Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Cаякат

Нурзадага эргүү берген жумуртка
"Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" демекчи, бүгүн дагы адатыбызча саякатка чыктык. Бул жолу тилинен бал тамган, "Кыргызстан обондору" радиосунун ди- джейи Нурзада Жолдошеванын архивин казып отуруп, кызыктуу нерселерге күбө болдук. Анда сиз дагы биз менен чогуу саякаттаңыз.

Жумурткадагы уйкучу бөбөк
Жаңыдан башын жумурткадан чыгарып жаткан бул уйкучу бөбөктү ойготуу үчүн артындагы ачкычын бурасак, жөн ойгонбостон жан эргиткен жагымдуу музыканын коштоосунда ойгонот экен. Чарчап-чаалыгып турганда Нурзаданын маанайын көтөрүп илхом жаратат. Кошумчалай кетсек, бул белекти кесиптеши Жылдыз Белекованын жолдошу Рустамдан 15-декабрдагы туулган күнүндө белекке алган.

Сулайман тоонун боз үйү
Бул боз үй ат арытып, жер карытып ордолуу Оштогу Сулайман тоодон келген. Келечекте Нурзададай ди-джей болууну самаган Саламат Ош жергесине конок болуп жүргөндө атайын Сулайман тоодон сүйүктүү ди-джейине бул белекти ала келиптир. "Мен ушундай күйөрмандарым менен сыймыктанам жана бул белек жанымда жүрсүн" деп ачкычыма тагып алгам дейт ди-джей кыз.

Зодиак белгиси түшүрүлгөн пирамида
Жакшы көргөн адамыбыздын сүйүп жеген тамагынан баштап, кайсы жерде жашаарын, качан туулганын билмейинче жаныбыз жай албай ошолорду билүүгө аракеттенет эмеспизби. Алардын катарында бал тилдүү ди-джейдин дагы бир күйөрманы анын зодиак белгиси түшүрүлгөн пирамиданы, "Ушул пирамидадай ар дайым бийик бол" деген максатта Москвадан алып келип, белек кылган. Бул белек Нурзадага башкалардан өзгөчөлүгү менен жагат.

Жаныбарлар дүйнөсү
Жаныбарларды абдан жакшы көрөөрүн билген фанаттар Нурзаданын үйүн жаныбарлар дүйнөсүнө айлантып коюшуптур. Айта кетсек Нурзада жолборсту аябай жакшы көрөт. Андыктан, анын күйөрмандары эмне белек кылаарыңызды билбей баш катырып жатсаңыз, эч ойлонбостон жолборсту тандасаңыз болот.

Өзү менен тең аюу
Ушундай чоң аюуну Эдита Нурзаданын өздүк майрамы болгон туулган күнүнө белек кылган.

Кадырлуу окурман, бул Нурзаданын архивиндеги буюмдардын бир чети эле болду. Алардын баарын баяндап отурсак сөз жетчүдөй эмес. Сиздерге эң оригиналдуусун гана сунуштадык. Нурзада Жолдошеванын ардактуу күйөрмандары сиздер берген ар бир белек ди-джейдин текчесинде тизилип, кадырлуу орунга ээ болуп турганын айта кетсек ашыкча болбос.




Алты жашар Гүлзаданын арзуусуна айланган Мирбек
Бийиктеги жылдыздарга кол сунуп, сүйүүсүн арнап, таттуу кыялдарын билдире албай жүргөн фанаттарга шарт түзүп, фанклуб аттуу рубрика ачканбыз. Фанклубдун бүгүнкү коногу кара тору ырчы Мирбек Иманбековдун фанаттары Астра жана Гүлзада болмокчу.


Кичине болсо да Мирбектин ырларын жатка билип, жада калса бийлеген кыймылдарын так өзүндөй аткарган алты жаштагы Гүлзаданы көрүп, таңданып суроо узаттык. Кошумчалай кетсек, Гүлзада эжеси Астрадан Мирбекти талашып ар дайым урушат экен.
- Гүлзада, Мирбекти канчадан бери жакшы көрөсүң?
- Концертке барганда мени Мирбек байке көтөрүп сүрөткө түшкөн, анан бетимен да өпкөн. Ошондон кийин сүйүп калгам. Ал сулуу ээ.
- Мирбек үйлөнөм десе тиесиңби?
- Алса тием да.
- Астра анда сөз сенде… Мирбек жөнүндө эмне айтасың?
- Билесизби, алгач мага Мирбектин бетиндеги уячасы, карагаттай кара көздөрү мени өзүнө жипсиз байлап алды десем болот. Анын жүрөгүнүн тазалыгы, адамга болгон мамилеси кандай гана кыз болбосун өзүнө багынтаары шексиз. Анан да ал экөөбүздүн көп сапаттарыбыз окшош экен. Мен Францияны аябай жакшы көрөм. Мирбек дагы ушул шаарды жактырып, Парижге барууну каалайт экен. Бир убактарда мен жыланды басып алып, ошондон кийин жыландан абдан коркуп калгам. Анын бир маегин окусам, ал да жыландан коркот экен. Көрсө ал да кичинекейинде жыланды басып алган тура. Бул жердеги бир гана айырма мен сары жыланды бассам, ал кара жыланды басып алыптыр. Жада калса мага жаккан ак түс ага жагаарын билип, абдан таң калдым. Ушундай окшоштукка экөөбүз тең таң калдык.
- Сен Мирбекти чайга чакырдың беле, балким мындан да жакын болуп кетээрсиңер?
- Бир жолу үйгө келип, ата-энем менен таанышып, чай ичип кеткен. Бирок, тилекке каршы ооруп жатканыма байланыштуу тура алган эмесмин. Апам келип ойготсо да туралбадым. Себеби бутумдагы аппапак байпагым кир болчу. Ошондон уялып жолуккан эмесмин. Өкүнүчтүүсү бул менин түшүм болуп чыкты. А чыныгы жашоомдо чайга чакырган эмесмин.

Тагдыр деген ушунчалык татаал
тура,
Адамдын маңдайына жазат тура.
Түшүңдө көргөнүңдү өңдө бербей,
Түн уйкуңдан ойготуп кыйнайт тура.

Кара көз
Жанымдан артык көрөм бир өзүңдү,
Телмирип тиктей берем сүрөтүңдү.
Жиби жок мени өзүнө байлап алган,
Карай берем карагаттай көздөрүңдү.

Кара көзүм карааныңды көрсөтчү,
Мени карап мүнөзүңдү өзгөртчү,
Сезимдеги сага деген арзуунун.
Сагынычын, кайгыларын бөксөртчү.

Окурман, биздин бүгүнкү коноктун жазган ырларын, арзуу каттарын окуп отуруп айымдар эле эмес, мырзалар да ушинтип сүйөт бекен деген ойго кептелдик. Эмне дейбиз, ар бир адам бул бир келген өмүрдө бактылуу жашаганга акылуу. Андыктан Астра өз шеригин таап, бактылуу болушун тилейбиз. Эгер сиз да кимдир бирөөнүн фанаты болсоңуз биз менен байланышыңыз.