Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  сыр маек

Юрий Бобков:
"Атам бизге чоң байлык таштап кетти…"
Кыргыз элине ырчы катары гана эмес башка улуттан экендигине карабай кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн жергебиздин патриот уулу катары таанылган КРнын эмгек сиңирген артисти Юрий Бобков бүгүн бизде мейманда. Белгилей кетсек, Юрий мырза эне тилибизди өркүндөтүп жайылтууга кошкон салымы үчүн КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланып, УТРКнын отличниги наамын алган.Маектешибиздин студиясына кирип барганда эле дубал бетинде илинип турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил Гимни көзүмө урунду. Элим жерим үчүн кызмат кылам деп төш каккылаган анча-мынча "чоңдорубуздун" бөлмөсүнөн көрүнбөгөн Гимнге күбө болуп бир толкунданып алдым.

- Юрий байке, алгач сиз жетектеген "Досум Үсөн" тобунун тарыхынан кеп козгосоңуз.Отуз жети жылдык өмүрү бар аталган топтун атын сактап, затын жоготпой узак өмүр сүргөнүнүн сыры эмнеде?
- - Бала кезимден эле алгачкылардан болуп филармониядагы мамлекеттик эстрадалык топту түптөгөн Чоро Кожомжаров, Алтынбек Сапаралиев өңдүү залкар таланттар менен бирге жүрүп, 15жашымда "Кызыл гүл" деген эстрадалык топту уюштурдум. Топтун курамында 26 киши бар болчу. Анда азыркыдай аппаратура жок, колго жасалган гитара,бас комуз менен ырдап, столбалардагы темирден аппаратура жасачубуз. Ушундай күндөрдүн биринде группабызга жаш болсо да көптү билген абдан таланттуу , кыргызстандагы эң биринчи каратэс Үсөн Казиев деген бизден беш жаш улуу бала кошулуп,чыгармачыл топтун чечими менен Үсөн топтун жетекчиси, мен болсо музыкалык жетекчи болуп шайланып иш алпардык.Бул аралыкта көптөгөн ийгиликтүү жолдорду бастык. Айтып отурсам анын баары узун сөз. Кийин мен армияда жүргөн кезде Үсөн жол кырсыгынан каза болуп , оор жоготууга учурадык. Үсөн досум аз жашаса да артында айтылып жүрчү көп иштерди жасап кетти. Маркум досубуздун атын өчүрбөй арбагын ыраазы кылалы деген максатта чоң жоопкерчиликти моюнга алып, тобубузга анын ысымын ыйгардык. Азыр өзү арабызда жок болсо да досубуздун жаркын элеси жүрөгүбүздө жашап келет. Артында калган үй-бүлөсү, өз атамдай болгон атасы менен катташып, бири- бирибизге жөлөк болуп турабыз.
- Ата демекчи өзүңүздүн ата тегиңиз тууралуу да айтып өтсөңүз?
- - Чоң атам граждандык согушта Чапаевдин двизиясында болуп, апасы бир туугандары менен согуштан кийин айылга келип иштеп үй алганда кошуналар "жогору" жакка жазып жиберишип чоң атам, чоң энем бир жаштагы баласы менен Сибирге айдалып кетет.Менин атам үйдүн улуусу болгондуктан үч карындашы менен Фрунзеге келип, кыргызстанда күн кечирип калган экен. Кызыгы, сибирге кеткен бир жаштагы бала кырк жылдан кийин атамды издеп таап, үч жылдан соң жол кырсыгынан каза болот. Атам кыргызстандагы 1935- жылы ачылган аэроклубдун алгачкы чыгарылышындагы учкуч. Атамды жакындан билгендер кыйын киши болгондугун айтышат. Чынында атам бизге Бобковдун балдары деген чоң байлык таштап кетти.Апам болсо казак кызы. Согуш учурунда үч баласы менен немистер басып алган жерде калып душмандар мылтык кезеп атып салабыз дегенде апамдын сулуулугун кыялбаган немистин офицери өлүмдөн алып калган экен. Ошондо апам 20км токойду жөө басып көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүр. Мага талант апам тараптан берилген десем болот. Анткени апам гитараны кыраатында ойногон ыр жандуу адам болчу. Ал эми өзүмдүн бир туугандарым жөнүндө айтсам мен үй-бүлөдө он бир туугандын кенжесимин. Эң улуу агабыз маркум Төлөмүш Океевдин классташы болчу.Үч жыл мурун каза болуп калды. Азыр алтообузбуз. Учурда үч байкем кыргызстанда, эки эжем Москвада турушат.
- Юрий байке жамы журтка маалым болгондой кыргыз тилинде суудай сүйлөп, анча-мынча "киргиздерди" уяткарасыз. Сиздин көз карашыңызда кыргыз тили өсүүнүн жолундабы же тескерисинчеби?
- - "Канча тил билсең ошончо дил билесиң"- дегендей бул менин байлыгым. Киндик кан тамган жерим, кичи мекеним Кыргызстан болгондон кийин, кыргыз тилинде сүйлөй албасам уят болмокмун. Мен чоңойгон Бөкөнбаев айылында 30% орус улуту жашаса ошонун баары кыргызча таза, так сүйлөчү. Анын арасында Александр Васильевич Кастюк да бар эле. Өзүм орус мектепте окуганым менен кыргыз тилин, кыргыз тилчи эжейимди жакшы көрчүмүн. Диктант жазганда орус балдардын көпчүлүгү "5" деген баага жазчубуз. Апам да айылда жакшылык болсо сүйүнүп, жамандык болсо ыйлап кирип, бизди эл-жерди сүйүүгө тарбиялаган. Бүгүнкү күндөгү кыргыз-тили боюнча айтсам, кудайга шүгүр акыркы 2-3 жылдан бери эне-тилибиз колго алынып калды. Мамлекеттин тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Рахманбердиевич бир топ алгылыктуу иштерди жасап, жыйындарды өткөрүп, окуу-куралдарын чыгарууга көмөк көрсөтүп жатат. Эгерде ушул жүрүш менен кетсек тил тагдыры жаман болбойт.
- Кыргыздын ырым-жырымдарын колдоносузбу?
- Албетте, маселен сахнага бата тилеп чыкканды биринчилерден болуп мен баштагам.
- Чиркөөгө барасызбы?
- Жок, намаз да окубайм, чиркөөгө да барбайм. Чынын айтсам ага менин убактым жок.
- Студияңызда отуруп, дубал бетинде илинип турган плакатыңызда "Орус той берсе ойдогусун кылат " деген жазууну окудум. Ушуну чечмелеп берсеңиз?
- Туура байкадыңыз. Орус ойдогусун кылат десе, кааласам кашык менен жарма чалам, кааласам башымдан ылдый төгүп алам дегендик эмес. Көп жылдан берки топтогон тажрыйбамды, башымдагы идеяны оюмдагыдай жасайм деген маанини түшүндүрөт. Муну көпчүлүгү туура эмес кабыл алып, башкача айтып жүрүшөт.
- Азыр өнөр майданында сизчилеп 40 жыл эмгек кылганы деле, чыкканына 1 жыл болгону деле кыргыз эстрадасынын жылдыздары деген атка ээ болуп жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Чынын айтсам кийинки жаштарга чын жүрөгүмдөн боорум ооруйт. Анткени алар эч бир кыйынчылыксыз эле жакшы, жаманды көрбөй туруп, заматта жылдыз болуп жатышат. "Жылдыз" атын алгандан кийин бардык жагдайга даяр болуш керек. Эгерде чыгармачылык жолунда күтүүсүз өйдө-ылдыйлар болуп кетсе психологиялык жактан жабыркап, ошондогу оор, кыйын-кезеңди көтөрө албай арак ичип, керек болсо наркотикке берилип кетиши мүмкүн. Ошондуктан, ар бир жолду акырындык менен басып өтүп, эмгектин арты менен гана эрезеге жеткенге аракет кылганыбыз оң. Мен муну менен бүгүн эле "жылдыз" болгону туура эмес дегенден алысмын. Эгерде ошондой жоопкерчиликти, ошондой бийиктикти көтөрө алса келечек жаштар үчүн жол ачыла берсин.
- Ичимдик менен достугуңуз кандай?
- Бир саат тынбай чабак ура алам, бир суткада 18 саат иштегенге кудуретим жетет.Бирок, ичимдикти көтөрө албайм. Андыктан сиз сураган ак моюн менен дос эмесмин.
- Биз билбеген, окурмандар билбеген дагы кандай өнөрдүн ээсисиз?
- 6-классымдан баштап кирпич куюп, сокмо уруп, үй салганды мыкты өздөштүрдүм. 10 жашымдан тоого чыгып мергенчилик кылгам, ал жагынан да эч кимди алдыга салдырбайм. Бирок, 1993-жылы жандык өлтүрбөйм деп өзүмө-өзүм сөз берип, ошондон бери чымын да өлтүрбөй келатам. Дагы эмнени айтып мактансам…
И баса күнүгө эртең менен 6.30да туруп бассейнге барам. Негизи 100 метр чабак урсаң, бир километр басканга барабар экен.
- Чынында сиз көрбөгөн күн, сиз жасабаган жумуш деле калбаптыр. А,мал союп, жиликтегенди билесизби?
- Билем, мен муну окуучу кезимден эле үйрөнгөм. Азыр анча-мынча туугандардын аш-тойлорунда билек түрүнүп, жардам көрсөтүп калам.
- Юрий байке, сөздү кайра эле үй-бүлө багытына буруп, өзүңүздүн "кичи мекениңиз" жөнүндө сурагым келип жатат.
- Тагдыр экен, үч никелүү болуп, азыр үчүнчү аялым менен жашайм. Биринчи жубайымдын аты-Людмила. Мен мектепте окуп жүргөндө, ал мугалим болуп келип ортодогу тоскоолдуктарга карабай, менден 6 жаш улуу Людмилага үйлөнүп алгам. Ал эми ыр ышкыбоздоруна белгилүү болгон ырчы балам Денистин апасы менен Россияда аскер кызматын өтөп жүрүп таанышып, баш коштум. Азыркы жашап жаткан үчүнчү келинчегим, өзүмдөн 18 жаш кичүү Асел деген кыргыз кызы. Экөөбүз телевидениеден таанышканбыз. Кудайга шүгүр жашоом жаман эмес, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу жети балам бар. Алардын ортосунда ынтымак, биримдиктен башка уруш-талаш жок. Дагы бир нерсени айтып койгум келип жатат. Үй-бүлөмдүн жетинчи мүчөсү кенже кызым Назираны атасы кайтыш болгондон кийин багып алгам. Ал менин Медер деген жакын досумдун кызы. Назира учурда Финансы техникумун бүтүп, аз күндө диплом алганы турат.
- Келечек пландарыңыз?
- Жарым жылдан бери "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Кудай буюрса, жакынкы күндөрдө теледен көрүп каласыздар. Мындан тышкары ноябрда Денис менен Жанеттанын 10 жылдык чыгармачылыгына карата, азыркы жаштардын тили менен айтканда мега концерт берели деп даярданып жүргөн чагыбыз.
- Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайм.

Ж. Калдарова










??.??