Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Эсентур Кылычев, акын:
Музыка - өнөрлөрдүн Кудайы...
- Агай, адабиятка аралашып калганыңызга эмнелер таасир этти деп ойлойсуз?
- Таасир деген-бул экзистенциалык татаал маселелерден экендигин жакшы билебиз. Ал көптөгөн факторлордон куралып, ар кандай мезгилде ар түрдүү жүрүшү мүмкүн. Эгер жөнөкөйлөштүрүп айтсак курчап турган айлана-чөйрөң, жашоо-турмушуң, сен көрүп, сен аралашкан окуялар, окуган китептериң, уккан музыкаң, көргөн сүрөттөрүң, сенин жашооңдогу ар бир көз ирмем, ар бир кадам аң-сезимге кандайдыр бир өзүнүн тактарын, элестерин калтырат. Бул-таасир. Бул-адамдын жашоосундагы психологиялык, эстетикалык татаал көрнүштөрдүн бири.
Таасирди түшүндүрөбүз деп атып биз да татаал ойлонуп кеттик окшойт. Сенин сурооңо кайрылсак, менин адабиятка аралашып калганыма эмнелер таасир этти? Албетте, биринчи кезекте сөздүн баркын түшүнүп, сөздү ыйык тутушкан ата-энем. Атам, Нарын өрөөнүндөгү белгилүү агартуучулардын бири Кылычев Мукай да бир учурда чыгармачылыкка ынтызарланып, ыр жазып жүргөнүн билбептирмин. Кийинчерээк эски гезиттерди карап жүрүп таап алып кызыгып окуганым эсимде. Апам болсо китеп-кагазга өтө аяр мамиле жасаган киши эле. Эли журтубузга таанымал акын Абдрасул Кылычевдин кол жазмаларынын бир барагын да жоготпой сактап жүргөн, кийин адабий, тарыхый мурастар туурасында мен кичине түшүнүп калган кезде ошол кагаздарды мага ишенип берген. Андан сырткары мектепте, үйдө окутуп тарбиялаган апам Сукайдын таасири болду.
Анан мен туулуп өскөн жер, анын өзгөчө сулуулугу, кооздугу. Сооронбай Жусуев агабыз жазгандай "акындар гана төрөлчү..." жердин таасири. Айлымдан чыккан Арстанбек, Абдрасул, Эсенгул, Байтемир сыяктуу акындардын таасири....
Мени биринчи класстан тартып окуткан, биринчи класстар үчүн "Эне тилдин" автору Көчөк Баймураев агайымдын, Аюпова эжейимдин, жогорку окуу жайларда билим берген дүйнөгө белгилүү адабиятчы-окумуштуулар Е.К.Озмитель,Г.П.Макагоненко, Г.А.Бялый ж.б. кыргыздын атактуу акын-жазуучуларынын Айтматовдун, Чыгыш поэзиясынын, 19-кылымдагы орус классикасынын, 20-кылымдагы Латын Америкасынын адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын, суфизмдин, дзен-буддизмдин ж.б нерселер таасир берди.
- Ырдын темасы кандай коюлушу керек. Деги эле чыгарманын аталышы, темасы тууралуу айтсаңыз?
- Чыгарманын аталышы адабий процесстеги чоң маселелердин бири экендигин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын аталыш тарыхына кайрылсак эле ачык түшүнө алабыз. "Жамыйланын" адегенде "Обон", "Кыяматтын" ж.б аталыштарын эске алып көрөлүчү. Албетте, айрым бирөөлөр чыгарманын аты эмес, заты жакшы болушу керек деп айтышы мүмкүн. Бирок, чебер акын-жазуучу ар бир сөзгө чоң жоопкерчилик менен караарын эстен чыгарбасак. Темалар жөнөкөй болушу ыктымал, Борис Пастернактын "Кылым карытаар бир күн..."деген ыр саптарындай өтө көркөм, поэтикалуу болушу да мүмкүн. Кандай атоонун өзүнчө табышмактары бар.
- Музыка жаатында да ой бөлүшсөңүз. Сизге кандай чыгармалар жана кимдин музыкасы жагат?
- Көркөм өнөрлөрдүн ичинен музыкага эч кимиси жете бербесе керек. Аны которуунун, түшүндүрүүнүн кереги жок. Менин көптөн бери жыйнап келаткан Фонотекамда көбүн эсе классикалык чыгармалар. Гаврилиндин "Анютасын" же Евгений Доганын "Вальсын", Бетховендин, Моцарттын, Брамстын ж.б генийлердин музыкасын, же өзүбүздүн кылым карыткан күүлөрүбүздү укканда кандай гана жыргалга батасың, не деген сезимдерге чулганбайсың. Күчтүү, мыкты музыка кимди болсо да ырдатып иет, ыйлатып иет, адам талантына таң бересиң. Музыка сүйүнтөт, кайгыртат, сезимдин кылдарында ойноп, жүрөгүңдү титиретет. Музыка - бул өнөрлөрдүн эң күчтүүсү, кудайы болсо керек деп ойлоп кетем.
- Агай, кийинки кездерде адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон акын-жазуучулар туурасында жазган макалаларыңыздын түрмөгүн адабий коомчулук чоң канааттануу менен кабыл алды десем болот. Бул багытында да айтып берсеңиз?
- Ал иштеримди дагы улантып жаңы макалаларды жазып жана ал акын-жазуучулардын айрым чыгармаларын Нобелдик лекцияларын которуу аракетиндемин. Анда бул атактуу сыйлыкты Лев Толстой мына алат, ана алат деп турганда жеңип алып кеткен француз акыны Сюлли Прюдомдун ырларын окурмандарга сунуштайын.

Маектешкен Айнура Султанова




Сюлли Прюдом,
Нобель сыйлыгынын лауреаты. (Франция)
Кудай болуп калганымда
Эдем болмок, бейиш болмок чын эле,
Эгер кудай болуп калсам анда жер.
Көздүн жашы сүйүнүчтөн чубурмак,
Улук кудай болуп калсам мен эгер.

Эгер кудай болгонумда токойдо,
Жемиштерин төгүп турмак эне Жер.
Эмгек, мээнет кубанычты коштомок,
Эгем кудай болуп калсам мен эгер.

Эгер кудай болуп калсам анда эле,
Түштөгүдөй жымжырт болуп теребел.
Олтурмаксың сен бейиштин төрүндө,
Кудай болуп калганымда мен эгер.
1900-жылдын 28-декабрь түнү.
302
Каны качкан топодой бопбоз болуп,
Сүйүктүүмдү шум ажал алып кетти.
Коштошподум, кантейин коштошподум,
Алыс кеттиң, кайрылгыс алыс кеттиң.

Кездешүүлөр жок эми болбойт дагы,
Эки дүйнө, эки жан табышмакпы?
Сезимимде сагыныч ойнойт дагы,
Көз алдымда элесиң табышмактуу.

Өттү баары сүрөттөй, өттү баары,
Токтот эми курулай эзгениңди.
Бирок неге, неликтен кудай каары,
Жаппай ачык коюшкан көздөрүңдү.
Сынган ваза
Вазаңды гүл салынган,
Бетинде күн чагылган.
Байкоостон алдың уруп,
Бир азы калды сынып.
Жарака кетти дагы,
Суусу агып гүл чүрүштү.
Бүтүндү бүлдүрүштү,
Ким сактайт аттиң аны.

Сезимге бүлүк салдың,
Жүрөктү тилип салдың.
Билбедиң, билип салдың,
Мен эми күйүп калдым.
Тирүүмүн, тирүү эмесмин,
Чачырап сынып барат,
Сүрөтү бир элестин.

Которгон Эсентур Кылычев




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)

Анткени тикирейип тиктеген Токуштун көзү кудум жырткычтыкындай кыпкызыл жашыл-көк болуп, айтор бир башкача күйүп тургандай болду. Көзүн ала кача берип тилин жуткан немедей сүйлөй албай калды. Айымбүбү кайрыла калып, Урмат дагы жини менен сабап иеби дегенчелик кылып, ортого түшө калгансыды. - Эмне эле болуп атасың, бала менен бала болуп. Кудай урбадыбы, балага да эрегишесиңби?
- К... Көзүн карабайсыңбы!... Көзү жаман мунун!- деп кекечтене өзү карабай туруп колу менен Токушту көрсөттү. Токушту карап тикирейип турганы менен кадимкидей эле турганын көрдү. Аны колдон ала жетеледи:
- Жүр үйгө кир.
Үйгө кирип бараткан Токуштун артынан карап калган Урмат жүрөк тушун баса:
- Өх, Кудай урган баладан да ушунчалык корктумбу?! Көзү башкача көрүнүп кеткенин кара, "коркконго кош көрүнөт" болуп кетти окшойт, -деп кобурана сыртка жөнөдү.
Жек көрүнүп калды
- Урмат менен Айымбүбүнү чабыштырып, аз жерден өлүмдөн калышып, ооруканага жатып чыккандарына жанагы Токуш жетим себепчи болуптур.
- Жашабай жатып муну кара! Балдары жок немелер бала катары көрөлү деп айрыкча Айымбүбү аны бапестеп жатса, карабайсыңбы кылыгын.
- Айрыкча Урмат экөө ит менен мышыктай болуп калыптыр дейт. Урматты киши ордуна көрбөй эле ашата сөгүп, өлтүрөм деп кирет дейт. Эмитеден ошондой болсо... "Айткан оозго сала берет" дейт. Азыртадан эки сөзүнүн бири "өлтүрөм" болсо ошону кылат.
- Ай, ошо баланын көзү жаман. Бала өңдөнүп күлүп-жайнап туруу деген жок. Сүйлөп жатсаң сынап гана тиктеп турат.
- "Жетим кекчил болот" деген ушул да. Анын үстүнө Айымбүбү башкача эркелетип койду окшойт. Анысын эми гана сезди го. Көп эркелетпей калыптыр. Мунусу анткен сайын башка балдарга да кошулбай өзүнчө эле жүрө берет экен. Кокус өзү курактуу балдар менен ойноп кетсе эле сөзсүз уруш чыгарып, өлбөгөн жерде калышат экен. Жетим бала деп анын көзүн карап атышпайбы. Бул кебетеси менен далайдын үстүндө жүрөт го курган бала...
Мына ушундай кеп-сөздөр Токуштун артынан ээрчип, аны көпчүлүк улуу-кичүү дебей жаман көрүп калышты. Токушту көрсө эле желмогузду көргөндөй жаа бою качышат.
ххх
Күндөр күнгө алмашып, жылдар өтүп жатты. Урмат Токушту барсыңбы, жоксуңбу дебейт. Болгону Айымбүбү гана ортомчу өңдүү мамиле кылат. Жумуш кылыш керек болсо Айымбүбүгө айтышат. Бирок, Айымбүбү да аны эркелеткенин коюп, токтоо мамиле кылат. Анан көнүмүш адатка айланып, эмнегедир Токуш өзү менен өзү болду да калды. Айрыкча мектепте окугандан бери өтө түнт болуп кетти. Үйдөн бош боло калса эле үйүн көздөй жөнөйт. Бир нерселерин кармалап жүрө берет.
Он эки жашка чыкканы менен өз жашынан 3-4 жаш улуудай көрүнүп, бою өсүп, эки ийини чыгып, карылуу бала болуп өстү. Өзү бирөөнө тийишпейт. Кокус тийишсе, айрыкча кемсинткен сөз укса өжөрлүгү менен турбай калгыча мушташа бергенден кайра тартчу эмес. Айрыкча бир өчөшсө караңгыда кармап алып, байкелеткенге чейин сабап салчу. Өзү да канча жолу көп баланын арасында калып, өлөсөлүү чала жан болду. Эч кимге даттанбайт эле. Ага эч ким болушпасын да билет эле. Бирөөлөргө эч качан жашын көрсөтпөгөнү менен ата-энесинин, өзүнүн үйүнө барып алып ээн бөлмөдө өңгүрөп чарчаганча өкүрүп-бакырып ыйлачу. Аны угуп-билгендер алдыртан шыпшына баш чайкап гана коюшчу.
- Байкуш бала кантсин, болушкан кишиси жок өзү менен өзү болуп коюп жүрбөйбү. Өз үйүнө келип алып ыйлайт экен бечара. Атасын жек көрүп, апасын сагынат тура деп боор ооругандар да болушчу.
ххх
Үй-жайды, огород, кепе-сарайын оңдоп түзөп, чөбүн чаап, айтор өз үйүнөн чыкпай калган. Тамак ичээрде, жатаарда гана үйгө барчу.
Он төрт жашка чыгып калган кези. 7-класста окуп калган. Сабактан чыгып үйгө кирип келатып, огород жактан чыккан ыйдын үнүн укту. Айымбүбүнүн ыйы эле. Огород жакка чуркап жетти. Айымбүбү бүрүшө отуруп, эки колу менен башын калкалап алып ыйлап атыптыр. Жылан боор өрмө камчысын колуна карыштыра кармаган Урмат сөгүнүп, Айымбүбүнү сабап жатыптыр.
- Энеңди урайын акмактар десе, бириң айылчылап гана үйдү карабай жүрөсүңөр, бириң душман болуп үйдү карайын деген оюңар жок! Төрүбүздө өсүп чоңоюп, бок-сийдигинен арылып алган соң өзүнүн үйүн эле айланчыктап калды. Аны жоготуш керек биротоло үйдөн! Пайдасы жок энеңди урайынды тамак берип, кирин жууп жүрөсүң. Карачы бир эмес, эки музоо тең огороддогу бедеге жарылыптыр!..- деп сөгүнүп аткан Урматка жеткен Токуш аны жакадан ала силкип ыргытты. Урмат тетигинден алыс барып, тоголонуп түштү. Анан эптеп өйдө боло кийимин күбүнүп кирди. Эмнегедир Токушту дит багып карай албай жатты.
- Даана акмак сиз экенсиз! Өмүр бою мени кемсинтип, Айымбүбү апамды тебелеп , сабап келе жатасыз. Ылайым колуңуз көтөрүлбөй, кемсинткен тилиңиз күрмөөгө келбей калсын деп бакырып жиберди Токуш.