Пайдалуу кеңештер

Сулуу болгуңуз келеби?..
Көздүн астындагы бырыштар- бетти кары, адамды оорукчан көрсөтөөрү баарыбызга маалым. Ошол бырышты азайтуучу амалдардын бири-бекем, тынч уйку. Уктаар алдында беттеги боёктордун баарын сүртүп таштап , кабактарга ысык компресс койгонуңуз оң. Ушундан 3 мүнөттөн кийин майлуу бетмайдан маска жабыңыз. Эң негизгиси уктаган жайыңыз тынч, жаздыгыңыз жумшак болууга тийиш. Уктаар алдында бир аз сейилдеп, 20 мүнөттөй таза абада жүрсөңүз тынч уйкуга өбөлгө түзөт.

Кийимдеги саргарган такты кетирүү
Үтүктөн саргарып калган такты кетирүү үчүн водород перекиси менен суунун теңме-тең аралашмасын чүпөрөккө сиңирип алып сүртөт да, жылуу үтүк менен үтүктөйт. Же болбосо саргарган буюмду бор кислотасы кошулган аралашмага чылап, андан кийин үй температурасындагы сууга жууйт.
Ал эми аппак буюмдан саргарып калган кийимге пияздын жарымын кесип, маңызы менен катуу сүртүп коюу керек.

Моюнга ылайык фасон тандоо
Жоон, кыска моюнга - моюн орооч, жоолук ороп же болбосо кат-кат шуру тагынууга мүмкүн эмес.Андан тышкары тик жакалуу көйнөк кийбегенге аракеттениңиз, анткени алар моюндун кемчилдигин гана баса көрсөтөт. Андан көрө көкүрөгү сүйрү, узунчасынан бычылган жакасы жок же анча чоң эмес кайырма жакалуу көйнөк кийип, чачты кыска кырктырып же чачын жарашыктуу жасалгалап алса моюн көзгө узаргансып көрүнөт. Ал эми узун моюндуу айымдар чачты ийинин жапкыдай кылып коёо берип койсо жарашыктуу болот.

Гүл катуу добушту сүйбөйт
Америкалык илимпоздор гүлдүн тынчтыкта жана үндүн добушу катуу чыккан жерде кандайча өсө турганын байкоо жүргүзүшкөн. Көрсө, добуштуу жерде гүлдүн өсүмү жайлай түшөт экен. Ошондуктан улам гүлдөрдү колдон келишинче бир аз күңүртүрөөк анан тынч жерге жайгаштырганыңыз оң. Ызы- чуудан гүлдү канчалык сугарып бапестесеңиз да өзүнөн-өзү соолуй берет.




Кол жазмаңыз кулк-мүнөзүңүздөн кабар берет
Ар бир адам өзгөчө кол жазмага ээ. Графологдордун изилдөөсүнүн жыйынтыгына көз жүгүртсөк бир эле кол жазма адамдын бир кыялын, мүнөзүн аныктоого жардам берет экен.

1. Оң жакка кыйшайтып жазган кол жазманын ээлери табиятынан бир сырдуу, бир калыпта жүргөн мүнөздө болушат. Тымпыйып ичине көп сырды батырып, сактай алгандан тышкары бирөө жарымга да оңой менен айтып ич күптүсүн бөлүшө бербейт. Кандай оор кырдаалга туш келбесин эмоциясын ичине кармап сабырдуу келишет. Бир кемчилдиги - чечкинсиз, эт менен челдин ортосунда жүрө бермей адаттары бар.
2. Тамгалары майда жана иреттүү жазылса өз күчүнө бекем ишенген, ошол эле учурда сарамжалдуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн кабар берет. Ачуусу чукул жандар, болоор болбос нерсеге жинденип көп учурда ызы-чуу жаратканга эптүү келишет. Өзүн аябай жакшы көрүп, кам көргөнү менен акча жаатында бир топ эле сараң болушат.
3. Тоголок орточо формадагы кол жазмалардын ээси болсоңуз, бул сиздин мүнөзүңүздүн жумшактыгынан, мээримдүүлүгүңүздөн кабар берет. Жашоодо көп нерсеге көтөрүмдүү болуп, тоодой кыйынчылыктарды жеңүүгө эптүү болушат. Белгилей кетчү нерсе бир көңүлү калган адамдан андан аркы жашоосунда алысыраак жүрүүнү каалашат.
4. Тамгалардын арасын үзүп жазган адамдар оңой менен өз оюн ортого салып көз карашын билдирип, бирөөнүн көз карашын талкууга алууга жөндөмсүз. Чечим чыгарууда өз оюна караганда өзгөлөрдүкүн туура көрөт. Мындай кол жазманы баракка түшүргөндөр дайым жаңы жагдайларга, жаңы окуяларга туш болгонду абдан жактырышат.
5. Ар бир тамганы кооздоп, басмалап жазгандар көпчүлүк учурда мактанчаак, турмушта да кооздукту түрдүү түскө боёгон көрүнүштөрдү баалашат. Фантазиясы күчтүү өнүгүп дайым жаңы идеяларды жаратууга жөндөмдүү болушат. Бир кемчилдиги өз катасын таптакыр моюнга алганды билбегендер экен.
Калемди бекем басып жазгандар табиятынан темирдей бекем тартипти, жоопкерчиликти баалашкандар. Башында уялаган ойду ар дайым ишке ашыруунун аракетин көрүп келишет. Бийлик, адамдарга үстөмдүк кылуу алардын хоббилеринин катарын толуктайт. Ал эми бул топтогу адамдардын айкөлдүгү менен гумандуулугун ар бир эле адамдардан кезиктирүүгө мүмкүн эмес.