Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
Обон - шоу
times
Айткан сөзүнө турбаган Азиз Жетигенов
Ушинтип айтууга аргасыз болдук. Мындан 2 жума мурун гезитибиздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикасына ырчы Азиз Жетигеновду чакырган элек. Алгач өзү менен байланышканда "Макул, 18-сентябрда бош болом, анонс бере бериңиздер"-деп убадасын берген. Белгиленген убакыт жакындап калганда дагы бир жолу эскертип коёлу деген ниетте телефон чалсак бир жигит алып: "Бул номерди жакында эле сатып алдым, мен тууганы болом. Азиздин карындашынын номерине чалыңыздар"-деп башка номер берди. Ага байланышсак Азиз жанында жоктугун айтып кечирээк чалгыла деди. Ошондон тартып 1 күн эмес 3 күн бою бир нече жолу байланышып да Азиздин кармай албай койдук. Бул аралыкта бизге жанында туруп алып эле жок дедирип жаткандай туюлду. Эмнеси болсо да он сегизине деп башында сүйлөшкөндөй өзү билип келе береттир деген ой менен күйөрмандарын жолугууга чакырдык. Тилекке каршы, ал күнү Азиздин караанын да көргөн жокпуз.Кыязы унутчаак окшойт. Күн-түн дебей карындашынын тынчын алдык эле, кантип бир ооз "Обондон" чалды деп агасына айтпасын...
Азиз мырза, редакцияны болбосо да алыстан ат арытып тээ Көлдөн бери жумушун, сабагын таштап ырчынын чыгармачылыгын сыйлап келген күйөрмандарын урматтап бир кабарын билдирип койсо жигиттик кылмак.
Кызыгы, тамашакөй күйөрманбы же чындап эле айттыбы "Азиз Жетигенов деген жигитпи өзү?" деп суроо койгон сулуу кызга аргасыз жылмайдык...
Ж. Калдарова




Исламдын ийгилиги
Быйылкы жыл маданиятыбызда жемиштүү жыл болуп, ийгиликтер жаралып жатканы жалпыбызга маалым. 4-5-октябрда кереметтүү Ысык-Көлдүн "Рух ордо" комплексинде боло турган Эл аралык "Чолпон жылдыз 2008" фестивалына 19-сентябрь күнү кыргыз эстрада жылдыздарынын арасында тандоо туру болуп өттү. Сынакка Силима, Ома, Гүлзинат, Замир Мырза, Айжан Газиева, Эрмек Мамытов, Жанетта, Ислам Акматов, Айгүл Асанкожоева, Нурзат Садыкова жана Нена катышып ийгилик жолдомосу Ислам Акматовго буюрду. Тактап айтканда 18 мамлекет катышкан бул фестивалга Кыргызстандын атынан Ислам өз өнөрүн тартууламакчы. Мекендешибизге ийгилик каалап акжол демекчибиз.




Бегимайга 14 миң сомдук чынжырча белек кылынды
"Аккан арыктан суу агат" демекчи белгилүү куудулдар Токторбек жана Жаңыл Бекбоевдердин кызы Бегимай Бекбоева тобун кеңейтти.
Бул топто алты таланттуу уул-кыздар эмгектенүүдө. Кошумчалай кетүүчү нерсе ырчы кыздын чыгармачылыгын баалаган күйөрманы Кеминде берип жаткан концерттен соң бардык эмгек жамаатын үйүнө чакырып коноктоп, моюнуна 14 миң сомдук алтын чынжырчаны таккан. Белектен баш тартканына карабай, бул жөн гана чыгармачылыгын баалагандык экенин билдиришкен. Анан дагы Nokia 7272 маркасындагы уюлдук телефон тартуулаган.

Даярдаган Нурзат Жусупова