Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ала-Тоо койнунда

Башкасы бүтүп Ош калды
Сентябрь айында президент Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болот.
Алынган маалыматка караганда мамлекет башчысы сентябрь айынын орто ченинде Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Буга чейин Курманбек Бакиев Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында болуп кайткан.
Карызды берээр күн келдиби?
Түркияда кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Анда Кыргызстандын Түркиянын Эксимбанкынын алдындагы карызын реструктризациялоо маселеси талкууланды.
Тараптар бул маселени дагы талкуулоону чечишти. Кыргызстандын Түркиянын аталган банкына карызы 49 миллион 700 миң доллар. Өткөн жуманын соңунда болгон кыргыз-түрк өкмөт аралык комиссиянын жыйынында ошондой эле соода-экономикалык, инвестиция, транспорт, өнөр жай зонасын түзүү өңдүү маселелер да талкууланган эле.

Чудинов ЖоКени аралайт
Бүгүн өкмөт башчы Социал-демократиялык фракциянын депутаттары менен жолугушат. Жолугушууда Игорь Чудинов кышка даярдык, өкмөттүн азыр аткарып жаткан иштери тууралуу депутаттарга маалымат берет.
Коммунисттер фракциясынын депутаттары менен өкмөт башчы 10-сентябрда, ал эми "Ак жол" фракциясы менен 17-сентябрда жолугушат. Жолугушуулардын баары парламент имаратында өтөт.

Оппозиция күчтөнүп жаткансыйт
Оппозициялык күчтөр кеңейтилген коалиция түзүүдө. "Акыйкат үчүн" кыймылы менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ортосунда ушундай бирикме түзүү боюнча чечими кабыл алынды.
Тараптар мындан ары биргелешип аракеттенүү маселесин бүгүнкү жыйында дагы бир жолу талкуулашып, анын соңунда билдирүү кабыл алынышы күтүлүүдө. "Акыйкат үчүн" кыймылынын курамында "Ата Мекен", "Асаба", "Ак шумкар" сыяктуу оппозициялык партиялар бар экени, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын башында мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев тураары белгилүү.

Орус, кыргыз журналисттери жолугушууда
Кечээ Ысык-Көлдө кыргыз-орус ММКларынын биргелешкен иш чарасы башталды. Эки күнгө созулчу "Ысык-Көл-2008" деп аталган бул иш чара маданият жана маалымат министрлигинин, туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Орусиянын журналисттер союзунун демилгеси менен уюштурулууда.
Ага эки өлкөдөн бир канча журналисттер, маалымат каражаттарынын жетекчилери жана медиа уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Анын алкагында бир катар иш чаралар жана бул тармактагы көйгөйлүү маселелер боюнча талкуулар да өтмөкчү. Ошондой эле Евразия маалымат мейкиндигинде иштеген журналисттер үчүн эл аралык сыйлыктарды уюштуруу демилгеси да көтөрүлүүдө. Аталган иш-чарага "Обон" ЖЧКсынын президентинин кеңешчиси Бакыт Дыйканов да катышууда.

Ак халатчандар сөгүш алышты
Премьер-министр И.Чудинов саламаттыкты сактоо министри М.Мамбетовго жана анын орун басарларына сөгүш жарыялады.
Вице премьер - министр Элмира Ибраимованын жетекчилиги астында саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш тартибинин абалы, өкмөт тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы жана гуманитардык жардамдардын таратылышы каралган. Натыйжада министрликте бул каралган маселелердин баарын аткарууда кемчиликтер бар экендиги аныкталган. Мисалы, 100 дөн ашык тапшырманын 53 мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылса, айрымдары 2005 - жылдан бери аткарылбай келүүдө. 2008-жылдын январь айынан бери эле өкмөт аппаратынын 37 тапшырмасы аткарылган эмес.
Мындан тышкары жыл башында республикага "Пегинтрон" дарысын жеткирүүдө кемчиликтерге жол берилген. Ал эми министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин жетекчилиги астында гуманитардык жардамдар туура эмес бөлүштүрүлгөн.
Ушул жана башка кемчиликтерге жол бергендиги үчүн вице премьер-министр Э.Ибраимова министр М.Мамбетовго жана анын орун басарларына сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министр И.Чудиновго кайрылган эле. Премьер - министр И.Чудинов саламаттыкты сактоо министри М.Мамбетовго жана анын орун басарларына сөгүш жарыялады.




  Дүйнө дүбүрт

Пакистанда жаңы президент
Ишемби күнү Пакистан жаңы президентин шайлады. Ал - мурдагы премьер-министр маркум Беназир Бхуттонун өмүрлүк жары, Пакистан элдик партиясынын лидери Асиф Али Зардари. Ал 706 делегаттын 481инин колдоосун алды.
Көпчүлүк Зардаринин бийликке келишин анчалык деле эйфория менен күткөн жок. Зардаринин алдында көп эле олуттуу маселе турат. Ошол эле учурда өзү дагы бир топ ар кандай иштерге аралашкан деген сөздөр бар. Асиф Али Зардари жөнүндө Пакистандын өзүндө деле анчалык жакшы ой жок. Анткени, Беназир Бхутто премьер-министр болуп турганда ал көмүскөдө болуп, Бхуттонун көлөкөсүндө ар кандай иштерди жасаган. Анын элге терс аты таанымал болгон. Мисалы, "Мырза Он пайызчы" же англисчеси -"Mister 10%". Бул жөндөн-жөн эле коюлган эмес. Кылган иштерине байланыштуу болгон. Ал ар кандай бизнеске барып эле өз үлүшүн коюп, ошол ишканадан, ишкерден өзүнө үлүш алып турган. Ошон үчүн аны терс кабыл алышкан.
Жаңы шайланган президент АКШдан жардам алууну көздөйт. Себеби, Пакистандагы ар кандай радикалдык уюмдарга каршы күрөшүүнү дагы эле көздөп турат. Ошол эле учурда Пакистандагы антиамерикалык сентименттер да бар, алар менен да иш алып баруусу зарыл. Кедейлердин турмушун көтөрүшү керек. Мунун башка мамлекеттерге таасири түздөн-түз болот. Себеби, бул региондогу өзөктүк курал-жарагын иштеп чыккан бирден-бир мусулман мамлекети эмеспи. Ошол өзөктүк куралды кимдин колуна түшүп калат деген дагы өтө эле олуттуу маселе.
Эгер Пакистанда жакшы бийлик орноп, бейпилдик кулачын жайган болсо, анын арты менен Ооганстанга тынчтык келсе, Кыргызстан үчүн да, жалпы Борбор Азия үчүн да жакшы болушу мүмкүн. Ооганстан жана Пакистан аркылуу Индия океанына чыгууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул экономикабызга жакшы таасири болмок.




Кандагардагы капсалаң
Кандагарда полиция штабында эки жардыруу болду.
Ооганстандын түштүгүндөгү Kaндагар аймагында полициянын башкы штабындагы кош жардыруудан эки тартип коргоочу каза таап, дагы 29 киши жараат алды. Айрым бир маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында эле Ооганстандагы согуштук аракеттерде 2 жарым миңдей киши мерт болду, алардын миңге жакыны жөнөкөй тургундар.

Болгарияда жардыруу болду
Болгариянын ордо калаасы Софияда эки түнкү клубда жардыруу болду.
Өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жардыруудан беш адам жаракат алып, алардын үчөө оор абалда. Азырынча жардыруунун себептери белгисиз. Жакында эле уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен жетишээрлик деңгээлде күрөшпөгөнү үчүн Евробиримдикке жаңыдан мүчө болуп кирген Болгариянын өкмөтүн Брюссел кескин сынга алган болчу.

Иран келерки жылы президент шайлайт
Иранда президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-июнуна белгиленди.
Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик үналгысына ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү Али Асхар Шарифирад билдирди. Анын айтымында, добуш берүү күнү шайлоого көзөмөл салып келген сот органы тарабынан жактырылды. 1979-жылы болгон Ислам революциясынан кийин Иранда тогуз жолу президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн азыркы президенти Махмуд Ахмадинежад бул кызматты 2005-жылдын август айынан бери ээлеп келет.

Хорватиядагы жол кырсыгы
Хорватияда жекшемби күнү жол кырсыгынан 13 адам ажал таап, 30га жакын киши жаракат алды.
Кырсык таңкы саат 6да Загреб менен Сплит шаарларын бириктирген кан жолдо болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, автобуста болжол менен 50 жүргүнчү болгон.

"Айк" бороонунун азабы
"Айк" аттуу бороондун айынан Кариб деңизинин жанындагы аймактардан жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болууда.
Жакынкы сааттарда бороон Кубага дагы жетээри күтүлүүдө. "Айк" бороонуна Багам аралдары кабылган. Азыркы учурда бороондун ылдамдыгы саатына 215 километрге жетти.

АКШ менен Орусиянын ортосун кара мышык аралоодо
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев АКШны Грузияга кайрымдуулук жардамды согуштук кемелери менен жеткирип, провокацияга түртүп жатат деп ишембиде айыптады.
Грузия менен Украинадан кайтып келатып, Италияга кайрылган АКШнын вице-президенти Дик Чейни мында сүйлөгөн сөзүндө "Москва коркутуп-үркүтүп, карандай күч колдонуунун эски амалына өттү" деп Кремлди сынга алды. Ал эми Грузиянын жикчил аймактарынын бири Абхазиянын жетекчиси Сергей Багапш алдыдагы күндөрү Абхазия менен Кремль өз ара аскердик кызматташтык тууралуу келишимге кол коёрун Москва шаарында билдирди.

Даярдаган Калыбай Султангазы