Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дарамет

Аваз Акимов, ырчы:
1990-жылы Өзгөн районунда туулган. Учурда М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда "Улуттук аспаптар"
бөлүмүндө 3-курста
окуйт.
"Бешенеме жазылган Бейшекеев болбогондо мал кайтарып жүрмөкмүн"
- Аваз, өз ата-энеңден алыстап калганыңа бир топ эле жыл болуптур.Алгач айылдагы чыт курсак бала кезиң жөнүндө кеп салсаң?
- Ооба, ата-энеден алыстап шаарга келгениме 7-8 жыл болуп калды. Айылга дайыма эс алуу учурунда барып турам. Ал эми бала кезим жөнүндө айтсам кичинекей кезимде өтө тентек болчумун. Биринчи классымдан баштап эле аккордеон үйрөнүп черте баштадым. Анан жумуш жасабай аябай жалкоо элем. Апамдын көңүлүн аккордеон чертип көтөрчүмүн. Сабактан болсо, биринчи классымдан баштап 9-класска чейин мектептин алдыңкы окуучуларынын катарында жүрдүм.
- Ал эми Сыймык байкенин тобуна кандайча кошулуп ырдап калдың. Сени Сыймыктын улуу баласы деп жүрүшөт. Сыймык байке менен Нурзада эжени эмнеге ата, апа дейсиң?
- Мен төртүнчү класс кезимде Сыймык байкелер "Биз элдик таланттарды издейбиз" деген аталыштагы кароо- сынактын негизинде Кыргызстанды кыдырып чыгышкан.Баш байгеге жылкы коюлуп, биздин айылдан бир топ таланттар чыгып, алардын ичинен кипкичинекей боюм менен жылкы жеңип алдым. Кенедей болуп алып аккордеон көтөрүп чыксам баары мага таң калышкан. Айтып кетишим керек ошол сынакка катышканга ата-энем менен бирге айылдагы жалпы элим колдоп баталарын беришкен. Кийинки сынак башталганда "сен былтыр жеңип алгансың" деп мени атаандаштардын катарына кошпой, жөн гана ырдатып коюшкан. Ошол эле жылдары Ош шаарына төрт күн катар концерт коюлган. Мен да ал концертке ырдап катыштым. Анан ата-энемден сурашып мени шаарга алып келишти. Ошентип Сыймык тобунда ырдай баштадым. Ал эми Сыймык ата, Нурзада апа деп айтканым чын. Шаарга келгенден кийин Сыймык байкенин үйүндө жашап калдым. Өз баласындай тарбиялап, эч нерседен кем кылбай багып, "бул менин улуу балам" деп айта баштады. Мен да аларга эркелеп, кичирээк болгонгобу, ата-энемдей эле кабыл алып ата, апа деп айтканга өттүм. Кызыгы өзүмдүн Өзгөндөгү үй-бүлөбүздө да бир кыз, үч эркек болсок, бул жакта да бир карындашым, эки иним бар. Кыскасы азыр Сыймыктын улуу баласымын деп сыймыктанып, атам Сыймык, апам Нурзада деп айтам.
- Сен шаарга келип башка ата-апа таап алганыңды өзүңдүн ата-энең кандай кабыл алды? Таарынышып, кызганышкан жокпу. Айылдын эли да кеп кылышса керек?
- Жок. Тескерисинче мени колдошту. Сынакка катышканымда да айылдын эли колдоп өз баталарын берди дебедимби. Алар мени теледен көрүшкөндө биздин айылдын баласы деп сүйүнүшөт экен. А ата-энем да башка бүлөгө көнүшүп кеткениме кубанып, "эмнеге капа болмокпуз, сенин талантыңды чыгарып, келечегиңе жол ачып берип жаткан адамдарга каршы эмеспиз" деген сыяктуу сөздөрүн айтып жакшы эле кабыл алышкан.
- Сыймык байке менен Нурзада эжени тез эле ата,апа деп көнүп кетиптирсиң. А бөбөктөрүңө канча убакытта көнүштүң. Азамат да чоңоюп калган учуру эле. Сени жээрип кызганган жокпу?
- Туура. Атам менен апам жакшы көрүп кээде тилдеп, кадимки өз баласындай көрүп жатышса кантип мен көнбөй коёюн. Сиз айткандай башында Азамат атамдан мени кызганып жүрдү. Ансайын "кел балам" деп мени кучактап эркелетип койсо, долуланып ыйлап мени жаман көрүп калат. Ал менден кичүү болгонгобу аны мен ойнотуп, кээде ыйлатып койчумун. Эркек болгондон кийин урушуп, бир нерселерди талашып калган күндөр көп эле болгон. Азыр болсо, Азамат экөөбүз ага-ини болуп бири-бирибизди жакшы көрөбүз.
- Жакында тушоо кесүү концертиңди бергени турасың. Негизги максаты жана өзгөчөлүктөрү эмнеде, уюштурганга ким чуркап жатат?
- Концерт 23-октябрда Спорт ордосунда бир эле күн болот. Сахнага чыгып келатканыма он жылдай болуп калбадыбы, анан бир чети отчёттук концерт катары элиме ырдесте сунайын деп жатам. Аталык милдетин аткарып, атам концертимди уюштуруп, колдоп, тушоомду кесип бергени жатат. Албетте, агаларым да аркы-беркилерине чуркап жардамдарын аяшкан жок. Аны менен бирге Медер Осмоналиев, Арстанбек Абдыманов жана Жаныш Момунов байкелер да өз жардамдарын берүүдө. Ал эми концерттин өзгөчөлүгү жалаң гана жаштар эмес, улуу муундагы, орто муундагы эстрада ырчылары менен бирге менин досторум катышат. Аккордеон, комуз, гитаранын коштоосундагы ырларды аткарып, өзүм да сатира ойнойм.
- Чынында сени элге таанылткан Сыймык Бейшекеев болду да. Мындай белгилүү ырчынын колуна туш болуп калганың маңдайга жазылган багыңдан болсо керек?
- Атамдын аркасынан таанылып, өнөрүмдү тартуулап келатам. Чынымды айтсам Сыймык атама жолуккан күндөн баштап мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай элестетем. Атам болбогондо мүмкүн айылда мал кайтарып, койлорго ырдап жүрмөкмүн. Бешенеме жазган бактылуу жашоомо ыраазымын.
- Сыймык атаң үйдө кандай кожоюн. Кайсы сапатын абдан баалайсың?
- Үйдө камкор ата десем болот. Эч нерседен кем кылбай баарыбызды багып келет. Гастролго чыгып, тойлорго көп чакырылгандыктан үйдө көп болбойт. Бирок, атам тартипти катуу сактайт. Уюлдук телефону менен бат-баттан чалып, үйдөгүлөрдөн кабар алып турат. Ал эми адамгерчиликтүү сапаты менен боорукер, ак көңүлдүгүн баалайм. Бизди жөнү жок кыйкырып урушпайт, алгач түшүндүрүп акырын гана айтып коет.
- Ушунча жылдан бери сахнанын даамын татып калдың. Күйөрман кыздарың да жок эместир?
- Чектен чыккан күйөрман кыздарга кезиккен эмесмин. Бирок, смс жазып, таанышууну каалаган кыздар болгон. Бир жолу Ысык-Көлдө атамдын концертин берип жатканбыз. Кечке жуук концерт башталаар маалда тамактанууга жетишпей калдык. Эми ачка кантип ырдайбыз деп ойлонуп жатсак, ошол учурда "Аваздын күйөрман кызы болом, "чакырып койгулачы" деп байкелерге бир кыз келиптир.Сыртка чыксам чоң баштык көтөрүп бир кыз турат. Көрсө ал атайын үйүнөн тооктун эти менен картошка кууруп келиптир. Ага кошуп нан, суусундук, таттуулары да бар экен. Рахмат айтып сахнанын артына кирип барып жанымдагыларга айтсам, атамдардын боору эзилип калды. Ошентип күйөрман кыз концерттин алдында соопчулукка "ужин" кылып берген. Көлгө барган сайын ошол кызды эстейбиз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы күйөрмандарымды концертке чакырып кетмекчимин.
Маектешкен
Айнура Султанова










??.??