Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Клип таржымалы

Эх, сулуу кыз
Бүгүн сиздерге
"Кеңеш" дуэтинин "Эх, сулуу кыз"
аттуу ырынын клиби тууралуу сөз кылабыз. Аталган клип
башка клиптерден тамашалуу сценарийи менен өзгөчөлөнөөрүн баса белгилеп кетели.

Эх, сулуу кыз
Cөзү, обону М.Мамбетовдуку

Кыз колунан кармадым балбылдаган,
Колундагы шакеги бар жалтылдаган.
Алтын шакек колу менен сизде турат,
Дагы кандай сөзүңүз бар айтылбаган.

Эх, сулуу кыз сен мага таарынбагын,
Чын жүрөктөн өзүңүздү сүйүп калдым.
Көзүңүздөн көрүп турам сүрдөдүңүз,
Сүйөөрүмдү сезип турам, билип турам.

Кайырма
Эх, сулуу кыз, сулуу кыз,
Бир көргөндө жагып калдыңыз.
Айтыңызчы чоң жигит,
Качан дагы биз жолугабыз.

Ортобузда сүйүү шамы жанып турса,
Досторубуз кошулушса оюбузга.
Бакыт болсун, таалай болсун экөөбүздө,
Бакыт кушун кондуралы колубузга.

Жаратканым жарык чачсын жолубузга,
Нике шакек тагыналы колубузга.
Досторубуз каалоо айтып экөөбүзгө,
Ата-энелер бата берсин тоюбузга.

Машинанын ачкычтары уурдалып...
Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Тургунбаевадан турган "Кеңеш" дуэтинин "Эх, сулуу кыз" ырынын клибин "AIDAR prodaction" студиясы тартып, элге өзгөчө күлкү тартуулады. Тактап айтканда тамашалуу клиптердин катарын толуктады десек жаңылышпайбыз. Бул чыгармачылык топтун эмгегине жакында өткөн клиптин ачылышында күбө боло алдык. Клиптин негизги идеясы белгилүү клипмейкер Мырза Айдаралиев менен популярдуу актёр Камчыбек Сарыбаевге таандык. Сценарийде башынан аягына чейин ууру кыздын образы чагылдырылып, канчалаган мырзалардын машиналарынын ачкычтары уурдалат. Профессионал алдамчы кыздын айынан мен деген кыйын жигиттердин алданып калганы бир четинен күлкүлүү болсо, экинчиден таң калыштуу көрсөтүлгөн. Клип көркөм стилде тартылгандыктан ага ондон ашык актёрлор катышты. Алардын баардыгын режиссёр Мырзанын "Стоп трафик" аттуу жаңы тасмасынын актёрлук курамындагы жаштар ойношсо, башкы ролдогу кыздын образын Айжан аттуу актриса жаратып берди.

Клипке 9000кг нерв короду
Ар бир эмгекти жаратууда кыйынчылыктар менен бирге эле күлкүлүү окуялар да коштоп жүрөт эмеспи. Клипти тартуу үч айга созулуп, сьемка Ысык-Көлдө жана Бишкектин ар кайсыл көчөлөрүндө, кафелерде тартылган. "Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай" деген макалды бекем тутканбы, айтор ырчы Мүзүр бул клиптин мыкты жаралышы үчүн чөнтөгүндөгү акчасын аяган эмес. Башкача айтканда долбоордун бюджети элүү беш миң сомду түзгөн. Ошол эле сьемка учурундагы колдонулган тамак аш жана башка каражаттарды тамаша ирээтинде сиздерге айтып берүүнү туура көрдүк. Ысык-Көл, Бишкектин жолдорун кыдырууда беш автоунаа 500литр бензин пайдаланган. Ал эми клипке катышып жаткан жалпы жамаатка 378кг гамбургер, 469литр суу керектелсе, 9000кг нерв корогон экен.Эң кызыгы клипке түшкөн жигиттерге караганда кыздар көбүрөөк тамак жээри аныкталды. Ал эми "Кеңеш" дуэтинин солисткасы Гүлмира тартылуу учурунда эки жолу сууга жыгылып, баягы "артис" көйнөктү улам-улам алмаштырууга туура келсе, макияжды үч жолу жасатууга аргасыз болгон. Ошол учурда Мүзүр режиссёрдун талабын аткарыш үчүн суу үстүндө тынбай эки жарым саат бийлеген. Айтмакчы, бул ырчылардын жаңы стилин өзгөртүүгө стилист Замира Молдошева зор салым кошкон. Катышкан актёрлордун саны аздык кылганбы, режиссёр өзүнүн оператору Зарылбек байкени да каарман кылып тартканы өзгөчө болду. Дагы бир күтүлбөгөн жаңылык болуп Бишкекти көздөй жол тартышканда, Чолпон-Ата шаарынан болтойгон күчүк таап алышып шаарга алып келишкен. Жыйынтыктап айтканда клиптин сценарийи тамашалуу болгондуктан күлкүлүү окуялар, күтүлбөгөн учурлар көп кездешкен.

Даярдаган Айнура Султанова










??.??