Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шыр маек

Алмаз Касымалиев:
"Заринаны Заманадан таптым"
Орчундуу маалыматтардан артта калтырбай ар дайым жаңылыктарды өз учурунда жеткирип турган улуттук телерадио компаниясындагы "Мекеним мейкин", "Ала-Тоо" берүүлөрүнүн алып баруучусу жана жооптуу редактору Алмаз Касымалиев менен маек.

- Жайкы эс алуу да көз ачып жумганча өтүп кетти. Сөз башында сиз кандай эс алдыңыз дегим келип турат?
- Негизи журналисттерде эс алуу аз болот. Жайы-кышы дебей эмгектенип жүрө беребиз. Өзгөчө улуттук телеканалда. Жайында көбү эс алууга кеткени менен бизде машинанын дөңгөлөгү чимириле берет. Алардын катарында жайындасы мен да эс алган жокмун. Анткени көбүнчө күзүндө эс алганды жакшы көрөм. Биринчиден күн салкын экинчи жагынан бышыкчылык болот. Дасторконду жайнатып коюп үйдө эс алып аны менен бирге эле үй-тиричилигимдеги майда-барат жумуштарды бүтүрүп койгонго не жетсин.
- Алгачкы эфирге чыккан күнүңүзгө бир кайрылып кетсек кантет?
- Эң алгач радиодо иштедим дебедимби. Ошондо радиодо түз эфирде экономикалык бир баяндаманы алып чыгыш керек болуп калды. Нурлан Тиленчиев деген бир байке менен чогуу иштечүбүз. Ал колун шилтеп мага ишарат бергенде мен жаттап алган ырды айткансып, төрт сүйлөмдү шатыратып окуп берип коюп, токтоп отуруп калып, эфирден чыксам жетекчилердин "жаш балача декламация жаттап алып айткандай эле болдуң го" деп күлгөнү эсимде. Кудайга шүгүр ошентип аксап жүрүп, жетишпей, билбей, жаңылып атып, кеп-кеңештерди туура кабыл алып акырындан иштеп келе жатабыз.
- Түз эфирде ар кандай жагдайлар болуп кетиши эч кеп эмес турбайбы. Ушул журналисттик кесиптин күнгөй-тескейлерин айтып бериңизчи?
- Журналисттик кесиптин кыйынчылыгын ар бир адам өзүнүн профессионалдуулук деңгээлине жараша тартса керек. Иштин көзүн жакшы билбесең көбүрөөк кыйналасың. Ишке өзүң жан дилиң менен аракет кылып жасап жаткан жумушуңа туташып кетсең оңой эле болот. Мен кайда болбоюн алып баруучулукка көбүрөөк басым жасадым. Негизинен биздин иштин сынчысы, баалай турганы бул көрүүчүлөр. Мен өзүмдү өтө эле кыйратып жибердим деп мактай албайм. Бирок өзүмдүн ал-күчүмө, дараметиме, деңгээлиме жараша иштеп жакшы эфирлерди алып барып, элдин көңүлүнө жага турган көрсөтүүлөрдү даярдаганга аракет кылып эле келатам.
А кыйынчылыктарын айтсам материал тартканга барган учурларда түрдүү окуяларга туш болосуң. Кээде эки жакта жаакташып аткандардын ортосуна түшүп каласың. Экөөнүн оюн уга албай калсаң бир тарап капа болот. Ал эми тескерисинче кээде калыс болуп урушкандарды жараштырган учурлар да көп кездешет.
- Кээде капа кылып алган учурлар кездешет дедиңиз. Туура эмес маалымат берип коюп уруш уккан учурларыңыз болду беле?
- Андай учурлар болгон. Жогорку Кеңеште шайлоо жүрүп жаткан убак эле. Маалыматты жаакташып жаткандардын бир тарабынан алып, экинчи жакка телефон чалып таба албай калып, жаштык кылдыкпы же убакыттан уттурдукпу айтор, 70%ы бир тарапка оой турган маалыматты эфирден берип алып он беш күн эфирге чыкпай жумуштан калып жүргөм. Бул албетте корккондук эмес, жөн гана ошол маселенин түпкүрүн териштип жүргөнмүн десем болот.
- Ошондой кыйын кырдаалга кабылганда баарына кол шилтеп коюп башка жумушка кетип калсам же болбосо бүгүнкү күндүн популярдуу жумушу болгон "бизнес" менен алектенсем деген ойлор болду бекен?
- Албетте андай учурлар болот. Себеп дегенде жолдун жээгинде кетип баратсаң кычыраган жакшынакай машина айдап баратса же жакшы нерселерди жасап атса ошого да кызыгасың. Балким бизнеске ооп кетсемби, ушул адамдар эмне менен алектенет болду экен. Ошолордун ордунда мен деле болуп калбайт белем деген ойлор келет. Бирок баары бир деле бул жумуштан кете албайм. Бизден мурда иштеп кеткендер айтып калышчу эле "ушул жерге кирген киши эмнегедир саз соргонсуп ушул жакка тартылып турат" деп мунун да чындыгы бар экен.
- Эфирге чыгып бара жатканда атайын өзүңүздүн ырым-жырымыңыз барбы?
- Мусулман баласы кандай ишке кадам таштабасын бисмилла дейт эмеспи. Алардын катарында мен дагы эфирге кирип баратканда бисмилла деп алып чыгам.
- Жаңылыктарды алып барууда титрге жетишпей калган учурлар да болсо керек?
- Андайлар көп эле болгон. Айрыкча мен жаңы Ала-Тоого келгенде "суфлёр" менен мурда бир да иштеп көргөн эмесмин. Экинчи, үчүнчү эфирлеримдин биринде текст кетип баратып эле суфлёр иштебей өчүп калды. Андай учурда ар кандай болуп кетиши мүмкүн эле. Бирок, мен эмнегедир дал ошол текстти кайра-кайра жазып атып эсиме сакталып калыптыр. Ошол себептен мен коркпой өзүм окуп кеттим. Эфир бүтүп чыксам "Ой кантип окудуң, же баракты карабадың, суфлёр өчүп калганда биздин жүрөгүбүз түшүп калды, азаматсың" деп колдоп калышты. Бул да болсо бактылуу учур болуп калды. Кээде текст чуркап кеткен учурлар деле болот. Анда эфирдин ыкмаларына жараша дем алымыш болуп, же тамакты түздөмүш болуп сыртка билдирбегенге аракет кылабыз.
- Жеке жашооңуз жөнүндө кеп козгосок, сизди аябай кыз жандуу деген сөздөрдү кулагыбыз чалган болчу. Буга кандай дейсиз?
- (Күлүп) Мындай сөздөрдү ким айтып жүрөт билбейм. Балким мени тамашалагысы келгендер же жинине тийгендер айтса керек. Мен негизи аялзатына сый мамиле кылганга аракет кылам. Аялзаты ошол эле менин апам, эже-карындаштарым. Анекдоттордо айтылгандай кээде эркекчилик мүнөз кармап жаш кездерде кыз жандап жакшы мамиле түзсөк керек. Бирок өтө эле алар менен ойноп, жаман сөз менен айтканда жалжаңдашып кеткен жокпуз. Өзүнүн чеги, урматы, сыйы менен болдук десем жаңылышпайм.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып өтсөңүз. Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- Биз БГУда журналистика бөлүмүндө чогуу окуганбыз. Ал бизден бир курс кийин окучу. Окуу жайда бири-бирибизди көрүп, сыртыбыздан эле тааныганыбыз болбосо, саламдашкан да эмеспиз. Кийин теледен деле көрүп жүрчүмүн. Анда деле мамилебиз жок болчу. Анан эле "Заманага" 2004-жылдары барып калды. 2005-жылы экөөбүз чогуу эфирге чыга баштадык. Чогуу эфирге чыккан соң бир эшиктен кирип, бир бөлмөдө отуруп материалдарды даярдап жатканда ар кандай окуялар, учурлар болот. Ошол нерселер адамдын ким экенин көрсөтөт. Балким, ошондон улам мүнөзүбүз жакындашып, жылдызыбыз келишип калдыбы, айтор ошондон кийин эле бир жылга жетип жетпей чогуу түтүн булатып калдык. Кыскасы Заринаны "Заманадан" таптым. Азыр Нурдан деген бир уулубуз бар. Балабыздын атын чоң эне, чоң атасы Нурданып, нур чачып турсун деген аруу тилек максаттары менен коюп берген.
- Зарина эже ашканада, үйдө кандай кожойке?
- Ал жааттан адамды алдыга салдырбаган мыкты деп айтсам болот. Өзү көп жылдардан бери журналисттик кесип менен алпурушуп келатканы менен ашкана сырларын үйрөтүүчү китептерди жыйнап алып эле дасторкон бетин түрдүү тамактар менен жайнатып койгонду жакшы көрөт.
Зарина Эсенбаева - келинчеги:
"Алмаз эч качан жаман кадам шилтебейт"

- Зарина эже, акыркы убакта теледен көрүнбөй калганыңыз көпчүлүккө табышмак болууда, эмне менен алексиз?
- Бир жылдан бери декреттик эс алууда жүрөм. Балабыз Нурданчиктин 1 жашка толуп, тилинен бал тамып, ар нерсени божурап сүйлөп турган чагы. Ушул убакка чейин эч жерден, эч кимден көрбөгөн бакытты эне болгондо көрдүм. Балалуу болгондогу энелик бакытты сөз менен жеткире албайт экенсиң. Эң эле керемет, эң эле таттуу убакта баламдын жанынан чыга албай жүрөм.
- Сиз орус тилинде, Алмаз байке кыргыз тилинде алып барганыңар жалпыга маалым эмеспи, ал эми Нурданды кайсы тилде тарбиялайсыңар?
- Тили "мама" деп чыкты. Нурданды англис тилинде сүйлөтөлү деп жатабыз. Мен орусча, Алмаз кыргызча, Нурдан англисче сүйлөгөндө сонун эле көрүнүш болот да (тамаша) Кыргызча, орусча сүйлөйт. Кээде "жүр" десе, кээде "дай" деп эки тилде сүйлөп боорду эзет.
- Алмаз мырза үйдө кандай кожоюн болду экен?
- Аябай жакшы. Үй тиричиликке ар дайым жардам берет. Айтканды орундатып, кылган ишине жоопкерчилик менен карайт. Кээде конокко барып калсак баланы караганга жардам берсе, курбуларым таң калып "Ой сенин жолдошуң балага карашат турбайбы, биздикилер болсо кылчайып да коюшпайт" деп калышат. Кудайга шүгүр көз тийбесин, азыркы учурда көбүнчө жумушта болгондуктан колу бошоп калганда эле биз жакка чуркап келип жардамын аябайт.
- Алмаз байкени кызганасызбы?
- Сүйүү бар жерде кызганыч албетте болот. Чектен ашык кызганбайм. Себеби мен Алмазга ишенем, эч качан жаман кадам шилтебейт. Мен деле ал жердин тузун татып иштеп калдым. Жумуштун оордугун туура түшүнүү менен карайм. Алгач кайда жүрөсүң эмне кылып жатасың деп чалганым менен азыр үйрөнүп калдым.
- Сизди эми теледен көрө алабызбы?
- Азыр жаңы долбоорду ойлонуудабыз. Кудай буюрса ноябрларда жумушка чыгам.

Маектешкен
Нурзат Жусупова