Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуунун арзуусу

"Сүйүү чакыртпай келет, махабат менен ажалга жаза жок"-деп коет элибизде. Ооба, бул сезимди каалаган убагыңда чакырып алып же жакпай калса кубалап жибере албайсың. Ал адамга баш ийбейт. Андыктан, "жүрөк" деген акылга баш ийбеген ак өргөөнүн ээси кайсы курак, кайсы мезгилде келбесин ал ардайым адамга сүйүнүч, кең пейилдик тартуулайт. А таптакыр сүйүп көрбөгөн, бул шербетке кызыл тилин салып, жүрөгүн сугарбаган адам жок болуш керек. Ал эми бүгүнкү биздин "Атактуунун арзуусу" рубрикабыздын коногу КРнын маданият министри Султан Раев Акимович.

Министрдин махабаты
"Алгачкы сүйүүм классташыма арналды"
- Султан Акимович, азыркы министрдин жалындаган жаш кезиндеги махабаты тууралуу билгибиз келет?
С. А. Мен өзүм бала кезимде айрым эркек балдарга окшоп шок деле эмес болчумун. Тартынчаак, жоош бала болуп, кыздарды деле көп ыйлаткан эмесмин. Ал эми бул учурду сүйүү деп айта албайм, бирок кыз, аял затына болгон кызыгуу менде 7-8-класста окуп жүргөндө башталды. Көпчүлүк эле эркектердин сүйүүсү же болбосо жөн эле кызыгуусу деп койсок да болот, ушул боз улан куракта ойгонот эмеспи. Ал сыңары мендеги сезимдин байчечекейлери көпчүлүк жигиттер сыяктуу ушул куракка туш келди. Өзүм кыялкеч, романтик бала болгондугумдан сулуулукка абдан кызыкчумун. Аны түрдүү боектордон, жаратылыштан, гүлдөрдөн тапканга аракеттенчүмүн. Ошентип мен издеген нерсени кечээ эле чачынан тартып жүргөн классташ кызымдан таптым. Албетте бул сезимди сүйүү деп айта албайм, бирок мендеги аял затына деген алгачкы кызыгуу ушул мезгилде пайда болду.
- Ал кызга сезимиңизди билдирип, жооп уга алдыңызбы?
- Биздин убакта мындай нерселер өтө кол тийбес ыйык нерсе катары сезимдердин да өтө бийигинде купуя сакталчу. Жактырган кызыңа сөз айтуу эмес, анын көзүнө тике кароо же жөн эле колунан кармап учурашуу уяттай сезилчү. Эсимде, бир классташ балам бир кызды кокусунан өөп алып, түнү менен ойлонуп уктабай чыккан. Ага өптүрүп алган кыз да уялганынан бети кызарып, ошол түнү уйку көрбөптүр. Биздин убакта Барпы акын айткандай пакиза сүйүү боло турган. Андыктан мен сезимимди билдирүүгө аракет да кылган эмесмин.

"Сүйгөнүмө гүл берем деп түнү
менен уктабай…"
- Али балалык бал дүйнөдөн алыстай элек жүрөгүңүз бул сезимдин даамын кайрадан таттыбы?
- Ооба, бирок анда мен боз улан курактан өтүп, жигитчиликтин даңгыр жолуна түшкөн кезим болчу. Орто мектепти бүтүрүп, аскерге кетээр убагым эле. Ушул учурда бир кызды катуу сүйдүм. Маегибиздин башында айтпадымбы "биздин учурда сүйөм деп айтуу өтө кыйын эле"-деп бир себеби ошол, бир чети өзүм тартынчаак, ары бир сырдуу жигит болсом анан "сени сүйөм" деп жүрөккө айгай салган сезимдин шыбыртын да билгизе алган жокмун. Мына бүгүн аскерге сапар алам деген күнү гана түнү менен уктай албай толкунданып, эртең менен эрте туруп гүлдесте жасап алып, аны мектепке кетчү жолунан тосуп алдым. Ал кыз 9-класстын окуучусу болчу. Ушул курактарда кыздар толукшуган айдай өзгөчө сулуу болуп чыга келет эмеспи. Ошентип таңкы сулуулукка дагы көрк берип мектепке бараткан жеринен тосуп чыктым да гүлдестемди берип, бүгүн аскерге кетип атканымды айттым. Ал кыз да түшүнбөй калды: "бүгүн аскерге кетип атса, эмнеге мага гүл берип жүрөт"-деп. Анан аскерден кат жазып турсам болобу деген суроомо мен каалагандай жооп алдым да ошол кыздын өзүн алгандай сүйүнүп кете бердим.
- Демек, ал аты аталбаган сырдуу бийкеч да сизге кайдыгер эмес экен да?
- (Күлүп) Атын айтпаганымдын себеби андан бери канча убакыт өттү, учурда ал үй- бүлөлүү, мен үй-бүлөлүү. Кезегинде бир жылт эткен жарык жылдыздай сезимди эстеп, ысымын атасам туура эмес болуп калат го. Ал эми анын мага болгон сезими жөнүндө кеп кыла турган болсок… билбейм кайдыгер эмес экен эле деп айта албайм. Себеби аскерге баргандан бир жума өтпөй кат жаздым. Карлыгач катымдан жооп келген жок. Андан кийин да дембе-дем кат жазып турдум, бирок, тилекке каршы бирине да жооп келген жок. Аскерден келип студент болдум. Анан окуумду бүтүп айылга келсем, ал кыз окууга тапшырып башка шаарга кетиптир, кийинчерээк ал турмушка чыгып, мен үйлөнүп дегендей экөөбүз эки жолго түштүк. Ошол кызды ушул күнгө чейин көрө элекмин.
"Алты кыздын арасынан тандап алдым"
- А өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайыңыз менен кандайча таанышып калдыңыз?
- Ал кезде мен окууну аяктап, "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы болуп иштеп калган кезим. Бир күнү жетекчибиз " цирктин имаратында "Алатоо жазы" деген фестиваль болот экен, барып кел "-деп жөнөтүп калды. Мен отурчу орун эң өйдөкү катарда 5-6кыздын жанында экен. Анан алар мага тийишип калышты, ошентип кыздар менен тааныштым. Арасынан Сырга деген сулуу кыз өзгөчө жагып калды.Тагдыр, буйрук экен баш кошуп, азыр3 кыздын ардактуу ата-энесибиз.
- Кандай бактылуу үй-бүлө болсо да казан аяк кагышат деп коет, сиздерде мындай учур болду беле, болсо ким биринчи кечиримге барат?
- Мен өзүм оңой менен ачуум келбейт. Ачуум келген күндө да бат эле тарап кетет. Негизи конфликти жаман көргөн адаммын. Анан калса эжеңер да акылдуу жан. Андыктан сиз айткандай учурлар бизде кездешпептир. Кээде мен Сыргага тамашалап калам: "Жок дегенде ырымга менден бир шапалак жесең боло"-деп. Таптакыр кол көтөрбөйм. Жубайым да ага жол бербейт.
Маектешкен
Айтурган Сатиева




притча
Cүйүү ... Сезим... убакыт...
Илгери- илгери өткөн заманда адамдын буту баспаган аралда адамдын жан дүйнөсүнүн болгон байлыгы жашаптыр, алар Сүйүү, Кайгы, Сезим жана башкалар экен. Бир күнү Сезим алар жашаган арал чөгүп жатканын билип, ар ким өз кайыктарына отуруп жанын сактагандын камын көрүшөт. Бирок Сүйүү эмнегедир ал аралдан акыркы мүнөттөргө чейин кетпей, калмай болот. Сууга чөгүп айласы кетип баратканда жардам сурап кыйкырат. Жанынан Байлыктын кайыгы өтүп баратып Сүйүүгө жардам берүүдөн баш тартат, анткени анын кайыгы толгон токой дүнүйөгө толгондуктан Сүйүүгө орун калбаптыр. Көп убакыттан кийин жанынан Намыстын кайыгы өтүп бара жаткан болот, ага жардам сурап кайрылса Намыс: - Сен менин кайыгымда жагымсыз маанай жаратасың деп баса берет. Ал эми Кубаныч болсо өзүнүн ою менен алек болуп жатып Сүйүүнүн кайгысын укканга да жарабайт. Айласы кетип заманасы курулган Сүйүүнү ар жактан чакырган үн угулат, караса ак сакал чалды көрөт. Сүйүү анын жардамы менен жээке жетип Сезимден : -Мени ким сактап калды?- деп сурайт.
Сезим:- Сени сактап калган Убакыт-десе
Таң калган Сүйүү: - Эмне себептен мени Убакыт сактады экен деген суроосуна: Сезим-Себеби сүйүүнүн маанилүүлүгү менен зарылдыгын, баркын Убакыт гана түшүнүп таразалайт деген экен.

притча
Үч бир туугандын тагдыры
Бир жатынды жарып чыккан, бир казандан аш ичип, бир үйдө баш калкалаган үч бир тууган кыз болуптур. Бирөөсү жалкоонун жалкоосу, экинчиси таш боордун таш боору, үчүнчүсү болсо акылы жагынан да, кол өнөрчүлүк жагынан да алдына киши салдырбаптыр. Бир күнү эртең менен алардын эшигинин алдына араба келип токтоп ичинен улгайган аял келип түшөт.
- Сиз кимсиз?-деген бир туугандардын суроосуна
- Мен Тагдырмын, силердин турмушка чыкканга убактыңар келди-дейт. Үчөөнү тең арабасына салып алып Тагдыр аларга күйөө издеп жөнөйт. Биринчи эле алдынан чыккан айылга кайрылышып, колунан көөрү төгүлгөн уста жигитти көрүп ага эң улуусун таштап кетет. Экинчи айылга туш келип боорукер, адамкерчиликтүү жигитке экинчи эжесин калтырат. Үчүнчү айылга келип жерде оонап жаткан мас жигитке эң кичүүсүн бермек болгондо, чочуган кыз: - Эмнеге мен баарынан жакшы болсом да мага менин таалайыма ушундай жигит туш болуп калды? - капаланат.
Шуу үшкүргөн Тагдыр: - Бул турмушта бир жаманга бир жакшыны ылайыктабасак, жамандар кантип күн көрөт? Алдагы жерде оонап жаткан мас жигитти ээрге отургузуш да сенин колуңда-деп көңүлүн жубатыптыр.
А. Дүйшөналиева