Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Таңкалыштуу музейлер
Ар бир мамлекеттин мурастарына назар салып көрсөк, бири-бирине окшобогон өзгөчөлүктөрү бар экен. Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү бир чети таң калыштуу, бир чети табышмактуу өзгөчө музейлерге баш багып көрдүк.

Орто кылымдагы кыйноолордун музейи
Аты айтып тургандай эле орто кылымдагы адамдардын ар кандай себептер менен кыйналгандарын бүгүнкү күндө Прагадагы музейге кирип ар бир адам өз жон териси менен сезип көрсө болот. Тактап айтсак, каалаган адам 60 түрдүү кыйноолорго туш болот. Белгилей кетчү нерсе, бул музейде ар бир кирүүчүгө 45 мүнөт гана убакыт болууга уруксаат берилет, анткени андан ашык убакытта жүргөн адамдын психологиясы бузулуп, эсин жоготуп койгондор да көп кездешет. Кызыктуусу музейге кирүү бекер, ар ким эле жүрөксүнүп музейге баш багууга батына албагандыктан, киши аз эле кирет экен.

Дааратканалардын көргөзмөсү
Дал ушундай аталыштагы музей Индияда бар экен. Ал жерде адам баласы жаралгандан баштап кандай жол менен даарат кылгандары, эмне пайдаланганынан бери көрсөтүлгөн. Кызыгы мурда адам даараткана кагазы жок учурда кадимки эле өрдөктү пайдаланышчу . Бул музейге кирүү акысы асмандын башы болгондуктан карапайым эл кирип көргөзмөлөргө суктанууга кудурети жете бербейт.

Балдардын музейи
Белгиялыктар эмне себептен кичинекей наристелерге мынчалык урмат-сый көрсөтүшөөрү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Кээ бир уламыштарга караганда заара кылып жаткан бала Герцог Готфриддин баласы болгон. Убагында наристе атасын чоң кырсыктан сактап калган. Кандай жол менен, кантип сактап калгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бүгүнкү күндө кичинекей ымыркайлардын эстелигине жык толгон Белгиядагы музейлерге эсеп жетпейт.

Жылаңачтардын музейи
Дүйнө жүзү боюнча Амстердамда, Нидерландда, Парижде, Исландияда адамдын бүйүрүн кызыткан жылаңачтар музейи орун алган. Париждеги музей жалаң аялдардын жыныс мүчөлөрү сакталаган музей болсо, Нидерландияда жалаң эркектердин жыныс мүчөлөрү сакталган. Ал эми Исландиядагы музейде жаныбарлардыкы жайгаштырылган. Бул музейде калемиштин "артыкчылыгынан" баштап ак аюунукуна чейин табууга болот. Чочко, тюлень, кит, пил, жылкы… байкуш жаныбарлардын эле шору окшойт.

Психтердин музейи
Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан ушундай аталыштагы музейде психикалык оорулардын 400 жылдык тарыхын өзүнө камтыйт. Андан тышкары 1874-жылы түзүлгөн психикалык бейтапканада дарыланган оорулууларды көрүүгө болот. Ал эми оорулуулар акыл-эсин билбей жеп же болбосо жутуп алган 1446 лезвиянын түрү сакталган.




Өзгөчө келбеттеги адамдар
Бул жарыкчылыкта ар бир адам келбетин өзү каалагандай, өз табитине карап өзгөртөөрү анык. Алардын өзгөчөлөрү төмөнкүлөр.
Леопард адам
Төмөндөгү сүрөттөгү адамдын хоббиси ушул кебетеси менен жаратылыштын койнунда сейилдеп жүрүү. 67 жашка чыккан Том Леппард Скай аралында өз колу менен тургузган үйүндө күн кечирип келет. Анын денесинин 99% леопардын терисине окшогон татуировка менен капталган. Жашоодогу ызы-чуудан оолактап, жалгыздыкты эңсеген Том жаратылышта жашаганга абдан сүйүнөт.

Маданиятсыз жашоону көздөгөн Этьен
Этьен Дюмонт маданиятту жашоону каалабаган адамдардын катарын толуктайт. Чачынын учунан баштап, тырмагына чейин ачык түстөгү чиймелер менен капталгандан тышкары, пирсингдерди болгон жерине кадап алгандыгы адамдардын көңүлүн аргасыздан өзүнө бурат.

Жарага жабылган Джулия Гнас
Эмне себептен экени белгисиз,
айтор Джулия төрөлгөндөн баштап эле денесин бүдүр-бүдүр жаралар каптап баштаган. Өзүнөн-өзү жийиркенген Джулия эмне кылаар айласын таппай жараларды жашырууну көздөгөн ал денесинин болгон жерине татуировка тарттырууну чечкен. Анын ою боюнча денесиндеги быдырала жаралардан көрө тартылган сүрөттөр бир топ жагымдуу көрүнөт.

Өзүнүн тилин өзү кесип…
Кала Каиви да эң көп пирсинг тагынган адам катары каралса да анын өзгөчө жоругу - өзүнүн тилин өзү жип менен кесип салып "тарыхта" калган. Каланын Гавайда татуировка жасай турган салону бар. Айтор анын кебетесин жанынан көргөн адам чалкасынан кетет, ал эми тилин жиптин жардамы менен төмөндөгүдөй кылып кесип алган.

Денесинде 2500 пирсинг
Жер шаарындагы эң көп татуировка тагынган аял Элейн Дэвидсон болуп саналат. Эгерде ал денесин каптаган 2500 пирсингди чечсе салмагы 3 килограммга азаят. Эң кызыгы "интимдүү" жерлеринде эле 500 татуировка чапталган. Учурда Элейн Эдинбургда жашайт, чыныгы мекени Бразилия болсо да ал жерге барууга даай албай турган кези, анткени анын кебетесин көргөн мекендештеринин жиндери келип кол көтөрүшү толук мүмкүн экен.

Даярдаган А. Дүйшөналиева