Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 

Ала-Тоо койнунда
Алайда абал кандай?
Алай районунда зилзаладан жабыр тарткандар үчүн чатыр шаарчасы тигилди.
Кырк тогуз чатырдан турган шаарчада 300дөн ашуун адам жашап жатат. Чатыр шаарчасы күнү-түнү таза суу жана электр жарыгы менен камсыз болгон. Жер титирөө болгон Нура айылында Коргоо министрлигинин 72 аскери, Сарымогол айыл өкмөтүнөн 60 адам иштөөдө. Жер титирөөдөн жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат алуу оор болууда. Чукул кырдаалдар министрлиги жана облустук бийлик тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар менен байланышуу үчүн орнотулуп берилген түз телефон иштебей жатканын Нурадагы туугандарынын бүгүнкү абалы тууралуу маалымат ала албай жаткандыгын айтышууда. Аймакта мобилдик байланыш кызматынын бири да иштебейт. Белгилей кетсек, Алай районунун Нура айылы кыргыз-кытай чегарасынан 5 чакырым аралыкта жайгашкан.
"Обон" гезитинин жамааты да алааматты кайгыруу менен кабыл алып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен колдон келген жардамды атайын эсепке которду.

"Акыйкат үчүн" жыйын курат
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координациялык кеңеши бүгүн жыйынга чогулат
Анда Коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматтан кетүүсү менен байланышкан өлкөдөгү ички саясий кырдаал, КМШ саммити учурунда козголгон маселелер, энергетикалык кызматташтык боюнча макулдашылган келишимдер, алардын келечеги жана Кыргызстанга пайда-зыяны, өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу маселелердин айланасында сөз болот. Мындан тышкары аркы жуманын башында өтө турган Коомдук парламенттин жыйыны, анда каралуучу маселелер бекитилүүсү мүмкүн.

Баткенде 220 мечит бар
Баткен облусунда диний объектилердин саны эки жүз кырк экиге жетет.
Ошондой эле экстремисттик көз караштагы диний уюмдардын айрым өкүлдөрү жергиликтүү кеңештин депутаттык орундарына шайланышканы айтылып, бул алардын экинчи этапка көтөрүлүүсү деп бааланууда. Учурда Баткен облусунда мамлекеттик каттоодон өткөн 220 мечит, 11 медресе жана 1 ислам институту жана каттоодон өтө элек 20 чакты мечит бар.

"Ак-Мөөргө" эмне болду?
Оштогу "Ак-Мөөр" жатаканасынын 378 жашоочусу башпаанексиз калды.
Оштогу "Текстилчи" мамлекеттик акционердик коомуна караштуу "Ак-Мөөр" жатаканасынын жашоочулары 83 үй-бүлө, тагыраак айтканда 378 адам бир топ жылдан бери аталган жайды байырлап келишкен. Өкмөттүк программага киргизилип, бөлмөлөр анын ээлерине - көп жыл бою текстиль комбинатында иштегендерге гана менчиктештирилсин деген мүлк фондусунун чечимине карабастан, ишкана жетекчилиги 2008-жылдын 19-мартында "Ак-Мөөрдү" менчикке сатып жиберген. Бул туурасында тургундар билишпегендиктен, учурда жаңы кожоюн 378 жашоочуну күчтөп көчүрүүнү баштады. Ош шаардык бийлигиндегилер "Ак-Мөөр" жатаканасынын жашоочуларынын арызынын негизинде комиссия уюшулуп, иштеп жаткандыгын, маселе шаар парламентинин чукул сессиясына коюлаарын маалымдады.

Кыргызстанда канча жумушсуз бар?
Кыргызстанда жумушсуздар саны 69,1 миң адамга жетти.
Жумушсуз катары катталгандар саны өлкөдө сентябрдын аягында 69, 1 миң адамды түзгөндүгүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 3, 4 %га азайды дегенди билдирет. Жергиликтүү айрым серепчилер баамында чынында иши жок адамдар өлкөдө бул көрсөткүчтөн алда канча ашып түшөт. Кыргызстанда бүгүнкү күнү орточо айлык акы 5 миң 92 сомду түзөт. Акыркы жылы ал дээрлик 36, 1 % га көтөрүлгөн.

Көмүр кайда?
Нарын облусуна жиберилген көмүрлөр дарегине жетпей жоголууда.
Нарын шаарындагы көркөм өнөр мектебине Кара-Кечеден 78 тонна көмүр жөнөтүлгөн. Бирок бул мектепке 26,5 тонна гана көмүр келип түшкөн. Ал эми Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун бир катар айыл өкмөттөрүндө көмүр тартууга карата өткөрүлгөн тендерди бурмалоого жол берилген же болбосо 2400 сомго коюлган нарк 2600дөн 3200 сомго чейин көбөйтүлгөндүгү байкалгандыктан ишти териштирүү органдарга берилмекчи. 8-октябрга карата бюджеттен көмүр алууга берилген акчалардын 5 миллион 893 миң сому көмүр казган ишканаларга которулуп берилген эмес.

2009-жыл кандай жыл болот?
КМШда жаштардын жигердүүлүгүнөн 2009-жыл жаштардыкы деп жарыяланды.
Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жаштар кеңешинде бул маселе талкууланып, бир катар мамлекеттер аталган демилгени ишке ашыруу боюнча милдеттемелер берилген. Кыргызстан бул жаатта жаштар форумдарын өткөргөн. КМШ жаштарынын соңку жолугушуусу 8-октябрда Бишкекте өтүп, анда жаш лидерлер аймактагы реформаларды жана демилгелерди колдошоорун айтуу менен, бир катар маселелерге өзгөчө көңүл бурууну мамлекет башчылардан суранышкан.




  Дүйнө дүбүрт

Евробиримдикте эмне сөздөр козголот?
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларус жана Орусия менен мамиленин келечегин талкуулашат.
Люксембургда өтчү чогулушта Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусиянын Грузиядагы өткөөл тилкелерден аскерлерин чыгарып кеткенине байланыштуу - Биримдиктин расмий Москва менен жаңы алакаларды түзүү керекпи же жокпу деген суроону карашат. Ошондой эле Биримдиктин тышкы иштер министрлери Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартыновду кабыл алаары күтүлүүдө. Жолугушууда Евробиримдиктин Беларуска коюлган санкцияларын жеңилдетүү боюнча маселе да каралмакчы.

Нобель сыйлыгын кимдер алат?
Нобель комитети быйылкы лауреаттарды атоону улантууда.
Экономика боюнча жетишкендиктери үчүн кезектеги талапкердин ысымы Стокгольмдо аталаары күтүлүүдө. Экономика боюнча Нобель сыйлыгы кырк жыл илгери Швециянын борбордук банкы тарабынан Алфред Нобелдин элесине арналып негизделген. Нобель сыйлыгынын талдоочулары кезектеги сыйлык, финансылык капсалаңды жөнгө салууга нур төгө турган талапкерге ыйгарылаары шексиз экенин айтышууда.

Талибдер "талкаланды"
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 40 чакты талип козголоңчуну жок кылышты
Талибдер коопсуздук күчтөрүнүн Лашкар Гах шаарынын жанындагы базасына чабуул коюшкан. Салгылашуу түн ортосунда башталып, 3 саатка созулган. Ага НАТОнун аба күчтөрү да тартылды. Ооган расмий адамдарынын маалыматына ылайык, аскерлердин арасында жабыркагандар жок. Бирок бул маалыматты жана канча талип өлтүрүлгөнүн башка булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Футболдо жаңы лидерлер
Германия, Испания, Сербия жана Англия футбол боюнча 2010-жылкы Дүйнө чемпионатына квалификациялык матчтарды жеңип алышты.
Германия орустарды 2-1 эсебинде утту. Европа чемпиону Испания Эстонияны 3-0 менен жеңип, өз тобунда бир да жолу уттура элек команда бойдон кала берүүдө. Сербия өз талаасында Литваны 3-0, Англия болсо Казакстанды 5-1 эсебинде жеңди.

Жаш бала рак менен ооруп калды
Ирандык 13 жашар өспүрүм рактан дарылануу үчүн Израилге жеткирилди.
Тель-Авивтеги Чайм Шеба медициналык борборунун жетекчисинин билдиргенине караганда, өтүшүп кеткен мээ рагынан жабыркаган бала ата-энеси менен Израилге Түркия аркылуу келди. Иранда ага операция жасалып, химия жана радиотерапия алган.
"Ройтерс" Ирандын жарандары Израилге кирүү уруксатын Израилдин Түркиядагы элчилигинен алышкан деп маалымдады. Кас мамиледеги Иран менен Израиль ортосунда дипломатиялык алакалар жок экенин эскерте кетели.

www булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы




Оппозиция бирге же бир нечеге көбөйдү
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Исмаил Исаков кызматынан кетүүгө арызын берди. Ал бул кадамын президенттин ички, тышкы жана кадр саясаты менен макул эместигине байланыштырып, март ыңкылабынын алдына коюлган үмүт-максаттар ишке ашпай калгандыгын белгилейт. Саясий айдыңда Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысынын мындай кадамы кызуу талкууга алынып, түрдүү пикирлерди жаратууда.
Исмаил Исаков кызматтан кетүүгө арыз берээрден мурдараак "Жаңы Кыргызстан" партиясы жыйын өткөрүп, анда "Ак Жол" партиясы тарабынан түзүлгөн өкмөттүн ишин катуу сынга алган эле. Элдин турмушун оорлотуп, өлкөдөгү коррупцияны күчөтүп жаткан "Ак Жол" партиясынын колунан өкмөттү алууга "Жаңы Кыргызстан" партиясы даяр экендигин билдирген эле.
"Жаңы Кыргызстан" партиясы "Ак жол" партиясын толугу менен колдоп, парламенттик шайлоодо, өкмөттү курууда аларга толук мүмкүнчүлүк бергендигин, бирок алар берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, кээ бир тармактарда абал кескин начарлап, элдин турмушу оорлоп баратканына байланыштуу көйгөй маселелерди карашкан. Эгерде бул өкмөт иштей албаса, "Жаңы Кыргызстан" партиясы жаңы өкмөттү курууга, жоопкерчиликти алууга даяр экендигин баса белгилеп кетти. Исаковдун мындай кадамын жактыргандар, жактырбагандар да келип чыгууда.
Исмаил Исаковдун кызматтан кетип жатып тараткан билдирүүсүндө Кыргызстанда жалпы башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгы айтылган. Бул пикирди колдоого алган "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясий кыймылынын лидери Амангелди Муралиев президент Курманбек Бакиев бийликтен кетсе да, кетпесе да системаны өзгөртүүгө тийиш, деп айтып чыкты.
2006-жылкы ноябрь митинги бийликтен башкаруу системасын өзгөртүүнү, мамлекетти парламенттик жол менен башкарууга өткөрүүнү талап кылган. "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидерлери учурда оппозициялык күчтөрдүн биригүүсү болуп жаткандыгын кабарлап, эгер "Жаңы Кыргызстан" чындап эле системаны өзгөрткүсү келсе, анда аларга да биригүү боюнча сунуштар болорун билдирген болчу. Аталган кыймылдын курамындагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда эгер Кыргызстандын келечеги тууралуу партиялардын ой-максаттары дал келишип калса, анда биригүүгө эмнеге болбосун.
Айрым саясатчылар "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын акыркы жыйындагы билдирүүсү, анын төрагасынын мамлекеттик жогорку кызматтан кетүүсү -президенттин айланасындагы экинчи команда -президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду кызматтан кетирүү, анын мамлекет башкаруудагы, өлкөнүн ички, тышкы, кадрдык саясаттагы ордун жоготуу максатында гана болуп жаткандыгын, бул болсо системаны өзгөртүүгө таасири тийбейт, деген пикирлерин айтышууда. Президент бүгүн күчтүү басым болуп жатканын сезип эле тургандай.
Бул кызматтан кеткендер түз эле оппозицияга өтүп жатканы да бир нерсени каңкуулап турган жокпу? Алсак мурдагы катчы Мирослав Ниязов дагы ушул кызматта отурбады беле... Мамлекеттин коопсуздугун алдын ала биле турган жогорку органдын катчыларынын мындай кадамга баруусу, чын эле бийликтин басмайылы бошоп баратканынан кабар берип жаткан жокпу деген суроо туулбай койбойт. Исмаил Исаковдун кызматтан кетиши бийлик тарапты бир топ бушайманга салып турган учур. Ошентсе да Президент ойлонуп чечүүчү кадамдарга барат деген үмүттөгүлөр да жок эмес. Ушул жумада Президент Жогорку Кеңешке жана элге кайрылуу менен чыгаары дайын болуп жатат. Кандай маселе боюнча кайрылат азырынча белгисиз. Күз келгенде эле элдин толкуну башталчу эле. Оюндардын баары алдыда болот өңдөнүп калды...

Сок билек.














??.??