Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон - шоу
times

M & B студиясы Aidar Prodaction болуп өзгөрдү
Белгилүү клипмейкер Мырза Айдаралиевдин M & B студиясы эми Aidar Prodaction деген жаңы ат менен иштей баштайт. Бул студия буга чейин жаш эстрада ырчыларынын клиптерин, документалдуу фильмдерди ошондой эле "Шайтан араба" кинотасмасын тартып эл алдына сунуштаган.
Мырза байкенин айтуусуна караганда мындай өзгөртүү чоң атасы Айдараалы жана өзүнүн тун уулу Айдарга байланыштуу экен. Кошумчалап өтсөк Айдар деген ысым алардын үй-бүлөсүндө эң ыйык экендигин айтып өттү. Жаңы аталыш менен бирге алар дагы да болсо жаңы сценарийлердин, кино тасмалардын үстүндө иштеп, чыгармачыл адамдарга чоң жардам берүү менен бирге көмөк көрсөтүлөөрүн айтып өттү.

Саламат Садыкованын жаңы альбому жарыкка чыкты
Кыргыз эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти сүйүктүү эжекебиз Саламат Садыкованын "Жолугаарың билгенмин" деген аталыштагы 17 ырдан турган жаңы альбому жарыкка чыкты. Айта кетсек Саламат эже казак боордошторубуздун той-маараке, фестиваль, конкурстарына байма-бай чакырылып тургандыктан, жаңы альбомуна казакча төрт ыр кошкон. Ырлар жыйнагынын негизин комуздун, оркестрдин жана эстраданын коштоосундагы жаңы ырлар түзөт. Эженин бул эмгегинин жарык көрүшүнө улуу кызы жана продюсери Кундуз Авашова чоң салым кошконун белгилей кетели.

Наамыңар кут болсун!
Талыкпаган эмгек, адамга ийгилик тартуулайт дегендей 20-25 жылдан бери маданиятка зор салымдарын кошуп, элдин сүйүктүү ырчысына айланган эстрада жылдыздары жакында сыйланышты. Айтсак, булбул үндүү ырчы айым Гүлнур Сатылганова "Кыргыз эл артисти" наамына ээ болсо, обончу, аткаруучу Бек Борбиев "К.Рнын эмгек сиңирген артисти" наамына арзып, күйөрмандарын кубанычка бөлөштү.

"Учур" телетеатры Алматыдан жеңиш менен кайтты
Алматы шаарында 2-августтан 6-августка чейин Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы 2-Эл аралык театр фестивалы болуп өттү. Жалпысынан фестивалга Өзбекстан, Тажикстан республикаларынан экиден театр, Казакстандан төрт театр жана мекенибиз Кыргызстандын атынан "Учур" телетеатры драматург Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" спектакли менен биринчи орунга арзып 400 миң теңгеге ээ болуп кайтышты. "Учур" театрынын актерлору фестивалдын эң жогорку деңгээлде уюшулгандыгын баса белгилешти. Ошондой эле "дебютант" наамы менен Улан Зайнидин уулу сыйланды. Өзүңүздөр билгендей быйылкы жыл искусство маданиятына жемиштүү жана жеңиштүү ийгиликтер менен коштолуп, өнөр адамдары эң мыкты алкыштарга ээ болуп жатканын айтсак болот.

Кубаныч Сатаев жарамазан айтабы?
Ыйык Рамазан айында 30 күндүк орозо кармоо парзы менен бирдикте бөбөктөрүбүз да кечкисин ар бир үйгө жарамазан айтып баштагандары баарыбызга маалым. Алардын арасында элдин купулуна толуп, сахнаны көрккө бөлөшкөн адаштар Кубаныч Сатаев менен Кубаныч Ажыбаевдер да бар экен. Башкача айтканда эки ырчыбыз Чубак Сатаевдин "Жарамазан" ырын дуэт жаздырышып, кыргыз элибизге жарамазан айтып баштагандарына жакында күбө болобуз.


Даярдаган Айнура Султанова