Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Дүйнөлүк рекорддор
Учурдун талабына жараша адамдарды ар кандай жолдор менен таң калтыруу бүгүнкү күндө кадимки көрүнүштөргө айланып баратат окшойт. Жакында эле көпчүлүктөн айырмаланып төмөнкүлөр дүйнөлүк рекордду кое алышты.

Шиш така менен жарышкандар
Жакында Сиднейде өткөн жарыш мурда эч бир жерде болгон эмес. Анткени жалаң бийик така кийген 265 бийкеч жарышка түшүшкөн. Такаларынын бийиктиги 8 сантиметрден , бойлору 170 сантиметрден кем эмес болуу керек деген талаптар коюлган , сынакта Мак Глоун жеңүүчү деп табылган. Баш байгеге 2500 фунт стерлинг жана эки алтын така туфли беришкен. Кабарчыларга Мак эки жума бою бийик така менен бир топ жерге чуркап машыкканын кабарлаган. Алгач 3 сантиметр анан 10 сантиметрдеги така менен чуркап машыккан эмгегинин акыбети кайтканына сүйүнүп жатканын жашырган жок.

Эң чоң коён
Расмий түрдө дүйнө жүзү боюнча эң чоң коён Роберто табылган. Салмагы 22 кг, боюнун узундугу 1,2 метрден ашат. Ал эми анын "жубайы" Эмми экөө баш кошконуна аз эле убакыт болсо да , жакында эле экөө жарык дүйнөгө 32 бөжөктү алып келишти. Учурда алардын ээси 55 жаштагы Анетт Эдвардс жаныбарын көзүнүн карегиндей сактап, туулган бөжөктөрүнүн бирин да кор кылбайм деп келүүдө.

Шаарга төшөлгөн сүрөттөр
Биз кадимки эле жерде басып жүрсөк, Бирменгем шаарынын тургундары жалаң сүрөттөр менен төшөлгөн жерде басышат. Жерде салынып турган мозаиканын жалпы аянты 900 квадрат метрди түзөт жана сүрөттөгү 113 миң адамдын тагдыры чагылдырылган. 17 жаштагы Люси Мурдун да чоң атасы башынан кандай күн кечиргенин билгиси келгендер жерде төшөлгөн сүрөттөрдөн билип алышса болот.

Асмандагы дөңгөлөк
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң дөңгөлөктү Сингапурдан табышты, анын диаметри 160 метрди түзөт. Ар бир капсуласына 28 адам батат, албетте ар биринде кондиционер, жумшак заманбап эмеректер жайгашкан. Адатта бул керемет жайда кечелер же олуттуу жолугушуулар өткөрүлөт. Ал эми бир жолу бул жайга кирип чыгуунун "пулу" канча экенин сурасаңыз, төбө чачыңыз тик тураарына талаш жок.

Денеге тартылган жолдор
Сан- Францискодогу белгилүү сүрөтчү Тристан Саватьер өзүнүн денесине жашаган шаарынан үйүнө чейинки жолду тартып алган. Эгерде Сан-Франциского саякатоону кааласаңыз жаныңызга Тристан Саватьерди ээрчитип алсаңыз адашуудан алыс болосуз. Чынында шаарга келген конокторду жарым-жылаңач бойдон ээрчитип жүрүү анын хоббилеринин бири. Албетте бөлүнгөн убактысына тиешелүү акысын төлөп беришет.

Башыма асман түшсө да көтөрөм…
Лос-Анджелестин тургундарынын сүймөнчүлүгү Бред башына ар кандай салмактагы нерселерди көтөрө алат. Тоннага чейинки салмакты ар ким эле көтөрө албагандыктан ошол эле шаардын тургундары анын эрдигин элге жайып ага атактуулук алып беришкен. Журналистердин:- "Мындай "эрдигиңиз" ден соолугуңузга терс таасирин тийгизбейби?" деген суроосуна, мактанып - "Башыма асман түшсө да көтөрөм" деген жообун кайтарган.

Эки дөңгөлөктүү унааны эпке келтирген абышка
Жашынын бир топко барып калганына карабай сүрөттөгү адам эки дөңгөлөктүү арабанынын ар кандай түрүн ойлоп тапкан, учурда эң чоң көлөмдөгү велосипедди чыгарып, алдыңкы орунда турат. Рекорд койгон адам жашоосунун теңинен көбүн ушул эмгегине арнаган, бүгүнкү күндө жалгыз бой күн кечирип келүүдө.

Даярдагандар Анара Дүйшөналиева, Алика Асаналиева