Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Классташ

Өлгөн эчкинин этин жеген Ынак
Бул сапар аталган рубриканын каарманы "Айлуу кеч", "Аппак кар" аттуу ырлары менен уккан жанды кайдыгер калтырбаган ырчы Ынак Осмоналиев болмокчу. Ынактын классташтары борбор калаабызда жоктугуна байланыштуу телефон аркылуу Талас шаарында жашаган классташы Турар Рысалиев менен байланыштык.

Класстын ынагы эмес, чунагы
- Турар мырза, саламатсызбы. Биз "Обон" гезитинен "классташ" аттуу рубрикасынын негизинде чалып жатабыз. Классташыңыз Ынак жөнүндө эмне айталасыз?
- Окуучулук күндөр тууралуу айтышым керек да ээ?
- Ооба.
- Мен Ынак менен 7-класстан баштап Талас шаарындагы №1 орто мектепте чогуу окудум. Ага чейин Ынак башка мектептерде окучу. Бизге жаңы келгенде тиги класска жаңы бала келиптир, аты Ынак экен дешсе, окуучулардын баары Ынак -чунак дешип аябай шылдыңдашкан. Келээри менен мугалимибиз 3-катардын акыркы партасына отургузуп койду. Балдардын баарынан коркот, баарыбыз эле ага "чоң" болобуз. Короосунан адашкан койго окшоп эч кимге кошулбай артыбызда эле жүрө берчү. Анан эле бир күнү музыка сабагы болуп ким ырдайт десе жанагы "жоош" балабыз кол көтөрүп, доскага чыгып созолонто ырдап баарыбызды таң калтырды. Ошондон кийин классташтарга жагып аралашып кетти. Апасы Таластагы эң чоң магазиндердин бирин иштетчү. Күндө сабактан чыккандан кийин Ынактын үйүнө курсак тойгузганы жөнөйт элек. Бир күнү бизди үйүнө камап коюп, короосунда байланып турган "кавказски" деген чоң итин бошотуп, анан бизди эшикке ойнойбуз деп алдап чыкты эле, бир маалда баягы ити баарыбызды кубалап кетти. Ошондо жан таттуу экен кантип үйүбүзгө жеткенибизди билбей калганбыз. Көрсө, Ынак бизден ушинтип өчүн алыптыр.

47 рубль 60 тыйын айлык алчу
- Сабактардан кандай окучу эле?
- Жакшы окучу. Айрыкча спорт жагынан мыкты болчу. Футбол, күрөшкө катышып, футбол боюнча Ташкент, Казакстан, Бухарага чейин барып келген. Анан да таланты менен мектебибиздин атын чыгарды. Талас шаарында "Алтын балалык" деген топ түзүлүп ага мектептин завучунун сунушу боюнча Ынак, Азиза, Миргүл, Эдил деген окуучулар топтун курамына кошулду. Ошондо эле Ынак "Алтын балалык" тобунун солисти болуп Исраил Аманбаевдин "Мөлбулак", Т.Нурматовдун "Кыргызымдын жигиттери" деген чыгармаларын аткарып көп кыздарды жүрөгүн "болк" эттирчү. Кийин аталган топ ДКга кошулуп, биз мурдубуздун суусун тарталбай жүргөн кезде Ынак досум 47 рубль 60 тыйын айлык алчу. Ошол учурда алар айылдарга гастролго чыгышчу. Бир күнү Манас айылындагы мектепке концерт коюп барып калышат. Ал учурда короз уруштурмай мода болуп, аны менен да Ынак бир сыйра ооруган. Анан концерт бүткөндөн кийин ажатканага баратып бир үйдөн кооз короз көрүп калып, аны Эдил экөө уурдайбыз деп кармалышып, "Алтын балалык" тобундагы ырчы балдар ууру экен деген атка конуп келишкен.

Указка сынганча сабап...
- Сабактан качып кетип, шоктук кылган учурлары болдубу?
- Оо, сабактан качуу боюнча ал эч кимди алдыга салдырчу эмес. Жаңы келгендеги өлүмүш баладан бара-бара түркүн түрлүү өнөрлөр чыга баштады. Мугалимдер ушунун айынан канча жолу "Осмоналиевди кетиребиз" деп чыгышты. Сүрөт сабагынан берген агайыбыз жоош болчу. Бир жолу Ынактын тилине кирип сүрөт сабагына катышпай футбол ойноп жүрүп алдык. Агайдын жини кайнап ошол жерден кууп келип, доскага тизип алып, ким баштады дегенинен бир бошураак балабыз Ынак деп айта салды эле указкасы сынганча сабап, Ынактын бети-башын көгөртүп таштаганы эсимде.
- Тамеки тартып, арак иччү белеңер?
- Класска тамекини Ынак ташый баштаган. Апасы дүкөндө иштегендиктен тамекинин түрүн уурдап келчү, аны биз ажатканага кирип алып түтөтөт элек. Шоктугунан Ынак досум кыздарды топ менен кубалайм деп канча жолу класстын айнектерин талкалады. Эки күндүн биринде апасы экөө директордун кабинетине кирип, айнек төлөп эле жүрчү.

Биринчи күн Ынак үчүн каникул
- Бир ирет дене-тарбия сабагында топ ойноп атып Ынак топту көкөлөтүп тепкенде Нурлан деген классташыбыздын башына келип тийди. Андан кечирим сурап экинчи жолу тепкенде дагы Нурландын башына тийсе болобу. Анан ал "сен атайылап уруп жатасың"-деп экөө мушташа кетип Нурландын колун сындырып койгон. Нурлан өзү классыбызда 3-атаман болчу. Аны сабап таштагандан кийин көп балдар Ынактан сестенип калышты.
- Ынак үчүн ар биринчи күнү сабак калтырмай адат болчу. Анкени ал дайыма алтынчы күнү чоң ата, чоң энеси жашаган Арал айылына кетет эле. Базар күнү небересин автобуска салайын десе сабактан калыштын айласын кылып Ынак досум "ичим өтүп атат" деп ажатканадан чыкпай калчу экен. Ошентип Ынак ар кайсы шылтоону айтып 2-күн дегенде сабакка келчү.

Алгачкы сүйүү
- Ынак досуңузга сүйүү сезими качан келгенин билесизби?
- Алия, Галя деген бир мектептин балдарын ашык кылган эгиз кыздар бар эле. Галясы менен Ынак, Алиясы менен параллель класста окуган Руслан деген бала сүйлөшчү. Экөө чогулуп алып, Алия, Галянын иттерине таланып эле жүрүшчү. Ынак кат жазып жаңгактын ичине салып, клейлеп туруп кичинекей балдардан Галяга берип жиберчү. Анысы кайра жооп жазып, жаңгагына салып туруп жөнөтөт эле. Анын алдына барганда Ынак сүрдөнүп сөзүн таппай калчу. Анан кечинде үйүнө телефон чалып сүйлөшчү, анда да эки ооз сүйлөгөндөн кийин толкунданып, сүйгөнүнө музыка коюп берип койсо, анысы бир сааттап угуп отура берчү. Ошентип аны менен бир жылдай сүйлөштү окшойт.

Популярдуулук
- Бир жолу адатынча айылга барса кошунасынын эчкиси көчөдө өлүп жаткан болот. Анан Ынак бир-эки досун ээрчитип алып, жанагы өлгөн эчкини сүйрөп тоого алып чыгышып, шашлык кылып жешет. Этти чийки бышырып алганбы же арам жегенгеби айтор эртеси Ынактын бети шишип ооруканага жатып, 2 жума дегенде мектепке барган. Ошондо өлгөн эчкинин этин жеген Ынак аталып аябай популярдуу болуп кеткени эсимде.

Ж. Калдарова