Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж.





  Атактуунун арзуусу

Кайып Оторбаев жана Мария Нанаева:
"Үй - бүлөлүк бакыттын сыры -ишенимде"
Кыргызстандагы сыймыктуу жана үлгүлүү үй-бүлө катары таанылган Кайып Оторбаев менен Мария Нанаеванын элибизге эмгеги сиңгени көпчүлүгүбүзгө маалым. Академик, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, белгилүү футболист, таланттуу экономист Кайып Оторбаевич 86 жашта болсо, ардактуу академик Мария Токтогуловнанын аты Медакадемиядагы фармокология кафедрасына ыйгарылган. Алардын үй-бүлөлүк бактысы, ынтымактуу жашоосу көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Анда эмесе сөз башынан болсун.

- Маегибизди алгач кантип таанышканыңыздардан баштасак?
- Кайып Оторбаев:- Биз экөөбүз илгери 1948-1949-жылдары таанышканбыз. Мен педагогикалык, ал эми Мария медициналык институтта билим алчубуз. Мария Белинский атындагы көчөдөн күнүгө өтүп сабагына барчу, бир күнү эле макинтош пальто кийип, чачын сонун кылып тарап алып астыман чыкты. Мариянын ошол келбети менин бүгүнкү күнгө чейин эсимде, андагы сулуулукту мен мурда көргөн эмесмин.
- Анан ошондон кийин эле жүрөгүңүздө сүйүү оту тутандыбы?
- Ооба, дал ошол учурда сүйүп калганымды түшүндүм. Экөөбүз бир аз ал жерде сүйлөшүп турдук. Кийинчерээк да бат-баттан жолугуп турдук, бирок кийин Мария институтту бүтөөрү менен Москвага окуусун улантканы кетти.
Мария Нанаева: - Мен кеткенге чейин эле Кайып мага турмуш куруу тууралуу сунуш киргизген . Бирок мен, жок, мен аспирантурага тапшырам. Кааласаң Москвага кел, чогуу окуйбуз- деген жоопту кайтардым. Анткени менин көздөгөн максатым күйөөгө тийүү эмес, окуу болчу.
- Москвага кеткенден кийин байланышыңар үзүлдүбү?
М. Н. -Чынында экөөбүз кат да жазышкан жокпуз, ортобузда эч кандай байланыш болгон жок. Эки жыл аспирантурада окугандан кийин Кайып экөөбүз Москвадан жолуктук. Ал дагы аспирантурага тапшырганы келиптир, башында эч кандай үй-бүлө курууну максат кылбай эле дос катары жолугушуп жүрдүк.
- Сизде ошол убакта сүйүү сезими бар беле?
М. Н. - Менин башымда ал кезде сүйүүдөн башка нерселер толтура болчу, анткени апамдын эч кандай жогорку билими жок, агам болсо аялын, беш баласын жалгыз баккандыктан мага акча-тыйын жагынан каралашканга шарты жок эле. 68 рубль өлчөмүндө алган стипендиямдан кичине болсо да аларга салып, өзүмө кийим алганга, кайра мекениме кеткенге билет алыш үчүн кичинеден акча чогултуп турчумун. 1953- жылы мен Бишкекке келдим, артыман келген Кайып экөөбүз бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, 27 жашымда ага турмушка чыктым. Азыркыдай дүңгүрөгөн той өткөргөнгө алыбыз жетпесе да дос- тууугандардын арасында чакан майрам уюштуруп, мен Кайыптын апасы, эжеси жашаган үйгө көчүп келдим. Үй- оокаттарына бышып бүткөндүктөн тиричилик жагынан көп кыйналган жокмун. 1955-жылы тун уулубуз Жоомарт төрөлгөндө ден-соолугу аябай начар болуп көп түйшүк тарттык.
- Үй-бүлөлүк жашоодо уруш-талаштар көп эле болсо керек?
М. Н. - Оо, бир убактарда Кайып экөөбүз бат-бат эле уруша берчүбүз.Баш кошкондон кийин ал өтө кызганчаак болуп чыга келди, андан мурда Кайыптан момун киши жок болчу.
- Үйдө каражатты ким кармайт?
К.О. -Мен башынан эле тапкан акчамдын баарын аялыма карматчумун.
- Апаңыз мындай нерсени кандай кабыл алчу эле?
М.К. -Кайненем менен мамилебиз жакшы болуп, тез эле тил табышып кеттик. Болгону Жоомарт төрөлгөндө кичине пикир келишпестиктер болуп кеткен. Бир эле примусибуз болгондуктан мен өз балама шашып тамак жасасам, кайненем өз баласына шашып тамак даярдайт. Ошондон улам " Сенин балаң Жоомарт, менин балам Кайып" деп калмайы бар эле. Ошентсе да апам аябай токтоо, жоош киши эле.
- Мария Токтогуловна, тиричилик жагынан Кайып агай менен пикир келишпестиктер болобу?
- Негизи Кайып көп нерсеге кийлигишкен майдачыл, сараң адам эмес.Тиричилик жагын өзүм колго алганым менен Кайып менен дайым кеңешип, ортодон чогуу чечим чыгарабыз.
- Кооз кийимдерге, боенгонго кызыкчу белеңиз?
М.К. -Жок, мен ушул күнгө чейин бир да жолу боенгон жокмун. Ар дайым студенттерге айтып келем, боек көзгө зыян алып келээрин. Кийим жөнүндө айта турган болсом каалаганымдын баарын Кайып алып берсе да парпырап кийинүүнү көздөгөн эмесмин. Бир нерсе алаарда дайыма экөөбүз ээрчишип барып алабыз, өзүмө караганда кайненем менен энеме көп кам көрдүк. Анын үстүнө уулубуз Жоомарттын ден-соолугу начар болуп, көп ооругандыктан тапкан акчабыз аны дарылатканга кетчү.
- Сизди баарынан кайсы көрүнүш көп ызалантат эле?
- Кайыптын кызганчаактыгы мага баарынан оор тиер эле. Өзгөчө конокко барганда анын кызганычы күч алчу. Мунун баарын үй-бүлө болгондон кийин көрүнгөнгө айтып даттана албайсың, биринчи жолу сырымды ачыкка чыгарып жатам… Мен балдарымды алып үйдөн кетип калган күндөр канча болду. Агам менин кетип калганымды угуп:- "Мария эмне жиндиби? Эмнеге Кайыпты капа кылат?"-деп мага нааразы болгон. Анан Кайып артымдан келип кечирим сурайт(анын колунан бул иш жакшы келет). Мен болсо аны, балдарымды аяп элдешип алчубуз. Кийин убакыттын өтүшү менен менин айткан ар бир сөзүмдү ал мыйзам катары кабыл ала баштады.
Мен дайыма биринчи орунга Кайыпты коюп келем. Кыздарга болсо күйөөңөргө элдин көзүнчө кыялыңарды көрсөтүп таарынбагыла, шагын сындырбагыла. Ата- энеңерге эч качан жаман жактарын чыгарбагыла, эгер болоор-болбос нерсени айтып даттана берсеңер алар күйөө баласын өмүр бою жаман көрүп калышат дегеним деген.
- Ал сизди аяйбы?
- Ашыкча эле аяй берет. Аёо жок болсо үй-бүлө курулбайт. Бул үй-бүлөлүк бакыттын сыры. Азыр кээде тамашалап- "Мен жаш кезимде сага чыдап келгем эми сен мага чыда" деп калам.
- Кайып Оторбаевич үй-бүлөлүк бакыттын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- -Сүйүүдө анан албетте ишенимде. Эң негизгиси үй-бүлөңдүн абалын жакшыртууга, алар үчүн жакшылап кам көрүүгө умтулуу керек. Ошондо анан тиричилигиң оңолот, үй-бүлөдө жылуу манай, жагымдуу жагдай өкүм сүрөт. Ал эми балдардын бактылуу турмушу үчүн эч нерседен кем кылбай өстүрүү зарыл.
- Үй- бүлөнү ким башкарыш керек?
- Чарбада аял кишинин тейлегени эле оң. Бир убакта чарба менен ишим жок эле азыр болсо Марияга колдон келген жардамымды берип жатам.
- Жашооңуздагы эң бактылуу жылдар деп кайсы мезгилди эсептейсиз?
- Балдарым төрөлүп, буттарына туруп алган кездерин. Жоомарт азыр жакшы жерде иштейт. Анын ой-жүгүртүүсү, аң сезими такыр башкача. Ал эми эң оор сыноо мен үчүн кичүү уулум Чагатай былтыр инсульт болгону болду. Сыртыңдан сыр бербей баары жакшыдай көрүнгөнү менен жан-дүйнөм жанчылып аябай кыйналдым. Кудай мындай күндү эч кимдин башына салбасын.
- Жалгыз жашайт экенсиздер тиричиликтен кыйналган жоксуздарбы?
- Бир жумада бир жолу акыга келип бир аял үйүбүздү башынан аягына чейин мизилдетип жыйнап кетет. Калган майда жумуштарды бири-бирибизге жардамдашып өзүбүз эле бүтүрөбүз.
- Каражат жагынан балдарыңыздар жардам береби?
- Жок . Алардан акча суроо оюбузга да келбептир. Кудайга шүгүр, буга чейинки кылган мээнетибиздин акыбети кайтып жатат. Өзүбүздүн тапкан каражатыбыз өзүбүзгө жетип, жашообуз анча- мынча камсыздалган.
- Эгер сиздерге жаңы жашоого дагы бир мүмкүнчүлүк берилсе кандай жашайт элеңиздер?
К.О. - Бизге экинчи жолку мүмкүнчүлүктүн кереги жок. Жашообуздагы болгон жакшы-жаман нерсенин баары биз менен калсын.
М. Н. -Экинчи жашоонун эмне кереги бар? Мен аябай бактылуумун же тескерисинче өтө бактысызмын деп айтпайм. Жашадык, иштедик жашообуз ойдогудай жана жакшы өтүп жатат. Биздикиндей турмушту Кудай баарына берсин!

"АКИпресс" маалымат
булагынан алынып
которулду
















??.??