Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обон"-почта

ОП-37-01. Петровканын Төрт-Күл айылындагы Асанбаевдерге жана Чайбековдорго салам. Сүйүктүү иним Жанболот мен сени жакшы көрөм. Назгүл

ОП-37-02. Алматыдагы "Болашак" базарында иштеген досторум Абда, Наргиза, Дархан, Айша, Гүлзира, Айжамалга чоң салам. Дайыма ден соолукта болгула, буюрса жаңы жылда барам. Новосибирскиден Чынгыз

ОП-37-03. Кубулжуган үнү, жаркылдаган жүзү менен кыргыз кыздарды арбап келген Мирбек И. Талантың ташкындай берсин. Ийгилик каалайм.Баткенден Нургүл

ОП-37-04. Саламатсызбы С.Садыралиев, Москвада туруп "Обон" гезитин окуп, сизге каалоо айтып жатам. Ой-максатыңызга жетишиңизди каалайм. Аида

ОП-37-05. Кыргыз элим бактылуу бол! Назирбаев Нурик

ОП-37-06. Ильяз Абдыразаков, сизге эч бир ырчы жетпейт. Сиз суперсиз, мен сизди сыйлайм, жакшы көрөм. Мира

ОП-37-07. Алайдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан бир-эки үй-бүлөгө жардам бергим келет. 89250280768

ОП-37-08. Саламым сүйлөсө тилинен чаң чыккан, бал тилдүү, көп кыздарды сүйдүргөн сүйүктүү ди-джейим Эдил Эркинбаевге жолдонот. Ар дайым бар болуңуз, жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Булбулдай үнүңүз өчпөсүн, шайыр күлкүңүз менен кыздардын жүрөгүнө чок сала бериңиз. Ошондой эле саламым Жаркынай Амановага да жолдонот. Айдеми Айка

ОП-37-09. М.Иманбеков, мен сиздин бардык сапаттарыңызды баалайм. СССР

ОП-37-10. Роза гүлдү үзүш кыйын, бир жигитти сүйүш кыйын. Ал жигитти сүйүп алып, таштап коюш абдан кыйын. Эма Гузел

ОП-37-11. Саламым ыймандуу, акылдуу досум Мирланга жана Москвада иштеген досторум Майрам, Айназ, Аксана ар дайым бар болгула. Нурпери

ОП-37-12. Алтындай апам Гүлбарага, эжелерим Акбермет, Жазгүл, иним Нурсултанга, сиңдим Диянага ысык салам. Айгөлөк

ОП-37-13. Эрмек, сен мени тааныбай туруп жаным деп жаза баштадың го? Жылдыз

ОП-37-14. Саламым Ошто окуп жүргөн кыйышпас курбум Гүлшанга, эч кайгырба, баары жакшы болот. Жашоодо андан да оор айрылуу болот. Мен сени түшүнөм, албетте сенден Аллах жакшылыгын аябайт. Барби

ОП-37-15. Анара Шаимкулова жөнүндө маалымат берсеңиздер,эмнеге эфирден көрүнбөй калды? Эркинбек

ОП-37-16. Таанышканда мен сен менен жаңыдан, Жаш жүрөгүм махабатка малынган. Мейли сүй, мейли сүйбө, мейли ташта, Булактын суусу аккан мөлтүр ташка. Сагынам алыс кетсем эстей берем, Себеби сүйгөнүм жок сенден башка. Улан мен сени сүйөм. Анеля

ОП-37-17. Назика Атабеков менен бактылуу бол. Самара

ОП-37-18. Саламым Акчал уулу Дүйшөн атындагы мектептин 11-классына. Айка туулган күнүң менен, бактылуу бол. Шагзода

ОП-37-19. Саламым Нурлиске жолдонот. Ата-энеңди сыйлаган, кыргыздын керегине жарап, окууңду ийгиликтүү бүтүп ал. Ар дайым сенин жаныңда болууну тилейм. 0773519352

ОП-37-20. Саламым Барбиге, ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпей, ата-энеңдин маңдайында болуп, келечекте мыкты врач болууңа тилектешмин. Кыргыздын ыймандуу кыздарынан болуп, Н...т менен бактылуу бол. Шагзода

ОП-37-21. Адеми кыз, сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Кунчуайпериге чоң салам. Айдар

ОП-37-22. Динара туура айтасың , бир күн келип баардыгы жакшы болоор. Сага ырахмат, ар дайым бактылуу бол. Нурик89

ОП-37-23. Көкөева Наргиза Талантбековнага салам. Айдар

ОП-37-24. Классташтарым Петя, Гүлайка, Нака, Жылдыз, Айзушга салам. Б класстан калбайлы, 10-класс менен сүйлөшпөгүлө. Кейси

ОП-37-25. Гузел салам, эмне СМС жазбай калдың? Кейси

ОП-37-26. Ай-ай кыргызымдын кыздары, башка жакта жүрүп, эмнеге башка улуттун балдарына кор болуп жүрөсүңөр, кыргызымдын балдары жакпайбы? Айдар

ОП-37-27. Саламыбыз апакебиз Ахмедова Наринисого. Апаке ар дайым ден соолукта болуп, кыздын кызматын, уулдун урматын көрүп, неберелерге бай болуңуз. Кыздарыңыз Наргиза, Дильноза, Хафиза

ОП-37-28. Салам "Обон" жана мени тааныган бардык СМСчилер, бар болгула. Назика

ОП-37-29. Сырдуу жигит капа болбо, сен мага жөн эле жагасың. Сени сүйбөйм, мен жүрөгүмдү Мирбек Атабековго түбөлүк арнап койгом. Назика

ОП-37-30. Акыл айла жер тегиз, Акыл айтсам билиңиз. Эки айланып келсечи, атаны кокуй он сегиз. 07775661хх

ОП-37-31. 07735844хх абоненттин ээси Ильяз Абдыразаковго көп асылба, өзүң ошондой ырдап алчы кыйын болсоң. Мира

ОП-37-32. Дайыма бар болгула кыргызымдын таланттуулары. Дайыма алга! Данахан

ОП-37-33. Дайыр эмнеге ырдабай койдуң, жоголуп эми кайра пайда болдуң, айтчы деги. Дипломуң кут болсун. Гуля

ОП-37-34. Кандайсыз Асема, сиз мага аябай жагасыз, ар дайым сизди кумир тутуп келем. Жаңы клиптериңиз качан чыгат, көргүм келет. 0772897489

ОП-37-35. Көргөнгө мен ашыкмын сизди дайым. Түшүмө кирчү болдуңуз. Ак сүйүүңүз жүрөгүмдү ээлеп алды. Не кылам мен да сизди сүйүп калдым. Эх, сүйүү бизди табыштырды. Түбөлүккө болсок экен эми дайым. Махабат торуна камалгансып сагынам сизди көрбөй жатып. Өзүңүзгө жолугуп калганыма, бул тагдырга чын жүрөктөн мен ыраазымын. Бул ыр менин сүйгөнүм Жоодарга арналат. Үмүтай

ОП-37-36. Сүйүктүү ырчым Назира Токоновага ийгилик каалайм. Бактылуу бол. Даткайым

ОП-37-37. М.Иманбеков, ойлойм жаным, мен ойлоого жаралгам, сени ойлоо кан жаныма тараган. Ойлобойт деп ойлобогун жан эркем, эгер билсең мен сен үчүн жаралгам. Мики жаным, сени сүйөм каражан. Кеминдик Наргиз

ОП-37-38. Кумирим Даниелге ысык салам. Дайым бар бол. Кадамжайдан Орозгүл

ОП-37-39. Саламатсызбы Султан байке, мен да сизге окшоп ырчы болгум келет. Ошондуктан мени шакирт кылып албайсызбы? Сизден суранам, жообун күтөм. Мирлан

ОП-37-40. ОП-30-116 Нурзат туура айтасың, Ахилес "Троя" фильминен катуу таасирленсе керек. Бред Питт жагат. Окшошсуңбу, дос бололу. Чин-Санчо

ОП-37-41. "Экспресс" кафесинде иштеген өзгөндүк Апал, Үпөл, Айнура силерди издеп жүрөбүз, кайдасыңар? Дамир, Жеңиш, Медет

ОП-37-42. ОП-35-178деги Гуля, сен кайдан билесиң, Урмат Бактыгүлдү сүйөөрүн? Эмне сүйлөшүп көрдүң беле? Бактыгүлгө караганда Неля абдан сулуу. Аська

ОП-37-43. Алматыда иштеп жүргөн агаларым Жеки, Баха, инилерим Урмат, Мирлан, жездем Алмаз ишиңерге ийгилик. Шергазы

ОП-37-44. Атам Сатаркул, апам Баркан, агам Марат, сиңдим Бегай силерди жакшы көрөм. Дариха

ОП-37-45. Актрисанын көркү жүзүндө, Асеманын көркү үнүндө, ырлары элге жагат 07724768хх

ОП-37-46. Саламатсызбы Асема эже, мен дагы ырчы, актриса болгум келет. Сиздин талантыңызга, сулуулугуңузга таазим этем. Сураныч мени чакырыңызчы? Жаңы киного тартылсаңыз мени кошуп алыңызчы. Мен окуучумун, мени ыйлатпаңызчы? Наргиза 0772195216

ОП-37-47. И.Мирбек , ар дайым артыңыздан оомат коштоп жүрсүн. СССР

ОП-37-48. Саламым эң сүйүктүү ди-джейим Жаркынай Амановага. Ар дайым эл үчүн талыкпай кызмат кылып жүрө бергин алтыным. Батина

ОП-37-49. Эң биринчи саламым эң сүйкүмдүү, эң сүйүктүү дос кызым Жанкага жолдонмокчу. Эң кымбат нерселерди каалайм. Ар дайым бар бол. Батина

ОП-37-50. Бир келген жашоодо эмгектенип, элдин керегине жарап, элдин уулу болгусу келген, ырым-жырымга ишенип, нукура Нарындын уулумун деп патриоттук сезимди бийик туткан супер ди-джей Канат Кадыржанга ширин салам. Жашоодон издеп таппай жүргөн гүлгө окшош назик, жароокер, мүчө бою келишкен кыялыңдагы бийкечке жолугуп, жашоодон түбөлүктүү бактылуулукту алышыңа чын жүрөктөн тилектешмин. Ысык-Атадан Айзада

ОП-37-51. Шайырбек Арапов, биз сизди абдан жакшы көрөбүз. Ар дайым жүзүңүздөн бакыттын нуру төгүлүп, жашоодон түбөлүк бактылуулукту алыңыз. Ата-эне, бир туугандарыңыз, алардын арасында сиз оорубаңыз. Айзада,. Акбары

ОП-37-52. Неля сизге рахмат. Жума күнү бизде жумуш болгондуктан бара албай калдык. Сизге бардык жакшылыктарды каалайбыз.Зоболоң бийик көтөрүлүп, мартабаң арта берсин. Айзада, Акбары

ОП-37-53. Мукам үндүү ди-джей Назира Кадыева ширин күлкүң, ар бир сөздү таптап сүйлөшүң менен башкалардан өзгөчөсүң. 3 жылдан бери талантыңды баалап, сыйлап келем. Гузел кыздын жүрөгүн багындырган кандай бактылуу мырза болду экен. Бар бол. Аба жолдорунда учкуч Сейтек

ОП-37-54. Саламым сүйүктүү ырчым М.Иманбековго, ар дайым бар бол, бай бол. Тилеген тилегиңе жет. Жүзүңдөн күлкү кетпесин, ар дайым жадырап-жайнап жүрө бер. 2507

ОП-37-55. Темир Назаровду тааныбай калыптырмын. Чачыңды алдырып жакшы кылыпсың, жакты. Кузя

ОП-37-56. ОшМУнун УТ-12 тайпасындагы Мээрим, Нурпери, Майрам ж.б. кыздарга салам жолдойм. 07733817хх

ОП-37-57. "Кыргызстан обондорундагы" "Арзуу", "Тентек микрофондун" көркүн ачкан томпогум Эдил, неге мынча жагымдуусуң, көгүлтүр көзүң арбап алды. Сен жөнүндө поэма, бүтпөгөн дастан бар. Диас

ОП-37-58. Азамат аке, Тазагүл эже, Максат аке, Айдана, Нурсултан сиздерге дүйнөдөгү эң жакшы нерселерди каалайм. Данияр аке, Назгүл эже темир тулпарыңар куттуу болсун. Ошондой эле Алматыда иштеген Шералы, Айнаш , Данияр, Назгүл, Бектурсун сиздерге ден соолук, узун өмүр, көптөгөн ийгиликтер болсун. 8702634925хх

ОП-37-59. Таң чолпон жылдыз жана бер Асем, Татына жүзүңдү тамшанта бер Асем. Талыкпай кызмат кыла бер Асем. Таалайың колдойт жаныңда Асем. Гүлбешекер

ОП-37-60. Мектепте бирге окуган досторум Мээрим, Рита, Саку, Нургүл, Розага салам. Окууларыңарга жана иштериңерге ийгилик. Силерди терең урматтап Абда

ОП-37-61. "Бекжан" базарында иштеген сүйүктүү адамым Бегимайга салам жолдойм. Мен сени сүйөм. Макс

ОП-37-62. Жаным М.Иманбековго: Алдың бекен арзып жазган катымды, сездиң бекен жүрөктөгү дартымды. Кубанычтуу кабар күтүп өзүңдөн, бир күндө миң кайталадым атыңды. Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым, чын сырыңды деги качан ачасың? Сураныч чалып койчу? Кеминдик Наргиз

ОП-37-63. Асема, айрыкча актерлук чеберчилигиңди баалайбыз. Бизде сценарий бар, жогорку деңгээлде. Башкы ролду аткара аласың ишенем, кино жаатында кеп козгойлу. Гүлбешекер

ОП-37-64. Асема, сиз жашооңузда кандай бийлейсиз? "Боз салкын" киносунда аябай жакшы бийлегенсиз. Сиздин бийлегениңизди кантип көрсөк болот? Чыгармачылыгыңызга, иштериңизге ийгилик каалайм. Асыл 077735854хх

ОП-37-65. Айжана Ильяздын клибине тартыла албай ичиң күйүп жатабы? Аны менен ишиң болбосун. Мира

ОП-37-66. Б.Борбиев, Ч.Мырзаевди жактасаңар боло. 10-15иң биригип алып эле котормочуларды тандапсыңар. Ким айтат Ильяз, Султан Бектен жакшы обон чыгарат, сөзүн жакшы жазат деп. "Обондо" жаштардын фанаттары көп болгондуктан ушундай болууда. Кечиресиңер, бул силер үчүн ачуу чындык. Ахилес

ОП-37-607 Анжелина Жоли деген Жон Войттун кызы экен деп бир убакта дүйнө жүзү уккан эле. Бул Жусупов Төрөбектин кызы Нурзат турбайбы деген жагымдуу сөздөр да кулагыма угулаарына ишенем. Акең Майсалбек

ОП-37-68. Руслан, мен сизди чексиз сүйөм. Сизди күтөм, Россиядан тезирээк келиңиз, сизди сагынып күткөн жана сизди сүйүп жашаган Охнадан Назима

ОП-37-69. Саламым бул дүйнөдө эң кымбат болгон ата-энеме, бир туугандарыма жана жаным Кербен Кубага жолдонот. Сиздерге ден соолук, бакыт, махабат каалайм. Айдана

ОП-37-70. Саламым досум Айбекке, ар дайым бар бол. Шайыргүл

ОП-37-71. Нарындын Оттук айылына салам. Гүлфия

ОП-37-72. Менин сүйүүм, менин бактым Омар. Мери

ОП-37-73. Сүйүктүү байкем Даниелге салам жолдойм. Чыгармачылыгыңа ийгилик, талантың өркүндөй берсин. Сүйүктүү карындашың Оштон Каныкей

ОП-37-74. №80 мектепте окуп жаткан досторум Роза, Айнура, Айпери мен силерди аябай жакшы көрөм. Асылай 8-б класс

ОП-37-75. Жүрөгүм деп сыздагандар, өзү сүйүү барбы, кандай адам жете алат? Дина

ОП-37-76. Чымкент жана Ош шаарындагы туугандарыма салам жолдойм. Ата-апа сиздердин өмүрүңүздөрдү берсин, биздин бешенебизге бар болуңуздар. Нурик, Айсулуу

ОП-37-77. Неля, "Эркектер" киносунда сенин ырың да бир ирет жаңырды. Маанисине карап ошондогу кичине кыздын сени туураганын көрсөң, ал менин сиңдим. Убактыңды бөлүп киного келип кет. Мээрим

ОП-37-78. "Обондун" окурмандары менен таанышкым келет. 87023161160

ОП-37-79. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген агаларым Мирлан, Улук, Мики, Мыкыларга салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик. Иниңер Талант

ОП-37-80. Ар дайым ишиңерге ийгилик, ылайым эле бар жана бай болгула, силер суперсиңер. +770261212хх

ОП-37-81. Менин саламым Талип Акун атындагы Чырак орто мектебинин 11-а классына жолдонот. Балдар, кыздар мен силерди жакшы көрөм. Ак жол силерге. 077353214хх

ОП-37-82. "Кербен" базарында иштегендердин баарына чоң салам. Оптом сатып жыргап акчаңар көп болуп жүрө бергиле. Кербен Куба

ОП-37-83. Кыргызстаным желегиң желбиреп, өркүндөп өнүк. Алматыдан Барчынай

ОП-37-84. Ай, досум Адас, менден үйрөнсөңчү СМС жазганды. Айылда кой кайтарып эле жүрө бербей. А Эламан деп сен сүйлөбө. Эма Гузел

ОП-37-85. Салам Миристан, Айчүрөк, Сумая силерди аябай сагындым. Тараздан Айпери

ОП-37-86. Менин саламым алтындай болгон СМСчилерге. Ар дайым бар болгула, "Обондун" оозун ачырып жүрө бергиле. Эски таанышыңар 2507

ОП-37-87. Ай, кыргыздын кыздары бир аз намыстуу болгулачы. Адеми кыз кечирип койчу, мен жөн эле тамашалап койгом. Москвадан Айдар

ОП-37-88. Ноокатымдын таза абасын, тунук булак суусун, ата-энемди, бир туугандарымды сагындым. Буюрса жакында барып калам. Баарыңа салам. Салам Ильяз кандайсың, концертиңди көңүлүңдөгүдөй өткөрүп алдыңбы? Биз бара албай арманда калдык. Таразга дагы качан келесиң? Биз сени күтөбүз. Тараздан Кулпунай
ба
ОП-37-89. М.Иманбековго: Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам. Кечирип кой мен сүйүүдөн жаңылсам. Качан болсо жарашкансып көрүнөт. Кайсы күнү кандай кийим кийинбе. Анда-санда жылмайгансып коёсуң, же шылдыңың же чындыгың билбедим. Мика сага болгон сүйүүм сүттөн ак. Кеминдик Наргиз

ОП-37-90. Кымбаттуу кумирим Асема, Алла сага буюрсун, оригинал, жогорку даражалуу бол. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы Суриков, Репиндин картинасындагыдай жана өмүр бою жашай турган эч бир дүйнөдө жок, сен жана эч ким элестете албаган үйдү жана ошол үйдө кайталангыс мазок менен иштелген сенин портретиң илинип турат. Сен ойлонуп кооз гүлдөргө суу сээп турасың. Өмүрүң суудай узун болсун. Суу, жер, күн болсо гүл өсөт. 0773938545

ОП-37-91. Урматтуу Султан байке, сиздин күйөрманыңыз катары айтсам сиз ачык мүнөз, жайдары адамсыз. Жөнөкөйлүгүңүз сахнада ырдаганда байкалат. Бул ар бир ырчыда бар деп айта албайм. Дайым ушунуңуздан жазбаңыз. Буюрса кыргыз эли сыймыктанган атактуу ырчылардан болуңуз. Муна

ОП-37-92. Ат-Башынын Кара-Булуң айылындагы Абдыбаевдерге ысык салам жолдойм. Бишкек. Ру

ОП-37-93. И.Мирбек аке, сизди бул дүйнөдө жаратып койгон атаңа ыраазыбыз. СССР

ОП-37-94. "Боз салкынды" көрүүдөн эч чарчабаган, эки кызым сендей назик, ыймандуу болушсун. Сага жоолук жакшы жарашат.0777265321

ОП-37-95. Сүйүү үчүн баарына көз жумуп, намысты да жолго таштаса болобу? Мен жалгыздыктан тажадым, жакпаган адам менен да жүрө албайт экенмин. Сүйүүнүн кулу менби? Нелли

ОП-37-96. Салам "Обондун" жалпы окурмандары. Тагдырдын ачуусунан да таттуусун көбүрөөк татыңыздар. Мен сиздерди көрбөсөм да да сагынып кеттим. Мени сагынткан алтын "Обон" гезити. Аны жарыкка чыгаргандарга да чоң салам. Сиздерден алыска кетип сагынып кеттим го. Жолугууга барбай калганыма өкүнүп жатам. Гүлшан

ОП-37-97. Элдер менин аябай ыйлагым келип жатат. Анткени сүйүктүү ырчым Султан менен жолугуша албай калдым. Аябай жиним келип жатат. Эмне кылам? Нелли

ОП-37-98. Супер СМСчилердин баарына чоң салам. Жараткан жамандыктан өз канатында калкаласын. Түгөнгүс бакытты, түбөлүк сүйүүнү насип кылсын. Астанадагы Куба чоң рахмат, Жараткан жар болсун. Бактылуу жашоонун кучагынан эч качан чыкпаңыздар. Гүлшан

ОП-37-99. Салам кыргыз элим, "Обон" сага миң мертебе рахмат. Мен сен аркылуу өзүмө дос, курбу, эже-сиңди, ага-ини таптым. Бар бол"Обон" өмүрүң узун болсун. Элиза

ОП-37-100. "Бекжан" базарында аялдардын кофтасын саткан Замира жаныма салам жолдойм. Сен белең аккуу сымал учуп жүргөн ай тарапта, мени карап жылмайып учуп өттүң. Келчи жаным сени менен сырдашайын, сенин көз карашың эстен кетпей жан кыйналды. Мен Мухтар бей, тааныш жигит ким экен деп таңыркаба, мен бир күнү сени менен баары бир таанышам. Жигитиң болсо кечир, бирок мен сени сүйүп калгам концертте. +770255923хх

ОП-37-101. Эмнеге бул дүйнөдө акча баарын чечет? Сүйүү, достук баарынан кымбат дешип, акчага арбалып калышты. Адамдын өмүрү менен ойногон болобу? Силерди эч качан кечирбейм. Гузеля

ОП-37-102. Мунар күндөрдүн биринде ушундай болоорун билгем. Сен деле айла жогунан кылдың го. Ильяз айткандай токойдо жалгыз жашагым келип тажап кеттим. Жардам берчи жараткан. Мейли аман жүр. Кызбурак

ОП-37-103. Менин 1500 сомум жоголду, ким алса да берип койгула, кыңыр иш 40 күндө билинет. Бул дүйнөдө болбосо, аркы дүйнөдө билинет. Бегимай

ОП-37-104. Калинин айылында жашаган апам Жылдызга, атам Эмилге чоң салам. Ошондой эле Т.Адыранов атындагы мектептин 10-а классына салам. Назгүл

ОП-37-105. Мирбек, Султан, сүйөм, күйөм, өлөм, жаным, уктабай чыгам деген сөзүңөрдү токтоткулачы суранам. Окусам эле кускум келет, бүт баары жасалма. Жазнура

ОП-37-106. Асема эже кандайсыз, сизди урматтап алдыңыздан таазим кылам. Сезим 05430971хх

ОП-37-107. Бегимай Бекбоева, сен бирөөнү сындабай өзүңдү билчи? Гүлзинат Суранчиева андан жогору орунга ээ болчу, калыстар жакшы баалабай коюшту. Алына жараша баалады дейсиң да жан тарткандын ордуна. Казакстандан Феруза

ОП-37-108. Өзгөн районунун Жээренчи айылынын, Тосой көчөсүндө жашаган ата-энеме, иниме, сиңдиме жана чоң энеме, бардык туугандарга салам жолдойм. Биз силерди жакшы көрөбүз. Алматынан Элиз, Феруз

ОП-37-109. Булбул үндүү, кара көздүү, орто бойлуу, кыргыздын айчырайлуу айымы, менин кумирим Асема эжеге үй-бүлөлүк бакыт, чың ден соолук, ар дайым жылдызыңыз жанып жолдошуңуздун сүйүктүү жары, кайын журтуңуздун сыймыктанган келини болуңуз. Мен сизди сыйлайм, урматтайм. Гүлзат 0555341587

ОП-37-110. Кыргыздын 18 жашка чейинки сулуу кыздары менен таанышам. 0777012079 Нурлан

ОП-37-111. Салам Султан байке, сизге ырларымды сунуш кылсам болобу, мага акчанын кереги жок, жөн гана атым чыкса болгону. Кааласаңыз 0777126797ге чалыңыз Дамира

ОП-37-112. Неля эже, сизди бир тууган эжемдей жакшы көрөм. Себеби сиз кыргыздын патриотусуз.Мухаммед

ОП-37-113. Чаткалдын Башкы-Терегинен Ашыралиев Сагын досум барсыңбы? СМС жаз +79264084933 же +79639915191 номерине чал. Москвадан Абдулла

ОП-37-114. Салам Асема, сени бир жарым жаштагы кызым Сабина аябай жакшы көрөт. Мүмкүн болсо сүрөткө түшкөнгө чакырып койчу сураныч. 07772301хх

ОП-37-115. Б.Бадыева сен суперсиң, сага эч ким жетпейт. Сен Курманжан датка энебиздин урпактарынансың. Ал сени колдойт. Көрө албай бут тоскондордун чалынып буту сынсын. Биз сени чексиз жакшы көрөбүз. Дайыма кыргыз элинин алдында жадырап-жайнап, бар бол. Маанайың чөкпөй күлүп эле жүрчү, сага күлгөн абдан жарашат. Гуля

ОП-37-116. Айдеми Айка гезиттен сүрөтүңдү көрүп сүйүп калдым. Евро

ОП-37-117. "Обондун" супер СМСчилери баарыңарга тунук сүйүү, керемет жашоо каалайм. Назика алга, Атабековдун жүрөгүн багындыр. Самара

ОП-37-118. Саматка: Кат жазам жообу келбейт кайрадан, сен үчүн жүрөгүмдөн кат жазам. Кайсыл күнү сендей жанга кабылгам. Сен үчүн сүйүүгө да багынам. 07775542хх

ОП-37-119. Кыргыз элим мага кеңеш бериңиздер, өзүм 93-жылкымын мен сүйгөн кыз "Обондун" СМСчиси Элиза, ал 90-жылкы. Анын бийлегени, мамилеси, топ ойногону жагат. Элиза мен сизди сүйөм. Нурбек

ОП-37-120. Ильяз, сен баарынан мыктысың, алга. Сени сыйлап урматтап Нази92

ОП-37-121. Асема, сиз дүйнөдөгү эң келишкен кызсыз. 0773546092

ОП-37-122. Айгүл, Самара көрүнүп тургула "Кулагерден" чыкпай жүрө бербей. Алматыдан Алтынай

ОП-37-123. Алматыда иштеп жүрүшкөн эжелерим Элиза, Гүлсана, Уулболсун. Достор дүйнөдө эч жамандык көрбөгүлө, жакшылыктын үстүндө жүргүлө. Жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө, алуучуларга жакшы соода жасай бергиле. Мен силерди жакшы көрөм. Силерди сыйлап урматтаган Феруза

ОП-37-124. Бекназар куудул бабаңдай талантың сенин башкача, өнөрү түрлүү Жаным. 07775383хх

ОП-37-125. "Обондун" СМСчилери мени кошуп алгылачы? Жалгыздыктан тажап кеттим, ар бириңердикин, кылдаттык менен окуйм, бирок мен өтө жөнөкөймүн. Зулфия

ОП-37-126. Менин саламым Назирага жолдонот. Назира мен сени жүрөгүм менен жакшы көрөм. Сени сүйгөн жүрөк, сенден башканы сүйбөйт. Сүйөм деп айта албай, сага деген сүйүүм күч алып барат. Марат

ОП-37-127. Таланттуу айым Асема эже, биринчиден сизге кааларым үй-бүлөлүк бакыт, чың ден соолук жана чыгармачылыгыңызга ийгилик. Мен сиз менен баарлашууну көптөн көп самап келем. Ырларыңызды абдан берилүү менен угам, жадакалса уюлдук телефонума жаздырып, ар бир 10 мүнөт сайын угуп, клибиңизди көрүп турамын. Биздин үй-бүлөдө мен эле эмес менин сиңдим да сизди кумир тутат. "Боз салкын" фильминдеги аткарган ролуңузду сиздей кылып аткарат. Сизден сураныч менин тилегимди орундатып, сиз мени жолугушууга чакырып коюңузчу, сизди жаныңыздан көрүп бир мүнөт баарлашып, сүрөткө түшсөм мен бактылуумун. 05553415хх

ОП-37-128. Саламатсызбы Асема, сиздин келбетиңиз мени тынч койбоду. Өзүмө не болгонун түшүнбөйм. Алла буюрса жолугушабыз, мен азыр Алматыда бизнесимдм жана окуумду жүргүзүп жатам. Туулган күнүңүз качан, менин сизге бере турган белегим бар, аны кабылдайсызбы? Мен чындыкты сүйгөн адаммын. +770265415хх

ОП-37-129. Салам Асема, Кудай сиздей кызды жаратканына ыраазымын. Ар дайым бар бол, бактылуу бол. Периште кыз Асема. 07772653хх

ОП-37-130. С.Садыралиевдин күйөрмандары барсыңарбы? Фирдаус, Кундуз, Асел, Нургиза, Динара, Гүлмира, Акун Гүл силер менен таанышкым келет. С.Садыралиев сизди сыйлайбыз. Венера

ОП-37-131. Алайдагы Нура айылындагы элиме айтаарым: Мен да силер менен бирге ыйлап, кайгыга батып атам. Алланын буюрганы. Бишкектен гүлчөлүк Наргиза

ОП-37-132. Саламым "Самал" базарында иштеген, жүзүнөн күлкү кетпеген, колунан бардык иш келген, ай чырайлуу досум Гүлнурага. Дос иштериңе ийгилик, бар бол. Мөлмөл

ОП-37-133. Алматыда "Болашак" базарында 11-12-катарда иштеген акелерим Бакыт, Бактилек, Баатыр, Актилекке, жеңелериме салам. Иштерине ийгилик. Жазгүл

ОП-37-134. Кыздар эмне үчүн ырчы жигиттерди сүйөбүз дей бересиңер, алардын ички дүйнөсүн билбейсиңер го? Өзүңөрдүн авторитетиңерди түшүрүп эмне кыласыңар? Улиана

ОП-37-135. Асема сиз Кудайдын ыйык пендесисиз. Өмүрлүк жолдошуңуз менен бактылуу болуңуз. Сезим 05430971хх

ОП-37-136. Асан менден башка канча кызды алдап сүйдүң экен? Сен деп соккон жүрөгүмдү бир сөз менен токтоттуң. Ушунчалык мерез, ушунчалык таш жүрөк белең. Бирок дагеле сени сыйлайм, бирок мурункудай сүйбөйм. 07739402хх

ОП-37-137. И.Мирбек байке, Жараткан сизди жакшы адамдардын катарына кошсун. 07722964хх

ОП-37-138. Менин саламым Жаңы-Алайда жашаган атам Малик, апам Майрамга жолдонот. Алдейлеп ак бешикте багып келген, дүйнөдө эң кымбат эне деген. Энени барктап урматтаган, ойлогон максатына жетет экен. Акылын талыкпастан айтып келген, жакшы кыз бол кызым деп кеңеш берген. Оорусаң сени менен кошо ооруп, дүйнөдө эң улук бул ата-эне, балам деп маңдайынан сылап келген. Дүйнөдө эң кымбат ата-энем. Алыстаба ата-эне арабыздан, урмат сыйын көрүп уул-кызыңыздын. Нурпери, Зияда

ОП-37-139. Саламым Жоркага, ишиңе ийгилик каалайм жана бар бол. Эмне СМС жазбай калдың? Көлдөн Жылдыз

ОП-37-140. Сыны айылынын 89-жылкы кыз-жигиттерине ысык салам. Алматыдан классташыңар

ОП-37-141. Ай сени маңдайыңдан көрө албадым, же сен менен жолукпадым. Андыктан бейтааныш жигит бул ырды сага жаздым, кабыл алгын. Алтынбек сага арналат. Дархандан Махабат

ОП-37-142. Асема жанга жагымдуу келбетиңди көрүп мен сага атайын СМС жолдоп олтурам. Мен сендей периште менен жолукканы бейиштен бейишке атайын жол кезип сага барам, мага жолугушууга мүмкүнчүлүк беришиңе 100% ишенем. +770260722хх

ОП-37-143. Элдияр мени көргүң келбесе, Сүйүнкүл менен бактылуу бол. Сырдуу кыз

ОП-37-144. Мен 19-22 жаштагы балдар менен таанышкым келет. Өзүм 18 жаштамын. 0777229453

ОП-37-145. Тараздагы эжелериме, агаларыма, досторум Нурзат, Нургүл, Гүлзат сиңдим Айгүлгө ысык салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Оштон Ширин

ОП-37-146. Салам Омар, кел таанышабыз. Менин атым Элнура 0772260783кө СМС жаз, жооп берем.

ОП-37-147. Ар дайым сүйүүгө таазим кылган, ак сүйүүнү даңазалаган "Обондун" такай СМСчиси Нурзат менен таанышкым келет. Эмнегедир сени "Обондон" кезиктирбей калдым. Деги амансыңбы? Сагындырбачы, билесиңби сенин ар бир сөзүңдүн өзү канчалык мааниге ээ экенин. Чымкенттен Мека

ОП-37-148. СМСчилер Кербен Куба, Айдеми Айка, Хан-Шайга салам. Силер суперсиңер. Силер менен кантип байланышсам болот. Асыл

ОП-37-149. "Боз салкынды" тааныткан Асема кыз сага салам. Муратыңды ыйлаттың, Сагынды да сыздатып, продюсерге баш коштуң. Бактылуу бол садага, эмгектенгин талыкпа, ийгилик сага Асема. Кичинекей уулум экөөбүз сени жакшы көрөбүз. Жаңыл 0777881653

ОП-37-150. Асемага салам, сени ушул рубрикага келсин деп тилегенмин, мына бир тилегим орундалды. Экинчиси сага жолуккканда гана орундалат. Кыргыздын алдыңкы, атактуу өчпөс жылдызы болуп жүрө бер, сага жолуксам арманым жок эле. +77025595583

ОП-37-151. Мен Мирбек Иманбеков менен таанышкым келет. 0773785607ге чалып койчу суранам. Гуля

ОП-37-152. Салам "Обондун" бардык СМСчилери. Эма Гузел, Мемо, Ахилес, Гүлшан, Хан-Шай, Кербен Куба, Канжар келгиле таанышалы. 0773776558 Ильгиз Каналбекович

ОП-37-153. Жүрөгүмдү мыжыгып ойлор курчап, көздөрүмдөн жаш тамат буурчак-буурчак. Түн бир оокум уктабайм көз илинип, сүйгөнүмдүн жоктугу нак билинип. Айперим өзүңдөй сүйкүм көргөн, жүрөгүмө сүйүүнү бүт сиңирип, Байтеректей сүйүүбүз бүрдөп жазда. Асырадык бапестеп көңүлдү азда, көтөргөнбүз кош колдоп ак дил менен, күйөөр бирөө жок эле бизден башка. Ыдырады сүйүүбүз жолдон тайып, көрө албастар атайы чапты ташка. Ильгиз Каналбекович

ОП-37-154. Саламым Мирбек Иманбековго, айдай жүзүң, карагаттай көзүң ар дайым жадырап жайнап жүрө берсин. 2507

ОП-37-155. Б.Бадыева сага чоң-чоң чыгармачылык жетишкендиктерди каалайм. Дайыма сахнанын периси болуп жүрө бер. Ушактарга көңүл бурба, ким эмне кылып жатканын Кудай өзү көрүп турат. Сени ар дайым жаратканым өзү колдосун. Биз сени жакшы көрөбүз. Дайыма бар бол. 0777844806

ОП-37-156. Асема эже ишиңизге ийгилик, сиздей ырчы, актриса болгум келет, суранам оозума түкүрүп коюңузчу. Сизди терең урматтап Айка 0777846506

ОП-37-157. Ш.Жээнбеков атындагы таланттуу балдардын интернат лицейинде окуган классташтарымдын окууларына ийгилик каалайм.Анан бизди окуткан агай-эжекелериме баш ийип таазим кылам! Баарыныздар аман болуңуздар! Каракулжадан Мираида.

ОП-37-158. Султан байке кандайсыз? Биздин айылыбызга чакан концерт коюп кетесизби? Айганым. Жообун күтөбүз!

ОП-37-159. Дамира жаным, мен сени сүйүп калдым. Алматыдан кетпечи, суранам, сенсиз мага жашоонун кызыгы жок! Алтышкам. Эржан

ОП-37-160. Алматыда "Кулагер" базарында иштеп жаткан Рахман байкеме салам жолдойм.Өмүрлүү болуңуз ,ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин, жеңем менен бактылуу болуңуз! Динара

ОП-37-161. "Кулагер" базарындагы досум Жанара сагындырбай мага келип турчу.Сагынып саламым менен Абда

ОП-37-162. Салам менин эң сүйүктүү жана эң жакын классташым Жиза91! Ооба мындан кийин "Обонду" алып калтырбай окуйм.Мага абдан жакты. Гүлжан

ОП-37-163. Салам "Обон" Гүлчө айылынын Отунчиев мектебинде окуп жаткан сиңдим Алмашты 13-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым ден соолукта бол, тилеген тилегиңе жет. Алматыдан Алтынай

ОП-37-164. Биринчиден саламым "Обон" гезитине! Досторум көп болсо дейм.Смсчилер менен таанышкым келет. Наку

ОП-37-165. Менин саламым Астанада иштеп жаткан досум Даирди 12-октябрь туулган күнү менен куттуктайм

ОП-37-166. Элесимде элестетем өзүмдү, кусаланып элесиңе зар болуп, Чынара сага эмне болуп жатат? Канжар

ОП-37-167. Жессика рахмат сага, айтканың келсин. Биз да ата-энени сыйлаган, тамеки тартпаган, арак жутпаган, ырчылардын артынан жүгүрбөгөн, ыймандуу, намаз окуган кыздардан болуусун Жараткандан тилеп олтурабыз. Кербен Куба

ОП-37-168. Сулуусун тандасаң да эң биринчи сүйгөнүңө эч ким жетпейт. 07736485хх

ОП-37-169. Саламым супер СМСчи балдарга жолдонот.Атты камчылап ар дайым ийгиликтин башында жүргүлө достор. Канжар

ОП-37-170. Таластын Кең-Арал айылынын тургуну эң эле сулуу Алибекова Айка (Нургида) сени алайын десем ырдайм деп туруп алдың, эмне кылайын? Баары бир сени чексиз сүйөм. Кең-Аралдан сырдуу жигит

ОП-37-171. Саламым апама жана карындашым Зулайкага жолдонот. Сейдакматов Мелис

ОП-37-172. Достор, мен Кудайдын ыйык күнүндө 29-сентябрь күнү көптөн күткөн тун наристебиз жарык дүйнөгө келди. Атын Айбийке койдум. Жубайым экөөбүз жараткандан кызымдын өмүрлүү болушун тилеп олтурган учурубуз. А кызымдын атын Гүлжигит Сатыбековдун "Айбийке" ырынан алдым. Кербен Куба

ОП-37-173. Тоготой айылында жашаган апабыз Айнураны өтүп кеткен 10-октябрь туулган күнү менен куттуктоо менен бирге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайбыз. Жалындаган жылуу жүзүң эң сүйкүм, Ынак сүйүү алып келген ууз сүтүң. Берекем ай, сен барына сүйүнөм, тилегеним сенин аман жүрүшүң. Адилет, Айжамал, Гүлжамал

ОП-37-174. Супер ди-джей Э.Эркинбаевге салам. Мен сизди сыйлайм, урматтайм. Нурзат

ОП-37-175. Салам Асема, кандай? Сага биринчиден ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Замир 0777289997

ОП-37-176. Салам "Обон" жана супер СМСчилер, бар болгула, бай болгула. Назика, сүйүүң жооптуу болсун. Ойлогон ой-максатыңа жет. Нурзат

ОП-37-177. Ишене албайм сенин айткан сөздөрүңө, күлүмсүрөп кыял сүргөн көздөрүңө. Балким бардыр жүрөгүңдө жылуу сезим, кайдан билем жүрөгүңдөгү сүйүү демин. Жылуу күлгөн жылдыздуу көздөрүңө, мага айткан жылуу сылык сөздөрүңө. Ишене албайм, ишене албайм алтыным, сүйөсүңбү түбөлүктүү айтчы чынын? Мөлмөл

ОП-37-178. Сүйүктүү ырчым И.Абдыразаковго чыгармачылык ийгилик каалайм. Талантыңыз ташкындай берсин. Нарындан Таттыбүбү

ОП-37-179. Мен Чаектик жана Кеминдик классташтарыма, ата-энеме, Сейдакматовдорго салам!. Кичикеминден Белекова Бегайым 11-а класс, 92-жылкы.

ОП-37-180. Малышка мен сени сүйөм! Сенсиз мага жашоо жок. Сени сүйгөн сырдуу жигит Ш…..ы.

ОП-37-181. Саламым кереметүү, ыйык Ош шаарынын баардык жашоочуларына, мен силерди сагындым демекчимин, ар дайым меймандос, ынтымактуу бололу, ошондой эле Астана шаарынын баардык тургундарына чоң салам, ар дайым ак көңүл болуп жүрө бергиле! Мен силерди жакшы көрөм! ХАН-ШАЙ

ОП-37-182. Ош шаарындагы ата-энеме, бир туугандарыма жана туугандарга, кыргыз элиме жалпы салам деп Назырбаев Нуржигит

ОП-37-183. "Керемет жашоо" командасындагы Айдеми Айка, Айжан, Аделина, Азат, Батина, Гүлбарчын, Кербен Куба, Токиге ысык салам, дайыма бирге ынтымактуу бололу. Комузчу кыз Мемо.

ОП-37-184. Адас эмне Эма Гузелге асылып жатасың? Керек болсо Эламан Гузелдин тырмагына да жарабайт. Самара

ОП-37-185. И.Мирбек ага, сиз эң сонун обондуу, маанилүү ырларды ырдайсыз. СССР

ОП-37-186. Кербен Куба кандайсың? Ден соолук, иштер, жашоо айтор баары жакшыбы? Ишенесиңби, мен сени менен аябай жакындан таанышкым келип жатат, номериңди жазчы сураныч? Сени урматтаган Сырдуу кыз.

ОП-37-187. Бурул ооба, Кара-Кулжадан болом.Жердешпиз, Кара-Кулжага ысык салам. Мемо

ОП-37-188. Салам Гүлбешекер, алкыштарыңа рахмат! Бирок, мени эмнеге издейсиң? Мен Кыргызстанда элемин го? Мага звонок кылчы, сүйлөшөлү океу? 0773242814.ХАН-ШАЙ.

ОП-37-189. Астананын Дружба кичи районун эр жүрөк, супсулуу, күчтүү, Казакстандагы кыргыздардын сыймыгы болгон Эркинге чоң салам! Эркин жеңишиң кут болсун! Ар дайым жүзүңөн күлкү кетпесин, Аллахым сага күч кубат берсин! Кыргыздар сени менен сыймыктанса болот! Мен сага ишенем! Айтмакчы Кыргызстанга деле келип, Кыргызстанды деле көрүп кетпейсиңби? Баардык жерлер менен тааныштырам.Сени менен сыймыктанган ХАН-ШАЙ

ОП-37-190. Менин саламым эң жакын досум Элдарга, батыраак бизди аяштуу кылбайсыңбы? Ошондой эле жеңем Гуля, акем Даниярга салам жолдойм. Ар дайым ден соолуктары чың болсун. Асыл

ОП-37-191. Хан-Шай рахмат, ар дайым СМСчилер биргебиз. +770248893хх

ОП-37-192. Салам Беки кандайсың, качан келесиң? Сагынтып жибердиң го? Тараздан Айпери

ОП-37-193. Эдик кагылайын, эмне мен сен таң калгыдай космостон келиптирминби, кызык эле адамсың го, тобоо? Досум Мемолик капа болбо, бирок Эламан менин жанымда болсо сен кайдан издемек элең аны? Деги сен аны менен иш алышпачы, капаланышып калбайлы. Эма Гузел

ОП-37-194. Алматыдагы 89-90-91-жылкы кыздар менен таанышам. 87024664989 Урмат

ОП-37-195. Алтындай болгон апамды 11-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Жылына бир келген, Кудайым ушул жашты берген. Кут болсун туулган күнүңүз, баш ийип таазим этем. Апа өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың, көңүлүңүз ачык болсун. Бишкектен уулуңуз Маратбек

ОП-37-196. Гуляны реалдуу эле айтыпсың, СМС жазгандарга капа болбо, алар дөөрүй берет. Мен сени колдойм., ойлогонубуз бир экен. Эма Гузел

ОП-37-197. "Обондун" периси Кунчуайпери, Жака-Жазгүл кайдасыңар? Жок болуп кайда жүрөсүңөр? Смсчилердин баарын чогулттуңар, эми биз менен болгула, силерди сагындык. "Керемет жашоо" силер суперсинер ээ? Мени араңарга кошосуңарбы? Айгөлөк

ОП-37-198. Менин саламым жолдошум Муратка, уулум Байэлге жолдонот. Алтынгүл

ОП-37-199. Жаным кандайcың, жаным сени күндөн күнгө сагынып, сагынып баратам. 077362519 хх

ОП-37-200. Саламым жаным Мирбек Иманбековго арналмакчы, мен аны абдан жакшы көрөм. Бати

ОП-37-201. Эң популярдуу, супердин супери "Керемет жашоого" менден зор салам. Алардын ичинде Кербен-Куба, Азат, Тариэл, Гүлбарчын, Мемо, Айдеми Айка, Аделина, Айжан, Токи, алтындарым менин, ар дайым элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон мыкты командалардан болуп жүрө бергиле. Мен баарыңарды сүйөм, силер суперсиңер. Батина

ОП-37-202. Менин саламым баардык Кыргызстанда жашагандарга жолдонот. 07771910хх

ОП-37-203. Вау! "Керемет жашоо" "Обонго" барыпсыңар го ээ? Мен барбай калыпмын. Бирок өзүмдө күнөө, силер менен байланышпай калдым эле, эми байланышып турам. 007721075хх

ОП-37-204. Салам Айзада, Нурзада, Тынара, Элвира, Элмира, силерге супер чоң салам. Айгөлөк

ОП-37-205. Ата - аскалуу тоо, эне-боорундагы булак, бала-бул ортосунда жанган шам чырак. Ошон үчүн ата-энени көбүрөөк эстейли, ата-эненин шам чырактары. Айгөлөк

ОП-37-206. Салам "Обон" сен суперсиң, экинчи күндү чыдамсыздык менен күтүп окуйм. 07772301хх

ОП-37-207. Жүрөгүм жараланды, Атыңдан айрылды. Тагдырда бар экен, сүйсөң көр өзүңдөн. Сен мага бөлөк эмессиң, мен сага бөлөк экенмин. Чынара таарыныч болсо өзүңдөн көр. Канжар

ОП-37-208. Адаштым, жаңылдым ак сүйүү, ишенип алдандым күйүп жандым. Мээрим

ОП-37-209. Азыр эле Неля эже менен жолугуп келдик, ал сонун кыз экен. Нурайымка

ОП-37-210. Саламым "Обон" гезитинен таанышкан досторго. Жакшылык, Канжар, Нурайым, Бегайым, Айка бар болгула. Асыл

ОП-37-211. Кыздар жана балдар, айткылачы адамдын ички сулуулугуна же сырткы келбетине караш керекпи? Зарина

ОП-37-212. Канжар Чынара экөөңөр бактылуу болгула. Жакшы тилек менен досуң Делвира

ОП-37-213. "Обондун" СМСчилерине салам. Мени араңыздарга кошуп алыңыздар. Силерге ийгилик. Жаңы СМСчи Делвира

ОП-37-214. Отуз-Адыр айылында жашаган жакын досум Гүлшайырды 13-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей, дайыма сулуу болуп жүрө бериңиз. Бактылуу бол. Рахима

ОП-37-215. Тамчы айылындагы алтын апама чоң салам. Эч качан оорубай, көп жашаңыз. Нурайка

ОП-37-216. Өмүрдүн эң кичинекей бирдиги бул-Күн. Ал эми жашоонун тамчысындай болгон ушул күндөрдөн айлар, жылдар, кылымдар куралат. Эгер өз өмүрүң, жашооң жөнүндө жакшы кайгырсаң анда өткөндөн сабак ал да, келерки күндөргө алган сабагыңды жумша. Кара Кыргыз

ОП-37-217. Осмонов Айбек, сизге катуу таарынгам, ошону билип алыңыз. Милашка

ОП-37-218. Асемага: Сен менин асмандагы айым, күнүм, какшасам жетер бекен сага үнүм. Ак сүйүүмдү кабыл албай басып кетсең, анда менин өчкөнү үмүтүмдүн. Акмандан Улан

ОП-37-219. Саламым Бишкектеги ата-энеме жана бир туугандарыма жолдонот. Иним мага капа болбо, туулган күнүңө баралбай калам. Алматыдан сени жакшы көргөн эжең Барчынай

ОП-37-220. М.Жаманкулов атындагы мектептин 11-а классынын окуучуларына ийгилик жана ойлогон тилек максатыңарга жеткиле. Самара

ОП-37-221. Оштогу медициналык окуу жайынындагы жалпы мени тааныгандарга супер салам. Окууңарга ийгилик. Самара

ОП-37-222. Үч-Теректеги Улан, темир тулпарың кут болсун. Мен сени жакшы көрөм. 07778465хх

ОП-37-223. Зуура капа болбо мага, аныңды антип айтат деп күтпөдүм эле, дагы деле өзүмдү билбей атам Самара

ОП-37-224. Алтыным менин апам, атам, агаларым, жанымдай көргөн иним Жакшылык мен силерди жакшы көрөм, ден соолугуңар чың болсун, эч оорубагыла. Самара

ОП-37-225. "Болашактагы" 83-контейнерде олтурушкан агам менен эжеме салам жолдойм. Тилеген тилегиңиздер орундалсын. Карындашыңыз Барчынай

ОП-37-226. Гүзел, Назика көп капаланбагыла, жетээрсиңер бир күнү арзуу болгон махабатыңарга. Самара

ОП-37-227. 0555080251 абоненти Султан сага эмне кылды, уят сөздөрдү жазыпсың. Редакция

ОП-37-228. Салам Омар, сен менен дос болгум келет. Айжан

ОП-37-229. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргоол орто мектебин 2008-жылы бүтүргөн классташтарыма сагынычтуу салам жолдойм. Нуржан кызы Айзат

ОП-37-230. СМС жазган баардык кыздар жана балдарга салам. Жака-Жазгүл жалганың чыктыбы, эмне мынча мактанчааксың, Эмне сенин эле жигитиңдин аты Айдар бекен, башка Айдар жокпу? Ээ кыргызымдын кыздары эч качан Жака-Жазгүлгө окшобогула, ошондой кантип кыз болсун, андай кыздан Кудай сактасын. Москвадан Айдар

ОП-37-231. Менде эч кандай үмүт калбады. Акыркы үмүтүмдү бүгүн жоготтум. Эмнеге мен бала болуп жаралбадым, ошондо бир гана кызды сүйүп, аны бактылуу кылмакмын. Эмнеге сени эстесем көзүмдөн жаш агат? Бассам-турсам оюмдасың, муну кантип түшүнөм? Сырымды кимге айтам, кыйналып кеттим. Кайсы күнөөм үчүн, жашагым келбейт. 07732807хх

ОП-37-232. Оштук кыздар менен таанышам. 0773616789

ОП-37-233. Омар мен сизди сүйөм. Элиза

ОП-37-234. Тилектешмин тилегиңе жетүүгө, тилектешмин сен окууга өтүүгө, келечекте бир адистин ээси бол, каалаган ой-максатыңа жетүүгө. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө ак жол. Делвира

ОП-37-235. Айгерим Расул кызы, сени туулган күнүң менен куттуктайм. Алла таала сенден жакшылыгын аябасын. Тилеген тилегиңе жет. Абда

ОП-37-236. Супер "Обончуларга" жана Тамчы айылынын тургундарына чоң салам. Мен жок жаман экенби? Нурайка эмне мынча шүмшүксүң, өзүңдү эле ойлойсуң ээ? Айпери Жалындын башын айланткан жоксуңбу? Милашка

ОП-37-237. "Обонго" жана кыргыз элиме жалындуу ысык салам. Даниел өнөрүң өркүндөй берсин. Талантыңа таазим. Жака-Жазгүл, Кунчуайпери, Гүлшан, Лазат, Мека, Жанка, Золушка жана Хан-Шай, Кербен Куба ж.б СМСчилерге ысык салам. Кудай силерди колдосун. Силерге көз тийбесин. Максатыңарга жеткиле, "Обондун" көркү силерсиңер. Канттан Макуся

ОП-37-238. Астанада иштеп жаткан Назирага, Тимашка чоң салам. 07775703хх

ОП-37-239. Ала-Бука районундагы Ызар орто мектебинде иштеп жатышкан жездем Конуш, эжем Райлага сагынычтуу салам. Бишкектен Кербен Куба

ОП-37-240. Асема эже, мен сиздин чыныгы күйөрманыңызмын. Бирок, элчилеп аша чаап кеткен обу жок кылыктарды жасагандан алысмын. Мен болгону талантыңызды баалайм. Асема эже колдон келсе редакцияга чакырып, "Асем кыз" деген ырыңыз камтылган компакт дискиңизди белекке бериңизчи? Ал сиздин колуңуздан келет. Алдын ала рахмат, Акжол байке менен бактылуу болуңуз. Тилек 07774982хх

ОП-37-241. Апа-оу, кандайсыз, жакшы жүрөсүзбү? Мен сизди сагындым, качан келесиз. 05506525хх

ОП-37-242. "60 К" тобундагы супсулуу Саматка сонун салам. Сагындым сени. Н…

ОП-37-243. Саламатсыңарбы Нурпери, Баян жана Алматыдагы Гуля89, Нурайым, Гүлбара келгиле дос болобуз. Мага номериңерди жибергиле. 0773066428 Элиза

ОП-37-244. Саламым жаным М.Иманбековго жолдонот. Айтсаңыз аялыңыз, кызыңыз бар экен, эмнеге жашырасыз? Айпери

ОП-37-245. Ай, кыздар кандайсыңар, кичине намысыңарды сактасаңар. Кыз балага чылым тарткан жарашпайт. Силерди урматтап Москвадан Айдар

ОП-37-246. Мирбек Иманбековго салам. Сураныч ошко концертиңизди коюңузчу? Күйөрманыңыз

ОП-37-247. Тараздагы Амантур сен Ильязга окшошмун дейт экенсиң, чындыгында бир да окшобойт экенсиң. Ага окшошсуң десе боюңду көтөрүп алат экенсиң. Асел

ОП-37-248. Саламым Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну сиңдим Нарине менен Кантемирдин үйлөнүү тою менен куттуктайм. Кармашкан колуңар түбөлүккө ажырабасын. Астанадан Келдибек, Айнагүл

ОП-37-249. Супер СМСчилер "Обондун" 3 барагын Неля менен толтуруп жиберипсиңер, ал силерге эмне кылып берет? Асел

ОП-37-250. Дүйнөдөгү баарынан да артык көргөн жаным Нурикке салам. Мен сени чексиз сүйөм Самош. Балам Нуртилек өмүрүң узун, чоң жигит бол. 07730306хх

ОП-37-251. Саламым "Обонду" эч калтырбай окуган Хан-Шайга, ардагым бар бол, сени менен таанышкым келет. Окуган болсоң 87023055688ге СМС жаз күтөм.

ОП-37-252. Тамчы айылындагы 11-класстын супер окуучуларына салам. Силерди сүйөм. Ненси

ОП-37-253. Супер командам "Керемет жашоого" салам. Ар дайым алга, силер суперсиңер. Айдеми Айка

ОП-37-254. Сүйүктүү ди-джейим Жаркынай Амановага салам жолдойм. Дайыма булбулдай болгон үнүңүз өчпөсүн. Сиз суперсиз. Айдеми Айка

ОП-37-255. Асема мен сиз менен баарлашкым келет. Мен сизди катуу жакшы көрөм. Ар дайым ийгилик сиз тарапта болсун. Жездебиз менен бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Динара 07726708хх

ОП-37-256. Динара сен эч кайгырба, жакын курбуңдун тоюна бара албасаң, буюрса менин тоюма барасың. Курбуң Кулипа

ОП-37-257. "Обон" аркылуу таанышкан Астанадагы Куба, Кабыл, Актилек, Нурмат байкелерге салам. Бар болгула, аман болгула. Сүйүү менен күлкү сиздер менен болсун. Ишиңерге ийгилик, өзүңөргө күч-кубат каалайм. "Обон" менен бирге бололу. Элиза

ОП-37-258. Адам баласы үч ыйык нерсесиз жашай албайт. Ал ден соолук, бакыт, сүйүү. Ылайым ушул ыйыктардан ажырабагыла. Өркүндөй бер, өсө бер Кыргызстаным. Жиза91

ОП-37-259. "Дордойдогу" кытай катарынын 18-18деги жаным Макпуратка салам. 07772752хх

ОП-37-260. Менин саламым Урматка жолдонот. Дайыма күлүп жүр. Айдеми Айка

ОП-37-261. Гүлка Султан Садыралиев менен сонун түшүптүрсүң.Азаматсың, тилегиңе жеттиңби, дагы көп-көп түшүп тур курбум. Ильяз Абдыразаковго чоң салам. Жиза91

ОП-37-262. Таластагы Б.Айтпаков мектебиндеги 9-а классынын окуучуларына ысык салам. 0555437521

ОП-37-263. Москвада иштеген досторум Азиз, Залкар, Бакыт, Нурдин, Улан, Талгат, Кубаныч аман жүргүлө. Ошондой эле СМСчилер Айдеми Айка, Кунчуайпери бар болгула. "Обонго" чыккан кыздар СМС жазгыла таанышабыз +79266979344. Айдар

ОП-37-264. Мен сени аябай көргүм келип жатат. Алтыным качан келесиң? Динара

ОП-37-265. Наргиз кандай бактылуусуң? Себеби жашооңо жарык чачкан сүйгөнүң М.Иманбеков бар. Керемет сүйүү каалайм. Бактылуу болгула. (Той качан?) 07771478хх

ОП-37-266. Казакстанда иштеп жаткан кыргыздын жигиттери эмнеге казак кыздарга үйлөнүп жатасыңар, кыргыздын кыздары калбай калгансып? Досума түшүндүрүп койгулачы, кыргыздын кызына жетпейт. Д-а

ОП-37-267. Жалпыга салам! Кыздар жана балдар менен достошом. Гулиза

ОП-37-268. Салам Обон. Менин саламым Т, Адыранов мектебинин окуучуларына, өзгөчө 11-а класстын балдарына, анын ичинен жигитим Камчыбекке. Камчы мен сени сүйөм. Айпери

ОП-37-269. Кербен-Куба сенин аялың жана балаң барбы, канчанчы жылкы болосуң? Айзат

ОП-37-270. Бакуляны жактырбагандар, ага дагы бир жагымсыз сөз жазсаңар силер менен башка тилде сүйлөшөбүз! Б.Бадыеванын талантына таазим! Тинатин

ОП-37-271. Менин саламым Ноокаттыктарга . Аман болгула, силер супер! 0770247749хх

ОП-37-272. Түнкү жылдыздай жүзүнөн нур төгүлгөн булбул үндүү Мирбек Иманбековго салам. Талантыңызга таң берем. 07778151хх

ОП-37-273. Мирбек Иманбековго. Жүрөгүмө бийлик кылып махабат, көңүлүмдү ээлеп турат кусалык. Кирпик серпер түнүм жок. Сенсиз күнүм жылга тете узарып. 07778151хх

ОП-37-274. Асема эже сиздин ишиңизге ийгилик. Сиздин образга кирип аткарган ролуңуз абдан жагат. Сиз менен жолуксам армансыз өтөөр элем. Урматым менен Сокулуктан Шахноза. 07773475хх

ОП-37-275. Менин саламым алыскы Талас областынын Карабуура районунун Чоңкарабуура айылына Бакча көчөсү номер 46да жашап жаткан үй-бүлөмө. Кызыңар Бакуля

ОП-37-276. Салам Асем кыз. Талантың ар дайым ташкындай берсин. Сенин ырларыңды күнүгө угам. Бакули

ОП-37-277. Кеминдиктерге салам. Бактылуу болгула. Кеминдик Наргиза

ОП-37-278. Менин саламым классташтарыма ж.о.э Б.Карабаевага. Айзат

ОП-37-279. Сүйүүнү таттуу дешет даамы барбы? Кээ бирлер ачуу дешет жеген барбы?07778465хх

ОП-37-280. Мирбек Иманбеков сиз менен сүйлөшчү сөздөр көп. Окуп калсаңыз мага чалыңызчы 0772239343, Сөзсүз күтөм. Срочно.

ОП-37-281. Алтындарым, асылдарым кыргызымдын намыстуу, уяттуу, ыймандуу, сулуу кыздары сиздерге жалынайын, жалбарайын балдарды сүйөм дебегилечи. Сүйүп -күйүп жатсаңар да кантип жүрөктү акыл менен башкарууга болбосун?! 07722950хх

ОП-37-282. Мен сиз менен эже-сиңдидей бир бакта отуруп сырдашкым келет. Сизди аябай жакшы көрөм. Менин атым Айпери. 0770251040хх

ОП-37-283. Кыргыз элим аман болгула. Свет өчүп жүдөттү го, ал жетишпей жаткансып суу да өчө баштады. Жашоо кыйындап баратат Башка жакка көчөт окшойбуз. Самара

ОП-37-284. Спонсор болчулар барбы? Жардамды аябагыла 0772239343 номерге чалгыла.

ОП-37-285. Ачык, шайыр жигиттер болсо чалгыла. Атым Мэри 18 жаштан 23 жашка чейин 0777846506

ОП-37-286. СМСчилер менин табышмагымды тапкылачы; жандууга да жансызга да керек. Сенде да менде да бар. СМС жазгыла күтөм. Айзат. 0772239343

ОП-37-287. "Обон" бизди Г.Сатылганова менен байланыштырып койгулачы. Спонсор болуп берүүсүн суранат элек. Жооп күтөбүз. 11-класстын окуучулары

ОП-37-288. Мирбек Иманбеков Ошко концертиңизди коюңузчу, сураныч. Чыгармачылык ийгилик. Айдай

ОП-37-289. Мына ушинтип саат күнгө, күн жумага, жума айга алмашып олтуруп, күз айынын жарымы да өтүп кетти. Элиме кааларым кышка жакшы даярдыктар менен жетсин. Кыш кыштыгын кылат эмеспи, ар дайым ден соолукта жана токчулукта жүрөлүчү, окурман. Канжар

ОП-37-290. Саламым кыргыздын кара каш кыздарына жолдонот. Өзүм 19 жаштамын 17-19 жаштагы кыздар менен таанышкым келет. +77025528315 Коля

ОП-37-291. Сагынамын деп сыздатасың, Карындашым деп ыйлатасың.Арманым деп мени ойго саласың. Ильяз деп ыйлайт жүрөгүм.Абдыразаков деп кыйнайт жүрөгүм. Асанбаева ыйлап атып тажатты. Абдыразаков ырдап атып тажатты. Нази92

ОП-37-292. Сени кандай унутайын, кызгалдактай кулпурган, жайып турсаң көз алдыман мөлтүрөгөн. Айта албаймын жүрөктөгү сырымды, биле албадым бир сезимди, жанып өчкөн сырларымды. Гуля 89 сен менин биринчи жана акыркы тунук сүйүүмсүң. Мен сени менен ар дайым сыймыктанам жана сени сүйөм. Жастин

ОП-37-293. Шергазыны 2-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Шер жашоодо жакшылыктарды көр. Акаң Атраудан Уларбек

ОП-37-294. Апам Нуржамалга салам. Айнура

ОП-37-295. Иним Бексултанды 9-октябрь, апамды 12-октябрь, бөлөм Розаны жана Нарзыланы 14-октябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Аларга чың ден соолук,узун өмүр, бакыт-таалай, шаттык, арчадай жаштыкты каалайм. Ошондой эле бардык туугандарыма чоң салам. Нургүл

ОП-37-296. Кыргызымдын кара каштуу кыздары менен таанышам. +770254463966 же +77777546949

ОП-37-297. Аси дос качан турмушка чыгасың, сени сагындым. Отузадырдан досуң

ОП-37-298. "Бекжан" базарында иштеген сүйкүмдүү Гүлзина кандайсың? Ден соолугуң, иштериң жакшыбы? Өткөндө сени ооруп калыптыр деп угуп аябай бушайман болдум, жакшы болуп калдыңбы? Эч качан оорубай адеми болуп жүрө бер. Сен менин жүрөгүмдөгү адамымсың, сени менен жакын, ысык болгум келет. Сени жакшы көргөн С...

ОП-37-299. Курбум Айзада, Самат, досторум Азат, Элдияр, Анарбек, Чынгыз, Адил, Тимур, Жумгалбек, Улан, Мирслан, Талгат, Тоодайга чоң салам. Кеминден Бегай

ОП-37-300. К.Жантөшев орто мектебине чоң салам. Агай-эжейлериме, классташтарыма ийгилик каалайм. Дайыма алга. Коңурова Аида

ОП-37-301. Чынгыз Мырзаевдин апасынын сандыгындагы ак жоолук кайсы бактылуу кызга буйрат болду экен? Күздө үйлөнөт деп жүрүшөт беле? Ни-Ко-Ся

ОП-37-302. Асема дайыма ушинтип күлүп жүрө бер. Анан өзүмө эмнени кааласам сага дагы ошону каалайм. Асманың ачык болсун, Асема. Эжең Аида 05431659хх










??.??