Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Билгениң оң

Пайдалуу кеңештер
Сасык тумоодон кантип жеңилдөө керек?
Сасык тумоо менен ооруган адамды сөзсүз эле төшөккө тумчулап жаткыруунун зарылдыгы жок. Анткени кыймылдабай жаткан адамдын ого бетер алы кетет, ошондуктан оору учурунда жөн гана ары-бери басуу жана ашыкча желден сактануу керек. Эгерде тумоолоп калсаңыз суюктукту көбүрөөк ичүүгө аракет кылыңыз, себеби заара менен кошо организмиңиздеги зыяндуу нерселердин баарын айдап чыгат. Өзгөчө минералдык сууга басым жасаганыңыз оң, андан тышкары чайга малина салып ичсеңиз да жакшы натыйжасын берет, бирок белгилей кетчү нерсе - жүрөк оорусу барларга мындай чай зыян жүрөктүн тез-тез согушуна алып келет.
Майлуу калориясы көп тамакты сиңирүүгө көп убакыт жана энергия сарпталаары маалым. Ошондуктан сасык тумоолоп жаткан учурда жеңил тамактарга качырыңыз. Ал эми тооктун шорпосу адамдын организмине эң жакшы таасир этээрин окумуштуулар далилдешкен.

Күз менен кышта бетке туура кам көрүү керек
Күн сууктаганда адамдын бети туурулуп кургаары маалым. Косметологдордун берген маалыматына таянсак суугураак климатта жашаган адамдардын териси бат картайып бетине бырыш эрте түшөт экен. Мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн: эртең менен сыртка чыгаарда бетмай сүйкөнүүнү токтотуу керек, себеби бетмай сиңгенден кийин бет кайра кургап кызара баштайт. Бетиңиз кургак болсо кечинде жатаарда каймак же айранды жука кылып бетке маска жабуу шарт. Ал эми эшикке чыгаарда бир, бир жарым саат мурдараак моюнга, бетке муздак сууну куюнсаңыз жакшы жыйынтык берет. Эгерде эшиктен келгенден кийин бетиңиз кургап же тырышып баштаса сүлгүнү же салфетканы ромашка же мята кайнатылган ысык сууга малып алып бетке 2-3 мүнөт жабуу зарыл.

Чайдын жардамы
Кол менен бутка беттен кем эмес кам көрүү зарыл. Эгер сиз кечке чейин туруп иштеп, кечинде буттарыңыз талып, уктап ооруй баштаса кадимки эле көк чайды же болбосо бир чай кашык көк чай менен бир чийки картошканы эзип туруп аралаштырасыз да экөөнү бир литр ысык сууга кайнатасыз. Даярдалган суюктук даяр болгондон кийин бутуңузду малып жарым саат отурсаңыз кадимкидей жеңилдеп чарчаганыңыз басаңдайт. Колуңуз менен бутуңуздун тырмактары тынымсыз сына берсе 2 чоң кашык өсүмдүк майына 2 чай кашык көк чайды аралаштырып туруп жатаарда 10-15 мүнөт малып отурууңуз керек. Бул көнүгүүнү бир аптада эки ирет жасаганыңыз оң. Белгилей кетчү нерсе даярдалган аралашманы 2-3 күн муздаткычта сактоого болот. Ал эми аны колдоноордо жылытып аласыз.

Балаңыз тамактануудан баш тартса…
Балаңыз кандайдыр бир себептерден улам тамактануудан баш тартып, сизди беймаза кылса тамак ичээрге жарым саат калганда сабиз, алма, бадыраң сыяктуу жемиштерди жедириңиз, анткени жемиштер баланын курсагын кичине болсо да ачырып, тамак жедирүүгө түрткү болот. Тамак ичип жатканда анын тарелкасына өтө көп өлчөмдө тамак салуунун зарылчылдыгы жок. Андан көрө эринбей аз-аздан салып берип турсаңыз тамакка табити көбүрөөк тартат. Эгерде балаңыз тамак жеп жатып күтүүсүздөн кашыгын ыргытып ийип чуркап кетсе артынан барып зордоп тамак жедирүү туура эмес. Көпчүлүк ата-энелер ушундай жол менен баласынын тамака болгон табитин такыр жоготушат. Эгерде балаңыз тамак жеп жатып элдин артында калса аны күтпөш керек, анткени аны көпчүлүктүн калыбына салып тарбиялоо дал ушундан башталат.




Мейман тосууну билесизби?
Мейманга барганды, конок тосконду ар бирибиз эле жакшы көрсөк керек. Күтүлбөгөн мейманды, чакырылган коноктун көңүлүн кантип алуунун, кечени ойдогудай өткөрүүнүн кээ бир сырларын төмөндөн окуп билсеңиз болот.

1. Эгерде сиз жакын санаалаштарыңыздын үйүнө конокко барууну чечсеңиз алдын ала эскертип койгонуңуз дурус. Балким сиз бара турган үйдүн ээлери ошол убакта бош эмес же аларда башка бирөөнүкүнө мейманга барууга камынып жатышат.
2. Кастарлап чакырылган жерге, тамакка кечигип баруу кемсинтүүнүн жеткен чеги, мындай кадамыңыз менен сиз үй-ээлерин таарынтып алгандан тышкары өзүңүздүн да тарбияңызды көрсөтүп өтөсүз.
3. Конок көтөрүп келген гүлдү сөзсүз кооз вазага салып көрүнүктүү жерге коюп
коюу керек. Гүлдү кайдыгерлик менен четке жылдырууга такыр болбосун эске алыңыз. Ал эми гүл менен кошо алынып келинген тортту же таттуу конфеттер менен өзүнө сый көрсөтүңүз.
4. Стол үстүндө отурганда эки- үч кишиге гана маалым болгон сөздү сүйлөө башкаларды ыңгайсыз абалга калтырат. Ошондон улам баарына бирдей кызыктуу болгон жакшы маанайдагы теманы сүйлөшүп отурганыңыз дурус. Тамактанып отурганда оору, дарт жөнүндө сүйлөшүү начар көрүнүш жана баарына бирдей жагымсыз маанай жаратат. Кокус сөздөн сөз чыгып отуруп талаш жаралып кетсе бириңизден-бириңиз өтүп үнүңүздүү катуу чыгарып сүйлөө туура эмес, колдон келишинче жай, тамаша аралаш тартыш сөздү чечип алууга болот. Үй ээлерине кандай жагдай жаратаарыңызды ойлонуп көрүңүз.
5. Үйгө коноктор чакырылды, алардын кээ бирөө кичинекей балдарын ээрчитип келээри талашсыз. Мындай учурда кантиш керек? Балдарга өзүнчө бөлмөгө стол жайганыңыз туура болот, анткени балдардын чурулдаганы коноктордун сүйлөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Белгилей кетчү нерсе кичинекей меймандарга да башкалардан кем эмес кам көрүү керек.
6. Кече ойдогудай өттү, үйгө кайтаар маал болгонун, үй ээлери эртең жумушка бараарын эске алып кетүүгө камынууну унутпаңыз. Кел демек бар, кет демек жок дегендей үй ээлери кет деп эч убакта айтпайт. Эстүүлүк кылып кетүү жөнүндө өзүңүз сөз баштаганыңыз дурус болоор.
7. Үй ээлеринин маанайы, өзгөчө аял кишиники мейманга өтө чоң роль ойнойт. Болоор болбос нерсе үчүн жолдошуңузга коноктордун көзүнчө туура эмес сөз сүйлөп капа кылаардан мурда канча адамдын маанайын бузуп, ыңгайсыз абалга калтыраарыңызды ойлоп көрүңүз. Жаркылдаган жайдары маанай, тамаша сөз, күлкү кеченин көркү экени ар бирибизге маалым.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева