Саясатка сан кирмейин - жан кирбейт

Мүнөз жана мүмкүнчүлүк
"Обон" гезити өлкөбүздүн жогорку эшелонунда иштеп жатышкан Президент, министр, чиновник, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрика ачып сандан-санга жарыялаганбыз. Бүгүн ошол салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып прогноздорубузду жүргүзгөнбүз.
Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: мамлекетибиздин Президенти К.С.Бакиев, ЖКнын спикери А.Тагаев жана Өкмөт башчысы И.Чудиновдор.

Президент,
Курманбек Бакиев:
Туулган датаңызды жазыңыз 1.08.1949 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+8= 9. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+4+9=23.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 9+23=32. 32-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+2=5. 5-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 32-2=30. 30-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 3+0=3 . 3-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 1.08.1949
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 32.5. 30.3.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Курманбек Салиевич Бакиев: 11-эгоизмге жакын, себеп болбосо деле айлана-чөйрөдөгүлөр мени сыйлап турса дейт. Өзүн-өзү өтө жогору сезет. Андыктан менин акылмандуулугумду тегерегимдегилер баалабай жатат деп кейип-кепчий берет; 2-биоэнергиясы жашоо үчүн жетиштүү, бирок азыркы учурда аз болгондуктан спорт менен машыгуусу зарыл; 333 - илимге жакын адам, ар нерсеге сын көз караш менен карайт. 4-ден соолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5-интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 6-0- кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөгөн адам, турмушта анча практикалуу эмес; 7-0- жөндөмү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга кездешет; 8-жоопкерчилиги жана сезимталдыгы бар; 99-тубаса акылдуу баш берилген, бирок окуганга анча көңүлү жок.
Алдыга койгон максаты түшүнүксүз, андыктан анын алган багыты карманган көз карашын актабай, ойлору орундалбай калышы мүмкүн. Бирок ички мүнөзү туруктуу, тегерегине өзү ишенген гана чөйрөнү чогултат. Өзүн-өзү баалаган баасы жогору болгондуктан көбүнчө тышкы көрүнүш, формалар менен алек болуп, ички баалуулуктардан артта калат. Койгон максаттарына жете албай, өзүндөгү негизги энергиялык багытын утурумдук сырткы майда нерселерге алагды кылып жиберип арманда калышы ыктымал.
Үй-бүлөсүн материалдык жактан жакшы камсыз кылуу максатында кыялындагы өзү эңсеген ички кызыкчылыгынан баш тартууга туура келет. Үй-бүлөсүн жетиштүү абалга жеткирүү анын негизги ойлорунун бири.
Чоң иштерге жөндөмдүү, атак-даңктуу кызматтарга жолдуу. Негизги сапаты-консерватор жана материалист. Мүнөзү чыдамдуу, унчукпаган токтоо, жай жана бийликтүү. Андагы жөндөм элди ачык айтууга чакыруу. Коомдук мамиледе начар байкоочу, колдон келсе ага алыска каттоочу, саякаттоочу иштерди тандабаганы оң, андай шартта ал тең салмактуулугун, ден соолугун жоготот. Өзгөрүүлөргө (реформа) абдан чоң кыйынчылык менен барат.




21.08.1961
2+1+8= 11
1+9+6+1=17
11+17=28
2+8=10
28-4=24
2+4=6
Өкмөт башчысы, Игорь Чудинов:
1111 - аябай эрктүү, күчтүү; 222-экстрасенстик жөндөмдүүлүктөрү бар; 3-0-көңүлдүн адамы, так илимдерге болгон шыгы начар;4- ден соолугу орто; 5-0-интуиция каналы ачык эмес, бардык түйшүктөрдү башы менен чечүүгө туура келет. Эксперимент жасаганда, бир нерсе ойлогондо ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн; 66-кара күчтүн ээси, күч жумшалган эмгекти сүйөт, жердин адамы; 7-0-талантсыз болгондуктан оор абалды алып келиши ыктымал; 88-жоопкерчиликтүү аткаруучу; 9-акылын (интеллект) өстүрүүсү керек.
Алдыга койгон максатка умтулуусу күчтүү болгону менен ойлогонунун артынан кубалай берип жанындагы жакындарынан ажырап калуу шарты тургандыктан, өзүн-өзү тарта билүү сезимин билгени дурус. Үй-бүлөсүнө берилген, камкор ата. Ички адат, мүнөзү туруксуз. Өзүн-өзү баалаган амбициясы өтө күчтүү болгондуктан сырткы көз алданган көрүнүштөргө көп басым жасайт. Натыйжада ички баалуулуктар эске алынбай негизги койгон максатына жетүүдө чоң жаңылыштыктарды кетириши мүмкүн. Мүнөзү, алга умтулуусу дымактуу болгону менен жөндөмдүүлүгү чектелүү гана болгондуктан коомчулукту көптөгөн кыйынчылыктарга алып барып такайт. Анткенибиз менен мыкты аткаруучулугунун негизинде бийликке ыңгайлуу фигура. Ал эми эртеңки мамлекетибиздин экономикалык стратегиясы менен анализине анча тиши өтө бербейт. Аткаруу бийлигинде командалык эски психологиясы калыптанган - консерватор жана материалист. Башкалардын кайгысына анча сезгич эмес. Мүнөзүндөгү чабал жери - бой көтөрөт. Белгилүү топтун кызыкчылыгына чектен аша бериле алат. Иштерман, өз үйүнө байлык алып келет. Эмоционалдык жашоосу тең салмактуу.
Өкмөт жетекчиси И.Чудиновдун аты жөнүнө, тагдырына байланышкан эзотерикалык (жашыруун илим сырлары) коддорун чечмелесек: адашууга алып бара турган жолу болбогон өкүнүчтүү окуялар, катастрофалар бар, чоң кызматтын, атак-даңктуулуктун аягы жарга такалышы ыктымал.




30.04.1958
3+4= 7
1+9+5+8=23
7+23=30
3+0=3
30-6=24
2+4=6
ЖКнын спикери,
Айтибай Тагаев:
1-эгоист, 2-биоэнергиясы азыраак; 333-илимге жөндөмдүүлүгү бар; 44-темпераменттүү, ден соолугу чың киши; 5 - интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 6-бул адам жерге устачылык кылуу үчүн келген. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу көркөм табит, фантазия -анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы. 7-0-жөндөмү чектелүү, жогорку күчтөр колдогон нурлары жок, ошондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга учурайт; 8-жоопкерчилиги бар; 9-акылын (интеллект) өстүрүүсү зарыл.
Айлана-чөйрөгө бат ыңгайлашып, кабыл алуусу абдан тез. Мүнөзү - алсыз. Көз карашы дайыма башкалардын жетелөөсүндө болуп, тил алчаак. Тегерегиндегилер менен карама-каршылыктуу дискуцияларга барбайт. Көз карашы менен кошо көздөгөн максаты да күтүүсүз өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Өзүн-өзү көтөрүңкү баалоосу өзүн артка тартат. Үй-бүлөсүн камсыздандырууга убактысын бөлүп, алардын кем-карчы анын жалгыз түйшүгү. Бардык мамилелерде бийлик жүргүзүүгө умтулат. Өзү көксөгөндүн артынан түшүп, аны болуп көрбөгөндөй айлакерлик менен торго түшүрөт.
Ал эми ЖКнын спикери А.Тагаевдин аты жөнүнө жана тагдырына байланыштуу эзотерикалык табышмагын жандырмаласак: жакшылыкка умтулуу, иши жүрүшкөндүгү менен кошо адашуулар, өкүнүүлөр, чечкинсиздиктер коштойт. Ийгиликтерге тез жеткени менен аны көпкө кармап тура албай, кайра артка бат чегинүүлөрү анын кадимки мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү.
Саясат айдыңында жарк эте турган жарыктары жана тубаса сапаттары аз болгондуктан -ал жөн гана ЖКнын төрагалык кызматына келип, кетүүчүлөрдүн катарын толуктайт.

Даярдаган Алмазбек Адишов