Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жашынмак

Буга чейин өнөр адамдарынын жетишкен ийгиликтерин, чыгармачылыгын, жеке жашоосун, күнүмдүк жаңылыктарын гезит бетине жарыялап келсек бүгүн алардын ички жан дүйнөсүн текшермекке айрым ырчылардын телефонун бурадык.

Абидинден балалуу болгусу келген күйөрман кыз
- Алло, саламатсызбы, Абидин акени мүмкүн бекен?
- Угуп жатам.
- Абидин аке кандайсыз, ден-соолугуңуз жакшыбы, бул сиздин күйөрманыңыз Назира.
- Аа, жакшы. Рахмат, өзүңөр кандай?
- Жакшы, рахмат. Мен өзүм Түркияда иштейм. Бул жакка келгениме 1 айдын жүзү болду. Сизди бала-чагымдан кумир тутуп, ал тургай кассеталарыңызды Түркияга алып барып, жарыялап жүрдүм. Сизге деп атайын Түркиядан "Абидин" деген жазуусу бар чынжырча жасаттым эле. Жолугуп берсем болобу. Бир жерден жолукпайлыбы?
- Ха-ха-ха. Аныңызга рахмат. Силер ошол жакта окуйсуңарбы?
- Жок, иштейм. Ал жөнүндө жолугушканда айтып берем. Андан көрө жолугалы.
- Мен Учкунда жашайм.
- Аа мага жакын эле жерде экенсиз. Мен Тунгуч кичи районунда турам.
- Аа, Тунгучтабы?
- Эгер убактыңыз болсо үйгө келсеңиз, сизге оштун "ашын" басып берейин. Үйдүн дарегин айтайынбы?
- Мейли го, бирок азыр бош эмес элем да.
- Сиздин жубайыңыз барбы?
- Бар, ал азыр Чехияда.
- Ий, жалгыз жашайсызбы?
- Жоок, мамашам менен турам.
- Кир жууп, тамак жасагандан кыйналган жоксузбу?
- Жо-ок, кыйналбай эле.
- Кыйналсаңыз мен жаныңызда экенмин. Ал жагынан жардамымды аябайм сизден.
- (Күлүп) ой рахмат.
- Сизге кандай кыздар жагат, кебетеси кандай болуш керек?
- "Порядочный" кыздар жагат. Кебетеси татынакай болсо…
- Анда мен сиздин кыялыңыздагы кыз экенмин да. Мага сиздей болтогой эркектер жагат.
- (бир саамга унчукпай туруп) Ашты башка күнү жейли ээ Назира.
- Ой кокуй, сиз ушинтип койсом эле кача баштадыңызбы?
Конок кылып чакырып жаткандан кийин келе бербейсизби. Сизден башкасын чакырсам деле келет негизи.
- Мейли анда чакыра бергиле.
- Биринчи сизди чакырып жатпаймынбы, эртең башкасын чакырам, планды бузбаңызчы.
- Кандай дейсиңер… Муну кантип түшүнсө болот?
- Жашоо ошондой да.
- Башка күнү жолугалы ээ.
- Сизге бир нерсени айтсам качпайсызбы?
- Жок, айтчы деги.
- Мм… Ачыгын айтсам сизден тукум калтыргым келет.
- (Бир топко чейин ойлоно түшүп) Апе-ей, кой анда сага жолугуунун пайдасы жок экен.
- Суранам сизден, сиздин балаңыз экенин эч кимге айтпаганга сөз берем.
- Ал баланын тагдыры, келечеги деген болот, анын убалынан коркпойсуңбу?
- Ал жагын мен тейлейм. Сиз ойлонбоңуз, ага ата табыш оңой эле.
- Омеей, сен кыпкызылсың го. Азыр ушинтип атасың, сен өзү канча жаштасың?
- 19дамын.
- 19 да болсоң Түркияда кантип иштеп жүрдүң?
- Ал жакта түрккө турмушка чыккан эжем жашайт. Алар бай турушат. (Оор үшкүрүп) Эх Абидин аке, менин тагдырымды уксаңыз мени түшүнмөксүз.
- Кыскача айтып берчи.
- Ата-энем жок, жетим өсүп, бардык кыйынчылык башымдан өткөн. 7-классымдан Түркияга барып намысымды, абийиримди түрктөргө тебелетип, көрбөгөндү көрдүм. (Ыйламсыраган үн менен) чынын айтсам баарынан көңүлүм калды. Менчелик кор болгон адам жоктур. Түрктөрдү көргөндө аллергиям кармайт.
- Мм… да… өзүң кайсы жерде ким менен жашайсың?
- Курбуларымдын үйүндө турам. Эми күйөөгө деле тийбейм. Ошон үчүн бир бала төрөп алайын деп атпаймынбы.
- Төрөгөнүң менен жашаган жериң барбы?
- Эжем жакында үй алганга акча жөнөтөт. Андан көрө экөөбүз машинаңыз менен үй караштырбайлыбы?
- Сен менен үй караганга менин убактым жок. Мен сени тааныбай туруп жардам бералбайм. Сеникиндей тагдырлар баарыбыздын башыбызда бар.
- Кезигишсек таанышат элек да. Балким менин бактым сиздедир. Сиз менен бактылуу болгум келет.
- Ай, абайлап сүйлөп жатасыңбы? Ойлонуп сүйлөгөндөр минтип тантырабайт. Сразу эле менин бактым сенде дебей сен өзүң жасап ал баарын. Менин өзүмдүн үй-бүлөм, бала-бакырам бар, сен бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгандан коркпогон кандай немесиң, ыя?!
- Мен деле бактылуу болушум керек да. Сүйүп калсам эмне кылайын?
- Бул жерде менин кандай тиешем бар. Догурунган кандай немесиң. Өзүңдүн ким экениңди айтып койдуң. Эмне мага милдет кыласың?
- Не ужели сиздин койнуңузга кире албайм. Мойнуңуздан бек кысып эркелегим келет.
- Акыл-эсиң ордундабы, сенин ай кыз? Ар кимге барып сүйөм дегендин өзү туура болобу, айтчы. Сен соосуңбу же массыңбы?
- Мен арак ичпейм. Орозодо кантип алдайын сизди.
- Орозо кармайсыңбы?
- Ооба.
- Ушу сен орозо кармабайсың го бул кейпиң менен. Хорошо, мындан кийин мага чалам деп ойлобо. Ызаатыңдын барында акылыңа кел. Болбосо… -деп Абидин агабыз жинденип, ачуулана баштаганда "Обон" гезитинен тамашага салып жатканыбызды билдирдик.
Ха-ха-ха. Ушинтесиңер да. Аябай ишенип алыпмын.
- Рахмат сизге. Чыныгы жашооңузда мындай жагдай болбосун.




Анжелика кайырчыга жардам берейин деп…
Абидин Темировдун ички эмоциясын билгенден соң, кийинки "Жашынмакты" жаш ырчы кызыбыз Анжеликага байланышуу менен уланттык.

- Алло, Анжелика.
- Да, угуп жатам. Бул ким?
- Мен сенин күйөрманың Аселмин. Сенин Ахунбаев көчөсүндө чач-тарачың бар турбайбы. Мага сенин жардамың керек болуп жатат.
- Кандай жардам? Айтсаң.
- Мен өзү өгөй эненин колунда көз каранды болуп өскөнмүн. Бешенеме өз күчүм менен окууга өтүп, окуп жатам. Бүгүн группалаштарым менен бир кечеге бармакмын. Ошого чачымды жасатайын десем акча тартыш болуп жатат. Сен бекер жасатып бераласыңбы?
- Так, атыңды ким дейсиң? Макул эми жасатып берейин. Мен бүгүн 12-30 да чач - тарачка барам. Саат 1-00гө ошол жерге келсең мастерлер менен сүйлөшүп берем. Азыр кайдан чалып жатасың?
- Автоматтан чалып жатам. Сенин жардам берээриңе ишенип кайрылдым эле чоң рахмат. Кантип боёнушту дагы үйрөтөсүң да ээ. Сенин боёнгонуң мага абдан жагат.
- Бул жакка келсеңер альбомдор бар. Ошондон өзүң карап тандайсың.
- Иий Анжелика, дагы бир нерсе сурайынбы…
- Эмне, айт, айта бер.
- Ишенсең кечеге кийип барганга көйнөгүм да жок болуп жатат. Орозонун күнүндө мага сооп иш жасачы. Сенин көйнөктөрүң көп эле болуш керек.
- (Күлүп) Бар эле, көп эле эми, бирок, ал менин өзүмө чактап тигилген да. Бара берчи тиякка, анан сүйлөшөбүз.
- Мынча болду айтайын эми. Бетим деле калган жок көрүнгөндөн кийим сурап. Бутумда туфлим же сумкам жок. Эмне кылаарымды билбейм. Биротоло жардам берчи суранам.
- (Унчукпай туруп, таң кала) Кызык, сен канчанчы размер киериңди мен кайдан билем?
- 36 кием.
- Аа, анда туура келет экен.
- Ии баса, акча да чогултуп атканбыз. Сен бай жашайсың го. Чогулткаң акчаң болсо берип турбайсыңбы?
- Ой, бул эмне дегениң. Макул деген сайын эле күчөп баштадың да.
- Жинденбечи эми. Элдин адамы болгондон кийин чыдайсың да. Сеникиндей күйөөгө тийгим келет.
- Эй, нормальный эле кызсыңбы өзү. Эмне деп эле дөөдүрөп жатасың. Сен каяктагы кызсың өзү?
- Болдучу эми. Саат 1 де бара берейинби?
- Келчи сени көрөйүн.
- Мен айткандын баарын ала бар макулбу?
- Ал менин ишим, сен мага приказ бергидей кимсиң?
- Мен "Обон" гезитинин кабарчысымын.
- Аа это, туфлим дагы жок деп коёт. Аябай жиним келе баштаган, өлө артистсиңер го.
- Рахмат сага, ар дайым ушундай кең пейил болуп, жөнөкөйлүгүңдөн жазба.

Уюштургандар Ж.Калдарова, А.Султанова