Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шыр маек

Сыймык Бейшекеев:
"Мен ачуусу чукул адамдардын катарына кирем"
Сыймык Бейшекеев 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын сегизинчиси.

Мындан 10-15 жыл мурун кыргыз сахнасын "Сары жалбырак" менен сапырып, көк көйнөк кийген "Көлдүк кызга" ашыгып, "Шириним" деп "Сары кызга" шашылып, "Энекелеп" энелерди барктап, "Сүйүү, сүйүү" деп махабатты даңктап, "Түнкү жылдыздары" менен көпчүлүк ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев бүгүн 34 жашка толот. Ырчынын туулган күнүн утурлай Сыймык агабызды кепке тартып, маектештик.

- Сыймык мырза, рамазан айыңыз кут болсун! Орозо кармадыңызбы?
- Рахмат, тилекке каршы быйылкы жылы орозо кармай алган жокмун. Себеби жылдын башында ден-соолугума байланыштуу ооруканага жаткам. Дарылоону 15-сентябрда кайра улантыш керек болуп орозону жарым-жартылай кылбайын дедим.
- Бүгүнкү боло турган концертиңизден кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
- Өзүм чыгармачыл адам болгондон кийин ар бир жакшылыгымды эл менен бөлүшкүм келет. Ошол себептен жылда туулган күнүмдө тактап айтканда 9-сентябрда күйөрмандарым менен жолугушуп концерт тартуулоону салтка айландырып алгам. Бул жылы орозо айына туш келгенине байланыштуу бир эле күн концерт берүүгө туура келди. Буюрса бүгүнкү концерт театралдаштырылган концерт болот. Азыр Кыргыз драма театрынын артисттери менен даярданып жатам. Ар бир ырдын маани-маңызына жараша профессионал актёрлор сахналык клиптерди тартуулашат. Мындан сырткары комуздун коштоосундагы жаңы дастандар жана да элге сиңип калган ырларым оркестрдин коштоосунда жаңырат. Ошондой эле концерттин жүрүшүндө ар кандай оюн-зооктор уюштурулат.
- Буюрса, кийинки жылы чыгармачылыгыңыздын 15 жылдыгын белгилейт экенсиз. Айтыңызчы, ушунча убакыт ичинде өзүңүз жашап жаткан ыр дүйнөсүнөн эмне таап, эмне жоготтуңуз?
- Жоготтум деп айтуунун өзү кесир болот. Мен бул ыр чөйрөсүнөн көп нерсе таптым. Ырдын арты менен бир топ өлкөлөрдү кыдырып, ар бир жерден дос күттүм, тууган күттүм. Элдин колдоосуна ээ болуп, күйөрмандарымды жолуктурдум. Эң негизгиси өз жолумду , өз багытымды таптым.
- Генерал болууну самабаган солдат солдат эмес дегендей сиз да депутат же министр болууну каалайсызбы?
- Мындай нерсе менен бир кезде ооругам. Бирок, акыркы 3 жылдан бери мындай каалоону жүрөгүмдөн чийип салдым. Бир кезде 2009-жылы 9-сентябрда менин өмүрүмдө бир келе турган туулган күнүмдө чоң стадионго концерт берип сахна менен коштошом деп айтып жибергем. Ошондо куру сүйлөп жаңылган экенмин. Эми сахна, ыр менин хоббим эмес, кесибим экенин түшүндүм.
- Өзүңүздү кайсы багытта күчтүүмүн деп ойлойсуз?
- Мен бүгүн ыр дүйнөсүнөн ордумду таптым. Ошондуктан өзүмдү ушул багытта күчтүүмүн деп ойлойм.
- Сизди бай ырчы деп айтышат. Сурайын дегеним, ушундай деңгээлге ырдап жүрүп эле жеттиңизби же…
- Чынында ашып-ташып аткан деле байлыгым жок. Өзүмө жетээрлик эле каражат менен жашайм. Сурооңузга жооп кыла турган болсом, ырдан башка деле жумуштарды жасап жүрдүк, соода кылып дегендей. Ошентсе да оозду куу чөп менен аарчыбаш керек. Негизи биздин ата-энебиз айылда Кудайга шүгүр эле, мал-жандуу, оокаттуу адамдар. Андыктан турмуштук пайдубалды ата-энебиз түзүп берген деп айтсам болот.
- Кыргызда төбөсү көрүнгөн кээ бир саясатчыларыбыздын тогуз, он беш батирге көчүп жашагам дегендерин уккам. Сиздин жашооңузда да ушундай учурлар болду беле?
- Негизи кыргыз эли илгертен көчмөн калк болгонбуз. Мен дагы үйлөнгөндөн кийин батирден-батирге көчүп, үй алганча болжол менен 4-5 батирде жашадым. Мындай кыйынчылык баарыбыздын эле башыбыздан өтсө керек. Бирок, кийинки жаштар өздөрүнө бекем чыкты. Байкашымча, көпчүлүгү үй салып, бардык шарттарды түзүп алып турмуш курганга өтүшүптүр. Албетте, келечек жаштарынын мындай аракеттери бизди кубандырбай койбойт.
- Эң бактылуу күнүм деп кайсы учурду айтат элеңиз?
- Ар бир аткан таңым жана да балдарым төрөлүп ата болушум менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрүм.
- Сизди түйшөлдүргөн нерсе барбы?
- Толтура. Адегенде эле элибиздин жашоо-турмушу. Азыр жалпы эл өзү менен өзү болуп калды. Көчөгө чыксаң кубантаарлык көрүнүштөн, жан кейитээрлик жагдайлар көп. Эртеңки күнү эне болчу кыздарыбыз көрүнгөн машинадан үмүт кылып көчөдө тизилип турат, кыргыздын намысын сактап, желегин көтөрчү келечек муундарыбыз клей жыттап, башына краска чаптап, тилемчилик кылып жүрөт. Атасы ким, апасы ким экенин билбеген күнөөсүз наристелерибиз ар кайсы жерге ташталып, кароосуз калууда. А элибизге үлгү болчу азаматтарыбыз болсо болбогон бир "кресло" үчүн бири-бирин боктоп, өздөрүнүн урмат-сыйын жоготуп алышты. Кыргыз мынчалык деңгээлге түшпөш керек эле. Мына ушундай көрүнүштөрдүн баары мени түйшөлдүрүп келет.
- Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу жан шеригиңизге кантип жолугуп калдыңыз эле. Үй-бүлөңүз жөнүндө кеп козгосоңуз?
- Жубайым Нурзада менен да өнөр артында таанышкам. Анда филармонияда иштечүмүн. 1994-жылы кышында айылга барып калдым, ал да каникулга барган экен. Бул учурда Нурзада медучилищада окуйт эле. Анан бир отурушта чогуу болуп калдык. Чынын айтсам аны көргөндө эле жүрөгүм болк эте түшкөн. Эң биринчи Нурзаданын көз карашы жакты. Адамдын көзүнөн көп нерсени окуса болот дегендей мен жар тандагандан жаңылган жокмун. Сүйүнүчтүүсү, мен жактырган сулуу кыз мени да жактырып, ошол күнү эле жылдызыбыз келишип калды. Ошентип 10 ай кыз-жигиттик доорду сүрүп, анан баш коштук. Кудайга шүгүр, азыр жашообуз жаман эмес.
- Канча баланын атасы болдуңуз?
- Төрт балам бар десем болот. Аваз деген баламды өнөр артынан таап, 3-классынан бери биздин үй-бүлөнүн мүчөсү. Андан сырткары эки уул, бир кызым бар.
- Уулуңуз Азамат да бир кезде ырдап чыкты эле. Негедир кийинки учурда көрүнбөй калды го?
- Азамат өзү абдан ыр жандуу бала. Учурда 8-класста окуп жатат. Сабагына тоскоол болбосун деп сахнага чыгара элекмин. Убагы келсе, балким өнөр адамы болуп калаар.
- Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Мындайда кимиңиздер кечиримдүүсүздөр?
- Анча-мынча кыжың-мыжың эле болбосо, анчалык катуу деле кагылышпайбыз. Андай учурда аялзаты катары Нурзада мага жол берип, жаманымды жашырып, жакшы жагымды чыгарып турат.
- Сырттан караган адамга оор-басырыктуу көрүнөсүз. Мындай мүнөзүңүздө оңойчулук менен жиниңиз келбесе керек?
- (Күлүп) Мен мындай көрүнгөнүм менен ачуусу чукул адамдардын катарына кирем. "Каранын жини келгенче сарынын жаны чыгат" демекчи заматта чарк-чурк болуп кетем. Жашырганда эмне, менин жиним мурдумдун учунда эле.
- Кечиккен сүйүүгө жолугуп калам деп коркпойсузбу?
- Башымды жоготуп сүйгөн сүйүүмө жолугуп, андай доордон өткөм. Азыр акыл токтотуп калганда тапкан арзуум менен жашап келем. Андыктан мындай жагдайдан коркпойм деп так кесе айталам.
- Бул менин акыркы соболум болсун. Алгачкы ууз сүйүүңүз эсиңиздеби?
- Албетте эсимде. 1-класста окуп жаткан кезде 3-класста окуган бир кызды жактырып калгам. Аны көргөндө оозумдан келмем түшүп, сүйлөй албай калчумун. Ошентип өзүмдөн улуу кызга арбалып жүргөн учурда ал мен жаман көргөн бир бала менен сүйлөшүп жатканын угуп көңүлүм көк таштай катып калган. Бул эми жөн гана балалык жакшы көрүү сезими да.
Маектешкен Ж.Калдарова