Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тасма тарыхы

Жалпы терапия
Дээрлик баардыгы күтүп, ашыгып көргөн телесериалдар биринин артынан бири күн санап көбөйүүдө. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына "Татьянин день" сериалына тартылгандан атагы тараган Анна Снаткина "Жалпы терапия" (Общая терапия) тасмасына тартылып, ачыла элек дагы бир талантын көрүүчүлөргө тартуулай алды.

Кыскача мазмуну
12 серияны өзүнө камтыган бул тасмадагы окуя бейтапкананын ичинде өтөт. Эки башка каарман Анна Лазарева (Анна Снаткина) бейтапканага улуу мээрман айым болуп орношот. Ошол эле жерде иштеген доктур Роман Заславский (Андрей Чернышов) табиятынан тамашакөй, адамгерчиликтүү жан. Экөөнүн ортосунда сүйүү тутанаары биринчи сериясында эле көрүүчүгө маалым болсо керек. Турмушта жолу болбой жеке жашоосунда бакыт издеген Анна күйөөсү менен ажырашып, алты жашар баласы менен күн кечирүүдө. Ал эми тамашаны жакшы көргөн, орду менен иш кылып көп ойлонуп аз сүйлөгөн Роман өзүнө татыктуу жар издөө менен алек.
Биринен-бири өтүп өз кесиптерин сүйгөн Роман менен Анна болгон убактысын берилүү менен жумушуна арнашып, ошол эле учурда жеке жашоосун да көлөкөдө калтырышпай келишет...

Хирургдун жардамына кайрылган режиссёр
Телесериалдын режиссёру Олег Фесенко менен сценарийин жазган Алексей Красовский кино жаатында буга чейин бир топ сериал тартышып, такшалып калышкан. Ал эми фильмдин идеясы италиянын "Больница" (Бейтапкана) сериалынан алынган. Ал тургай башкы каармандар да сырткы келбеттери менен италиялыктардын образына окшошуп кетет.
Киного тартылаардан мурда Анна Снаткина менен Андрей Чернышов эки ай бою медиктердин "курал жарактары", сырлары менен таанышып, атайын окуудан өтүшөт. Ошентсе да кино көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырыш ниетинде бир топ жыл хирург болуп иштеген мыкты тажрыйбалуу доктур Владимир Гуркало аларды сьемка учурунда өзүн кандай алып жүрүштү, оорулууга туура мамиле жасоону чыныгы доктурдун кабак-кашы, эмоциясы кандай болуш керектигин айтып үйрөтүп турган. Албетте, ага да тийиштүү гонорарын төлөп беришкен. Анткени Владимир Гуркало өз ишин таштап коюп сьемка бүткөнчө ошолордун тобунда жүргөн.

Өз ишин мыкты аткарган актриса
Ал эми өз ордун өтө мыкты билген Анна Снаткина тасмага тартылып жатып, быссымылда дегенде эле колунан жаракат алган. Тагыраак айтканда биринчи сериясында Лазарева кечигип келип, жумушуна кирише баштаганда эшиктин айнегин талкалап, колун канатыш керек болчу. Чындап жарадар кылбаш үчүн эшиктин айнегин желимге алмаштыруу керектелген. Бирок режиссёр тасма чындап жандуу көрүнүш үчүн куулукка барып, айнекти алмаштырбай ошол бойдон калтырып коёт. Мындан кабары жок Анна алдастап келип эшиктин айнегин колу менен бир урганда, айнектин сыныктары тилинген колуна кирип кетип, көпкө чейин эсине келбей жанында жүргөн хирург-консультант жаракатты тазалап, таңып берген. Тасмадагы дагы тоскоолдук, Аннанын колу көпкө чейин айыкпай таңылып жүргөн. Ал эми сюжет боюнча Аннанын "жеңил" жаракаты тез эле айыгып, колунун таңуусу чечилиш керек болчу. Өз кылганы өз башына муш болгон режиссёрду бул маселе да көпкө чейин ойлондурган. Тапкычтыгы менен өзгөлөрдөн айырмаланган Олег Фесенко таңылган кол көрүнбөш үчүн Анна Снаткина (Анна Лазарева) тасмада дээрлик көпчүлүк учурда эки колун артына алып турушка туура келген.

Андрей Чернышев
(Роман Заславский)
1973-жылы 3-февралда Киевде жарык дүйнөгө келген. Мектепте болсо өлбө жаным өлбө деп ата-энесин уяткарып, кепке калтырбаш үчүн аргасыз гана окуп келген. Орто билим алгандан соң апасынын артынан ээрчип жүрүп аз-маз актёрдук чеберчиликтин сырларын өздөштүрүүгө аракет кылат. Бул жагынан жолу болбогон соң жарнамаларга тартылуу сунушу түшкөндө алгач эле сыра чыгарган компаниянын жүзү болуп чыга келген. Бир топ жыл ушул сыяктуу компаниялар менен иштешип жүрүп, сыналгылардан чыга берген Андрей Чернышов аягында режиссёрлордун көзүнө илингенби, айтор сериалдарга тартылуу сунуштары тынымсыз түшө баштаган. Өзүнүн бактысын ал жактан да сынап көрүүнү чечкен Андрей эң алгач "Свободная женщина" (Эркиндикти сүйгөн айым) мелодрамасына тартылып тушоосу кесилген. Ал эми "Близнецы" (Эгиздер) сериалында зөөкүр, кекчил Эдик аттуу жигиттин ролун жаратып сыйлыкка арзыган.
"Жалпы терапияда" доктурдун ролун аткарыш ага оңойго турган эмес, анткени бейтапкананын, дарынын жытын ал аябай жаман көрөт. Анна Снаткинанын сулуулугу, адамгерчилиги аны да кайдыгер калтырбаптыр. Учурда жалгыз бой күн кечирүүдө, эч качан жашоосунда алдын-ала план түзбөйт, ийгиликтери өзүнөн-өзү эле жарала берет экен. Адамдардагы жоопкерчиликсиздик менен эки жүздүүлүктү жаман көрөт. Жакшы көргөн майрамы жаңы жыл. Бул майрамды ал дайыма ата-энеси менен тосот.

Андрей Барило (Дима)
Андрей Барило учкуч менен медиктин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын жолун жолдоп учкуч болгусу келген баласына үй-бүлөсүндөгү билермандар ага актёрдук кесипке багыт беришкен. Анткени атасы башынан өткөргөн кырсыктар менен түйшүктөрдү баласы жон териси менен сезишин каалабаптыр. Буга чейин да Андрей кино жаатында бир топ ийгиликтерди жараткан.
Ал эми "Жалпы терапия" сериалында берилген ролу ага жакпаса да жашоодо анча-мынча жери дал ошондой экенин мойнуна алат. Тагыраак айтканда кээ бир жерлерде жоопкерчиликсиз. Бирок, Андрей "Башкасынын көңүлүн оорутсам да балам менен аялыма көңүл кош мамиле жасап, көңүлүн оорутууга менин эч качан дитим барбайт"-дейт.
Анна Снаткина
(Анна Лазарева)
- Бул жолу да эненин ролун ойнодум. Негизи мага (чыныгы жашоодо болсо да) кинолордо балалуу болуп, түйшүгүн тарткан учурлар көп кездешчү болду. Ушундан улам акыркы күндөрү карьерамды жыйыштырып коюп үй-бүлө күтүп, балалуу болсомбу деген ой пайда болчу болду.
Анткени эненин түйшүгү мага абдан жакты. Мындан тышкары ак халат кийип элге кызмат кылган адамдардын жашоосунан аздыр-көптүр маалымат ала алдым. Актрисадан көрө мединститутка тапшырып, хирург болсом болмок экен. Ошондо балким менин элге жардамым көбүрөөк тиет беле-дейт Анна Снаткина

Анара Дүйшөналиева