Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Назиранын үч махабаты
Жашоонун башаты болгон балалык чак баарыбыз үчүн кайталангыс бир доор эмеспи. Мына ошол бал татым кезди камтыган окуучулук күндөрдү эскерүү үчүн бир топ убакыттан бери гезитибиздин "Классташ" рубрикасы кызмат кылып келет. Бүгүн көпчүлүк күлкү сүйүүчүлөрүнүн суроо-талабы боюнча белгилүү куудул Назира Жетигенованын классташы Чынара Жоошбаева менен ой бөлүштүк. Белгилей кетсек Чынара айым учурда борборубуздагы №5 байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орунбасары болуп эмгектенет.

Бир көчөнүн атаманы
- Чынара эже, биздин төргө куш келипсиз. "Классташ" рубрикасынын бүгүнкү каарманы болгон Назира классташыңыздын балалык кезин төкпөй-чачпай сүрөттөп берсеңиз?
- Рахмат. Назира менен Талас шаарындагы №6 орто мектепте чогуу окуп, бир көчөдө кошуна жашап, көптөгөн кызыктуу күндөргө күбө болдук. Сүрөттөй турган болсом бала кезинде мурду барбайган, сапсары кыз болчу. Убакыттын өтүшү адамдын аң-сезимин, жашоого болгон көз карашын гана өзгөрткөнү болбосо бала кезинен калыптанып калган кулк- мүнөзү баягыдай эле жашай берет экен. Мындай дегенимдин себеби Назира азыр кандай шайыр, кандай бетке чабар куудул болсо окуучу кезинде деле ошондой эле. Чынын айтсам такыр кыздар менен ойноп, сыр чечишкенин көргөн жокмун. Качан көрсөң шагыраган топ баланын ичинде тебишип ойноп, чүкө атып, кыздарга тийишип эле басып жүрчү. Эркек мүнөз экени азыр деле көрүнүп турбайбы. Сабактан кийин кыздар үй жыйнап, кир жууш менен алек болсо, Назира велосипедке бир баланы учкаштырып алып, көчөдө бакырып жүргөн болот эле. Бирок, андай болгону менен сабактан, коомдук иштерден эч кимди алдыга салдырчу эмес. Кандай гана кароо-сынак болбосун жеңиш Жетигенова тарапта болчу. Кыскача айтканда мектептин үлгүлүү окуучусу да, атаманы да Назира эле.Биздин көчөнү да өзү кармачу.Кайсы жерде "муш", "разборка"болсо, ошол жерде билегин түрүнүп Назира турчу.
Оюндан от чыгып...
- Эми Назира досумдун мен билген жоруктарынан айтып берейин. Мунун күлкүлүү окуялары адегенде эле башталган. Биринчи класска барганда биринчи күнү атасы жетелеп барып мектепке киргизет. Сабак бүткөндөн кийин өзү жер тамда жашаган неме 3 кабат мектептин ичинен сыртка чыкканга эшик таппай мектепти башына кийип ыйлаганы эсимде. Анда 5-класс болсок керек эле. Назира адатынча балдарды жыйнап алып, атасынын үйүндө жоктугунан пайдаланып мотоциклин уурдап чыгат да бензиндин ордуна суу куюп, чет жактагы дөңсөөдөн ары-бери айдап ойношот. Оюндан от чыгат болуп Назира атасын туурап мотоциклге ачкычты салып, тормозду басып жиберсе, мотоцикл бир топ жерге чейин жүрүп барып аңга түшүп кетип агасы алып кеткен. Өзү сүйкүмдүү кыз болгону менен ушундай тентектигинин айынан байкелеринен көп эле жолу уруш жеди окшойт.
Бир жолу чачын химияга берсе, кыска чачы кулагынан өйдө болуп, чөмөлөнүп жатып калат. Эртеси сабакка келиштен уялып, капюшонун кийип алып сабакка кирди. Агай "Үшүк ургандай болбой үстүңдөгүнү чеч" десе, "Агай, башым ооруп жатат" деп кутулду. Агай Назиранын калп айтканын сезип калдыбы айтор, унчукпай артына келди да капюшонун жула тартты эле, анын сары ала болуп күйгөн чачын көрүп класс ичи каткырып жибердик. Шылдыңга чыдабаган Назира артында күлүп аткан баланы бир чаап, бир тээп туруп сыртка чуркап чыгып кетти.

Кичинекей почточу кыз
- 8-класста окуп жүргөндө бир жигит Назирага кат жазып, почтага салып жиберсе, аны бир классташыбыздын иниси окуп туруп, жыртып кайра салып аткан жеринен Назира кармап алып адатынча сабап кирет. Инисине болушуп тиги кыз салгылашып баштады. Үчөө 3-кабаттын чаң тополоңун чыгарып, күчтөрүнүн жетишинче мушташышты. Бир маалда тиги кичинекей бала качып жөнөдү, артынан кууп барып 3-кабаттын тепкичине жеткенде тумшуктан ары бир койду эле, томолонуп түштү. Аңгыча эжеси жетип келип Назираны күч менен бир түрткөндө 2-кабаттка башы менен кулап түшүп, эсине келалбай бир топко чейин жаткан.

Тойдогудай өбүшпөйлүбү?
- Дагы бир жолу 5-классыбызда Назираны үч классташ балабыз жактырып калып, аябай талашышкан. Ошол үчөөнүн бирөөсү Назираны бөлмөгө алып кирип, "Мени менен сүйлөшөсүңбү, жокпу" деп бычак менен коркуткандан кийин аны менен саламдашпай калган. Экинчиси болсо ойномуш болуп, көзүн жуумп туруп Назираны ичине бир койсо өзөрүп калып, ошондон кийин аны да өз жолуна койгон.
Ал эми үчүнчүсү болсо жолугушуу учурунда "тойдогудай өбүшөбүз" деп кулагына шыбыраганда таарынган бойдон аны да жок кылган. Менин билишимче ушундан кийин мектепти бүткөнчө бир да жигит менен сүйлөшкөн жок. Ал аралыкта өзүнөн улуу балдарга кыздарды чыгарып берип кат ташып, "почточулук" кызматты аркалады.

Ж. Калдарова










??.??