Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
- Ошол сенин жаныңды койбогон келесоо немени милицияга берип салайынбы ыя? Сени тим эле кыйнады го, - деп ал менден жол сурап жатты. Эч кандай күнөөсү болбосо, аны милицияга берүүгө болбойт. Экинчи тарабынан менин ага болгон мамилемди баарына билдирип отуруунун зарылчылыгы жок деп эсептедим.
Ыйлап келгенде тыяныч болуп бере турган ата-энем бар экендигине сыймыктандым. Алардын намысын коргогон жолду тандап алганымды эстегенде көңүлүм кичине көтөрүлдү. Бирок канчалык унутайын десем да бир Бахид тууралуу ой башымдан кетпей койду. Анын тигил аялды билип калганына ишене бербей, ошондой Бахид айткан ал аял эмес болсочу, мүмкүн адашып жаткандыр деп да ойлоп коёмун. Ал экөө мурдатан тааныш, ал тургай дайыма жолугушуп сүйлөшүп турган немелер экен деп да ойлодум. Бул оюмду өзүмчө бекемдеп, алар мурдатан бирин-бири жакшы билгендиктен тигил аял өзү Бахидди жакшы көргөн үчүн анысы менен тигинисин кызганып, болбогон нерселер менен башымды оорутуп жаткан тура деген ой менен өзүмдү-өзүм бышыктап койдум. Мурда мен жөнүндө бир сыйра "кырылышкан" же сүйлөшүп акырына чыга албай калган үчүн тиги аял мени бузуп, анан өзү энчилеп алгысы келген да деген бүтүмгө токтолдум. Ушул оюм реалдуу деп жыйынтыкка келгем, ошону менен уйкуга багыныптырмын.
Түшүмдө тиги аялды Бахид мага ээрчитип келиптир. Бети башынын баары көк ала, мурду жарылган, оозу таптакыр жырыйып калыптыр. Бахидден корккондуктан эмнеге айтасың дегендей мени жал-жал карайт. Мен ага болушмак турсун, эмнеге калп айтасың дегендей табалап тиктейм. Тигил аял мага бирдеме деди, бирок мен анын сөзүн эстей алган жокмун. Сөзү мага түшүнүктүү болду окшойт, ага:
- Силер мага чейин эле сүйлөшүп жүргөн турбайсыңарбы, анан мени алдаш үчүн капкайдагы жок нерсени айткан турбайсызбы. Эми кылган күнөөңүздү тартышыңыз керек да, -деп жатыптырмын. Ал аял мага жалынып-жалбарып жатат кечирим сурап. Бирок мен кечирбей койдум көрүнөт, анан тигил неме акыры мага жаман болоорун айтып коркутуп жатканын сездим.
Ойгонуп кетсем түшүм экен, таңдайым кургап абдан суусап калыптырмын. Ошол бойдон уктаган жокмун так атканча. Көнүмүш адатым менен Бахид тууралуу ойлодум. Анын мынчалык керсейгени мага жаккан жок. "Кантип эле сенден башка киши карабай койсун. Өзүң деле ушундай мамиледен уялбайсыңбы, мени дагы туурайт болду экен". Менин башыма бир нерсе толук жете бербей жатты. Ал ошол аял экенин кантип билип койду? Мен бул маселенин аягына чыкмайын тигил аял менен байланышып турууну чечтим...
Бул мезгилде таң куланөөк тартып калган эле, кичине жата туруп сабакка жакындаганда турайын деген ойдо жаткам, бир учурда уктап калыптырмын. Ойгонсом башым меники эмес, бирөө айландырып жаткандай тегеренет. Апам мени качан турат деп тиги бөлмөдө бирдемесин кармалап ары-бери басып жүргөнүн сездим. Астымдагы диван кычыраганынан улам апам мени туруп жатат деген ойдо:
- Элмира, тур, ушунча да уктайсыңбы? Бүгүн сабагың жок беле?... Кел тамак ич, чайыңды даярдап койдум,-деп эркелеткен үн менен чакырды. Анын үнүн укканым менен бул учурда мен катуу кыйналып жаткам. Кичине эле козголсом ичкен тамагым оозуман чыгып кетчүдөй.
- Мама, мен кусканы жатам. Мага тазик берип коёсузбу?!.. Канчалык катуу айткандай болгонум менен үнүм буулуп араң эле шыбырагандай болдум. Үй жымжырт болгон үчүн апам укту, болбосо угулбай калмак. Бала деген эне үчүн ыйык нерсе, апам менин абалымды добушумдан байкады көрүнөт, жаныма кантип жетип келгенин билбейм. Шарт эле башымды кучактап ыйлап жиберди да, ый аралаш үн менен:
- Айланайын кызым, сага эмне болду? Врач чакырайынбы?..
- Ал өзүн коёрго жер таппай чебектеп жатты. Мен түшүндүм баягы "ишин" баштап жатканын. Оюмду бир жерге топтогонго аракеттенип жатканым менен көкүрөгүмдү тиреп турган бир нерсе көңүлүмдү айнытып шайымды кетирүүдө. Биринчи ушул нерседен кутулуп алгым келди да:
- Мама, тазик...-дедим. Апам мынчалык тез эч качан кыймылдачу эмес, бул жолу көз ачып жумганча алып келе калды. Бир окшуганда баары кетти окшойт, кичине эс ала түштүм. Мындай нерсе мурда башыман өткөндүктөн, анчалык ызы-чуу кылбай акыл менен өзүмдү башкарууну чечтим. Бирок апам баары бир сезди.
- Баягы ооруң башталган тура-Көз карашыман өзүнүн туура эмес сүйлөгөнүн сезе койду да оозун колу менен баса калды. Ырас, андан жашыруу мүмкүн эместигин түшүндүм да:
- Ооба, баягы оору,..-дедим. Экөөбүз бир топко тиктешип турдук, анан апам бул ыңгайсыз абалдан чыккысы келип, тазикти көтөрүп сыртка жөнөдү. Ушул учурдан пайдаланып мен жуурканды башыма чүмкөдүм да, терең ойго алдырдым. Андан ары катуу уктап калыптырмын, качан ойгонгонум эсимде жок, бирок башымдын ооруганы басылбады.
**
Ошентип бир жумадан ашык жаттым, бул жолу мен Бахидге жеңилгим келбеди. Атам менин ахыбалымды эртең менен сурап койгону болбосо, башка иштери менен алек. Апам гана чебелектеп менин жанымда. Эртең менен атам жумушка кеткенден кийин апам мени алаксытып экөөбүз чай ичкенге отурганбыз. Бир маалда беймаал эшик шыңгырап калды. Мен айылдагы туугандардан келген го деп ойлоп төшөгүмдү көздөй жөнөдүм. аларды ушундай кейпим менен тосуп алгым келбеди. Мен ойлогондой болбой эшиктин сыртында бирөө менен апам бир топко сүйлөшүп, анан аны үйгө ээрчитип кирди. Баягы түшүмдө көргөн аялды ошол турушунда төшөгүмдүн жанынан көргөндө чынында жүрөгүм шуу дей түштү. Ал башын жерге салып тургандан жакшы кабар алып келбегенин сездим. Бирде мени, бирде апамды жал-жал карап бир нерсе айтчудай бирок апамдан тартынып жаткандай түр көрсөттү. Кыраакы апам аны тез туюнду да сыртка чыгып кетти. Ушуну эле күтүп жаткандай тигил аял өтө шыбыраган үн менен:
- Элмира, сиз мени кечирип коюңуз. Мен сизге жакшылык кылайын дегем, бирок колуман келбеди. Мен Бахидге каршы турсам да, сиздин тагдырыңызга каршы тура албайт экенмин. Сизге ошону айтайын деп келдим эле,-деди, жер караган калыбынан жазбай. Мен андан чоң жаңылык күтүп жатсам, болгону ушуну айтканы темтеңдеп келгени ачуумду мурдумдун учуна жеткирди. Ырас, канчалык жашырсам да жиним сөзүмдөн сезилип калды.

(Уландысы кийинки санда)