Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дүйнө чемпиону Эмил Токтогонов:

"Машыктыруучума айтпай үйлөнүп алгам"
Бүгүн биздин төрдө профессионалдык эрежесиз мушташ боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, Евразия кубогунун ээси, Тайбокс боюнча Казакстан президентинин кубогунун жеңүүчүсү, профессионалдык эрежесиз мушташ боюнча дүйнөнүн чемпиону Кыргызстандын спорт чебери, Кыргызстандагы эрежесиз мушташ боюнча Вален Тудо бөлүмүнүн президенти "Шаман" кличкалуу Эмил Токтогонов болмокчу. Айта кетсек, Эмил, 1982-жылы Нарын облусундагы Кочкор районунун Карасуу айылында туулган . Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

- Эмил мырза, эң оболу эрежесиз мушташ боюнча азыноолак кеп кылсаңыз. Спорттун бул түрүндө таптакыр эреже жокпу?
- Негизинен спорттун башка түрлөрүнө караганда чындыгында эле мында эрежелер жок. Бирок, эрежесиз мушташ болсо да атайын өзүнө жараша ар кандай эрежелерди камтыйт. Кара куш мээге урса болбойт. Көздү чукуганга, аймаганга, тиштегенге жол берилбейт. Мындайча айтканда, чыныгы эркектердин мушташы. Көчөдө кандай урушса бул жакта деле ошондой, болгону көчөдө эч кандай даярдыксыз эле урушса, эрежесиз мушташка атайын даярдык көрүп, спорттун бардык түрүн, кикбокс, тайбокс, күрөш менен даярдангандар гана бул оюнга катыша алышат.
- Эрежесиз мушташта кээде атаандашын өлтүрүп койгон учурларды теледен көрүп калабыз. Сиз ошондойго күбө болдуңуз беле же бизде ага жол берилбейби?
- Тарыхка кайрылсак,спорттун бул түрү байыркы Грециядан чыккан. Алгач эч нерсе кийишпей ушунчалык ырайымсыз урушушкан. Оюндун жүрүшүнө көз салып турган калыстар тобу бар. Ошол калыстардын жаңылыштыгы менен атаандашын өлтүрүп койгондор болгонун өз көзүм менен көрбөсөм дагы көп эле угуп жүрөм. Негизинен бири-бирин өлтүрүүгө таптакыр жол берилбейт. Ал эми буттары, колдору чорт эле сынып кеткен учурлар көп эле кездешет. Кошумчалай кетсем, чыгыш элдеринин мушташынын эң жогоруда турганы ушул эрежесиз мушташ болуп саналат. Мисалы: күрөштү алып койсоң Тайбокс болуп калат, кандайдыр бир элементтерди алып койсо таэквандо болот, негизинен бул түр менен машыккан спортсмендер көп тараптуу мелдешке чыга алышат. Кыскача айтканда эрежесиз мушташ универсал болуп саналат.
- Жогоруда айтылган буттары сынып, ар кандай жаракат алгандарга ким кам көрөт?
- Боло турган ар бир мелдештин алдында атайын кароодон өтөбүз. Эгерде жаракат алсак бизди каржылап, бүт чыгымдарды төлөп бере турган агенттиктер бар. Ошолор колдоо көрсөтөт.

- Кечээ жакында болуп өткөн мелдеш тууралуу айтсаңыз, кимдер жеңишке жетишти?
- КМШнын чемпиону 70кг салмактагы Асылгазив Турсунбек, 65кг салмакка ээ Асеков Мирлан, 60кгдагы Азия чемпиону Сарыков Төлөгөн жеңишке жетти. Булар менин келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктуу окуучуларым болуп эсептелет. Кудай буюрса жогорудагы спорстмендерди Иранда боло турган дүйнөлүк чемпиондукка даярдап жатам.
- Иранда боло турган мелдеш тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Иранга жетишебизби же үлгүрбөй калабызбы билбейм. Тилекке каршы кечирээк угуп калганга байланыштуу "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп виза тараптан кичине көйгөйлөр болуп турат. Кудай насип кылып үлгүрүп барып калсак аябай жакшы болот эле деп илгери үмүт менен даярданып жатабыз.
- Материалдык жактан ким каржылайт?
- Иранга бара турган чыгымдын баарын өзүбүздүн "Strong Фитнес" каржылап жатат, ал эми демөөрчүлөр менен деле иштешпейбиз. Алгандын бермейи бар демекчи алардан жардам сурасак, кайрадан аларга дагы бир нерсе кайтарып келишим түзүш керек. Андан көрө кыбыраган кыр ашат деп өзүбүз эле акырын кыбырап нан таап жүрөбүз.
- Бул жолу өзүңүз дагы мелдешке катышасызбы же жөн гана машыктыруучу катары барып келесизби?
- Мелдешке чыкпаганыма 13-октябрда туптуура бир жыл болот. Азыр машыктыруучу катары эле ар кайсы жакка чыгып жүрөм.
- Тарбиялап жаткан балдарыңыз өз баладай эле болуп калса керек. Алардын үйлөнүү тойлоруна катышып, сөйкө салуу деген салттарына күбө болосузбу?
- Азыр бир окуучум жаш болуп турсам деле өкүл ата кылып койгондуктан кудаларга барсак баары эле таң калып " эмне мынча жаш" деген суроолорду узаткандар да болду. Жакында дагы бир окуучумдун тою болот. Кудай буюрса ага да барабыз. Балаңдай болуп калган соң өзгөчө бир сезим болот экен. Кээ бирөөлөргө ой, коё тур, азыр жашсың, үйлөнүш качпайт, карьераңды куруп ал десек бизден жашырышып той боло турган күнү чакырып калышат. Айласыздан жылмайганга туура келет, себеби, мен дагы машыктыруучумдан жашынып, ага айтпай үйлөнүп алгам.
- Буга эмне себеп болду эле?
- Урушат деп коркконмун. Анан жашыруун түрдө үйлөнүп алгам. А үйлөнгөндөн кийин көпчүлүгү спортту таштап коюшат да. Азыр ойлоп көрсөм агай дагы мени спорттон кетип калат деп корккон тура.
- Анан сиз дагы спортту таштап койбодуңузбу?
- Жок, тескерисинче мен үйлөнгөндөн кийин аябай көп ийгиликтерге жетиштим. Жолум ачылдыбы же келинчегимдин колдоосу жакшы болдубу, айтор үй-бүлө курган соң жолдомолор келип атат, мен барып жеңип ийгилик жаратып атам. Азиянын төрт жолку чемпиону болуп, Евразиянын кубогуна да ошондон кийин жетиштим.
- Сизге ийгилик алып келген келинчегиңиз менен кантип табышкансыңар?
- Машыктыруучумдун досу белгилүү циркач Бакыт келинчегимдин агасы эле. Ал 7-апрелде туулуп калыптыр. Ишенсең ал убакта мен бир гана спорт деп жашачумун. Үйлөнгөндү болсо кийинки пландарга коюп, отуз жашка чыкканча аял алганга жетишем да дейт элем. Ошондой күндөрдүн биринде агайым "жүрү курсагыңды тойгузуп келем" деп калды. Анда агайдын үйүндө машыгып, ошол жерде жашап калгам. Досунун туулган күнүнө барсак, анын эки карындашы бар экен. Эжеси анча жаккан жок (күлүп). Сиңдисинин карегине-карегим кадалып бир көргөндө жактырып калдым. Анан ортодо агай экөөбүз бир жакка кеткенбиз, келсек эже-сиңдилердин мамилеси башкача. Көрсө, агай мен катышкан мелдештер бар кассетаны таштап кеткен экен. Менин мушташтарымды көрүп "омей, бул чемпион турбайбы" деп мени жактырып калыптыр. Кийин айтып жатпайбы, "кассетаны көрбөй, жөн эле көчөдө жүрсөң жактырмак эмесмин" деп. Ошентип, машыктыруучум өзү билбей туруп мени реклама кылып алыптыр. Андан кийин дагы кызыгып машыгууга эжеси менен, кийин өзү дагы келип жүрдү. Ошондон тартып, жылдызыбыз келишип чогуу түтүн булатып калдык. Азыр бир кызыбыз бар. Аты Анель. Ким койду деп сурасаңыз керек. Айтып берейин. Өзүм койгом. Анель Карло Австралиялык менин салмагымдагы 2003-жылы болгон дүйнөнүн чемпиону болчу. Ошонун атынан койгом. Азыр үч жашка толду.
- Ырга, бийге кандайсыз, теңтуштар отуруп калганда ырдасаңар керек…
- Ырга анча деле жокмун, кичинекейимде, мектепте окуп жүргөндө бир эле ырды ырдайт элем. Азыр болсо такыр ырдай албайм. Бийлегенди болсо тытам. Музыка жакшы болсо R&B,Репти деле чачып салам.
- Анда жыйынтыктоочу сөз сизде.
- Ормон хандын турнирин өткөрүп жатпайбызбы. Ошонун биринчи этабын былтыр августта Кочкордо өткөргөнбүз. Февралда экинчи этабы өттү. 4-октябрда жарым финалдан да балдарды тандап алдык. Кудай буюрса Ирандан келген соң 8-ноябрда "Strong Фитнес" залында финал болот. Ал эми 6-декабрда 4 башка салмак боюнча Азиянын чемпиондугун өткөрсөк деп максат кылып жатабыз. Бул максат ишке ашса кийинки жылы Дүйнөлүк чемпиондукту өткөрсөк деген чоң максат-тилектерди алдыга коюп, азыртадан кызуу даярдыктын үстүндөбүз.
Маектешкен
Нурзат Жусупова