Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ала-Тоо койнунда

Чиновник да сурак берет
Президенттин администрация башчысы Башкы прокуратурада сурак берип чыкты.
Суракта Медет Садыркулов БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео-кайрылуусун массалык маалымат каражаттары аркылуу укканын, мунун артында кандайдыр бир саясий топтор тураарын, аны президенттин жүргүзүп жаткан саясатын каалабаган адамдардын иш аракети катары бааларын билдирген. Ал ошондой эле видео-кайрылууда анын дарегине айтылган дооматтар негизсиз экендигин белгилеген. Клара Кабилова өзүнүн кайрылуусунда Медет Садыркуловдун "ак-кара кеңсеси" менен иштеше албасын, шайлоо укугу боюнча маселелерде президенттик администрация башчысы менен макул эместигин жана Садыркуловдун бул орунда турууга моралдык акысы жок экенин билдирген.

Шамшиев сыйлыкка ээ болду
Кинорежиссер Болот Шамшиев Москвадагы эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка ээ болду.
Бешинчи жолу өтүп жаткан "Жаңы кино 21-кылым" эл аралык фестивалында Болот Шамшиевге "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" атайын сыйлыгы ыйгарылды. Фестивалда КМШ өлкөлөрүнүн, Латвия, Литва жана Эстониянын эң мыкты делген кинотасмалары сынга коюлган. Ал эми сыйлыктар 3 номинацияда-документалдык, дебюттук жана балдар киносу багыты боюнча берилди. 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн иш чаранын алкагында тегерек стол маек уюштурулуп,анда мурунку СССРдин аймагында бирдиктүү кинематографисттик мейкиндикти калыбына келтирүү жөнүндө талкуу болду.

Ноокатты ким аралап жүрөт?
Динди жамынып , өз максатын ишке ашырган бул адамдар мыйзам алдында гана эмес, Алла тааланын алдында да оор күнөө жасашты.
Алар сөзсүз түрдө өз жазасын алышы керек экенин Ноокатта жүргөн Кыргызстандын муфтийи Мураталы Ажы Жуманов билдирди. Эскерте кетсек, баш аламандыкты уюштуруучулар өздөрүн демилгечи топ деп атап, "Аллах акбар" деп ураан чакырып чыгышкан. Ажынын айтуусунда, азырынча анда баш аламандыкка катышы бар адамдар туурасында маалымат жок. Ошондуктан бул жерде кандай күчтөр бар экендиги тууралуу бир нерсе айтуу эрте экенин билдирди. Анда массалык баш-аламандык уюштурган делген шек менен 9 адам кармалды.
Эскерте кетүүчү жагдай 1-октябрда саат онго чукул Ноокаттын райондук администрациясынын жанында 100-150 адам чогулуп, диний ураан чакырып, райондук администрациянын жанында алардын тамак-аш таркатуусуна тыюуу салган район жетекчилерине нааразы болушкан. Аким Абдыганы Алиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн. Анын сөзүн угушпай көпчүлүктүн арасынан "Алло акбар" деп кыйкырып ураан көтөргөндөр болгон. Тартип коргоо кызматкерлерине көңүл бурбай бир нече жаш жигиттер милиция кызматкерлерин көздөй жана райондук администрацияга таш ыргытышкан. Жыйынтыгында 41 терезенин айнеги сынып, эки автобустун фонары талкаланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5 кызматкери денесинен жаракат алышкан.

Медведев Кыргызтанга келет
Орусия президенти Дмитрий Медведев расмий визит менен Кыргызстанда 9-10-октябрь күндөрү болот.
Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Медведев 10-октябрда КМШдагы мамлекеттердин жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бишкекте өтө турган жыйынына катышат. Медведевдин Президент болгондон бери Кыргызстанга биринчи келиши.

Мугалимдер майрамдашты
5-октябрь - мугилимдердин күнү 1994-жылдан бери белгиленип келет.
ЮНЕСКОнун эксперттери белгилешкендей, учурда көптөгөн мамлекеттерде мугалимдердин жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири. Мындай жагдай мугалимдердин айлыгынын төмөндүгүнөн, мугалимдердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүнөн улам түзүлүүдө. Ал эми Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. Бул күнгө карата Бишкекте 3-октябрда президенттин катышуусу менен салтанаттуу жыйын өтүп, агартуу тармагынын алдыңкыларына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бүгүнкү күндө республика боюнча үч жарым миңден ашуун мугалим жетишпейт. Ал эми мектептерде 117 миң мугалим эмгектенет.

Жер силкинди
Кыргызстандын түштүгүндө кечинде 8 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөөнүн очогу Ош областынын Алай районунун Сары-Таш айылынан 45 чакырым жерде катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлаганга караганда, Нура айылынын 60-70 пайызы кыйроого учурады. Кырсык болгон жерге түнү менен куткаруучулар, чатырлар жана медицина кызматкерлери жеткирилди. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 баллга жеткен жер титирөө Ош шаарында, Баткенде 5-6 баллга жеткен, Бишкекте 3,5 балдын тегерегинде жер титирөө байкалды. Акыркы маалыматтарга караганда 70тен ашуун киши жер титирөөнүн курмандыгы болду.

Миррахимов каза болду
Академик кардио-хирург Мирсаид Миррахимов каза болду
Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Мирсаид Миррахимов 2-октябрда 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Академик менен коштошуу 5-октябрда өтүп, анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.




 

Дүйнө дүбүрт
Осетия тынчый элек
Түштүк Осетиядагы жардырууда алты аскер менен катар орус армиясынын бул аймактагы кол башчысы да каза тапты.
Түштүк Осетия аймагы боюнча Орус армиясынын бирдиктүү штабынын жетекчиси полковник Иван Петрик Цхинвалидеги кеңсесинин алдында турган машина жарылганда каза болду. Орусиянын коргонуу министрлиги бул окуяны "террористтердин аймакта тынчтыкты калыбына келтирүүгө бут тосуусу" деп баалады. Грузиянын ички иштер министрлиги бул окуяны орус аскерлеринин чыгарылышына жол бербөөнүн айласын көздөгөн провокация деп мүнөздөдү.

Мурдагы футболист азыр каракчыбы?
Америкалык мурдагы футбол жылдызы Оу Жей Симпсон каракчылыкта жана киши уурдоодо күнөөлүү деп табылды.
Лас-Вегас соту 61 жаштагы Симпсондун мындан бир жыл мурда эски эстелик, аманаттар менен соода кылган эки дилерди карактап кеткендигин далилдеди. Декабр айына белгиленген сот ишинде ал өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Уулуу сүттү Россия ким алып келди?
Кытайдын ууланган сүт камтылган балдар азыгы Орусияда табылды.
Орусиянын азык-түлүк көзөмөлдөө инспекциясынын билдиргенине караганда, Кытай-Орусия чегарасына жакын Хабаровск шаарында курамында меламин уулуу заты бар деп шектелген эки миң тонна кургак сүт табышкан. Кытайда төрт ымыркай жана 53 миңден ашуун бөбөктүн уулануусуна алып келген сүт окуясынан кийин, Орусия Кытайдан импорттолчу сүт азыктарына ушул аптанын башында тыюу салган эле.

Багдадда жардыруу
Багдаддагы жардыруудан кеминде 16 адам каза болду.
Ирактын борбор калаасындагы жардыруудан 16 адам каза болуп, отуздан ашуун адам жаракат алды. Ыйык рамазан айы аяктаганын белгилеп жаткан шийи мусулмандарынын эки мечитинде жанкечтилер бомба жардырышкан. Анын алдыңкы күнү Балад шаарында дагы мечитте мина жардырылып 4 адам каза болуп, бешөө жаракат алган.

Банктар банкрот болууда
Европалыктар очорулган банктарын сактап калуунун айласын кылышууда.
Берлинде өкмөт өлкөнүн эң ири экинчи карыз берүүчүсү Хипо Риел Естейтти сактап калуу тууралуу чукул сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Мындан бир нече күн мурда аны 48 миллиард долларга алам деген консорциум бул пландан кечээ баш тартты. Белгия менен Люксембург өткөн аптада Даниядагы бөлүмү мамлекеттештирилген Фортис аттуу камсыздоо банкына аларман издеп жатышат.

Путиндин аты Чеченстанда
Чеченстандын баш калаасындагы борбордук көчө Владимир Путиндин аты менен аталды.
Бул тууралуу жардыкка жумурияттын башчысы Рамзан Кадыров кол койгон.

Эвересттен секирүүнү эңсегендер
Үч парашютист Эвересттин үстүнөн секиришти
Жаңы Зелландиялык Уенди Смит, британиялык Холи Бадж жана канадалык Нейл Жоунс Эверест чокусунан 142 метр аралыкта учуп бараткан учактан секирип, тоону айланып каалгып жүрүштү да, тоонун этегиндеги түздүк жерге келип конушту. 10дон ашык өлкөнүн 30 парашютисти да алдыдагы күндөрү ушундай секирик жасоону пландап жатышат.

www булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы




Кыргызстанда жоголуп кетүү, атып кетүү күчөп баратат
Акыркы мезгилде Кыргызстанда адамдарды уурдоо же атып кетүү оңой эле иш болуп калды көрүнөт. Депутат Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы уулу Бактияр Амражанов 24-сентябрда эртең мененки саат 7:45 уулу Тумарды 4-кичи райондогу №133 бала-бакчага жеткирип барган. Ал уулун жетелеп бала-бакчага киргенде анын аркасынан кара көз айнек тагынган эки жигит, баш кийимчен эки жигит акмалап барышкан. Бактияр бала-бакчадан чыгып келатканда аны күтүп турган төрт бала жабылып, аны автоунаага салууга аракет кылышкан. Чымыр денелүү, узун бойлуу Бактияр үчөөнү тоголото койгон. Алар куралдарын алып чыгышып кайрадан жабылып, бирөөсү анын артынан секирип тапанчанын кыры менен башка беш-алты жолу урган. Кулагынан кан кетип алсырай түшкөндө, бирөөсү тапанчаны оозуна такап, автоунаага түшүүгө буйрук берген. Алар Бактиярды авто унаага отургузуп алып кетишкен. Окуяга бала-бакчанын жанындагы мектептин мугалимдери, окуучу балдар күбө болушкан. Уулунун кылмыш дүйнөсү менен эч бир байланышы жок, карта же казино оюнун ойногон эместигин айтып зар какшап жүргөн учуру. Депутат президент Курманбек Бакиевдин жеке кабыл алуусунда болуп, уулунун белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын маалымдаган. Өлкө башчысы бул ишти Улуттук коопсуздук кызматына тапшырып, өзү көзөмөлгө аларын айткан. Бактиярдын автоунаасы, чөнтөк телефону дагы табылбай жатат. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп Октябрь райондук ички иштер бөлүмү издөөгө алды.
30-сентябрдан бери дайынсыз экендигин жана бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазгандыгын кабарлаган. Р.Шаботоевдун жубайы ал досу менен Бишкек шаарындагы "Майкл" кафесинде отурган жеринен таңкы саат 3 төр чамасында (жарыктык киши түнкү үчтө кафеде эмне кылып жүргөн?) официант аркылуу бейтааныш бирөө чакырып кеткенин айтты. 20 мүнөттөн кийин чөнтөк телефону өчүрүлгөн жана кайда, кимдер менен кеткени белгисиз бойдон калган. Туугандары, досторунун баарынан сураштырганда эч кимиси билбегендигин айткан. Учурда аталган кафенин кызматкерлери, официанттар сурак берүүдө.
4-октябрда эртең менен саат онго чукул Рысбек Акматбаевдин жакын тууганы Кубанычбек Коноев автоунаасы менен Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү менен кетип баратканда прокуратуранын жанынан аны белгисиз адамдар автомат менен атып кетишкен. Коноев автоунаасы менен бакты сүзүп барып токтоп, ошол жерде жан берген. Ал эми аткандар БМВ жана Мерседес маркасындагы машинада болушканын, Бишкекти карай качышканын кабарлашууда. К.Коноевдин балдары Нурлан Коноевди 2006-жылы август айында, Мирлан Коноевди, 2007-жылы апрелде атып кеткен. Учурда Облустук жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Байкап көрүңүз окурман акыркы учурларда саясатта туруксуздук башталганда крим чөйрөсүндө да баш көтөрүү, кыймыл башталат. Ошентсе да жашоодон үмүт үзбөй жакшылык жагына ооп, жогорудагыдай кылмыштардын бети ачылып, жашоонун жакшы нугуна бурулат деген үмүттө жашайлы.
Сок Билек