Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова:
"Медицина менен искусство эч убакта сатылбайт"
19 жашынан ыр дүйнөсүнө келип, 25 жылдан бери искусствонун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, кыргыз эстрадасында кызмат кылып келаткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулованы тааныбаган жан жоктур. Ырчы эжекебиздин авазына ашык болуп, кумир туткан күйөрмандар миңдеп саналат. Мына ушундай фанаттарынын суроо-талабы боюнча Динара Акулова менен кызы Маликаны "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын төрүнө чакырган элек. Күндүн суугуна карабай кичинекей бөбөгүн көтөрүп алыстан ат арытып келген ыр ышкыбоздору бүгүнкү таланттардын ким экендигин айгинеледи. Ден соолугуна байланыштуу күйөрмандарын бир аз күттүрүп койгон Динара айым босогону аттаганда эле кечирим сурап, коноктор каалаганча маек курду. Үч саатка созулган баарлашуудан соң Динара эже өзүнүн ырлары жазылган компакт-дискин келген меймандарына белекке берип, кол тамгасын калтырды.

Лазат
- Динара эже, мен сиздин чыныгы фанаткаңызмын. Сиздин чыгармачылыгыңызды баалайм. Ылайым эле кыздарыңыздын сый урматына бөлөнүп, кыргыз элинин сыймыгы болуп жүрө бериңиз. Мен сизди бала кезимден кумир тутам. А сиз кимди кумир тутасыз?
- Лазат сиңдим сага чоң рахмат. Бактылуу бол. Маликадай кезимде менин да кумир туткан ырчыларым болгон. Гүлмайрам Момушова, Зейнеп Шакеева, Эрмек Мойдунов деген белгилүү өнөр адамдары айылга концерт коюп барганда автобустун артынан ыйлап чуркап, жыгылып бети-башымды көгөртүп эле жүрчүмүн. Айрыкча Гүлмайрам эжени аябай жакшы көрөт элем. Ошол эжеге жетип, жанында сүйлөшүп отурсам деп максат кылып жүрүп институтту бүткөндөн кийин Карамолдо Орозов атындагы оркестрине келип эже менен бир аз иштешкенден кийин ал декреттик отпускага чыгып кетти. Анан гастролдорго чыкканда кумиримдин репертуарындагы ырларынан аткарып жүрдүм.
- Кызыңыз Малика да өзүңүздүн жолуңузду жолдоп тырмактайынан элге кызмат кылып келатат. Эки таланттан жаралган наристенин төрөлүшүн, энелик бакытка бөлөнгөн күнүңүздү бир эстеп көрбөйсүзбү?
- Тун кызым Меридина 7 айлык төрөлүп, бала болот болбойт деп жүрүп бала кылдым. Негизи аялзатынын эң оор жана эң кубанычтуу күнү бул төрөт учуру деп айтат элем. Он эки омурткаң сыздап жаның көзүңө көрүнгөн толгоо учурундагы кыйынчылыкты сөз менен жеткирүү кыйын. Ыңаалаган наристе үнүн укканда бардык кыйынчылык унутулуп бакыттын кучагына бөлөнөсүң. Ошон үчүн аялдын бир ажалы да, кулпурган ажары да төрөт деп бекер айтылбаган чыгар. Ал эми сиз сураган Маликаны 7 жыл күтүп жүрүп, кудайдан тилеп, элдин батасы менен тапкам. Врачтардын "Сага төрөгөнгө болбойт бул жакта энесин да, баласын да сактай албайбыз" - дегенине карабай төрөлө турган күнүнөн 20 күн ашып кеткенде Москвага барып операция жолу менен төрөп, бир жума өзүмө келалбай жаткам. Бир кызымды айыма жетпей, бир кызымды ашып кетип араң таптым, кудайдан ушулардын өмүрүн берсин деп тилейм.

Наргиза
- Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен кантип таанышып калгансыз?
- Москвада 2 концертте чогуу ырдап калып, ошондо Кыргызстанга келүүсүн сунуш кылсам макул болуп келишимдин негизинде эң биринчи жолу Юлдузду Кыргызстанга мен алып келгем.
- Кыздарыңыздын атына эмне үчүн "Дина" деген ат кошулган?
- Кыздарым бала чагынан эле сахнага чыгып, эл оозуна алынып калбадыбы. Буга чейин кыздарымдын фамилиясы Шерматова, Акулова болуп жүрдү. Кийин чоңойгондо "өздөрү сахнага сиздин атыңыздан чыкпайлыбы" деп калышты. Кыздарымды өзүм жалгыз чоңойттум, мен ушулар үчүн жашап келем. Ошондуктан медер туткан кыздарымдын сунушун четке каккым келген жок.
- Оор тийсе кечирип коюңуз. Шайыр Касымалиева менен мамилеңиз кандай? Малика менен Мээрим катташып турабы?
- Эмнеге оор тиймек эле. Шайыр деле элдин адамы, бир жагынан көлдүк, сиңдим болот. Чыгармачыл адам катары баалайм. Мамилебиз жакшы. Ал эми Шайырдын кызы Мээрим менен Малика аталаш бир тууган болгондон кийин катташып турушат. Мээримди өзүмдүн кызымдай көрөм.
Нурсана
- Гүлмира Рысбаева сизден кеткенден кийин сахнадан көрүнбөй калды. Андан кабарыңыз барбы? Дегеле, эмне себептен баралына келип турган кезде басып кетти?
- Ошону айтсаңыз, эмнеге деген суроо менде да бар. Өзүмдүн балдарыма болгон энелик мээримди Гүлмирага да бөлүп, кичинекейинен чоңойтуп, мектепти бүтүрүп, университетке өткөргөнүмдө апасы келип "мындан башка эч кимим жок, жалгыз караарым ушул" дегенде Гүлмира кызым да боштондукка чыккысы келген адамдай эле шарт кетип калды. Бирөөнүн баласы экен эмне дейсиң анан. Бул кыз өсүш керек эле деген бойдон безилдеп кала бердим. Кеткенине үч жыл болду ошондон бери аны менен сүйлөшө элекмин.

Нази
- Теледен өзүңүздү көргөндө кемчилдигиңизди табасызбы?
- Негизи адам баласы каталыктан изденип жүрүп үйрөнөт экен. Андыктан өзүмө-өзүм сын көз караш менен карап, жетишкендигиме караганда кемчилдигимди көп табам.
- Кайсы концерт экени эсимде жок. Бир концертте көзүңүздү бат-баттан ирмей бергениңизди билем...
- Канча кирпиги бар деп санайт окшойсуз ээ. (тамаша) Туура байкагансыз. Бул да болсо ден соолугума байланыштуу. Үч жолу автокырсыкка кабылып, башымдан көп жаракат алдым. Ошондон кийин көзүм такыр токтобой калгандыктан чет өлкөдөн келген татар профессор дарылап калыбына келтирген. Азыр кудайга шүгүр жакшы болуп калды. Менимче сиз дал ошол ооруп жүргөн учурумда көргөн окшойсуз.

Жыргал
- Абдумалик Шерматов экөөңүздөрдүн "Кош жылдыз" деген ырыңыздар мага өзгөчө таасир калтырчу. Чынында экөөңүздөргө аябай суктанчу элем. Сурайын дегеним Абдумалик байкени сүйүп турмушка чыктыңыз беле?
- Сүйбөсөм каяктан чырактай кыздарды төрөмөк элем. Жашоо-турмуш, тагдыр деген биз ойлогондой болбойт тура. Бул да болсо тагдырдын буйругу. Канча жыл чогуу жашадык, чогуу элге кызмат кылдык, мен бактылуумун. Кызымдын атасы, кай жерде жүрбөсүн аман болуп, бактылуу өмүр сүрсүн деп тилейм.
- Сиз ырдаган "Жайлоодо" деген ырдын автору "Динара Акулова өзүмдүкү деп энчилеп алыптыр" деп нааразычылыгын билдирип телеге чыкты эле. Бирок, мен ал ырды көлдүк жигиттики деп айтканыңызды угуп жүрчүмүн. Сиз ал киши менен жолугуп, бул маселени чече алдыңызбы?
- Ооба. Бул ыр тууралуу өтө көп сөздөр болду. Силерге окшогон күйөрмандарым менин таламымды талашып гезитке чейин жазышкан. Бир чети ал ырды мен ырдап эл алдына алып чыкпаганда балким көмүскөдө калып кетет беле. Өзүңүздөр күбө болгондой концерттерде, дегеле кай жерде ырдабайын ырдын автору көлдүк жигит, өзү органда иштейт деп айтып жүрөм. Биринчиден авторлордун ырын тартып алышка биздин акыбыз жок. Экинчиден ага менин уятым жол бербейт. Ошондуктан менин ырым деп эч качан ырдаган эмесмин. Мен ал жигитке таарынбайм. Бул боюнча өзү менен да жолугуп сүйлөшкөнмүн.

Кербен-Куба
- Динара эже, биринчиден сизге чыгармачылык ийгилик жана энелик бакыт каалайм. Мен өзүм да чыгармачылыкка жакынмын. Бала чагымдан ырдасам деп максат кылып келем. Шоу-бизнестин анча-мынча сырларын бөлүшө кетсеңиз. Үндү кантип сакташ керек?
- Мен үндү сактагыла же жасагыла деп айтуудан алысмын. Негизи искусство менен медицина эч убакта сатылбайт. Медицинада өзүңдүн жумушуңду жакшы билбесең бирөөнүн курсагын жарып өлтүрүп алышың мүмкүн. Ал эми искусстводо кудайдан берилген тубаса талант болбосо каалаган жерде ырдай албай калып уят болушуң ыктымал. Ошондуктан нары жагында талант болбосо жасап ала албайсың. Артисттер ысык суукта көп жүрөбүз. Мына ушундай учурларга чыдабаган адам элдин адамы боло албайт. Мен ойлойм ырчы болом деген адамда үндүн тембри анан каалоо болуш керек.
- Маликанын келечекте өзүңүздүн ордуңузду баса турган ырчы болушуна ишенесизби?
- Менин Маликадан үмүтүм чоң. Анын акылын, баскан-турганын карасам элдин адамы боло турган кыз. Малика эң алгач сахнага ырдап чыкканда элдин купулуна толуп, бат эле эл оозуна алынып кетти. Малика менин ордумду басса экен деген каалоо-тилегим бар. Эне катары кызымдын чыгармачылыгын ар тараптан колдойм.

Алтынгүл
- Малика, апаңдын кайсы жагынан үлгү алгың келет.
- Мага апамдын бардык сапаты жагат. Тазалыгын, камкордугун, колунун берекелүүлүгүн, меймандостугун апамдын эң бийик сапаттары катары белгилейт элем. Эгер мен апамдын ушундай мүнөзүн жазбай тартсам анда жаман эне болбойм.
- Биз сахнада апаңдын дайыма күлүп-жайнап жүргөнүн көрөбүз. Үйдө жини келген учурлары да болобу?
- Апамдын оңойчулук менен ачуусу келбейт, эгер жини келе турган болсо бир кыйкырганда үйдө эч ким калбай калат.
- Алдыга койгон максатың кандай?
- Апамдай эне, апамдай өнөр адамы болуп, элиме кызмат кылуу.

Самара
- Динара эже, гастролдогу кызыктуу окуяларыңыздан айтып берсеңиз?
- Кызыктуу дал келүүнү айтып берейин. Бир жолу Нарынга гастролдоп барсам кош бойлуу келин менден автограф сурап калганынан ылайым Мирел, Марсел аттуу эгиз балалуу бол деп каалоо жазып бергенмин. Ошондон 1 ай өтпөй 1 уул, 1 кыздуу болуп атын Мирел, Марселла коюшуптур. Бир жылдан кийин Нарынга барсам чоң энеси атайын концертке келип неберелерин көрсөтүп кетти.
Ж. Калдарова