Дарамет

Эрмек Нурбаев, теле алып баруучу:
"Видеокаcсета менин жандоочум болду"
Нурбаев Эрмек Бердибаевич.
1985-жылы 8-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. Футболго кызыгат.
Жактырган тамагы- лагман
Жактырган жаныбары-ит
Адамдагы баалаган сапаты-жөнөкөйлүк, сулуулук
"Браво" теледолбоорунун алыпбаруучусу

- Улуттук биринчи каналдын босогосун аттаган күн эсиңден кетпесе керек?
- Биринчи Улуттук каналда иштеп, "Браво" долбоорун алып барганыма эки жыл, эки ай, эки жума, эки саат, эки мүнөт, эки секунд, мына үч секунд болуп кетти…(тамаша) Туура үч жыл мурун күз мезгилинде кастинг өткөн. Ошентип кастингге келсем, 500гө жакын кыздар, балдар митинг болуп жаткандай чогулуп калышыптыр. Даярдыктарым, сабактарым башталып, убактым аз болчу. Анан кетүүгө туура келди. Бир чети кете берсемби, мунун эмне кереги бар, анан дагы 500 жүз адамдын ичинен кантип эле мен өтүп кетейин деп ойлодум. Кайра ушунча келгенден кийин бир тыгылып көрүүнү чечтим да, күчкө салып эле "өтүп кетейинчи"- деп түртүп баратсам, "биз деле кезекте турабыз" деп ызылдашкандарына болбой эле, мен кастингге келген жокмун, бул жерде иштейм деп араң кирсем, залда Аида деген кыз он катышуучуну ээрчитип баратыптыр. Мен болсо аны тааныган кишидей кандайсың, иштер жакшыбы десем, ал мени таң калып карап калды. Мен ага шашып жатканымды түшүндүрсөм, "а Канат Култаев сизди күтүп жаткан, кириңиз" деп он адамдан мени биринчи киргизип жиберди. Ассоль Абдыкалыевна менен К.Култаевди ошондо алгач жолу көрдүм. Киргенде эле "баштай бер" деди, көрсө мен келгичекте тапшырма берилиптир. Мен аны билбей туруп калсам "убакыт жок, батыраак өзүңдү теле алып баруучудай элестет" дешти. Хит парад популярдуу болуп жаткандыктан, мен: "Я, Алексей Филатов" деген сыяктуу анын образына кирип туурай баштадым. Алар "эми кыргызча алып барып көрчү" дешти. "Ар ишемби күнү кечинде Хит парад көрсөтүүсү. Сиздер менен мен, Назира Айтбекова" дегенде эле алар күлүп жиберишти. Тамаша аралаштырып жатып экинчи турга кыргызча бөлүмүнө мен, орусчасына Элнура тандалды. Үчүнчү турунан да баарынан озуп чыктык. Нурзат Токтосунова келип үчөөбүз алып барып калдык.
- Ток шоу оюндарына кандай себептер менен аралашып калдың. Балким, туугандар арасында куудулдукка жакын адамдар бардыр?
- Атам өзү тамашага жакын киши, достору үйгө келип калгандабы же той-топурдабы тамаша аралаштыра сүйлөп, куудулданып сөз менен аларды чымчып өтчү. Ата-энем экөө тең педагогдор. Менимче, тамашалап сүйлөгөндөрүм атамдан өтсө, боорукер, ак көңүлдүгүм апама окшош. Менин бир байкем, бир иним бар. Башынан эле байкем тамаша, шоуларга кызыгып, алардын кассеталарын үйгө алып келип мага үйрөтчү. "Аганы көрүп ини өсөт, кассетаны көрүп Эрмек өсөт" болуп, видеокассета менин жандоочум болду. Үйдөн оюндарды үйрөнүп анан мектептке койчумун. Кандай гана кароо-сынактар болбосун биринчилик биздин колубузда эле.
- Чыгармачылыктан сырткары өзүңдүн кесибиң кандай?
- Кесибим боюнча юристмин. Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүрүп жакында эле дипломду колго алдым. Өз кесибим боюнча иштеп, прокуратурага жумушка орношоюн деген тилегим бар. Азыркы учурда чет өлкөгө барып окуумду улантып, мыкты адис болуш үчүн англис тилинен кошумча сабак алып жатам.
- Анда чыгармачылыкты таштайт экенсиң да. Күйөрмандарың сени "Браводон" көрбөй калышабы. Учурда жарнамалардан кетип жаткан "тамаша шоу лигасын" да уюштуруп жатасың. Сен кетсең алар эмне болот?
- Чыгармачылык мен үчүн хобби. Бирок, жөнөкөй нерсе катары карабайм. Балким, юрист же президент боломбу, баары бир чыгармачылыгым жүрөгүмдө жашайт. Мен ойлойм адам бир тарапта жүрө бербестен колунан келишинче өзүнүн күчүн бардык иштен сынап көрүш керек. Ошентсе да "Бравону" таштап кетүү мен үчүн кыйын. Жан дүйнөм, жүрөгүм ооруп, азыр катуу ойлонуудамын. Мага эч ким сен чет өлкөгө барып окуп кел деген жок. Бул да болсо өзүмдүн каалоом. Бир чети жүрөгүмдү укканым эле жакшы го. Эми мен биротоло кетмек белем. Кайра эле үч жылдын аралыгында келип калам. Ал эми Тамаша+Шоу Лига КВНдин кыргызча заманбапташтырылган бийик деңгээлдеги Лигасы болуп саналат. Бул тамашага кошулгусу келген каалоочулар биз менен байланышса болот. Эгер мен окууга кетсем бул лиганы убактылуу ишенимдүү адамдарыма таштап турам.
- Эрмек, сени үйдө ата-энең эмне деп эркелетишет?
- (күлүп) Бала кезибизден азыркы күнгө чейин атам да, апам да бизди жакшы эркелетишет. Алардын бизге болгон мээримин сөз менен айтып жекире албайм. Ата-энем мени "Эпикам" деп эркелетишет. Эл арасындагы "күчүгүм" деген сөздөрдү айтышпайт. Анткени өзүбүздүн күчүктөрүбүз бар да.
- Жигит болгондон кийин анча-мынча мушташ, акчага муктаждыктар болот. Ошол учурда ата-энеңе айтасыңбы?
- Жо-ок. Андай майда-чүйдөлөрдү атамдарга жүз пайыз айтпайм. Мектеп учурунда мушташ кайда болсо, биз ошол жерде элек. Азыр эми кудай сактасын андайдан. Ха-ха-ха. Ал эми акча маселеси боюнча чоң муктаждыкка туш боло элекмин, тфү, тфү болбой эле коёюн. Апам менен атам экөө тең элүүгө чыгышты. Аларга айтып сарсанаа кылып ойлондургум келбейт. Достор, тааныштар бар дегендей, бирок үйдөгүлөр окуп ойлоп калышпасын, айтпай жүрөт экен деп. Азыр менде баары жайында, ойлонбой эле коюңуздар.
- Кыргыздын жигити катары кой сойгонду билесиңби?
- Ачыгын айтсам билбейм. Өзүм шаарда өскөм, бирок үйгө конок тоскондо байке, жезделеримдин союп жаткандарын карап олтурчумун. Мен кой сойгонду үйрөнүш үчүн он кой керек. Кээде бир койду союп, кайра аны тирилтип, кайра союп үйрөнсөм деп кыялданып кетем. Негизи кыргыз жигити болгондон кийин сөзсүз түрдө билишибиз керек да. Кийин күйөө бала болуп кой сойгондо тамаша катары айтсам, "башынан эмес бутунан баштап соем".
- Үйлөнүү тууралуу сөз кылып калдың. Качан бажырайган күйөө бала болоюн деп жатасың?
- Мм-м. Азыр сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ички жана сырткы сулуулугу менен мени өзүнө багындырып алган. Ар дайым ачык сүйлөйт, калп айтпайт жана келечектеги врач. Эми кыялымдагы сулууну тапкандан кийин үйлөнүү тууралуу ойлонсо болот. Бирок жакынкы аралыкта эмес.
- Теледе эфир алып барган жагабы же сахнада концерт алып барганбы. Кайсынысы кызыктуураак?
- Экөө тең жагат. Теле да, сахна да түз эфир болгондуктан эл сенин туура, туура эмес сүйлөп жаткандыгыңды болгонун болгондой угат. Чынында мага жасалмалуу нерселер көп жага бербейт. Үйдөн атайын муну сүйлөйм деп даярданып кагазга жазып албайм. Табигый жана жандуу нерсе болсо элдин эсинде бекем сакталат. Ошентсе да көбүнчө мага сахнада концерт алып барган жагат. Эл сага эмнени айтса, сен ага жооп кылып кызыктуураак болот. Элдин энергиясын алып, сенин энергияң элге жетип турса мындан өткөн "кайф" жок.
- Түз эфир жөнүндө сөз уланып кетти. "Браводо" бизге билинбеген кандай кызыктуу учурлар болот?
- Кээде уктап каласың. Биздин эфир кеч башталат да. Эртең менен сабак, түштөн кийин жумуш, тренировка анан кечинде чарчаган маалда эфир болуп калат. Бир жолу бир ырчы мырза (атын атабай эле коёюнчу) мени менен маектешип олтурат. Ал дагы абдан чарчап келиптир, экөөбүз тең уктап баратабыз. Ыр бүткөндөн кийин "Токмокко качан келесиз" деген смсти окуп берсем, ал "ий, рахмат, рахмат жакшы суроо экен чоң рахмат" деп бүтүрүп койсо болобу. Суроону кайра берип уйкубузду ачканбыз. Рахмат деген сөздү улам-улам кайталап суроону укпай, уктап кеткени билинип калган.
- Уйку баарынан таттуу эмеспи. Анан ушундай кыйналган кезде, эфирден кетип эле калайынчы деп тажаган учуруң болду беле?
- Эми абдан тажадым деген ой жок. Бирок, Европага барып бир аз чыгармачылыктан алыстап билимимди улантам. "Бактылуу жашооң үчүн өзүңдү кыйынчылыкка ташта" деген сөз бар го. Анын сыңарындай белди бекем бууп, келечегим үчүн бөтөн эл, чоочун жерге барып күчүмдү сынап келейин деген оюм бар.

Маектешкен Айнура Султанова