Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обон"-почта

ОП-32-01. Cүйүн байке, Куба, сиздерди кайрадан тапканыма чексиз бактылуумун. Азыр деле кубанычым койнума батпай турат. Арашан менен Жети-Өгүз адамга дары, пайдалуу Чатыр-Көл, Соң-Көл, Ысык-Көл жеримдин көркү ардагы. Han-Shai

ОП-32-02. "Обондун" бардык окурмандарына жана апама супер салам. Гүлзат

ОП-32-03. Эма Гузел Нью американкасыңбы же француженкасыңбы? Милашка

ОП-32-04. Ааламда жети кереметтен тышкары дагы бир керемет бар. Ал Мирбек Иманбеков. Жаңырды мен күткөн август айы бат эле, сен экөөбүз таанышканбыз ушул айдын 31инде. Сезимиме бүлүк салып ошондогу тиктегениң, ойлонтуп, көз алдымдан кеткис болуп калган эле. Астра

ОП-32-05. Сүйүн байке сиздей мээримдүү, такыба, жылдыздуу, айкөл, акылдуу, ыймандуу, кечиримдүү кылып жараткан Аллага чексиз мактоолор болсун. 05502214хх

ОП-32-06. Барби, Синди, Адеми Айка араңардан бир гана Хан-Шай сулуу экен. Алтыша

ОП-32-07. Мени тааныган СМСчилердин баарына салам! Кыргыз элим кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Кербен Куба

ОП-32-08. И.Абдыразаков сен суперсиң, сени сүйөм. Гүлназа

ОП-32-09. Жаачы жамгыр, калгам сагынып, жан дүйнөмдүн жуучу арманын. Баары өзгөрсүн, кирсин жаңылык, тапсын заман дилгир каарманын. Эма Гузел Нью

ОП-32-10. Жалал-Абаддын сулуусу Гүлзар, мен сизди бүтүндөй жүрөгүм менен сүйөм. 07723878хх

ОП-32-11. Саламым саруулук Нурбек, Сүйүн, Элдиярга. Элдияр мен сени сүйөм. Сырдуу кыз

ОП-32-12. Ааламды кыдырсам да апамдан асыл адам таппайм. Апа биздин бактыбызга бар болуңуз. Сизди аябай жакшы көрөбүз. Кызыңыз Han-Shai

ОП-32-13. Белек кечир мени, сенден сураныч. Помпошка

ОП-32-14. Салам Шерхан, 100 доллардай болуп көрүнбөй кеттиң го? "Обондон" окуп калсаң чалып койчу. "Обондун" супер активисттери, силер менен таанышуу ырахат менен коштолду. Тариэл 0777833336

ОП-32-15. Токмоктук Улар кайсы кыздын артынан жүрөсүң? Мага чал 0773650815 Н..

ОП-32-16. Султан, кыздар сүрөткө тартып жатканда эмне боюңду көтөрүп кача бересиң? Бирок мага жагасың. Москвадагы концертиңер сонун өттү. 700 рублга татыйт. Москвадан күйөрманың

ОП-32-17. Ильяз Абдыразаков байке, Ошто Абдыкалык байкем менен иштеп жүргөнүңүз эсиңиздеби? Мага чалып коюңузчу 0777811954

ОП-32-18. Кирип келген Рамазан айыңар кут болсун! Ошону менен бирге атам Сабырга, апама жана бир туугандарыма салам жолдойм. Илимкан

ОП-32-19. Эламан, жашамакмын кантип ушул жашоодо, болбосо эгер сен сыяктуу сүйгөнүм? Жаралдыңбы же чын эле мен үчүн, ааламда жок жаркыраган асылдан. 07738194хх

ОП-32-20. "Обондун" СМСчилери менен таанышкым келет. Атым Жазгүл 92 0777130091

ОП-32-21. Балдызым Кереметке чоң салам! 0555038375

ОП-32-22. Б.Бадыеваны жамандагандар ушул номерге чыккыла. Же өзүңөрдүн номериңерди толук жазгыла. 0777825393

ОП-32-23. Эл үчүн "адамгерчилик" оттон да, суудан да, байлык, бийликтен да зарыл нерсе. Адамдын, суудан, оттон, байлык, бийликтин айынан өлгөнүн көрдүм. Кечиресиздер, бирок адамгерчиликтен өлгөнүн көрбөдүм. Ахилес

ОП-32-24. Гүлшан, күттүм сени күн нуру батып, таң атканча. Күттүм сени жумушчулар үйлөрүнө кайтканча. Күттүм сени кайда жүрдүң, дагы кимди алдадың. Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча кыйнадың? Ахилес

ОП-32-25. Жаным, сени чындап сүйгүм келди, чындап көргүм келди. Түшүмдө мен сени кучагыма катуу кыскым келди.Сени бир көрүп алсам дейм. Алтышкаң

ОП-32-26. Салам Жемчуг, саламыңды кабыл алдым. Сага да ысык салам. Ар дайым бар бол. Сени терең урматтап Алматыдан Куба

ОП-32-27. "Бекжан" базарында иштеген Колянын 10-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сырдуу кыз

ОП-32-28. Дос-деген ойлоп көрчү кымбат нерсе, эгерде ар ким аны баалай билсе. Елена

ОП-32-29. Аллах деп Алла үчүн күйүп жанган, ар бир сөздө Алла сөзүн унутпаган смсчи Гүлшанга салам. Алла колдоп ар дайым жолуң ачык болсун. Сендей жаштарыбыз көбөйсүн. Сени менен таанышкым келет. Алматыдан Куба

ОП-32-30. Жалпы окурмандарды чогултуп тааныштырган Аделинага чоң рахмат. Барби

ОП-32-31. Кант шаарындагы Рассвет айылында жашаган Жумагулова Элизага салам. Барби

ОП-32-32. Хан-Шай эгерде билгиң келсе Кайрат Нуртас ар жума сайын Кордайга келип, силерден калбай эле "Обонду" окуйт, И.Абдыразаковдон көрө. Ошону билип ал. Кыргыз калкым орозоңор кабыл болсун. Казашка 90

ОП-32-33. Кызыкпаймын сүйгөнүмдүн байлыгына, андан көрө тунук сүйүү артык мага. Сүйгөнүмдүн сүйүүсү таза болсо, дүйнөдө эң чоң бакыт ошол гана. Елена

ОП-32-34. Жаным Айзат, мен сага бир жолугуп чер жазыша сүйлөшүп кайткым келет. Сени окууга өтүшүң менен куттуктайм. Мени чакырсаң абдан сонун болмок. Аселя 05552734хх

ОП-32-35. Салам Урматтуу Кыргызстандыктар! Сиздерди Мусулмандардын Ыйык болгон Орозосу менен куттуктайм! Куштарбектин жана Бектин окууларына, алдыдагы иштерине ийгилик каалайм! Дайыма жүздөрү ачык болсун. Айзада

ОП-32-36. Заримгүл 5-сентябрь туулган күнүң менен куттуктайм. 07775502хх

ОП-32-37. Салам, ардактуу "Обондун" окурмандары, мени да кошуп алгылачы. Азия FМден Алтынай

ОП-32-38. Салам Кыргызстан! Урматтуу
ОП-32-39. ОП-30-34 Гүлшан сиздин СМСтериңиз эң жакшы, баарын ыймандуулукка чакырып СМС жазыпсыз. Сиз менен таанышсам болобу? 0550186725

ОП-32-40. Мен сүйгөн жигитим Мирбекке салам жолдойм. Айжан

ОП-32-41. Ош шаарында жашаган аалым байкем Сүйүнгө сагынычтуу салам. Мен сизди аябай сагындым. Телефон чалып акыбалымды сураганыңызга рахмат. Han-Shai

ОП-32-42. Мирбек Иманбековго чоң салам. Сиз чыныгы талантсыз, сизге айтаарым биздей күйөрмандарыңыз бар экенин унутпай, бар болуңуз. Чыгармачылык ийгилик. Караколдон Гүлкайыр

ОП-32-43. Айдеми-Айка, мага көп-көп бирдик салып бергендигиң үчүн рахмат. Сен бар үчүн мен ушундай бактылуумун. Аделина

ОП-32-44. Кара-Кол шаарындагы ПК-11 группасынын кыздарына чоң салам. Окууңарды жакшы окугула. Кара-Колдон Гүлкайыр

ОП-32-45. Кунчуайпери, сага кантип таарынам, ыя! Таарынсам да 5 мүнөт экенин билесиң го. Рамазан айың кут болсун. Аделина

ОП-32-46. Өзгөн районунун Жылалды айылынын тургуну ыйык апам Санабарды туулган күнү менен куттуктайм. Ыйык апам дайым бар болчу. Жылдыз

ОП-32-47. Han-Shai, Мемо, Жанка, Айдеми-Айка, Барби, Меришка, Айдана, Нурзат, Фирдаус, Куба, Тариел, Аделина ж.б. алтындан кымбат досторум рахмат силерге. Силерди сагындым. Жака-Жазгүл

ОП-32-48. Бакулядай кыздар аз. 10000 кыздын бирөөсү десем болот. Кулпунай

ОП-32-49. Астанадагы Куба, сиз өзү кимди сүйөсүз? Мениби, Жаканыбы, Айзиректиби, Айгераныбы? Жүрөгүңүз балалап кетиптир! Андай болбоңуз. Han-Shai

ОП-32-50. Жаным Айзат, мен сизди сыйлайм! Сизге таазим кылып Сыма 07724345хх

ОП-32-51. Макуся биз сени унуткан жокбуз. "Обон" менен дайым бирге болсоң сени эч ким унутпайт. Сени жакшы көрөбүз. Han-Shai

ОП-32-52. Элиза рахмат! Сен да бактылуу бол! Аделина сага да ийгилик! Мемо алтышкам сырдуу дейсиңер? Han-Shai

ОП-32-53. Айзада, Альбина, Роза жакшы окугула, мени уят кылбай мени тарткыла. Айдай

ОП-32-54. Фея, Шах-азуми, Аселя келгиле таанышабыз. Милашка 07772693хх

ОП-32-55. Б.Бадыева мен сиз жана М.Иманбеков менен сыймыктанам.
Саида

ОП-32-56. Жан досум Бакыт, мен сени менен достошконума абдан кубанычтамын. Кудайга ыраазымын. Себеби сендей досторду бул дүйнөдө аз кезиктирдим. Ар дайым бактылуу болушуңду каалайм. Жаратканыбыз бизди колдоп жүрсүн. Шириним сени чексиз сүйөм. Жаның Керемет

ОП-32-57. Алматыда "Кулагер" базарында иштеген туугандарыма жалпы мени тааныгандарга чоң салам. Мен жакшы окуп жатам. Силерди аябай сагындым. Жуси

ОП-32-58. Супер ырчы Ильяз Андаш сага ийгилик, теңирим сага талант берген, сен кыргызымдын сыймыгысың. Мен сени сүйөм. Мамлашка

ОП-32-59. Жаным Шаринса, мен сени түбөлүккө сүйөм. Жигитиң гитарист Курсан

ОП-32-60. Бахти мен сени сүйөм. Сагындым, көргүм келип жатат. Зинычка

ОП-32-61. Сүйгөнүм Шаринсанын 2-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Жентельмениң К…н

ОП-32-62. Супер смсчилерге салам. 0773984861

ОП-32-63. Асема, Акжол акыры үйлөнүптүрсүңөр го! Интервьюга кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө төрт ай болду деп калпты ашыра чаап жазыптырсыңар. Буга чейин далай эле кучакташып жүргөнүңөргө күбө болгом. Былтыр Сапар Эркебаевдин концертиндегини эле айтайын, балким эстээрсиңер. Айка

ОП-32-64. Урматтуу Кызбурак, Гүлшан беш маал намаз окуган, сулуулуктун тамчысына тунган кыз, Аллахтын сүйгөн пендеси. А сенчи бирөөнү жаман ойлогондон мурун акыл калчап иш кыл деги Аллах сендей кыздарга боорукерлик тартууласын. Барби

ОП-32-65. Жаным Айзат, сиз суперсиз. Сизге эч ким жетпейт. Мек@ 05503413хх

ОП-32-66. Каалайм сизге Жаным Айзат бакыт-таалай, узун өмүр, өнөрүңүз өркүндөй берсин, жараткан сизден батасын аябасын, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Баары алдыда. Тилек 07778921хх

ОП-32-67. Менин саламым сырдуу Аянга жолдонот. Ишиңе ийгилик, эмне мынча жашырдың, баары бир билем да. Айдеми-Айка

ОП-32-68. Жака-Жазгүл, катуу тийсе капа болбо. Алланы эстеген кызмын, намаз үйрөнүп жатам деп жазыптырсың. Бирок андай көрүнбөйсүң, себеби куран билген, намазды сүйгөн адам эрктүү болот. Сүйүүдөн өлүп баратсаң да кыз кишиде намыс болуш керек экенин унуттуңбу? Же ички сезимиңди башкара албай калдыңбы? Мечитке барып таалим уга элек экенсиң. Мухаммед пайгамбар айткан сөздөрдү уксаң өзүң эле тарбияланып каласың. 05550954хх

ОП-32-69. Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Пасылке айылына, эжелерим Жазгүлгө, Аида, Элиза, агам Марс, Токо, Сооронго, сиңдим Айгеримге, Мадинага чоң салам. Кудайымдын улук айында кандай ниет кылсаңар баары ишке ашсын. Кадырбековдор Айка, Айгерим

ОП-32-70. Жанаша өскөн эки тал ийилээр күнү болсочу, сүйгөнүмө жетип, сүйүнөөр күнүм болсочу. 05556018хх

ОП-32-71. "Бекжан" базарында женский кофта саткан Замира жаныма салам. Орозоң кабыл болсун. Сүйүүңдү качан мага арнайсың? Сага абдан капа болдум. Эмне үчүн балдар менен сүйлөшпөйсүң? Аттиң, эгер азыр сенин жаныңда болсом алып качып болсо да сени алмакмын. Кайсы бактылуу баланын чүрөгү болдуң экен? Мен сени капа кылып алсам кечир. +770255923хх

ОП-32-72. Айланайын кыргызымдын кыздары, байлыкка кызыгып башка улутка турмушка чыкканды токтотсоңор боло! Болотбек

ОП-32-73. У. Усеновдун "Миң Кыял" радиосуна берген жоопторун угуп аны андан да аябай сыйлап калдым. Аида

ОП-32-74. Макуся сага чоң салам. Жараткан ар дайым ыйман нурун чачып турсун. Гүлшан

ОП-32-75. Сүйүктүү кыргыз элим ыйык, улук Рамазан айыңыздар менен. Жараткандын жакшылыгы менен жиберилген Рамазан айында жалаң гана сооп иштерди кылалы. Баарыңыздарга ыйман нуру шооласын чачып турсун. Сиздерди сыйлап Гүлшан

ОП-32-76. "Бекжандагы" көйнөк саткан Аскар, сен жеткен "бабник" экенсиң. Алган жарың менен бактылуу бол. Сенин сүйгөнүң Алтынай

ОП-32-77. Супер ди-джей Чынгыз Мырзаевди 11-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Мен сага каалаймын өмүрдү, ден-соолукту гүлдү гана. Өмүрүң өтө берсин кайгы билбей, каалаймын кубанычтуу күндү гана. Лазат

ОП-32-78. Менин кумирим, айдай сулуу ырчым Динара Акуловага салам. Узун болсун өмүрүңүз, ачык болсун көңүлүңүз, өчпөсүн назик үнүңүз, туулган күнүңүз кут болсун. Эже 10-сентябрь өздүк майрамыңыз менен куттуктайм. Лазат

ОП-32-79. Мунара, мен сени чексиз сүйөм. Сени менен бул жашоодо бирге болоорумду сеземин. Мики 87 Жаңарык

ОП-32-80. "Бекжанда" байпак саткан Нургазы, мынча сулуусуң. Билем, Жаңылай деген кызың бар? Сен аны сүйөсүңбү? 87013573701 Гуля

ОП-32-81. Менин кан досум Нурайымга чоң салам. Николь Мери

ОП-32-82. Смсчилер жолугуусуна келген бардык окурмандарга салам. Силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Ушунуңардан жазбагыла. Хан-Шай

ОП-32-83. Эгемендүүлүк күнү жана ыйык рамазан айы менен жалпы кыргыз элимди куттуктайм. Алладан сиздерге аманчылык тилеп ТБУ

ОП-32-84. Неля, Ильяз силер суперсиңер! Каныкей

ОП-32-85. Саламатсыздарбы "Обондун" жалпы жамааты жана окурмандар, бардыгыңыздарды чын дилимден ыйык рамазан айыңар менен куттуктайм. Ушул ыйык айда билген да, билбеген күнөөлөрүбүздү Кудайым кечирсин. Орозобуз кабыл болсун. Кунчуайпери

ОП-32-86. Сонун, сонун смстерди жиберип, көңүлүмдү көтөрүп турган Элмуратка салам. Иштериңе ийгилик. Кыргызымдын мыкты, патриот жигиттеринен бол. Уулжан

ОП-32-87. Омарга салам. Ар дайым ден-соолукта бол. Сага бакыт, узун өмүр, ишиңе ийгилик каалайм. Аллах анан Алла эч качан жардамын аябасын. Кани

ОП-32-88. Карап көрсөм 80% кыздар, 20% балдар смс жазышат экен. Ау-у балдар, көбүрөөк смс жазгыла. Супер окурмандарга салам. Han-Shai

ОП-32-89. Сочидеги фестивалдан Гүлзинатты көрүп төбөм көккө жетти. Талантыңа таазим. Астанадан Равшан

ОП-32-90. Өзгөндүн Шералы айылында жашаган Дилапасы менен жүргөн кыздарыма салам.

ОП-32-91. Саламатсыздарбы кыргыз элим, 31-август эгемендүүлүк майрамыңар менен куттуктайм. Ар дайым бар болуңуздар. Матмурзаева Гүлиза

ОП-32-92. Сөзгө-сөздү араң уладым. Оо, пенделер силерге деп ыр сап курадым. Угуп койгулачы менин сөзүмдү, жашайлычы бул үч күндүк жалганда. Кызмат кылып ата-энеге, динге, эл-журтка… Ахилес

ОП-32-93. Кубик кызынын колунун тырмактары Кубиктей экен го. Ой-тобоо. Москва

ОП-32-94. Балыкчы шаарында жашаган туугандарыма, досторума, тааныштарыма супер салам. Алтынай Ныязалиева

ОП-32-95. Руслан Түмөнбаев, сен адамдын сулуулугуна карайсыңбы? "Кызыңдын жүрөгү тазабы?"- десе " Ал сулуу, адамдын көзү тиет" - депсиң. Күлкүм келет. Han-Shai

ОП-32-96. "Астана темир Профильдин" замдиректору байкем Чынгызга сагынычтуу салам. Казак кыздар алып качпасын, этият болуңуз. Звездаңыз Han-Shai

ОП-32-97. Б.Бадыева, сиз кыргызымдын супер жылдызысыз. Сиздей кыздар менен сыймыктанам. Ушак сөздөрдү укпаңыз, сизге ийгилик, өмүрүңүз узун болсун. Баткенден Советбек

ОП-32-98. Бишкек шаарында жашап жаткан ата-энеме, байкеме салам. Эч качан оорубагыла. Силерди жакшы көргөн Алтынай

ОП-32-99. Балыкчылык досторум Гүлзат, Кенже, Руслан, Уларбек ж.б. ысык салам. Бишкектен Алтынай

ОП-32-100. Менин саламым Куршабда жашап жаткан досторума жана жердештериме жолдонот. Аларга ден-соолук каалайм. Куршаб алга! Жанара

ОП-32-101. Ассалому алейкум жаштар, кармаган орозоңор кабыл болсун. Жашпыз дебей намаз окуйлук. Бул жалган дүйнөдө аз да болсо намаз окугула. Аман

ОП-32-102. "Обондун" супер окурманы Гүлмайрамга салам. Сага ийгилик, жараткан сенден жакшылыгын аябасын. Кыргыздын суйкайган сулуу, адептүү, акыл эстүү кыздарынан бол. Сага ыраазычылык билдирем. Асылзат+Аби

ОП-32-103. "Обондун" жалпы жамаатына жана смсчилерине салам. Дайыма бар болгула, иштериңерге ийгилик. Кумирим Анжеликага салам жолдойм. Гүлшайыр

ОП-32-104. Гүлшан, Айгөлөк, Хан-Шай, Айке-Айка, Куба, Мека ж.б. мени тааныбаган "Обондун" окурмандары келгиле достошобуз. +770261168хх

ОП-32-105. Айзат эже, ар дайым бар болуңуз, талантыңыз ташкындай берсин. Мен сиз менен көрүшсөм бактылуу адаммын десем болот. Сиздин мукамдуу үнүңүз эч өчпөсүн. Сизге окшош болгум келет. Назгүл 07774150хх

ОП-32-106. Чаткал районунун Шакафтар шаарчасындагы В.И.Ленин атындагы гимназия-интернатында чогуу окуган классташым Алимбеков Замирбек Кутубековичти издейм. Досум, сени аябай сагындым. Мени менен кабарлашып койчу. 0777570379 Кубаныч

ОП-32-107. Бээжиндеги Олимпиаданын жеңүүчүсү Руслан, сага чың ден-соолук, узун өмүр, окууларыңа ийгилик. Ар дайым кыргыздын желегин желбиретип бар бол! Абда

ОП-32-108. Жемчуг деген атыңыз, канчада экен жашыңыз? Бир нерсени биле албадым, мырзасызбы, айымсызбы? Ким болот чын атыңыз? Сага да салам Кербен-Куба 07775703хх

ОП-32-109. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Канат менен Русланга чың ден-соолук, узун өмүр, кыргыздын желегин желбиретип, ийгиликтерге жетише бергиле. Алматыдан Альбиян

ОП-32-110. Афтан номеримди унутуп калдыңбы? Сени бир көргүм келет. Сагындым. Т.Мерима

ОП-32-111. Анжелика 0773665565 абоненти "Ильяз Абдыразаков жөнүндө жаңылык айтам" дегенинен чалсам "Ильяздын аялы болом" десе болобу, тобоо. Сармата

ОП-32-112. Бул ырды сүйгөнүмө арнадым: Жалоорутуп мени жалгыз калтырбай, жок дебечи мен болоюн жаныңда. Өзүң болуп жан дүйнөмдүн азыгы, өмүр бою болчу менин жанымда. +770165148хх

ОП-32-113. Азат, сен супер ырчысың. Асман пресс гезити сеникиби? Аябай сонун гезит экен. Айша

ОП-32-114. Урматтуу Неля, мен сизди аябай жакшы көрөм. Бактыгүл көзүн капкара боёп, өзүнчө милашка, мактанчаак. 07772437хх

ОП-32-115. Саламатсызбы акылдуу кыз Хан-Шай, адамга берилген жалгыз жүрөк, ал жүрөк тандап жүрүп бирди сүйөт. Мен үчүн бул жашоодо кызыктуусу, сиздин жүрөк бул жашоодо кимди сүйөт? Мөлмөл

ОП-32-116. Уланчик, туулган күнүң менен! Окууңа ийгилик. Мира

ОП-32-117. "Бекжан" базарында иштеген Мурат туулган күнүң менен куттуктайбыз. Ар дайым ишиңе ийгилик, ошондой эле өз сүйгөнүңө жет, досторуң А. А.Т.Ы

ОП-32-118. Астананын "Ортолук" базарында 2-3-катардын сулуулары Жаннат, Мээрим, балдары Эркин, Азирет, Азиз, Исламдарга чоң салам. Han-Shai

ОП-32-119. "Бекжандагы" Ануранын сиңдиси, өзүңчө эле Айгерим боло бербе, ал үчүн дагы бир төрөлүшүң керек. Андай эмес экенин качан сезесиң. Чарли Чаплин

ОП-32-120. "Бекжан" базарында иштеген Жоодар, Жанболот, Канатка салам. Жоодар окууңа ийгилик. Z

ОП-32-121. Чынгыз Мырзаевди 11-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сага кааларым ата-энеңдин ардактаган уулу, бир туугандарыңдын сыймыгы, жердештериңдин сыйлуу коногу, ак жоолукчан айымдын сүйгөн жары, мотурайган бөбөктөрдүн камкордуу атасы, күйөрмандардын сүйүктүү ырчысы, бал тилдүү ди-джейи, элим сыймыктанган таланттардын эң мыктысы болушуңа тилектешмин. Бактылуу бол. Лазат

ОП-32-122. №87 орто мектебинин 2008-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам. 11-г класстын кыздар-балдарын студент болушу менен куттуктайм. Классташтар жолугушуп туралы. Оштон Нену

ОП-32-123. Жаным Айзат, сенин талантыңды баалайм, ар дайым урматтайм. Сага кааларым чың ден-соолук, чыгармачылык өнөрүң өркүндөй берсин. Ар дайым сахнада жаркырап жүрүшүңө тилектешмин. Аскар +770238963хх

ОП-32-124. Кыргызстанда канча ырчы болсо бардыгына ошондой эле курбуларым Зули, Шаку, Гүлша, Гүлза, Динкаларга салам жолдойм. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Сармата

ОП-32-125. Шерик бактылуу бол, сени жакшы көрөм. Айка

ОП-32-126. Жаным Айзат, сен менин жүрөгүмдү жаралап, сүйүүнүн мыйзамын буздуң. Сенде 2 тандоо бар. 1- сүйүүнүн 345-беренесине ылайык 1000 жолу беттен сүйүшүң керек. 2-1000 жолу беттен сүйдүрүшүң керек. Сени интерпол издейт. Сүйүншер81к +770260722хх

ОП-32-127. Алматыда иштеп жаткан эжем Бермет, жездем Канаттын иштерине ийгилик каалайм. Сиңдим Нурайга ошондой эле Оштогу эрке бөлөм Жусиге салам жолдойм. Жуси окууга өтүшүң менен куттуктайм. Алматыдан Айка

ОП-32-128. Кара-Кулжа районунун Тельман айылында жашаган ата-энеме жана бир туугандарыма салам жолдойм. Бар болгула. Алматыдан Элиза

ОП-32-129. Мына ошентип студенттерге окуу да келди. Демек алга, студенттер! Канжар, Эмиршах

ОП-32-130. Салам кыргыз элим жана "Обондун" окурмандары. Сиздерди кирип келген Орозо айыңар менен куттуктап, туткан орозоңор кабыл болуусун тилейм. Канжар

ОП-32-131. Көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт демекчи, менин жүрөгүмдө бир гана адам жашайт. Ал адамды мен чексиз сүйөм. Ансыз жашоомду элестете албаймын. 07736518хх

ОП-32-132. Бардык мусулман элине салам. Салам террорист кандайсың? Бакыт

ОП-32-133. Аскар байкебизге чоң супер салам. Бир кадам алга, артка кадам таштабайбыз. Бакыт, Салем

ОП-32-134. Жака-Жазгүл деги кимсиң өзү, атагың алыска кетиптир мага окшоп. Кел экөөбүз таанышалы. Ильязды эмне кыласың, кел экөөбүз жигит-кыз болуп жүрөлү. 0555038337 Салем

ОП-32-135. Жаралгансың роза гүлдөй Жаным Айзат, эмне үчүн көп балдардын жүрөгүн кыйнайт. Сага жетпей калгандар өмүр бою сыздап ыйлайт. Сага кааларым Кудайым бардык жактан кем кылбасын. 07730249хх

ОП-32-136. Менин жаным, жалгызым, жүрөгүм, сүйгөнүм, айым, күнүм, берекем, көлөкөм болгон Мунарага салам, сени аябай сагындым, ар убак амандыгыңды Кудайдан тилейм. Кызбурак

ОП-32-137. Оо-уу достор, келгиле, кандайсыңар, амансыңарбы, анда жүргүлө кеттик. "Обондун" ичине кирип келебиз, мына кызык. Аябай сонун экен ээ, кетпейм болду "Обонтай" менен жашайм. Гүлмайрам

ОП-32-138. Супер СМСчилер мен баарыңарды жакшы көрөм. Ошондой эле №68 гимназия мектебинин жалпы окуучуларына ысык салам. Жаңы окуу жылыңар менен куттуктайм. Меришка

ОП-32-139. Керемет жеңеме чоң салам. Балдызым да, жеңем да болот экенсиң. Орозо айың менен, дайым ислам динине кызмат кылып жүрө бер. Аллах сенден жакшылыгын аябасын. Жездең Салем, досуң Бакыт

ОП-32-140. Б.Бадыеваны жамандагандарга котур жугуп, түнү менен тырманып чыксын. Телефондоруна вирус, өздөрүнө туберкулез жуксун. Ким жамандаса төмөнкү телефонго чалгыла 0777825393 жана 0555038375. Б.Бадыева эч качан талантыңыз өчпөсүн, көңүлүңүз чөкпөсүн. Өмүрүңүз узун болсун, ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн. Сизди сүйөм. Салем

ОП-32-141. Ээ туугандар, Орозо айыңар менен. Кудайды эстеп жүргүлө. Аллах улуу. Бакыт

ОП-32-142. Алматыдагы бардык досторума салам жолдойм. Абда

ОП-32-143. Хан-Шай ОП-31-315те жазган СМСиңизди туура жазыпсыз, иштериңизге ийгилик. Мен сиз менен достошкум келет. +77026116853 Мөлмөл

ОП-32-144. Жаным Айзатты анда-санда гезиттин беттеринен көрөмүн, Ушул кызды жактырып, эми качан жакын көрөмүн деп кыялданчу элем. 0777570490

ОП-32-145. Кубага: Колума алып барагым, көңүлдүн черин жазамын. Ыр менен сизге жиберем, жүрөктөгү кусаны. 05431235хх

ОП-32-146. И. Абдыразаков талантыңызга таазим этем. Сизди үй-бүлөбүз менен сыйлайбыз. Бактылуу болуңуз. Наргиза

ОП-32-147. Жетемби мен ойлогон тилегиме, атыңды жазганым жок белегиме. Атыңды өчпөс кылып жазып койгом, бир гана сени сүйгөн жүрөгүмө. Макс&А…к

ОП-32-148. Тагдырым маңдайга жазылган, жүрөгүм нечен муздаган. Кабылып ак сүйүүгө тушалган, мен неге мынча арбалгам. Достор бул ырыма көз карашыңар кандай? 0550144195ке СМС жазгыла, күтөм. Табигат сырдуу Алтынай

ОП-32-149. Чынгыз Мырзаевге салам, алга! 07777599хх

ОП-32-150. Баткен областына караштуу Кара-Бак айылында жашаган атам Абдырахманга, энем Савлатканга салам жолдойм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Бишкектен уулуңуз Рахматилла

ОП-32-151. Омарды жана М.Атабековду кумир туткандар кайдасыңар? Келгиле баарыбыз биригебиз, дос болобуз, бут тосууларды жоёбуз. 0772396060 номерине чалгыла. Кассие

ОП-32-152. "Обонго" жаңы кошулган СМСчилер Улик, Васелиса, Патриот, Динка, Элиза, Тюлпан, Астана Куба, Орунай ж.б аман болуп "Обонстандан" эч жакка көчүп кетпегиле, ийгилик силерге достор. Хан-Шай

ОП-32-153. А.Филатовдун Модерн балетине салам. "Новые имена-4" концертинде сонун бийледиңер. 3-группада бийлеген Аселя, Нурай, Айчүрөк, Айнура, Шириндерге салам. Кассие

ОП-32-154. Канат Кадыржан мен сизди ушунчалык сагындым. Гуля

ОП-32-155. Саламым "Обондун" супер окурмандарына. Мен ар дайым силер менен. Канжар

ОП-32-156. "Бекжан" базарында иштеп жаткан агам Мирлан жана жеңем Гүлзинага салам жолдойм. О.э жеңемдин 10-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Силерге чексиз бакыт, ишиңерге ийгилик, балдарыңардын убайын көргүлө. Дильнура

ОП-32-157. Сүйүктүү ырчым М.Иманбековго, ошондой эле Чырак айылына чоң салам жолдойм. 07771258хх

ОП-32-158. Салам Чыныгүл, Улуу Рамазан айында кармаган орзоң кабыл болсун. Р…

ОП-32-159. Анжеликага салам жолдойм. Сен биринчи орунга татыктуусуң. Сен кыргыздын эң сулуу кыздарынын бирисиң. Ар дайым бар бол. 05503967хх

ОП-32-160. Салам "Обондун" СМСчилери, эмне мынча ырчыларга эле жабыша бересиңер? Кыргызымдын жөнөкөй жана ыймандуу жигиттерине салам. Оштон Нену

ОП-32-161. Бирөөнү сүйөмүн, ал мени сүйбөйт, билемин мен өлсөм ал да күйбөйт. Бирок, сени башкасы күтөт. Бири кем дүйнө деген ушул тура. Мати

ОП-32-162. Б.Бадыева аябай сүйүндүң болуш керек , жакшы сөздөрдү угуп. Эми мурдагыдан да мурдуңду көтөрөсүң го. Хангуг

ОП-32-163. Элдияр сага катуу көнүп калганмын. Ишенсең сенден башка жакыным жок. Сени гана сүйөм. Сырдуу кыз

ОП-32-164. "Обондун" СМСчилери ар дайым бар болгула. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун, баарыңар менен дос болгум келет. Зарина

ОП-32-165. Салам Кыргызстан! Салам окурмандар! Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Алла-Таала сиздерге күч-кубат берсин. Кербен Куба

ОП-32-166. Саламымды кошуналарым Гүлсара, Гүлфира эжелерге жолдойм. Иштерине ийгилик каалайм. Айжамал.

ОП-32-167. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерге ак жол! 0777405089

ОП-32-168. Сату көп сүйлөбөй салыгыңды чогултчу, план толбой жатат. М…

ОП-32-169. Суусамыр айыл өкмөтүнө ысык салам. Максат

ОП-32-170. Салам Темир Назаров, сиз ырчылардын эң таланттуусу, ыймандуусусуз. Сиздин ырдаганыңыз, бийлегениңиз башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Сиздей таланттуу ыймандуу баланы жараткан Кудайыма шүгүр. Жаратканым жакшылыгын аябасын. Темир деп канча кыз сыздады экен, Темир аны жүрөгү менен сезди бекен? Темир деп канча бирдик кеткенин билет болду бекен? Сиз үчүн жазган СМСтерди окуп коюңузчу? Темирова Самара

ОП-32-171. Анекдот: Жабышып турган чымындарды көргөн небере чоң атасына: Аа, көрсө атам ушул чымынды туурайт экен да. Свети өчүрүп алып, апамды кыйнап,-дептир. 07770165хх

ОП-32-172. Саламым "Бекжан" базарында иштеген Орозго жолдонот. Ар дайым ишиңе ийгилик каалайм. Наргиза

ОП-32-173. Саламым Ош шаарынын Учар айылында жашаган атам Темир, апам Гүлзада, эжем Салима, агам Тони, адашым Рыскелди, эжем Жазгүл, жездем Ильязга жолдонот. Ишиңерге ийгилик, дайыма ден-соолукта болгула. Чымкенттен Айжамал

ОП-32-174. Салам Айсулуу. И.Абдыразаков ушул айдын 10-15теринде келет. Концертке кел. +770255911хх

ОП-32-175. Д.Акулова эже туулган күнүңүз менен. Качан концерт бересиз, сизди сагындык. "Кумир менен баарлашууга" Д.Акулованы чакыргылачы? Лазат

ОП-32-176. Сүйүктүү ырчым А.Турдалиева эжени 13-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Чыгармачылык чоң жетишкендик, ишиңизге ийгилик каалайм. 07725157хх

ОП-32-177. Ч.Мырзаевди 11-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сага кааларым: Арчадай узун болсун өмүрүң, кайгы муңга чөмүлбөсүн көңүлүң. Тилектешмин сенин бүткүл оюңа, баскан сайын гүлдөр өссүн жолуңа. Кадам шилтеп алга дайым бара бер, шаңдуу-шайыр музыканын койнуна. Лазат

ОП-32-178. Саламым таятам Тургунов Газбекке, таенем Тургунова Уркуяга, таежем Бактыгүлгө, таякем Абдисаламга, жеңем Ташбүбүгө, иним Умидге жолдонот. Гүлбара

ОП-32-179. Гүлчөдөгү Беки, Бердиш, Талант, Жакшылык жана бардык 1987-жылкы досторго салам. Тезирээк үйлөнбөйсүңөрбү? Тараздан Курсант

ОП-32-180. "Бекжан" базарында иштеген, мен сүйүп калган Гүлзада, мен сени сүйүп жүрсөм, башка кыздар мени сүйүп жүрөт дешет экен, билем, Гүлзада деген аттар көп. Мен сени жазган элем 93-жылкы 2-кабатта байпак сатасың. Муну жазып койбосом башка Гүлзада деп жүрө бересиң. Биринчи мен жүрөгүңдөн орун алайынчы? Ж…

ОП-32-181. Салам Жаным Айзат, булбулдай үнүң өчпөй, кыргыз элине ырдап жүрө бер. 07733387хх

ОП-32-182. Темир Назаровдун күйөрмандарына чоң салам. Дайыма ден-соолукта болгула. Келгиле, биргеликте кумирибизди колдойлу. Самара

ОП-32-183. Супер ди-джей Ч.Мырзаевди 11-сентябрь жана "Обондун" туруктуу окурманы, сүйүктүү эжем Лазатты 21-сентябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Өмүрүңөр арчадай узун болсун, башыңарга бакыт кушу келип консун. Ай жарык жүзүңөрдөн күлкү кетпей, жашооңордо унутулгус күндөр болсун. Ата-энеңердин, бир туугандарыңардын, досторуңардын маңдайында аман болуп, кыргыз элимдин патриот уул-кыздары болгула. Астра

ОП-32-184. Бекиш менин жан досум, бактылуу болсун өмүрлүү жолуң. Сенсиз кыска менин колум, баарынан да жашооң болсун сонун. Бекиш сен барыңа Аллага ыраазымын. Наку

ОП-32-185. 1990-91-жылкы классташтарыма салам. Студент болушуңар менен! 07772307хх

ОП-32-186. Жаратканым өзү берген улук Рамазан айы ата-энелерге, карапайым калкка, жумушчуларга, спортсмендерге, артисттерге, студенттерге ден-соолук, тынчтык, күч-кубат, ийгилик алып келсин. Кудайым пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, жакшы күндөрдү көрсөтсүн, тилектерине жеткирсин. Саида

ОП-32-187. Ош шаарынын Африка айылында жашаган Улик, Айданага салам. Салем

ОП-32-188. Алихан, мен сизди ар дайым колдойм. Сиз жылдыздуусуз. 05559160хх

ОП-32-189. "Обондун" шайыр перилери Кунчуайпери, Жака-Жазгүлгө ысык салам. Бар болгула! Лейла

ОП-32-190. М.Атабеков, Даниэл жана эң сүйүктүү ырчым Алихан силерди ар дайым колдойм. Бар болгула. Лейла

ОП-32-191. Салам достор, окууларыңар кандай? Баарыңардын окууңарга ийгилик, бар болгула. Ар дайым силерди жана "Обонтайды" сыйлайм. Гүлмайрам

ОП-32-192. Алгачкы менин тунук сүйүүм жүрөгүмдүн ээсине салам жолдойм. Ар дайым сүйүктүүңдүн жанында бар бол! Мен сени гана сүйөм. Гүлбана

ОП-32-193. Сагындырба сагынычтан куса жүрөк, саргайдым го сенсиз жүрүп ушул мүнөт. Айтчы жаным келесиңби сен мага, зарыгып күтөм сени садага! Элдияр башканы таап алган жоксуңбу? Сырдуу кыз

ОП-32-194. Султан сенин "Жагымдуусуң" деген ырың мага абдан жагат. "Жүрөгүм" деген ырың да жакты. Сага ийгилик. Перизат

ОП-32-195. Мирбек Алыканович, сизге чыгармачылык ийгилик, чоң жетишкендикти каалайм. 07734401хх

ОП-32-196. Элиза, мен сени сүйөм. 07732256хх

ОП-32-197. Чынгыз Мырзаевге: Айтчы, сен кайдан көрүндүң көзүмө? Алдастаймын келе албастан өзүмө. Теңир бизди тең жаратып койбоптур, телмиремин үнсүз карап өзүңө. Жылдыз

ОП-32-198. Менин саламым Ош шаарындагы сүйүктүү адамым Азаматка. Мен сени сагындым. Сени чексиз сүйөм деп Сырдуу кыз

ОП-32-199. Саламым Чымкенттеги "Самал" базарында иштеп жаткан эжем Самара жана "Бекжан" базарында иштеген эжелерим Апал качок, Самара резина, Майрамгүл зырапа Кудайым соодаңарды берсин. Сиңдиңер "Самалдан" Айжамал

ОП-32-200. Саламым бардык туугандарыма, сиздерге ден-соолук каалаймын. Фирдаус

ОП-32-201. Саламым Султан Садыралиевге, сизге чыгармачылык ийгилик каалаймын жана бактылуу болуңуз. Фанатыңыз Фирдаус

ОП-32-202. Саламым атама, апама, сиңдим Фатимага, иним Абдуллага жолдонот. Мен сиздерди жакшы көрөм жана ден-соолук каалайм. 07773513хх

ОП-32-203. Саламым "Обонушканын" жалпы жамаатына, силер суперсиңер. 07773513хх

ОП-32-204. Малика кызым, келе жаткан туулган күнүң менен. Сага чың ден-соолук, узун өмүр каалаймын. Апаң Гүлжамал

ОП-32-205. Кунчуайпери менен Жака-Жазгүлгө салам. 05559160хх

ОП-32-206. Гүлнур Сатылганованын "Жазым келчи" деген ырын угуудан тажабайм. Себеби бир жигитти сүйөм. Каныкей

ОП-32-207. Саламым Төө-моюндуктарга жолдонот. 07772077хх

ОП-32-208. Омар, мен сени аябай жакшы көрөм. Жашоодо аябай жөнөкөй жигит экенсиң. Назик

ОП-32-209. Айтунук 3-сентябрь туулган күнүң менен. Айпери

ОП-32-210. Жигиттер менен таанышам. Айгерим 0772118932

ОП-32-211. Урматтуу кыргыз элим, орозоңуздар кабыл болсун. Мен саламымды үй-бүлөмө жана туугандарыма, досторума ошондой эле Россия шаарында иштеп жаткан боордошторума жолдомокчумун. Баарына ден-соолук, иштерине ийгилик, жакшылыктар сиздер менен болсун. Россиядан Акылай

ОП-32-212. Салам, кыргызымдын патриоттору ушунуңардан жазбагыла. Эма-Гузел

ОП-32-213. Жүрөгүм жараланып махабаттан, жүргөндө бул жашоодо өмүр кечип, көңүлүм гүлгө оролду сени менен, Эламаным жанымда бол дайым менин. Эламан, сен мени түшүңдө да көрбөгөн болушуң керек. Бирок унутпа, тээ алыста сени сүйгөн, карааныңа зар болуп жүргөн бир кыз бар, аты Эма-Гузел

ОП-32-214. Ыйык Рамазан айында көралбастыкты токтотолучу. Жан дүйнөбүз тазарсын, кыргыз эли ошол көрө албастыктан өнүгө албай жатат. 0773819498

ОП-32-215. Менин саламым Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын тургуну атам Жокен, апам Эсендин отуз күндүк орозосу кабыл болсун. Илгиз, Жыпар

ОП-32-216. Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылындагы бөлөм Жоомартка салам. Гүлнара

ОП-32-217. Жаачы жамгыр калгам сагынып, жан дүйнөмдүн жуучу арманын. Баары өзгөрсүн, кирсин жаңылык, тапсын заман дилгир каарманын. 07738194хх

ОП-32-218. Сырдуу кыз Аделина жактың, таанышып дос болуп алалы. Эма Гузел

ОП-32-219. Темир Назаров, качан концерт бересиң? Күйөрмандарың чыдамсыздык менен күтүп келишет. Самара

ОП-32-220. Тобоо, бизде кызык кыздар көп ээ, бул жерде Кайрат Нуртасга балээ барбы? Кыздарда жүрөк бар деген сайын чектен чыгып кетесиңер да. Сумая

ОП-32-221. Ошто окуган бөлөлөрүм Бегимай, Кусейин, Акылай, Эльвираларга салам. Алтынай

ОП-32-222. Саруулук Элдиярга: Өмүрдө сен деп согуп жүрөгүм, өзүңдөн үмүт үзбөй жүрөмүн. Алтыным кайсы жерде жүрсөң да, алмаштырбай жалгыз сени сүйөмүн. Д...н

ОП-32-223. Сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге ысык салам. Нургиза

ОП-32-224. Сүйүктүү ырчым М.Иманбековго ысык салам. Сиз суперсиз. Алтынай

ОП-32-225. Алматыдагы "Кулагер" базарында иштеген апама, жеңеме, Коля байкеме, Жазгүлгө салам. Иштерине ийгилик. Бишкектен Алтынай

ОП-32-226. 78-79-80-81-жылкылар менен таанышып, турмушка чыккым келет. Нуржан Кызыл-Кыя 07776885хх

ОП-32-227. Оо, ак сезим! Сага тең келээр керемет ааламда болду бекен? Сен кимди кубантып, кимди ыйлатып, кимди муңайтпайсың? Сенин колуңдан кимдер гана даам татпады? Баары! Сен-ушул тириликти мукам күүгө, таттуу ырга, шаттуу ыргакка толгон күтүү кулусуң. Сага адамзат кул… Сага тең келе турган керемет ушул ай ааламда болду бекен? Оо, сүйүү, сүйүү алтын сүйүү. 07724997хх

ОП-32-228. Мен сүйүктүү ырчым Анжеликага салам жолдойм. Сизге кааларым жашоонун ыйыктыгын, өмүрдүн улуулугун, адамдын сулуулугун, мээримдүү апа, сүйүктүү жана күйүмдүү кыз болушуңузду ар дайым ата-энеңиздин, жолдошуңуздун, кызыңыздын, туугандарыңыздын жанында жадырап жайнап жүрүңүз. Гүлшайыр

ОП-32-229. Cултан Садыралиевди ыйык рамазан айы менен куттуктайм. Жаратканым жакшылыгын аябасын, дайыма бар бол. Асел

ОП-32-230. Жаным Айзат, сенин талантыңды баалайм. Сени ушул рубрикадан көргөндө өзүмдү эң бактылуу сездим. Сени менен бир саат сүйлөшүп олтуруу мен үчүн бакыт. Султан 07773545хх

ОП-32-231. Нарындагы лицейде 8-а класста окуп жаткан Назгүлдү сүйөм. Алмазбек

ОП-32-232. Алихан, бар бол. Күйөрманың Русалка

ОП-32-233. Баарыңыздарды рамазан айыңыздар менен куттуктайм. 07777779хх

ОП-32-234. Неля эже, кыргызымдын атын алыска тааныткан кыздардан болуңуз. 07772924хх

ОП-32-235. Ильяз байке, ар дайым бар болуңуз. 07772920хх

ОП-32-236. Чырактагы 93-жылкы классташтарыма салам. 07771258хх

ОП-32-237. Михайловка айылынын тургуну апам Миранын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Уул-кыздарыңыздын урматын көрүңүз. 07739213хх

ОП-32-238. Алматыдагы Куба, өзүң тууралуу айтып берчи, билгим келип жатат. Мен дагы Алматыдамын. Айнура +770158474хх

ОП-32-239. Беловодскийдеги АСШ 1 мектебинин 10-классына салам. G&@ 07724997хх

ОП-32-240. Канат Бегалиевге салам, сизге ак жол, ийгилик. 07777599хх

ОП-32-241. Ноокаттын Ак-Булак айылындагы апам Исрайилова Зырапага, атам Насиров Тургунбайга салам жолдойм. Кызыл-Кыядан кыздарыңар Гүлнара, Гүлмира

ОП-32-242. Мирбек Атабековго салам. Сен супер ырчысың. Биз сени менен сыймыктанабыз. 07775005хх

ОП-32-243. Мен Чымкентте иштеген сулуулар менен таанышсам дейм. Эгер жылдызым төп келишсе турмуш курууга даярмын. Атым Майрамбек, телефонум 87024833340

ОП-32-244. Жаным Айзат, Кудай канча өмүрдү белек кылып берсе, ошол өмүрүңдү бактылуу болуп, кайгы-капасыз өткөр. Гүлнара 07771657хх

ОП-32-245. Салам Иманбеков Мирбек Алыконович, сизге чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалоо менен бирге, зоболоңуздун көтөрүлө беришине тилектешмин. Ар дайым жакшылык жандап жүрсүн. 07734401хх

ОП-32-246. Жыпаргүл, мен сени аябай сүйөм. Хамит

ОП-32-247. Мен 25-30 жаштагы айым менен таанышам. 0550377030

ОП-32-248. Эркехан, Фарида, Элнура,Гүлзар, Бурул силерге супер салам. Бактылуу болгула. 0777095373

ОП-32-249. Менин саламым кыргыздын арча жыттуу, Акбуурадай тунук, ар намыстуу кыздарына. Менин атым Талант. Орто бойлуу, сары жүздүү, көзү көк баламын. Аcтанада Салем базарында соода кылам. 87013907603 номерине кат жазгыла, тез арада үйлөнөм. Талант сары

ОП-32-250. Салам Ч. Мырзаев. Мен сизди жакшы көрөм. Өмүрлүк жарыңыз мен сыяктуу түшүнгөн адам болсун. Бурул

ОП-32-251. Ассалому Алейкум кыргызымдын кадырман карыялары жана ыймандуу кыз-жигиттери! Ушул ыйык рамазан айыңар менен куттуктайм. Туткан орозоңор кабыл болсун. 0777552272

ОП-32-252. Кербен Куба сиз суперсиз. Сизди сүйөм. Аялым бар деп калп айтпаңыз. Сизди сүйөрүмдү билип жүрүңүз. Бактылуу болуңуз. @#@KG 07770015хх