Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаргылчак

Кадырлуу окурман, бүгүн мындан бир топ убакыт мурда ырдалып келген элдик, нукура ырларга жаңыча аранжировка жасап, жаңы жашоо тартуулаган аткаруучуларга болгон элдин сын-пикирин уктук.Жаргылчактын бүгүнкү талкандары "Даткайым" аттуу чыгармасы менен Замир Арыкбаев жана
Сьездбек Искеналиев
болмокчу.

Замир Арыкбаев:
- Элдин бизге түшкөн сын-пикиринен диагноз кылып айта турган болсом, бул аябай жакшы чыгарма болуп саналат. Анан биз дагы абдан жакшы аткардык деп айта алам. Ыр жакшы жаралып ага шайкеш тартылган клип, бул чыгарманы көрктөндүргөн десем эч жаңылышпайм.Андыктан башкалардыкына окшобогон дуэт элдин жүрөгүнөн түнөк тапты деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Замир Мырза, ырчы:
- Менин оюмча аткаруучулардын ырына клиби төп келишип, чыгарманы түрдүү боёкко боёй алышкан десем жаңылышпайм. Бул да болсо биздин алга кадам шилтеп жатканыбыздын белгиси. Негизинен кийинки муун кыргыз элинин нукура ырларын жаңылап ырдап чыгышы аябай жакшы көрүнүш. Ошондо жеңил-желпи ырлар азайып, маанилүү-маңыздуу ырлардын катары толукталат беле деген ой келет.

Даткайым
Сөзү: Элдики
Обону: Д.Каниметованыкы
Кара бир тоонун боорунан
Калдайып учуп куш конот
Кара көз сулуу Даткайым
Кандай бир жанга туш болот

Улуу бир тоонун боорунан
Удургуй учуп куш конот
Сурма көз сулуу Даткайым
Буйруган жанга туш болот

Ак тоонун боору ак жалтаң
Абайлап баспай тайгылдым
Аз гана ойноп көп күлгөн
Даткайым сенден айрылдым

Сьездбек Искеналиев:
- Аталган ырдын обону Дамира Каниметованын калемине таандык. Менин оюмча бул ыр элдин жүрөгүнөн түнөк таап калгандан сырткары эски ырды кантип жаңылоо керек экендигин айгинелеп, кыргыздын жаштары дагы ушундай клип тарта алаарыбызды далилдедик. Ырына клип төп келишкен, аранжировкасында дагы эч кандай ашыкча нерсе жок. Эң негизгиси
кыргыздын улуттук колорити сакталган.

Борончу Кудайбергенов:
- Балдар оригиналдуу кылганга аябай аракет кылышыптыр. Жакшынакай музыканы даңкылдатып, дуңкулдатып эле ырдап жаткан ырчылардын арасынан суурулуп чыгып эски ырды минтип жаңыртайын дешкен го. Ар кимдин табити ар кандай эмеспи. Бирөөсүнө жакса балким экинчисине жакпайт чыгаар. Эмнеси болсо да ар бири өзүнө жараша кабыл алышат. Балдарга ийгилик гана каалап кетебиз. Өнөрлөрү өркүндөй берсин.

Жамиля Муратова, ырчы:
- Элибиздин рух дүйнөсүнө айланган, улуу муундун жүрөгүнөн түнөк таап, жаштык доорду көз алдыңа элестеткен чыгармаларды бүгүнкү таланттуу жаштар жаңы стилде, жаңыча көз карашта иштеп аткандыгы кишини сүйүнтөт. Башкача көз караш менен аранжировка жасатып, улуттук колоритти сактаган бул ырчы жигиттерибиздин аткарган ырынын клибин эң биринчи мен көргөмүн. Мага алып келишкенде жүрөгүм бөтөнчө согуп, кыргыз жыттанган чыгармалар менен гана өз улутубузду сактап калаарыбызды айтып, клип менен ыр бири-бирине төп келгендигин баса белгилеп, ырчылардын демине-дем кошуп мактоо сөздөрдү айтканым эсимде.

Санабар Эрменова, үй кожойкеси:
- Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылардын бирөөсүн таанып бүтө электе экинчиси чыгып, таш ыргытсаң ырчынын башына тийип калбадыбы. Анын үстүнө биздин убактагы сонун ыргактарды өзгөртүп алганын кантейин. Аларды угуп отуруп жан кейийт. Эми бизден кийинкилер той-топурларда "йе-йе" деп колун көтөрүп ырдап калабы деп таңданам. Билбей деле калдым. Бирок, Замир менен Сьездбек жакшы аткарышыптыр. Болот экен го, ушинтип ырдаса. Кантсе да анча-мынча каталарга көз жумуп койсок жакшы клип экен. Ошончо тартышыптыр, бутуна чокой кийбей эле коюшса болмок. Себеби алар кедей үйбүлөдөн чыгып атпайбы. Анан дагы эки бала бир кызды талашып жаткандай болуп калыптыр. Мен үйдө неберелерим менен отуруп ушулардын баарына көңүл бөлүп отурам да.


Кенже Кубатова, ырчы:
- Жалпысынан алганда жаштардын эски ырларга жаңыдан жан берип жатканы жакшы. Бирок, кээ бир жаш ырчылар кыргыздын нукура таза ырларын ар кайсы жакка бурмалап бузуп атканы кишини өкүндүрөт. Билим жетишпейби десек билимдүү эле балдар-кыздарды көрүп кээде түшүнбөй калабыз. Албетте баары деп айтпайм, арасында кыргызды кыргыз кылып тааныта тургандардан да уучубуз кур эмес. Жеңил желпи ырларды ушинтип кийинки муунга өткөрүп берсек алардын ахыбалы кантет. Фольклор менен эстраданын айырмасын туура түшүнүп иш алып барышса биздин жаштардан да келечекте көптү үмүттөнсө болот.









??.??