Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жаргылчак

Султан "Күйдүм чок" чыгармасын жеткиликтүү аткара алдыбы?
Үч буроо, жалгыз тээк үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз.
Опоңой көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да сырлары көп айтып болгус- демекчи оңой көрүнбөгөн сырларды кыраатына келтирип комузда кол ойноткон Атай Огомбаевдин "Күйдүм чок" деген чыгармасы бүгүнкү күнгө чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат. Ар бир муун өзүнүн көз карашы менен жаңыртып эл алдына сунуп жатканы жакшы көрүнүш болгону менен сын-пикирлерди да жаратпай койбойт. Түрдүү миң пикирден, акыйкат бир пикир жаралат демекчи бүгүнкү жаргылчакка Атай Огомбаевдин "Күйдүм чок" ырына жаңы жан берген Султан Садыралиев салынмакчы.

Күйдүм чок
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.

Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака кош этек,
Кадырды билсең өзүң кел.

Боз теректей бүрдөнүп,
Боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолуң таап жете албай,
Мен жүрөм боздогон
тайлак өңдөнүп.

Ак теректей бүрдөнүп,
Ак жоолук салып түрдөнүп.
Айлыңды таап жете албай,
Мен жүрөм адашкан
тайлак өңдөнүп.


Динара Эсенгулова, продюсер:
- Биз бул ырды тандап жатып мурда кимдер аткарган, ким кандай ырдаган ошонун баарын Султан өзү отуруп изилдеп чыкты. Анын аткарганын угуп мен да көңүл кош болгон жокмун. Кээ бир эле каталыктарды байкай алдым. Карап көрсөңүздөр "13 жашар баланын арманы", Барпынын "Гүзал кыз" аттуу чыгармалары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, эң жакшы баа берип жатканын байкоодобуз. Эми эмне дейбиз, элдик ырларды унутта калтырбай жаңыртып туруу жакшы жөрөлгө. Султан буга чейин дастандарды комуздун, домбранын коштоосунда элге жеткирип жүргөнүн, жөн эле ырдап койбостон ар кандай фестивалдарда ийгилик жаратканын кошумчалай кетсем ашыкча болбос.

Кенже Дүйшеева, "Кыз-Бурак" тобунун солисти:
- Негизинен эски ырларды жаңы вариантта алып чыгуу бул жакшы көрүнүш. Бирок, анын да өз жолу бар. Кыргыздын нукура ыры элдин жүрөгүнөн түнөк таап калганынын себеби аткаруу чеберчилиги аябай бийик деңгээлде болгон. Ошол ишенимден чыкпай улуу муунду ирээнжитип албаш үчүн кыргыздын колоритин жоготпой Европа стилине бурбай ырдаса аябай жакшы болмок. Ошол кездеги ырлар ушул күнгө чейин жетип отурабы демек, булар жөнөкөй чыгармалар эмес. Ошондуктан кийинки жаштар келечекти ойлоп кийинкилерге туура багыт көрсөтүшүбүз зарыл. "Өткөнгө таш ыргытсаң келечегиң сени замбирек менен атат" деген кыргыздын таамай айтылган сөзү бар го. Султандын аткарганы боюнча айтсам негизи ырлар кулактын жана жүрөктүн чыгармасы болуп экиге бөлүнөт. Султандын ырлары жүрөктөн орун алган десем аша чаппайм. Жакшы эле аткарган, бирок Алтынбек агайга жетпейт. Алтынбек Сапаралиев жеткиликтүү аткаргандыктан элдин эсинен оңойчулук менен кетпейт.

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы:
- Мен өзү Токон Эшпаев аткарган ырлар менен чоңойгом. А азыркылар Султандын аткаруусундагы вариантты угуп жатышат. Жалпы жонунан айтканда аябай жакшы аткарган, Султанга баа бериш керек. Аранжировкасы да, үнү дагы бири-бирине төп келишип, аткаруу чеберчилиги бийик деңгээлде болуптур.

Кадыралы Артыков, обончу:
- Бүгүнкү жаштардын арасында жакшысы, мыктысы, орто деңгээлдегиси жана начарлары бар. Алар жөнүндө айта турган болсок аябай чоң тема. Аларды сындаш да оор. Ал эми эски ырларды кайра иштеп чыккандар жөнүндө айтсам, көпчүлүгү эле мен кыйынмын деп ырдап чыгууга аракет кылып жатышат. Бирок, созулуучу жерлерде туура эмес созуп, кайрыктарын бузуп койгондору да болуп жатат. Ошондуктан айтаар элем алдын-ала ошону элге жеткире алабы жокпу ошону тактап өзүнүн деңгээлине жараша кадам шилтесе жакшы болмок.

Малик Аликеев, ырчы:
- Эски ырды жаңыча көз караш менен элге тартуулап жатканы жакшы көрүнүш. Баары дебейм, бирок арасында жакшы аткарып жүргөндөрү да бар. Султанды айтсам Атайдай эч ким аткара албай калды го. Эстрадага салып өз нугунан четке чыгып кеткендерин көрүп кээде зээн кейип кетет. Өткөндө ким аткарганын билбейм "Нарындан жазган салам кат" деген ыр негизинен 6 куплет чыгарма да. Ошонун эки куплетин эле ырдагандары жакшы эмес го. Ар ким өз деңгээлине жараша өзгөчөлөнүп жатканы бир чети туура болсо, бир чети жан кейитет.

Алтынай Нарбаева, ырчы:
- Жаңы чыгып келаткан ырчылардын эски ырларды жаңыртышы жакшы жөрөлгө. Ар бир адамдын көз карашы ар кандай эмеспи. Өздөрүнүн жан дүйнөсүнөн чыккан өзгөртүүлөр менен бирге эле, элге бир оригиналдуулукту тартуулап келатат. Султан жөнүндө айта турган болсом негизи эле таланттуу ырчы, андан көптү үмүттөнсөк болот. Бирок, нукура элдик ырларды аткарып жаткан соң, өз гармониясынан чыкпаса сонун болмок.

Даярдаган Н. Жусупова




Кызыктар дүйнөсүндө
Гитлер Жинге баш ийгенби?
1932-жылы 30-апрелде Берлинде Адольф Гитлер менен Жин келишим түзүп, өздөрүнүн каны менен кол коюшкан. Гитлерге Жин чексиз бийликти камсыз кылмак, бирок аны жамандыкка гана колдонуш керек болчу. Анын ордуна Гитлер өзүнүн жанын 15 жылдан кийин бермек болот.
Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча алардын келишими 30-40-жылдарга туура келген.
Доктор Грето Лойбер мындай деген түшүнүк берген: "Мен ишенем Гитлер менен Жин сүйлөшүп жүргөнүнө, себеби 1932-жылы Гитлер жолу жок, түшүнүгү тайкы, жадагалса мектептен чыгарылып, андан кийин академияга өтпөй, түрмөгө да отуруп чыккан. Ошол кезде Гитлерди тааныгандар "жолу жок" деп коюшчу. Бирок 1933-жылы апрель айында анын жашоосу түп тамырынан бери өзгөрүлүп, Германияны башкарып калган. Ал эми 1945-жылы 30-апрелде Адольф Гитлер туура он үч жылдан кийин өзүн-өзү өлтүргөн. Гитлер менен Жиндин келишими шаар четинде өрттөнүп кеткен үйдүн ичинде, сандыкта табылган. Ал жакка кандайча түшүп калганы белгисиз. Азыркы учурда ал документ шаардык тарых музейинде сакталып турат. Анын эскилиги жетип, айрылып калган, бирок окуганга болот. Жин деген адамдарды дал ушундай жол менен өзүнө багындырат"-дейт доктор Лойбер. Ал ошондой жолу жок, колунан келбегендерди тандап алып, элге жана айлана-чөйрөгө жамандык алып келе турган иштерди кылдырат. Бул схемага Адольф Гитлерди толугу менен кошсок болот.

Дүйнөдөгү эң чоң алмаз
ЮАРда тарыхта эң чоң алмаз табылып, анын салмагы "Куллиана" алмазынан эки эсе чоң болгон. Мамлекетте бул табылга ич ара чыр-чатакты ырбаткан. Себеби алмаз Иеханесбургга алынып келинген.
Азыркы убакка чейин эң чоң табылга "Куллиан" болуп саналчу. Ал орто эсеп менен 3206 каратты түзгөн. 1905-жылы Түштүк Африкадан табылган. Бирок мындай көз суктанаарлык байлыкты анын ээси болуп калган Кароль Эдуард VII алмазды майдалап кесип салуудан башкага акылы жеткен эмес. Мына ушундан кийин алмаз кандай чоңдукта табылса да аны майдалап бөлүп салуу салтка айланып калган.
1. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң алмаз "Куллиан "салмагы 3206 карат.
2. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң бриллиант "Куллиан 1", салмагы 530,2 карат.
3.Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат бриллиант "Ди" салмагы 100 карат, ал 1995-жылы 165487508 долларга сатылган.
Эң чоң тазаланбаган алмаз бул-"Де Брис"-1462 каратты түзөт.

Кыйшык мунара
Италиянын Призе шаарынын базар аянтчасы di Мiracolige де мунара жайгашкан. Анын курулушу 1173-жылы башталып, түндүк тарапты көздөй кыйшайып калганы үчүн токтоп калган. Ошондон туура 100 жыл өткөндөн кийин курулуш иштери кайра улантылган. Бирок оңдолуп салынгандан кийин деле кыйшайган боюнча калган. Анын кыйшайып калганын 1911-жылы гана ченеп, изилдеп башташкан. Мунара жыл сайын 1,2 миллиметрге кыйшайып турат. Азыркы күндө Пиза мунарасы борбордон 5,3 метрге жылып кеткен. 1989-жылы Сабара Повия коңгуроосу кулагандан кийин курулуш консериуму инженерлерге Пиза мунарасын оңдоо боюнча тапшырма берген.
Инженерлер мунаранын үстүңкү бөлүгүн гана оңдошкон, бирок 800 жыл мурда салынган бул мунара азыр деле кыйшайып турганы турган.
Учурда Пиза мунарасынын формасы бананга окшошуп калган.

Помидор-сүйүү алмасы
Помидор-бул дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү жемиш. Бир жылда 60 млн. тоннадан ашуун томат иштелип чыгат. Бул дүйнөгө экинчи таанымал бананга караганда 2 эсе көп дегенди билдирет. Томат б.з.ч. 700-кылымда эле белгилүү болгон. Изилдөөчүлөр 1556-жылы Европада помидор өстүрүп көрүшкөн. Ал эми Франциялыктар ал убакта помидорду "сүйүү алмасы", а немецтер "бейиш алмасы" деп коюшчу.
Помидор - А,С жана холестеринге бай. Орточо салмагы 148 гр. Анда болгону 35 каллорий бар. Мындан тышкары медициналык изилдөөчүлөр лекопен ден соолукка зыян деп эсептешкен. Лекопен - бул помидорду жасалма кызарткан химиялык нерсе. Ал адам баласын рак оорусуна алып келиши тастыкталган.
Азыркы убакта лекопен эң белгилүү 600 жемиштен табылган.

Даярдаган Даткайым Пириева