен, ок жеген аюудай чаңырган бойдон үч бүктөлүп жатып калдым...
Көзүмдү ачсам ооруканада жатам. Жанымда медсестра олтурат. Орус кыз. Биринчи эле суроом ушул болду.
- Сестричка, после всего этого я смогу быть папой?
- Да, конечно.
- Спасибо, сестричка!
- Но, только Римской Папой...

Зоңкара




Ырсайган күлкү
"Обон" гезитин сатып жүргөн кызматкер Дордой базарына барып калат. Байкелеп атып токтоткон кара тору, кара каш келин гезит сатып алган соң тийишип:
- Деги, байке мунуңуз кызыктуубу, - дейт.
- Эми бул ар кимге ар кандай таасир этет. Күлкү бети бар. Кээси каткырса, кээси жылмаят, кээси ырсаят. Окуп көрсөң билесиң карындашым.
- Токтоңуз, жанагы жылмайганы, ырсайганы эмнеси?
- Ой, каран күн ой, анда угуп туруңуз. Кабак кашы жазылып көздөрү күлүңдөп, таноолору балкылдап, башы оңго же солго артка шылкылдап калса - жылмайганы болот. Эриндери аңырайып ачылып, кетмендей тиштери чачылып кетсе, каткырганы болот. Кээде, жээгин кара мурут баскан тиши жок эриндүүлөр да болот, акырын ачылып калганда ичи үңүрөйүп капкара болуп көрүнүп калса - ал ырсайганы болот...
Чогула калгандар дуу күлүп жиберишет. Тиги келиндин жеңесиби, айтор бир аял:
- Ии, өлүгүңдү көрөйүн ойсоктогон ушуну укмаксың. Булар бирдеме даарыган адамдар да, - деп жетелеп кетет. "Ой, тууган, бер гезитиңден, биз да ырсайып коёлу" - дешип топтоло калгандар гезитин талап кетишиптир.


Болгон окуя...
Улума маараманы жеп атат...
Бир келин кечке жуук сууга барып кайра чуркап келет, аны көргөн кайын атасы:
- Балам эмне болду, кайра шашкалактап келе калдың десе...
- Тиги шылдыраманын ары жагында, шуудураманын ичинде улума маараманы жеп атат - десе, кайын атасы:
- Ой кокуй, балдар чуркагыла, карышкыр койду жеп аткан тура деп шаштырыптыр.
Көрсө кайын атасынын аты Бөрүбай, кайын энесинин аты Суусар, кайын агасыныкы Койлубай, кайын инисиники Камышбай экен.


Сен жана мен...
Тагдырлашуу бурчу
Т-1. Ашпозчулугу бааланбай жүргөн адамдарга мен табылгыс даба болом. Күндө жаңы жасалган тамактардын түрүн бир да тамчы, бир да күкүм калтырбай "мойсоп жалмап" койгонго даярмын. Күнүнө беш маал болсо, мындан да сонун. Ашказанда кандай гана тамак болбосун каалагандай өлчөмдө бата берет. Мени кебете-кешпириңер кызыктырбайт.
Дарегим редакцияда.
ххх
Т-2. Садо-мазохисттик үй-бүлө курууга жубай издеп жүрөм. Жашыбыздын айырмасы канчалык чоң болсо-ошончолук жакшы. Паспорт ПБ -267-3
ххх
Т-3. Аракты жалгыз ичүүдөн тажадым. Чөйчөктөш болууга арзый турган жар керек. Аа-уу барсыңарбы? Ичкенден кийин токмоктогонума, сөккөнүмө, бычактаганыма чыдай турганың болсо мени изде! Жүз грамм ар дайым мени менен болот.
Дарегим редакцияда.
ххх
Т-4. Өзүмдү жаратылыш кокусунан жаратып койгон шедевр деп эсептеймин. Ошондуктан өзүмө аукцион жарыялайм. Башталыш баа миң доллар.

Ортомчу келин Күлсүнай