Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

Айбек Карымов менен "Менин сүйүүм" деген ырды дуэт ырдап, көпчүлүк жаштардын сүйүү сезимин ойготкон жаш ырчы Гүланда Алымбекованы маекке тарттык.

Гүланда 1983-жылы 8-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин бүтүргөн. Учурда жеке ырчы.

"Туруктуу сүйүү үчүн күрөшүп келем"
- Гүланда, негедир акыркы кезде өнөр секисинен көрүнбөй кеттиң го?
- Туура. Көптөн бери сахнага чыкпай калганым менен көшөгө артындагы чыгармачылык менен алпурушуп жүрөм. Айта кетсем,жай мезгилинде түштүк жергесинде гастролдоп келдим. Азыр болсо жазында жеке концертимди берейин деп ошого даярданып жаткан учурум. Мындан сырткары көрүнбөй жүргөн аралыкта "Кылым муза" продюсердик борбору тарабынан тартылган "Анар жолу" деген кинотасмага тартылдым. Кудай буюрса, жакын арада көрүп каласыздар.
- Образ жаратуу оор бекен?
- Аталган кинодо башкы ролдогу баланын карындашынын образын жараттым. Албетте, сахнада ырдаганга караганда киного тартылуу бир топ оор экен. Мында ыйлаган жеринде көз жашымды агыза албай 7-8 жолу кайра-кайра дубль жасашты.
- Ырчылык сенин жөн гана эрмегиңби же бала кезден көксөгөн тилегиңби?
- Эрмегим деп ыйык сахна менен тамашалашкандан алысмын. Бул менин эс тарткан кезимден эңсеп, кыялданган максатым. Ой күлүк эмеспи, бала чагымда ар кандай көйнөктөрдү кийип алып өзүмдү "артист" элестетип, күзгүнүн алдында көзүмдү жумуп ырдачумун. Кудай насип кылса ошол тилектерим акырындык менен орундалып атат. Негизи мага талант апам тараптан берилген десем болот. Таяке-таежелеримдин баары ырга шыктуу адамдар. Белгилүү комузчу Нурак Абдырахманов да менин бир тууган таякем болот.
- "Өнөр бул - өтчү нерсе" дегендей чынында сенин тукумуңда бар турбайбы. Ошентсе да учурда ырчыдан баш адашат. Ушундай жоон топтун арасынан жоголуп кетүүдөн коркпойсуңбу?
- Бир убакта ырчылар "дуу" деп сахнага жайнап чыкканы менен акырындык менен ар бир муундан татыктуусу гана тандалып калып атат. Ошол сыяктуу эле бүгүнкү жоон топтун ичинен да эртеби-кечпи таланттуу, сапаттуулар өзүнөн-өзү иргелет. Чынын айтсам азыр мен кайсы жээкте калаарым белгисиз. Аны убакыт, тагдыр көрсөтөт. Бирок ырчылык мен корко турган кесибим эмес. Сахнада ырдабай калсам деле жүрөгүмдө музыка жашай берет.
- Жогоруда тагдыр көрсөтөт деп айтып кеттиң. Адам тагдыры бешенеде болушу мүмкүнбү?
- Буга бир жагынан кошулам. Анткени бешенеңе эмнени буйруп, жазып койсо ошону көрбөгөнгө айлабыз жок. Буга мисал катары, азыр көңдөйү бош болсо деле бешенеси жаркырагандын жашоосу ойдогудай болуп жатпайбы. Экинчи жагы бешенем экен тагдырым ушундай болду деп кол куушуруп жата берген деле туура эмес. Ар ким өз тагдырына өзү себепкер болуп калышы деле мүмкүн. Ошондуктан "Алма быш, оозума түш" дебей өзүбүз деле алга карай умтулуубуз керек.
- Айтмакчы, сени чач-тарач ачыптыр деп уктук эле. Жакшы эле пайда түшүп жатабы?
- Чач-тарач иштеткениме 7 ай болду. Кудайга шүгүр, жаман эмес. Бирок, мен муну бизнес жасайын деп ачкан жокмун. Бул да болсо менин максаттарымдын бири. Эми дагы бирөөнү ачсамбы деп ойлоп атам.
- Өзүң да ошол жерден жасанасыңбы?
- Атайын барып жасанбайм. Кээде шашылыш болуп калганда гана бара коём. Негизи өзүмдүн мурдатан бери кызматташып келген чач-тарачым бар.
- Өзүң абдан назик кыз экенсиң. Аялзаты катары кайсы жумуштардын майын чыгара жасай аласың?
- Бул жумушту кыйратам, тиги жумушка шыгым жок деп деле айталбайм. Аялзатына тиешелүү бардык жумуштарды колдон келишинче жасай алам. Кээ бир адамдар"Алдагыдай тырмактарың менен кантип оокат кыласың" деп сурашат. Жок. Тырмактарым мага жумуш учурунда эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче анча-мынча жерде кереги тиет.
- Эл ичинде Айбек менен Гүланда жашап алыптыр деген имиштер айтылып келет. Буга жооп катары эмне дейсиң?
- Оо, бул сөз бүтпөгөн узун ушакка айланды. Жакында балакет болуп балалуу кылып коюшпаса эле болду. Жаңы ырдап чыкканыбызда айтышкан, эми дагы кайсы убакка чейин созушат билбейм. Мындай апыртмаларга өзүм дагы көнүп бүттүм. Эмне дешсе ошо дей беришсин, өзүбүзгө ак болсок болду да.
- Эми маегибизди жер бетиндеги түбөлүктүү тема болгон сүйүү багытына бурсак. Жүрөгүңдө алпештеген адамың барбы?
- Үч жылдан бери сүйлөшүп жүргөн акыл-эстүү, кичи-пейил, мени түшүнө билген, кыскасы менин оюмдагыдай жигитим бар.
- Өзүңдүн чөйрөңдөнбү?
- Ошондой десем да болот. Өзүнүн кесиби, жумушу башка болгону менен дайыма жанымда жүрөт.
- Анан качан бир үй-бүлө болоюн деп жатасыңар?
- Кудай буюрган күнү, бирок жакында эмес.
- Жигитиңди тез-тез сагынып, жүрөгүң дегдеп, көрсөм деп ашыгасыңбы?
- Бир күн көрбөй калсам сиз айткандай жүрөгүм дүкүлдөп сагынып калам. Ошон үчүн күндө көрүшкөнгө аракет кылабыз.
- Уруша кеткен күнүңөр да болобу?
- Көп эле болот. Урушабыз, таарынышабыз, анан кайра эле табышабыз. Сүйүү деле ушунусу менен кызык экен да.
- Азыркы жигитиңди алгачкы махабатым деп айталасыңбы?
- Буга чейин балалык жактыруу сезими болгон. Бирок, мен аны жактырган эмесмин, ал бала мени жактырган. Ал эми өзүмдүн керт башымдан өткөргөн алгачкы сүйүүмө 22 жашымда, бир чоң тойго барып ошол жакшылыктын үстүндө жолуктум. Ал менин азыркы- жигитим.
- Эгерде жигитиң "сен мени сүйөсүңбү?"- десе эмне деп жооп кайтарат элең. Балким мындай учур болгондур...
- Албетте болгон. Мен жүрөгүмдү тыңшап көрчү деп жооп бергем.
- Тыңшады беле анан...
- (Күлүп) Ишенди.
- Ырчылар сүйүүгө туруксуз болот дегенге терикпейсиңби?
- Ырчыбы, малчыбы, депутатпы ал ар бир адамдын өзүнө гана байланыштуу. Мен мындай кадамдан алыс болууга өзүмдү-өзүм тарбиялап, туруктуу сүйүү үчүн күрөшүп келем.
- Маегиңе чоң рахмат. Ушундай эрктүүлүгүңдөн жазба .
Маектешкен Ж.Калдарова