Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуунун балдары

"Атамдын өлүмүн бурмаланган жалаа эртелетти"
Студент кезде Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгына арналган конференцияга катышып калдым. Кезек менен сөз сүйлөшүп, бир кезде Аалы Токомбаевдин кызы Тамара Аалиевнага сөз кезеги берилет деп калышты. Мектепте адабият сабагынан "тытып" окуган улуу акындын кызы кандай болду экен деп, башымды созуп карап турам. Жашы алтымыштар чамасындагы ак-саргыл болгон эже трибунага чыгып сүйлөй баштады. Акынды сүрөттөн билебиз. Сахнага жакын акындын кызын тиктеп олтуруп, Аалы Токомбаевге окшош жактарын издей баштадым. Бир убакта Тамара Аалиевна атасынын өмүрүнүн акыркы жылдарындагы атасына тагылган айыпты, аябай кыйналып кеткен атасынын акыркы күндөрүн айтып атып балбалактап ыйлап жиберген. Улуу акын жөнүндөгү акыйкатты кыргыз калкы билсе деген зор үмүтүн көтөрүп, чебелектегендердин жоон башында Тамара Аалиевна өзү турат экен деген тариз калган эле. Чындыгында ошондой экен.
Аалы Токомбаевдин үй музейин жетектеп, бир кезде акын өзү акын жазуучулардын башын бириктирип, кел берилеп чай сунган атасынын коломтосун өчүрбөптүр. Ата арбагын сыйлап, эшигин кулпулатпай, кыргыз акын-жазуучулары менен тамырлаш болуп, ата алдындагы перзенттик милдетин татыктуу өтөп жатканына ким дагы болсо ыраазы.
Мына ушул ойлорду шыбыргактап жааган күзгү жамгырдын алдында баратып чүргөп алдым. Мен барганда Тамара Аалы кызы Аалы Токомбаевдин үй-музейин иреттештирип жүрүптүр.
Жашы 72ге барып калган. Сыркоолоп турган экен. Бирок, ошого карабай атасы жөнүндө число, датасынан бери далил-фактылар менен маегин улантып жатты.

Өмүрдүн күнгөй-тескейи
... Атамдын өмүрү чындыгында өтөлгөлүү болду. Жашоодогу эң жаман күндөрдү да, эң жакшы турмушту да көрдү. Бала кезинен жетим калып, бир туугандарынан айрылып, куу бел, ач ашууларда 1916-жылдагы Үркүндүн азабын тарткан. Бул жөнүндө үй ичинде көп сөз кылчу эмес. Апабыз эстетчү эмес негедир. Бирок, чыгармаларында ошол азаптуу күндөрүн жан дүйнө кыйкырыгындай берген. 29-30 жаш чамаларында Кандуу жылдар" романын жазган. Чыгармаларын түнү жазчу. Бир күнү ошол романын жазып жатканда, коңшу бөлмөдө уктап жаткан Кубанычбек Маликовду кыйкырып, ойготуп кирип барыптыр. Көрсө көзүнө кайдан-жайдандыр баягы Үркүндөгү тааныш караандар арбак болуп келип, "мени жаз, мени да жаз" деп жулмалашкан экен. Атам ошол Үркүндөгү кыргыздардын ар бир азабын тамырынан өткөрүп, өмүр бою эсинен чыгарган жок. Кийин, жакшы турмушта турганда барга шүгүрчүлүк кылып, эң чоң суммадагы гонорарын муктаж болгон акын-жазуучуларды колдоп, жардамын аяган жок. Апам эч нерсе деп талашчу эмес. Мен: "Папа, мен айлык алам 156 сом. А сиз болсо канча миңдеген гонорарыңызды башкаларга жумшайсыз" дегем. Ошондо атам байкуш "силер көрбөгүлө ошол Үркүндүн азабын, эч ким көрбөсүн, ачка, күн суук төбөсү ачык мүрзөлөрдө түнөгөн күндөр болгон. Мен дагы бирөөлөрдүн жакшылыгына муктаж болгом. Колумдан келсе жетим-жесир, муктаж адамдарга жакшылык гана кылам деген үнүм кудайга жеткен экен. Ошондо бул менин өзүмө-өзүм берген антым болчу кызым"-деген.
Менин атам дүйнө жыйнап жашырып алган жок. Ал кезде Фрунзенин бир көчөсүнө асфальт төшөткөн деп да айтып жүрүшөт. Атамдын кайрымдуулук иштерин мен кызы айтпасам да, анын көзүн көргөндөр тирүү жүрүшөт. Ошолор да айтышат.
Ал кезде Токтогул көчөсү "Демьян Бедный" деп аталчу. Ошол жерде турчубуз. Апам "атаңар иштейт, атаңар уктап эс алып атат, атаңарга жолтоо болбогула" деп турчу. Үй кичине да, андай деле бейбаш болбодук. Үйгө белгилүү акын-жазуучулар көп келишчү. Мени атың ким десе Түндүлүк, бир нерсе алып бер десе да түндүлүк деп ыйлачу экем. Ошону атам унутпай кийин-кийин тамаша кылып жүрчү. Өзү бала тили кызык. Азыр 14 жашта неберем бар. Аты Зейнеп, мени апа дебей же бабушка дебей Мангангус деп чакырчу. Абышкамды Нана деп, өзүңдүн атыңчы десек Тукатук деп деги жаңылчу эмес.
Мен бала кезде азыр элес-булас эсиме көп нерсе түшөт. Бир күнү үйгө Жусуп, Жоомарт аталар келди. Анан киного атам, апам болуп жөнөп калышты. Мен кичинекей сары кыз үй кийим менен эле чыңырып артынан көчөгө чуркап ээрчисем, жөн койгулачы алып алалы дешип Жусуп, Жоомарт аталар көтөрүп алышып букет гүл алып беришкен. Нюра деген орус кызы мени бакчу. Кийин ал күйөөгө тийип кеткен экен. Мени кызындай жакшы көрчү. Бир күнү мени уурдап кетип, атам-апамдын азабын бериптир.

Таенем бөтөлкө жууп бизди бакты
Бала кез бактылуу өткөн менен азыр да эсиме келчү тактар бар.
1936-жылы Кыргызстандын туңгуч баш мыйзамынын долбоору талкууланып жатканда комиссиянын мүчөсү катары атам биринчи болуп, "кыргыз тили-мамлекеттик тил болсун" деп сунуш кылган. Сталиндик катаал заманда мындай сунуш менен чыгуу өмүрүн тобокелге салуу болчу. Кийинки жылы ушунусу үчүн улутчул деген саясий айып тагылып абакка камалат. Ал кезде улутчул дегендердин жакындарын, балдарын коомдон такыр бөлүп салчу. Апам жогорку соттун мүчөсү болчу. Жумуштан алынды. Бизди багыш үчүн айласыз бөтөлкө жууп орношоюн деп барса алыс бар деп албай коюшуптур. Үйүбүзгө таенем келип, бөтөлкө жууп бизди баккан.
Атам камалганда кечээ атам менен санаалаш болгондор душман болуп чыга келишти. Үйдү бошоткула деп милиция менен келип жүрүштү. Ошондо апамдын бир достору үйүңөргө бир үй бүлөнү киргизип алсаңар деп кеңеш берип, бир орус композитордун үй-бүлөсүн сунуш кылыптыр. Апам орус киргенче деп ошол кезде акындардын бирин эки баласы аялы менен үйгө киргизген экен. Ал акындын кайын эжеси белгилүү актриса да жашап калса керек. Силер эл душманы улутчулсуңар деп каарыйт экен, ал кайын эжеси. Өмүрдүн кыл көпүрөсүндө кылтылдап турганда бейчеки сөз кайрыш дагы кыйын болгон окшойт. Бир күнү ошол актриса турмушубузду келеке кылып, бышкан тамагыбыз салынган казаныбызды тээп төгүп салыптыр. Ошондо байкуш таенем атып туруп "мындай келекеңдин түбү жакшы болбойт" деген экен. Көп кесирлик менен жүргөн ошол актриса кийин көчөдө арак ичип, кайыр сурап жүрүп өлдү.

Артында калган балдары
Агам Карлен 81 жашта. Карл, Ленин деген жолбашчылардын аттарын кыскартып койгон экен. 15 жашында Ульяновскийдеги техникумга кирип, Москвада кийин окуусун уланткан. Азыр Улуттук Илимдер Академиясында иштейт. Техника илимдеринин доктору, бир уул, бир кызды тарбиялады.
Андан кийинки Тарас, кесиби боюнча юрист. Учурда Кыргызстандын аксакалдар жана ветерандар кеңешинин төрагасы, эки кыз, бир уулу бар.
Бир тууганым Улан улуттук телевидениеде өмүр бою иштеген . Уулу Шербото акын, кызы Москвада илимпоз.
Өзүм педагогмун, атамдын музейин жетектейм. Эки кызым бар. Быйыл эмгек жолумдун да, үй-бүлө курганымдын да 50 жылдыгы.
Атам балдарына ыраазылыгын ачык айтпаса да, "аракеч, жалкоо чыкканыңар жок"-деп кубанып калчу. Дилинде ыраазы экенин жүрөгүмдө туйчумун.
Атам 1937-жылы бир репрессияланган. Анда да сынбаган. Кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деген сунушу 57 жылдан кийин ишке ашты. Москвадагы жазуучулардын I съездинде "Манас" эпосунун өзгөчөлүктөрүн даңазалап, башка улуттар билсин деп саймедиреген экен. 1934-жылы "Манаска" саясий кине коюлганда чечкиндүү түрдө Манастын элдүүлүгүн колдоп чыккан.
Бирок, кийин баары өтүп, өмүрүнүн акырында "Манаска" каршы деген жалаа жабышты. Атам жалааны көтөрө албай эрте кетти. Каны-жанында жашаган "Манасты" кантип тансын. Бала кезинде жетим болуп, "Манасты", "Семетейди" айтып жанын баккан. "Манас" кыргыз менен бир бүтүндүк экенин, "Манас" кыргызды колдоп жүргөнүн өз көзү менен көргөн да.

Атамдын алаканында илеби бар эле
Апам 70-жылдары ооруп калды. Дарыгерлер калган жок. Анан табыптарга көрсөтө баштадык. Ошондо, элдик медицинага дитин койгон экен атам. Ар кандай дарыларды жасаганга кызыга баштады. Калп айтпасам Кыргызстанда мумиёнун дарылык касиетин атам белгилеп чыкса керек. Мумиёну алдырып бергиле дечү. Геолог, чабан достордон алдырып берчүбүз. Тазаланбаган мумиёну иччү. Мен бир жолу эсимде столдон жыгылып, омурткам кокустап калды. Мумиёнун бир нерселерге аралаштырып дары кылып, ичирип да, денеме шыбап да айыгууга жардам кылды. Прополисти спиртке кошуп дары жасачу. Анан кымыз жакшы ден соолукка деп жүрүп, кымызды узак мөөнөткө сактоо ыкмасын табууга аракет кылды. Кымызга жумуртканын сарысын чалып калчу. Кымызды сактоонун ыкмасын тапкан окумуштуу Арстанбек Алтымышев менен көп сүйлөшчү.
Анан атамдын өзүнүн колунда илеби болоор эле. Биз ооруп калсак алакандары менен сылап-сылап койсо, жеңилдеп калчубуз. Бир күнү ким экенин азыр эстей албай жатам атамдын санаалаштарынын бири безгек болуп ооруп келиптир. Атам кел кыйналбай мен алакандарым менен сылап берейин деп, көпкө сыласа ооруган таанышы жакшы болуп калат. Анан атам эми мени унутуп койсоң эле кайра ооруйсуң деп койгон экен. Кийин поездде кетип баратып оорусу кармаптыр. Ошондо "ээ Аалыкемди унутуптурмун го"деп келген экен. Жөн эле турмушта туш болуп калган окуя болду го деген менен атамдын алаканында касиеттүү илеби бар экени чындык болчу. Бала-чаканы эмдеп-домдоп койчу эле. Ошол касиети Улан бир тууганымда бар болчу. Атамдын хоббиси чоподон айкел жасаганга кызыкчу.

Аалы Токомбаев кыргыз адабиятына негиз салган, эң башкысы кыргыз улутунун көөнөрбөс оозеки адабий мурасы жаңы доор менен жуурулушса, өчпөсө деп тилек кылып, катаал заманда тобокелчилик менен калк казынасы үчүн күрөшкөн. "Ак ийилет, бирок сынбайт". Атанын кызы Тамара эже жашы өйдөлөп калса да, атасы жөнүндөгү акыйкатты кийинки муундар да билсе деп чебелектеп, көпкө маек курду.
С.Абдиева